КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 24-ноябры № 736-т
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоорду кайра баштоо жана мамлекет менен жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү, калкка мамлекеттик каттоо кызматтарын көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте:
- "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин 2023-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзүүнү кайра баштасын;
- пилоттук долбоорду жүргүзүүнү калыбына келтирүүгө байланышкан тиешелүү уюштуруучулук-техникалык чараларды көрсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштоо жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы медициналык мекемелерде "Медициналык күбөлүк" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда электрондук форматта маалымат алмашуу берилүүчү маалыматтардын тизмегине жана пайдаланылуучу технологияларга карабастан акысыз негизде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |