Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 691 токтомуна) |
Инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо өткөрүү МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Методика "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык даярдалган жана инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо процессиндеги ыкмаларды жана аракеттерди аныктайт.
2. Инвестициялык долбоорду тандоону конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн (анын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө) жеңүүчүнү аныктоо үчүн жүргүзөт.
3. Бул Методиканы колдонуу максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) аффилирленген жак - төмөндө саналып өткөн бир же бир нече белгилерге ылайык келген каалагандай жеке же юридикалык жак:
- инвестициялык конкурска катышууга өтүнмө берген уюмдун жетекчилери же штаттык кызматкерлери менен жакын туугандык, жубайлык даражасынын болушу;
- өтүнмө берген уюмдун штатында инвестициялык конкурс өткөрүлгөн жылдын алдындагы акыркы 3 жыл ичинде болгон же болсо;
- өтүнмө берүүчүгө карата өтүнмө берүүчү уюмдун уставдык капиталында үлүшү бар катышуучу (акционер), алардын башкаруу органдарынын мүчөлөрү, бенефициар, подрядчы болуп саналса, өтүнмө берүүчү менен финансылык же башка милдеттенмелер менен байланышкан же болбосо инвестициялык конкурстун катышуучусунун бенефициардык ээси болуп эсептелсе;
2) инвестициялык долбоор боюнча келишим - долбоордун демилгечиси менен долбоордун жеңүүчүсүнүн ортосундагы макулдашуу, анда инвестициянын объектиси жана көлөмү, долбоорду ишке ашыруучу компания, долбоордун башталыш жана аяктоо мөөнөттөрү, келишимдин мөөнөтү жана колдонуу шарттары, укуктары жана милдеттери, анын ичинде инвестициялоонун көлөмү, продукцияны, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн көлөмү, каржылоо булактары, долбоорду ишке ашыруунун графиги, инвестордун милдеттенмелерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, келишимдин шарттарын сактабагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги, анын ичинде тараптардын биринин күнөөсү боюнча зыяндын ордун толтуруу тартиби жана мөөнөтү, ошондой эле келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартуу укугу, тараптардын келишим боюнча милдеттенмелерди сактабагандыгы же талаптагыдай сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик, келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, токтотуу тартиби, пикир келишпестиктерди жана талаш-тартыштарды чечүү тартиби, инвестициялык келишимдин тараптарынын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо орду жана органы.
Инвестициялык долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша келишим өндүрүштү локалдаштыруу, продукциянын сапаты, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун көлөмү, эл аралык стандарттарга, экологиялык талаптарга жана энергонатыйжалуулуктун стандарттарына ылайык келген жабдууларга жана технологияларга талаптар, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кепилдиктерди жана колдоо чараларын (жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды) берүү, аймактын өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмүн өнүктүрүү, продукцияны ташып чыгаруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен кызматкерлерди жалдоо жана окутуу боюнча милдеттенмелер, технологияларды пайдалануу боюнча шарттар, ошондой эле инвестициялык долбоорду ишке ашыруу аяктагандан кийин кызматкерлерди окутуу боюнча жоболорду камтышы мүмкүн;
3) инвестициялык конкурстук тандоо (мындан ары - конкурс) - берилген долбоорду баалоо методдорун колдонуу менен ушул Методикага ылайык инвестициялык долбоорду (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө) ыйгаруу үчүн жеңүүчүнү аныктоо процесси;
4) инвестициялык долбоор - долбоордун демилгечисинин белгилүү бир мезгил ичинде белгиленген натыйжага жеткенге чейин (анын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө) долбоорду практикалык ишке ашырууну караган иш-чаралардын жана документтердин комплексин камтыган сунушу;
5) инвестициялык сунуш - долбоорлорду, долбоорго инвестициялануучу сумманы, ишке ашыруу мөөнөтүн, рынокту талдоону, продукцияны, товарларды чыгаруу, жумуштарды же кызматтарды көрсөтүү боюнча сунушту, колдонуучу технологияны(ларды), продукцияны рынокто жылдыруу стратегиясын, башкаруу түзүмүн, түзүлүүчү жумуш орундарынын санын, күтүлүп жаткан кирешелүүлүктү жана өзүн актоонун убактылуу мөөнөттөрүн баяндоо, ошондой эле башка пайдалуу натыйжаларды ырастаган капиталдык салымдардын өзүн актоо жана инвестицияларды кайтаруу мөөнөттөрүн эсептөө менен конкурска катышуу үчүн инвестордун сунушу. Долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша сунуш айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө маалымат менен толукталышы мүмкүн;
6) инвестициялык долбоордун демилгечиси (мындан ары - долбоордун демилгечиси) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ыйгарым укуктуу министрлик, административдик ведомство, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жетекчинин орун басарынын деңгээлиндеги райондук мамлекеттик администрация, ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жекече жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргелешип өз ара аракеттенүү функциясы жүктөлгөн адам;
7) инвестициялык конкурстук тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) - коллегиялык курамда иштеген, долбоор боюнча конкурсту уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (министрлик же ведомство) тарабынан түзүлүүчү комиссия;
8) "кызыкчылыктардын кагылышы" - конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары чечим кабыл алууда объективдүүлүккө жана калыс болбоого таасир этиши мүмкүн болгон жагдай;
9) баалоо методу - конкурстун жеңүүчүсүн тандоо максатында инвестициялык долбоорлорду салыштыруу үчүн мамилелердин, ыкмалардын жыйындысы;
10) конкурстук комиссиянын катчылыгы - конкурстук комиссиянын конкурстук документтерин даярдоо жана жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери(лери);
11) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдөгү техникалык тапшырма - аткаруучу аткарууга милдеттүү болгон милдеттердин жана товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу талаптардын тизмесин камтыган документ.
Зарыл болгон учурда техникалык тапшырманын талаптарында төмөнкүлөр баяндалат: 1) продуктуларга, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө документтер; 2) техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр; 3) иштеп чыгуунун баскычтары жана этаптары; 4) контролдоо жана кабыл алуу тартиби; 5) башка тиркемелер;
12) инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу орган;
13) инвестициялык конкурстук тандоонун катышуучусу - (мындан ары - конкурстун катышуучусу) - конкурска катышуу үчүн өтүнмө берген потенциалдуу инвестор.
2. Конкурстук комиссия
4. Ар бир инвестициялык долбоорго комиссия түзүлөт, эгерде инвестициялардын өлчөмү төмөнкүдөй болсо:
1) бир миллиард сомго чейин - инвестициялык долбоор инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жактырылгандан кийин мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен;
2) бир миллиард сомдон ашык - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен.
5. Конкурсту өткөрүү үчүн инвестициялык долбоор бекитилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен долбоордун демилгечиси ушул Методиканын 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия түзөт.
Комиссиянын курамына өзгөртүүлөр ушул Методиканын 11-пунктуна ылайык киргизилет.
6. Комиссия өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт жана ар бир долбоор боюнча конкурс өткөрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын, ошондой эле ведомстволук, тармактык жана аймактык таандыктыгын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүн курамына киргизүү менен түзүлөт.
7. Комиссия долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша 7ден кем эмес, бирок 13төн көп эмес адамдан түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так санда болууга тийиш. Комиссия өз ишин ушул Методикага ылайык жүргүзөт.
Комиссиянын биринчи жыйналышында комиссиянын мүчөлөрү жашыруун добуш берүү аркылуу анын курамынын көпчүлүгүнүн добушу менен комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлайт.
8. Комиссиянын жыйналыштары анын чечими боюнча ачык өткөрүлөт, буга инвестициялык долбоор боюнча инвестициялык сунуштарды баалоо жүргүзүлгөн, ошондой эле конкурстун жеңүүчүсү аныкталган жыйналыштар кирбейт.
9. Комиссиянын жыйналышы комиссиянын жалпы курамынын 2/3 (кворум) кем эмес мүчөлөрү катышкан учурда укуктуу болот.
10. Комиссия чечимдерди комиссиянын бекитилген курамынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жыйналыштарда ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын чечими менен макул болбогон комиссия мүчөлөрү өз позициясын негиздөө менен жазуу жүзүндө өзгөчө пикирин берүүгө укуктуу, ал комиссиянын чечимине тиркелүүгө тийиш.
Комиссиянын мүчөлөрү ишке түздөн-түз катышат жана добуш берүүдөн калыс болууга укуксуз добуш берүү аркылуу чечим кабыл алышат. Ишеним кат боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнө жол берилбейт.
11. Комиссиянын мүчөлөрү жүйөлүү себептерден (ооруп калуу, кызматтык иш сапар, өргүү) тышкары жыйналыштарга келбей койбостон, комиссиянын ишине түздөн-түз катышууга милдеттүү. Жыйналышка катары менен 3 жолу жүйөлүү себептерсиз келбеген комиссиянын мүчөсү анын курамынан чыгарылат, бул жөнүндө комиссиянын төрагасы же төраганын орун басары 5 календардык күндөн кечиктирбестен комиссиянын мүчөсү көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине жазуу жүзүндө билдирет.
Комиссиянын мүчөсүнүн жүктөлгөн милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогондо (кызмат ордунан бошотуу, жарандыгынан чыгуу, башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алуу, башка ишке өтүү, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгуу, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу, камакка алуу, соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү, дайынсыз жок же каза болду деп жарыялоо, өлүм) комиссиянын мүчөсү көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сунушунун негизинде инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган комиссиянын курамына өзгөртүү киргизет.
12. Комиссия өз ишин көз карандысыз жүргүзөт. Комиссиянын ишине кийлигишүүгө жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын административдик, жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле комиссиянын катчысы инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине, ошондой эле прокуратура органдарына комиссиянын кароосунда турган маселени оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча кызмат адамдарынын жана жеке адамдардын ар кандай кайрылуулары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
13. Төмөнкүлөр комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт:
1) конкурска катышкан инвесторлор, алардын өкүлдөрү;
2) конкурска мүлктүк кызыкчылыгы бар адамдар;
3) конкурстун катышуучуларынын жакын туугандары, менчик ээлери (акыркы пайда алуучулар (бенефициарлар) болуп саналган адамдар;
4) конкурстун жүрүшүндө конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары чечим кабыл алууда объективдүүлүккө жана калыстыкка таасир этиши мүмкүн болгон жагдайдын келип чыгышына байланыштуу "кызыкчылыктардын кагылышы" бар же пайда болгон адамдар. Каралып жаткан долбоорго карата "кызыкчылыктардын кагылышы" аныкталган учурдан тартып комиссиянын тиешелүү мүчөлөрү комиссиянын төрагасынын атына комиссиянын ишинен баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бериши керек.
14. Комиссиянын биринчи жыйналышында комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинин натыйжасында алынган жана/же белгилүү болгон маалыматтарды жайылтпоо жана "кызыкчылыктардын кагылышынын" жоктугу жөнүндө милдеттенмеге кол коюшат. Конкурстун катышуучуларынын комиссияга берилүүчү документтери жана маалыматтары ачыкка чыгарылбайт жана үчүнчү жактарга берилбейт.
15. Комиссиянын катчысы комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жооптуу кызматкерлердин арасынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу адам болуп саналат. Комиссиянын катчысы комиссиянын мүчөсү болуп саналат.
16. Комиссиянын катчысы биринчи жыйналышта комиссиянын ишинин натыйжасында алынган жана/же белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоо, жайылтпоо жана "кызыкчылыктардын кагылышынын" жоктугу жөнүндө милдеттенмелер менен комиссиянын бардык мүчөлөрүн тааныштырат жана алардан жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерди чогултат, ошондой эле бул милдеттенмелерге жеке өзү кол коёт.
17. Комиссиянын катчысы комиссиянын жыйналышын жана даярдоо уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырат, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чагылдыруу менен жыйналыштын протоколун жүргүзөт.
18. Комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын ишин жетектейт жана уюштурат;
2) ушул Методикага ылайык конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) комиссиянын жыйналышынын күн тартибин, өткөрүү күнүн жана ордун аныктайт;
4) комиссиянын мүчөлөрүн материалдар менен камсыз кылууну контролдойт;
5) комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдердин долбоорлорун добушка коёт;
6) сунуш кылынган долбоорго каршы чыккан комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикирин комиссия мүчөлөрүнө жеткирет;
7) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат жана кабыл алынган чечимдерди жарыя кылат;
8) комиссиянын протоколдоруна жана чечимдерине кол коёт.
9) комиссиянын төрагасы жок болгон учурда ушул Методиканын 18-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
19. Комиссиянын мүчөлөрү:
1) комиссиянын ишине катышат;
2) жыйналышта ушул Методиканын 44 жана 51-пункттарына ылайык конкурстун катышуучуларынын чапталган конверттерин ачат;
3) ушул Методикага ылайык комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) күн тартибине ылайык маселелерди кароого катышат;
5) комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча комиссиянын ишин уюштуруу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет;
6) комиссиянын чечимдери боюнча добуш берүүгө катышат;
7) комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда комиссиянын төрагасынын, ал эми ал жок болгон учурда комиссиянын төрагасынын орун басарынын атына жазуу жүзүндөгү пикирин берүүгө укуктуу;
8) комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт.
20. Комиссиянын катчысы:
1) конкурс боюнча документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат;
2) комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибине ылайык керектүү документтерди (материалдарды) даярдайт жана камсыз кылат;
3) комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыштын датасы жөнүндө кабарлайт жана материалдарды комиссиянын жыйналышы болгон күнгө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтөт;
4) күн тартиби боюнча чечимдерди чагылдыруу менен комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт;
5) комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда комиссия мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү пикирлерин тиркейт;
6) комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт;
7) конкурс боюнча комиссиянын ишине тиешелүү материалдарды даярдоону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык сактоого берүүнү камсыз кылат.
21. Комиссиянын ыйгарым укуктары:
1) конкурстун катышуучуларынан инвестициялык долбоор боюнча жетишпеген документтерди жана маалыматтарды сурап алууга;
2) инвестициялык долбоор боюнча сунуштарды түшүндүрүү үчүн зарыл болгон учурда катышуучуларды комиссиянын жыйналышына чакырууга;
3) ушул Методиканын 7-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, тиешелүү тажрыйбасы жана квалификациясы бар көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга.
22. Комиссиянын мүчөлөрүнө, ишке тартылган көз карандысыз эксперттерге жана консультанттарга тартылган комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматты үчүнчү жактарга, анын ичинде конкурстун башка катышуучуларына берүүгө же бул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) пайдаланууга тыюу салынат.
23. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча комиссия чечимди комиссиянын бекитилген курамынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат.
24. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун долбоорлорун комиссиянын катчысы даярдайт жана комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна 5 календардык күндөн кечиктирбестен жиберет. Комиссия мүчөлөрү протокол менен таанышкандан кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен протоколго кол коюуга жана комиссиянын катчысына берүүгө милдеттүү.
25. Комиссия конкурстун жеңүүчүсү менен долбоордун демилгечисинин ортосунда инвестициялык долбоорду ишке ашырууга келишим түзүлгөндөн кийин 15 календардык күндүн ичинде өз ишин токтотот.
26. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо ушул Методиканын 4-пунктуна ылайык комиссияны түзгөн долбоордун демилгечисине жүктөлөт.
27. Комиссияны түзүү жана анын иши менен байланышкан талаш-тартыштар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечилет.
3. Инвестициялык конкурстук тандоону даярдоо процесси
28. Долбоордун демилгечиси болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары чыгууга укуктуу.
29. Долбоордун демилгечиси конкурсту жарыялоонун алдында ушул Методиканын 36-пунктуна ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашырууда конкурстук документтерди бекитет, ал эми инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү учурунда ушул Методиканын 32-пунктуна ылайык техникалык тапшырманы бекитет.
30. Долбоордун демилгечиси конкурсту жарыялоонун алдында ушул Методиканын 33-пунктуна ылайык инвестициялык конкурстун катышуучуларына квалификациялык талаптарды бекитет.
31. Инвестициялык долбоор төмөнкү милдеттүү маалыматтарды камтыйт:
1) конкурстун аталышын;
2) инвестициялык долбоордун аталышы;
3) кыскача резюме, инвестициялык бизнес-пландын жалпы мазмунун;
4) жергиликтүү, аймактык, тармактык, ошондой эле өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларына шайкештигин (релеванттуулугун) эске алуу менен сунушталган инвестициялык долбоордун сыпаттамасын;
5) өндүрүлүп жаткан (пландалып жаткан) продукттун (продукттардын) (товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
6) акыркы продуктту илгерилетүү боюнча иштелип чыккан маркетинг саясаты менен тышкы чөйрөнүн (сатып алуучулар, жеткирүүчүлөр, атаандаштар жана башкалар) сыпаттамасын;
7) коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн өндүрүш планы менен чыгаруунун, түшкөн акчанын пландалган көлөмүн аныктоону;
8) техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, сметаларды, технологиялык процесстин звенолору боюнча инвестициялык долбоорду конкреттештирүүнү;
9) уюштуруу жана башкаруу системалары. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк кызматкерлердин санын көрсөтүү менен персонал боюнча планды;
10) инвестициялардын булактарын, инвестициялардын мөөнөттөрүн, ошондой эле инвестициялардын көлөмүн көрсөтүү менен инвестициялык долбоорду каржылоо тартибин сыпаттоону;
11) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу ыкмаларын иштеп чыгуу менен талдоо;
12) инвестициялоонун шарттарын;
13) инвестициялык долбоорго тиркемелерди.
32. Товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы төмөнкүдөй милдеттүү маалыматтарды камтыган техникалык тапшырма:
1) киришүү;
2) техникалык тапшырманы иштеп чыгуу үчүн негизди сыпаттоо;
3) техникалык тапшырманы дайындоо;
4) продукцияга, товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө талаптар;
5) аткаруу мөөнөттөрү жана төлөө шарттары.
33. Конкурстун катышуучусуна квалификациялык талаптар:
1) юридикалык жак жана/же жеке ишкер;
2) инвестициялык долбоорду (долбоорлорду) ийгиликтүү ишке ашыруунун тажрыйбасы;
3) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу;
4) жоюу же кайра уюштуруу процессинде эмес;
5) банкроттук жөнүндө козголгон иштин жоктугу;
6) мүлк же активдери камакка алынган эмес жана (же) анын иши токтотулган эмес.
34. Конкурстун катышуучуларына кошумча квалификациялык талаптар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
1) капиталдын өлчөмүнө карата минималдуу талаптарды;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке бизнес менен долбоорду ишке ашыруу предметине окшош инвестициялык долбоорлорду же инфратүзүмдүк объекттерди ишке ашыруу, товарларды жеткирүү, кызматтарды көрсөтүү боюнча башка келишимдерди ишке ашыруу тажрыйбасы жөнүндө талаптарды;
3) квалификациялуу персоналдын болушуна карата талаптарды;
4) техникалык жана финансылык ресурстардын болушуна карата талаптарды;
5) документтер менен ырасталган окшош иштерди аткаруу тажрыйбасын;
6) ушул сыяктуу иштердин долбоордук чечимдерин иштеп чыгууга катышкан кесипкөй кадрлар менен камсыз болууну;
7) долбоордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кошумча талаптарды.
35. Конкурска катышууга чакыруу "Эркин-Тоо" газетасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде милдеттүү жарыяланууга тийиш жана долбоордун демилгечисинин, ошондой эле инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен конкурс өткөрүүдө долбоордун демилгечиси конкурс жөнүндө жарыялоо үчүн кошумча жалпыга маалымдоо каражаттарын аныктайт, конкурска катышуу үчүн англис жана/же башка тилдердеги документтерди даярдайт.
36. Конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) конкурстун аталышын;
2) конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды;
3) электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү конкурс боюнча толук маалыматтарды алуу булактарын;
4) долбоордун демилгечисинин аталышын, жайгашкан жерин, дарегин, телефон номерин;
5) конкурс боюнча инвестициялык сунуштарды кабыл алуунун дареги, аяктаган датасын жана убактысын;
6) жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтарын;
7) конкурска катышууга сунуш берүү ордун жана мөөнөтүн (өтүнмө кабыл алуу башталган жана аяктаган датасын жана убактысын).
37. Конкурска катышууга чакыруу жарыяланган датага долбоордун демилгечисинин расмий сайтында, ошондой эле инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында конкурска катышууга өтүнмөнүн формасы мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырылат.
38. Конкурска өтүнмөлөрдү чогултуу башталгандыгы жөнүндө кулактандыруу менен аяктоонун ортосундагы мөөнөт 60 календардык күндөн кем болбойт. Өзгөчөлүгүнө жараша конкурска өтүнмөлөрдү чогултуу мөөнөтү долбоордун демилгечиси тарабынан 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Конкурстун катышуучуларын каттоо ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык ведомостто жүргүзүлөт.
4. Конкурсту өткөрүү тартиби жана жеңүүчүнү тандоо
39. Конкурс эки этаптан турат:
1) биринчи этап: конкурстун катышуучуларынын документтеринин квалификациялык талаптарга шайкештигин баалоо;
2) экинчи этап: техникалык, социалдык натыйжалуулуктун жана экономикалык көрсөткүчтөр боюнча натыйжалуулукту баалоонун натыйжасында сунуштарды баалоо жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо.
40. Конкурстун катышуучулары конкурстун датасы жана убактысы аяктаганга чейин долбоордун демилгечисине комиссиянын катчысы аркылуу эки (2) чапталган конверттеги документтерди берет.
41. Конкурстун катышуучусу биринчи чапталган конвертке конкурстун аталышы, конкурстун катышуучусунун фамилиясы, аты жана атасынын аты жөнүндө № 1 деп көрсөтүү менен белги коёт, ага төмөндөгү документтер салынууга тийиш:
1) жеке ишкерлер - Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн - уюштуруу документтеринин жана мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери эместер үчүн - конкурска катышууга конкурстук сунуш берилгенге чейин 6 айдан кечиктирбестен берилген уюштуруу документтеринин жана мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же ал өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүргөн башка документ. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган катышуучу өлкөлөрдүн юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт;
4) юридикалык жактардын жана/же жеке ишкерлердин тобунан турган конкурстун катышуучулары үчүн биргелешкен өтүнмөнү берүүдө жогоруда аталган документтерге кошумча кызматташуу же жөнөкөй шериктештик жөнүндө келишимдин түп нускасы же жетектөөчү компанияны көрсөтүү, долбоорду ишке ашыруу процессинде ар бир катышуучунун функциялык милдеттерин, конкурстун ар бир катышуучусунун түз инвестицияларынын өлчөмдөрүн, конкурстун ар бир катышуучусунун укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, келишимдин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу шарттарын сыпаттоо менен ушул сыяктуу келишим тиркелет;
5) конкурстун катышуучусунун жетектөөчү компаниясынан чечимдин көчүрмөсү же катышуучу ушул Методиканын 41-пунктунун 4-пунктчасына ылайык берген учурда аткаруу органынын жетекчисин дайындоо жөнүндө башка документтин көчүрмөсү;
6) конкурстун катышуучусунун жетекчиси же жетектөөчү компания тарабынан берилген ишеним каттын түп нускасы ушул Методиканын 41-пунктунун 4-пунктчасына ылайык берилген учурда, эгерде конкурстун катышуучусунун кызыкчылыктарын конкурстун катышуучусунун кызыкчылыгын коргоого укугу жок адам көрсөтсө;
7) конкурстун катышуучусунун балансынын маалыматтары менен уставдык капиталдын өлчөмүн көрсөтүү менен инвестициялык долбоорду (долбоорлорду) ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасы жөнүндө маалымат. Катышуучу ушул Методиканын 41-пунктунун 4-пунктчасына ылайык өтүнмө берген учурда конкурстун ар бир катышуучусунун маалыматы тиркелет.
42. Экинчи чапталган конвертке конкурстун катышуучусу инвестициялык долбоор менен № 2 номерин көрсөтүү менен конкурстун аталышы, конкурстун катышуучусунун фамилиясы, аты жана атасынын аты жөнүндө белги коёт.
Инвестициялык долбоор боюнча сунуш төмөнкү формада берилет:
1) конкурстун аталышы;
2) инвестициялык долбоордун аталышы;
3) кыскача резюме, инвестициялык бизнес-пландын жалпы мазмуну;
4) жергиликтүү, аймактык, тармактык, ошондой эле өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларына шайкештигин (релеванттуулугун) эске алуу менен сунушталган инвестициялык долбоордун сыпаттамасын;
5) өндүрүлүп жаткан (пландалып жаткан) продукттун (продукттардын) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөсүн;
6) акыркы продуктту илгерилетүү боюнча иштелип чыккан маркетинг саясаты менен тышкы чөйрөнүн (сатып алуучулар, жеткирүүчүлөр, атаандаштар жана башкалар) сыпаттамасын;
7) коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн өндүрүш планы менен чыгаруунун, түшкөн акчанын пландалган көлөмүн аныктоону;
8) техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, сметаларды, технологиялык процесстин звенолору боюнча инвестициялык долбоорду конкреттештирүүнү;
9) уюштуруу жана башкаруу системалары. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк кызматкерлердин санын көрсөтүү менен персонал боюнча планды;
10) инвестициялардын булактарын, инвестициялардын мөөнөттөрүн, ошондой эле инвестициялардын көлөмүн көрсөтүү менен инвестициялык долбоорду каржылоо тартибин сыпаттоону;
11) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу ыкмаларын иштеп чыгуу менен талдоо;
12) инвестициялык долбоорго тиркемелерди.
43. Техникалык тапшырманын алкагында товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө инвестициялык долбоорду ишке ашырууда сунуш төмөнкү формада берилет:
1) конкурстун аталышы;
2) инвестициялык долбоордун аталышы;
3) сунуштун кыскача резюмеси;
4) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда сунушталган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сыпаттамасы;
5) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сунушталган продукттунун (продукттарынын) мүнөздөмөлөрүнүн толук сыпаттамасы - керектүүсүн гана сыпаттоо;
6) сметанын сыпаттамасы;
7) уюштуруу жана башкаруу системалары. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк кызматкерлердин санын көрсөтүү менен персонал боюнча планды;
8) инвестициялардын булактарын, инвестициялардын мөөнөттөрүн, ошондой эле инвестициялардын көлөмүн көрсөтүү менен инвестициялык долбоорду каржылоо тартибин сыпаттоону;
9) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу ыкмаларын иштеп чыгуу менен талдоо;
10) тиркемелер.
44. Комиссия конкурстун биринчи этабын өткөрүүдө 5 календарлык күндөн кечиктирбестен № 1 конкурстун катышуучуларынын чапталган конверттерин ачат жана 20 календарлык күндөн кечиктирбестен конкурстун катышуучуларынын документтеринин ушул Методиканын 33, 34, жана 41-пункттарынын талаптарына шайкештигин баалоону жүргүзөт.
45. Конкурстун биринчи этабында баалоо үчүн жалпы талаптар ушул Методиканын 33, 34, жана 41-пункттарына ылайык конкурстун катышуучусунун (катышуучуларынын) берген документтеринин болушу жана аныктыгы болуп саналат.
46. Комиссия конкурстун биринчи этабында баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстун ар бир катышуучусуна карата төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) конкурстун катышуучусун конкурстун биринчи этабынын квалификациялык талаптарына шайкеш деп таануу жана конкурстун экинчи этабына киргизүү жөнүндө;
2) конкурстун катышуучусун конкурстун биринчи этабында квалификациялык талаптарга шайкеш эмес деп таануу жөнүндө.
47. Конкурстун катышуучусунун биринчи этапта квалификациялык талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө чечим комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
1) конкурстун катышуучусунун документтери толук көлөмдө берилбесе;
2) документтер анык эмес маалыматтарды камтыса, ушул Методиканын 33, 34, жана 41-пункттарында каралган коюлган талаптарга шайкеш келбесе;
3) ушул Методиканын 33, 34, жана 41-пункттарында каралган квалификациялык талаптарга шайкеш келбесе.
48. Комиссия конкурстун биринчи этабынын жыйынтыктарын протоколдун резолюциялык бөлүгүндө конкурстун ар бир катышуучусу боюнча кабыл алынган чечимди көрсөтүү менен тариздейт.
49. Комиссия тандоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде төраганын колу коюлган комиссиянын чечими жөнүндө комиссиянын протоколунун резолюциялык бөлүгүнөн көчүрмө түрүндө конкурстун ар бир катышуучусуна жазуу жүзүндө кабарлайт.
50. Эгерде конкурска бир катышуучу катышса жана анын документтери ушул Методиканын 33, 34, жана 41-пункттарына ылайык келсе, комиссия аны конкурстун экинчи этабына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
51. Комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүдө 5 календардык күндөн кечиктирбестен № 2 конкурстун катышуучуларынын чапталган конверттерин ачат жана 65 календардык күндөн кечиктирбестен инвестициялык долбоор боюнча инвестициялык сунуштардын ушул Методиканын 52-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин баалоону жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталат.
52. Комиссия төмөнкү методдорду колдонуу менен инвестициялык долбоорлорду баалоону жүргүзөт:
1) ушул Методиканын 2-тиркемесине ылайык инвестициялык долбоордун техникалык натыйжалуулугун 30 баллга чейин баалоо;
2) ушул Методиканын 3-тиркемесине ылайык 30 баллга чейин ыйгаруу менен экономикалык көрсөткүчтөр боюнча инвестициялык долбоордун натыйжалуулугун баалоо;
3) ушул Методиканын 4-тиркемесине ылайык 30 баллга чейин ыйгаруу менен инвестициялык долбоордун социалдык натыйжалуулугун баалоо.
53. Конкурстун катышуучулары, алардын ишенимдүү өкүлдөрү, коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү комиссиянын жыйналышына конкурстун катышуучуларынын чапталган конверттерин ачуу убагында гана катышууга укуктуу.
54. Комиссия тарабынан конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо максатында конкурстун катышуучуларынын инвестициялык сунуштарында камтылган шарттарды салыштыруу аркылуу конкурстук документтердин шайкештигин баалоонун негизинде баллды бөлүштүрүү системасынын сыпаттамасын камтыган (ар бир метод боюнча 30 баллга чейин) ушул Методиканын 41-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
55. Инвестициялык сунуштарды баалоодо комиссия корутундуларды жана ой-пикирлерди алуу үчүн мамлекеттик органдардын эксперттерин жана адистерин, анын ичинде тиешелүү чөйрөлөрдө компетенттүү көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды тартууга укуктуу, алар конкурсту өткөрүүдө аларга белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Комиссиянын катчысы мамлекеттик органдардын ишке тартылган эксперттерине жана консультанттарына, анын ичинде көз карандысыз эксперттерге, тиешелүү чөйрөдөгү компетенттүү консультанттарга конкурстук сунуштар менен таанышуунун алдында комиссиянын ишинин натыйжасында алынган жана/же белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жана жайылтпоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге кол койдурат. Конкурс боюнча эксперттерге жана консультанттарга берилүүчү документтер жана маалыматтар ачыкка чыгарылбайт жана үчүнчү жактарга берилбейт. Эксперттерге жана консультанттарга берилүүчү конкурс боюнча документтер жана маалыматтар ачыкка чыгарылбайт жана үчүнчү жактарга берилбейт.
56. Комиссия тарабынан инвестициялык сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталат. Комиссия конкурстун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алат, ал ушул Методиканын 5-тиркемесине ылайык жыйынтыктоочу протоколдо төмөнкүлөрдү чагылдыруу менен таризделет:
1) конкурстук документтер үчүн белгиленген талаптарга алардын шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алынган конкурстук сунуштарды (бар болсо);
2) конкурстун катышуучуларынын ортосунда баллды бөлүштүрүү жөнүндө маалымат менен конкурстук документтерге ылайык конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыктарын;
3) катышуучунун төмөнкү маалыматтары менен кошо конкурстун жеңүүчүсүн көрсөтүү менен комиссиянын чечимин: эгерде жеңүүчү жеке ишкер болсо - фамилиясы, аты, атасынын аты, жеңүүчү юридикалык жак болсо - уюмдун аталышы.
57. Эгерде конкурстук сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан конкурстук сунуштардын бири да конкурстук комиссия тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбей тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, комиссия тарабынан конкурс өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынат, бул жөнүндө конкурстун катышуучуларына маалымдалат.
58. Комиссия жеңүүчүнү тандоо жөнүндө чечимден кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен конкурстун катышуучуларына конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун резолюциялык бөлүгүнөн көчүрмөнү жиберет, инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт, ошондой эле 3 календардык күндөн кечиктирбестен конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты долбоордун демилгечиси - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырат.
59. Конкурстун катышуучулары тарабынан комиссияга берилүүчү бардык документтер жана маалыматтар өткөрүлүп берилбейт жана ачыкка чыгарылбайт.
Комиссия мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматты үчүнчү жактарга, анын ичинде конкурстун башка катышуучуларына берүүгө же бул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматты конкурсту өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган инвестициялык долбоорлорду баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
5. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзүү
60. Комиссия жеңүүчүнү аныктаган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө долбоордун демилгечиси конкурстун жеңүүчүсү менен долбоор боюнча келишим түзөт.
61. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү инвестициялык долбоор боюнча келишимден баш тартса же түзбөсө, комиссия 5 календардык күндөн кечиктирбестен долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзүү үчүн конкурстун жыйынтыгы боюнча экинчи орунду ээлеген конкурстун катышуучусун жеңүүчү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат.
Экинчи катышуучу баш тартса же ага сунуш жиберилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жооп бербесе, комиссиянын чечими менен конкурс өткөн жок деп таанылат жана долбоордун демилгечиси тарабынан кайрадан конкурс жарыяланат.
62. Комиссия конкурстун жеңүүчүсүн жарыялаган учурда долбоордун демилгечиси келишим түзүүдөн бир тараптуу тартипте баш тартууга укуктуу эмес.
|
| Инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо өткөрүү методикасына 1-тиркеме |
Инвестициялык долбоор боюнча конкурстун катышуучуларын (анын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө) КАТТОО ВЕДОМОСТУ
Инвестициялык долбоордун аталышы ____________________________________________
____________________________________________________________________________
Катышуучунун № | Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалымат | Катышуучунун документтерин каттоо датасы жана убактысы (күнү, айы, жылы жана убактысы) | Документтерди берген адамдын Ф.А.А., паспорттук маалыматтары | Документтерди берген адамдын колу | |
Жеке ишкерлер үчүн: ишкердик жүргүзгөн жеке адамдын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) күбөлүгүнүн же патентинин реквизиттери | Юридикалык жак үчүн: мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн аталышы, номери жана датасы, каттаган органдын аталышы | ||||
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
| Инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо аткаруу методикасына 2-тиркеме |
Инвестициялык долбоордун техникалык натыйжалуулугун баалоо
Инвестициялык долбоордун техникалык көрсөткүчтөрүн баалоо долбоордун физикалык параметрлерин аныктоо максатында ченемдик метод менен жүзөгө ашырылат. Техникалык көрсөткүчтөр каржылоо үчүн негиз болуп саналат жана тартылган инвестициялардан каражаттарды каржылоонун максаттарын жана багытын камтыйт.
Максатсыз каржылоо финансылык каражаттардын багытын бурмалоонун масштабына жараша административдик жана кылмыш-жаза тартибинде куугунтукталат.
Баалоонун ушул стадиясында долбоордун максатка ылайыктуулугу ар кандай технологиялардын, методдордун жана ченемдердин көрсөткүчтөрүн салыштыруу жолу менен бааланат. Техникалык көрсөткүчтөрдүн натыйжалуулугун баалоо инвестициялык долбоорду ишке ашырууда жетишүү зарыл болгон ченемдерди жана акыркы стандарттарды аткарууга чыгымдардын негизинде эсептик метод менен жүргүзүлөт.
Долбоорду ишке ашырууда бир нече методдор, технологиялар жана ыкмалар болгон учурда техникалык көрсөткүчтөрдү баалоо варианттардын ар бири боюнча көрсөткүчтөрдү салыштыруу менен жүзөгө ашырылат.
Техникалык көрсөткүчтөр техникалык документтердин номенклатураларында аныкталган ченемдерден турат: мамлекеттик стандарттар (мындан ары - МАМСТ), курулуш ченемдери жана эрежелери (мындан ары - КЧжЭ), санитардык эрежелер жана ченемдер (мындан ары - СанЭжЧ), ошондой эле долбоордун максаттарына жетүү үчүн пайдаланылуучу техникалык шарттар (мындан ары - ТШ).
Бекитилген, сунушталган көрсөткүчтөрдүн негизинде инвестициялык долбоор боюнча конкурстун катышуучуларынын инвестициялык сунуштары бааланат.
Техникалык натыйжалуулукту баалоого жараша инвестициялык долбоорлор төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
- региондун керектөөлөрү үчүн багытталган фокустук долбоорлор;
- натыйжасы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын чегинде жайылтылуучу локалдуу долбоорлор;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайылтылуучу, максималдуу натыйжага ээ болгон трансчек аралык мүнөздөгү глобалдык долбоорлор;
- чек арага жакын аймактарды өнүктүрүүнү кошуп алганда, коопсуздук ченемдерин камсыз кылуу максатын көздөгөн өзгөчө маанилүү долбоорлор.
Техникалык көрсөткүчтөр боюнча натыйжалуулукту баалоодо долбоорду башкаруунун натыйжалуулугуна (административдик чыгымдарга) өзүнчө баа берилет.
Курулуш тармагындагы инвестициялык долбоорлор Курулуш продукциясынын наркын эсептөөдө коштомо чыгымдарды эсептөөнүн тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөргө, Курулуштагы сметалык пайданын чоңдугун аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-майындагы № 4 ЧУА буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоонун методикалык көрсөтмөлөрүнө ылайык эсептөөлөргө негизделген көрсөткүчтөр менен аныкталат. Көрсөтүлгөн тартипте алынган маалыматтын негизинде тармакта долбоорду башкаруунун натыйжалуулугуна бааланат.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга 0дөн 30га чейин балл берилет.
|
| Инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо өткөрүү методикасына 3-тиркеме |
Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча инвестициялык долбоордун натыйжалуулугун баалоо
Долбоордун экономикалык көрсөткүчтөрүн баалоо эсептөө методу менен жүзөгө ашырылат. Техникалык көрсөткүчтөргө ылайык инвестициялоо суммасын накталай туюнтмасында баалоо прейскуранттардын баалары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен башка документтер боюнча маалымдама маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
Нарктык көрсөткүчтөрдү калькуляциялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 "Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен аныкталган чыгымдардын курамын калькуляциялоого окшош жүргүзүлөт. Калькуляциянын талаптагыдай аткарылышын баалоону макроэкономикалык саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Калькуляциянын негизинде акчалай жана накталай туюнтмадагы бардык көрсөткүчтөр Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) талаптарына ылайык келген болжолдуу стандарттык отчеттордо таризделет. Мында долбоор боюнча мүлктүк абалдын өзгөрүшү № 1 форма боюнча болжолдуу баланста таризделет. Болжолдуу сарптоолор, чыгымдар жана кирешелер отчетто № 2 форма боюнча таризделет. № 1, № 2 формаларынын таризделген болжолдуу отчетторунун негизинде алардын акча каражаттарын каржылоо планына ылайык келиши № 3 форма боюнча тариздөө менен бааланат.
№ 3 форма боюнча отчеттун негизинде долбоордун таза келтирилген наркынын абсолюттук көрсөткүчү түрүндө инвестициянын наркын жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт.
Долбоордун таза келтирилген наркы - инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен шартталган болжолдуу кирешенин суммасы жана эсептик мезгилде инвестициялык долбоорду ишке ашыруу процессинде өндүрүлгөн дисконттолгон пайдалар (кирешелер) менен чыгымдардын ортосундагы айырма катары аныкталат.
Долбоордун таза дисконттолгон кирешеси төмөнкү формула менен аныкталат:
мында:
NPV - долбоордун таза келтирилген наркы (изделген чоңдук);
Bt - t мезгилинде долбоорду ишке ашыруудан алынган пайда (киреше);
Ct - t мезгилинде долбоорду ишке ашырууга чыгымдар;
t - долбоорду ишке киргизүү жана эксплуатациялоо мезгили, мында долбоорду эксплуатациялоо мезгили - долбоордо каралган иш-аракеттер жүзөгө ашырылуучу жана долбоордо каралган натыйжаларды алуу камсыз кылынган убакыт аралыгы;
r - дисконттоо ставкасы.
Инвестициялык долбоордун акча агымдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча эсептен дисконттоо жолу менен бааланат. Инфляция боюнча маалыматтар болгондо, кирешелүүлүк ставкасы терс белги менен түзүлөт. Эгерде эсептөөлөр инфляциянын көрсөткүчү жок жүргүзүлсө, бул жөнүндө тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
Каржылоочу тараптан же донорлордон, ошондой эле өнүктүрүү банктарынан ставкага карата талаптар жөнүндө маалыматтар болгондо долбоордун таза келтирилген наркын эсептөөгө көрсөтүлгөн ставка алынат.
Таза келтирилген нарктын көрсөткүчтөрүнүн негизинде инвестициялык долбоор жалпысынан нөлгө барабар болгон таза келтирилген наркта кирешелүүлүктүн (IRR) ички ставкасынын көрсөткүчүн эсептөө менен бааланат.
Кирешелүүлүктүн ички ставкасы - инвестициядан келип чыккан кирешелүүлүк ченеми. Бул инвестициянын таза келтирилген наркы нөлгө барабар болгон кирешелүүлүк ченеми (тоскоолдук ставкасы, дисконттоо ставкасы) же долбоордон дисконттолгон кирешеси инвестициялык чыгымга барабар болгон дисконттук ставка. Ички кирешелүүлүк ставкасы дисконттун максималдуу алгылыктуу ставкасын аныктайт, мында каражаттарды менчик ээси үчүн эч кандай жоготуусуз инвестициялоого болот.
IRR = r, мында NPV = f(r) = 0,
Долбоордун экономикалык рентабелдүүлүгүнүн ченеми төмөнкүдөй формула менен аныкталат:
мында:
EIRR - кирешелүүлүктүн экономикалык ченеми (изделген чоңдук), % менен;
Bt - t мезгилинде долбоорду ишке ашыруудан алынган пайда (киреше);
NPV (B) - долбоордон дисконттолгон пайда (киреше);
Ct - t мезгилинде долбоорду ишке ашырууга чыгымдар;
NPV(С) - долбоор боюнча инвестициялык чыгымдар;
t - долбоорду ишке киргизүү жана эксплуатациялоо мезгили, мында долбоорду эксплуатациялоо мезгили - долбоордо каралган иш-аракеттер жүзөгө ашырылуучу жана долбоордо каралган натыйжаларды алуу камсыз кылынган убакыт аралыгы.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга 0дөн 30га чейин балл берилет.
|
| Инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо өткөрүү методикасына 4-тиркеме |
Инвестициялык долбоордун социалдык натыйжалуулугун баалоо
Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун калктын социалдык абалына тийгизген таасирин баалоо анын өндүрүмдүүлүгүнө, эмгек шарттарына чыгымдарды жана пайданы өлчөө көрсөткүчтөрү, экологиялык абалы жана инвестициялык долбоордо кошумча такталуучу башка көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
Социалдык пайданы баалоо инвестициялык долбоордун бюджетинде кызматкерлердин (долбоордун катышуучуларынын, подрядчылардын жана жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы жана ички башка берүүчүлөрдүн) эмгек акысына багытталуучу чыгымдардын наркын өлчөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
Өндүрүштүк күчтөрдү жайгаштыруу менен өндүрүштүк мүнөздөгү инвестицияларды баалоо үчүн жумуш орундарынын санын баалоо долбоордук көрсөткүчтү 5 коэффициентке көбөйтүү менен жүзөгө ашырылат. Алсак өндүрүштө 100 жумуш ордун камсыз кылуу менен өндүрүштүк объекттин курулушун баалоо үчүн инвестициялык долбоордун социалдык таасири илим, искусство, маданият, медицина, коомдук тамактануу, укуктук тартипти коргоо чөйрөсүндөгү кошумча 500 орун менен бааланат.
Долбоор калктын жыныстык жаш курагындагы конкреттүү сегментке багытталганда социалдык натыйжалуулук өз ара көз каранды көрсөткүчтөргө пропорциялуу эсептелет. Алсак инвестициялык долбоорду үй-бүлөлүк белги боюнча баалоодо республиканын түндүк облустары үчүн 6, ал эми түштүк облустар үчүн - 9 үй-бүлөлүк коэффициенти колдонулат. Ушундай эле ыкма жылуулук, ысык жана муздак суу ж.б. менен жабдууда бир абонентке эсептөөнү колдонуу менен инвестициялык долбоордун таасирин баалоодо колдонулат.
Койка-орун менен камсыз кылуу, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, калктын ден соолугу ж.б. ушул сыяктуу социалдык бакубаттуулукту жогорулатуунун көрсөткүчтөрү инвестициялык долбоорду түзүүдө аныкталат жана такталат.
Экологиялык көрсөткүчтөр тиешелүү мамлекеттик органдар бекиткен жана контролдогон экологиялык ченемдерди сактоого жана жогорулатууга багытталган каражаттардын нарктык көрсөткүчтөрү менен бааланат.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга 0дөн 30га чейин балл берилет.
|
| Инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо өткөрүү методикасына 5-тиркеме |
Инвестициялык конкурстук тандоонун жыйынтыктары жөнүндө 20___-жылдын "___" ___________________ № ___________ ЖЫЙЫНТЫК ПРОТОКОЛУ
_________________________________________________________________ (Долбоордун демилгечисинин аталышы)
Инвестициялык долбоордун аталышы: ____________________________________________
____________________________________________________________________________
Төмөнкүдөй курамдагы конкурстук комиссия:
1. Төрага: ____________________________________________________________________
2. Комиссиянын мүчөсү: ________________________________________________________
3. Комиссиянын мүчөсү: ________________________________________________________
4. Комиссиянын мүчөсү: ________________________________________________________
5. Комиссиянын мүчөсү: ________________________________________________________
6. Комиссиянын мүчөсү: ________________________________________________________
7. Комиссиянын мүчөсү: ________________________________________________________
Талкуулоо:
Квалификациялык талаптарга алардын ылайык келбегендиги жөнүндө чечим кабыл алынган конкурстун катышуучуларынын сунуштары боюнча комиссиянын чечими (бар болсо) - себептери көрсөтүлөт.
Конкурстун ар бир катышуучусунун баллын бөлүштүрүү менен баалоонун натыйжалары жөнүндө маалымат менен инвестициялык долбоорго ылайык келген конкурстун катышуучуларынын сунуштарын баалоонун натыйжалары;
Чечим:
Инвестициялык конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча комиссия конкурстун жеңүүчүсү деп таануу чечимин кабыл алды: (катышуучунун маалыматтарын көрсөтүү - эгерде жеңүүчү жеке ишкер болсо - фамилиясы, аты, атасынын аты, эгерде жеңүүчү юридикалык жак болсо - уюмдун аталышы).
Төрага/колу/
Комиссиянын катчысы/колу/