Редакцияот 18.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫ

2023-жылдын 18-октябры № 161

Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин алмашууга макулдук берүү жөнүндө

Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Шаар айылындагы муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү алмашууга макулдук берүү жөнүндөгү К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кара-Шаар айылынын Кара-Шаар-1 көчөсүндө жайгашкан 2-04-09-1003-0392 иден. коду менен Улахол айыл өкмөтүнө катталган 3000,0 м.кв жер участогун, Кара-Шаар айылынын Токталы № 26а дарегинде жайгашкан, 2-04-09-1003-0082 иден. коду менен Асанакунов Жумабек Имангазиевичке тиешелүү 578,0 м.кв дүкөн жана короо-жай алдындагы жер участогу менен алмашууга макулдук берилсин.

 

2.  Улахол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №161 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

3.  Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

А.Жолалиев

 

Катчы

Д.Чыныбаева