Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 21-ноябры № 710-т
"Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоорун ишке ашырууга финансылык каражаттарды тартуу маселелери боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү тобу тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоорун ишке ашырууга финансылык каражаттарды тартуу маселелери боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү тобунун КУРАМЫ
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчиси; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчисинин орун басары; |
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Усенбекова Айнура Доктурбаевна | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Атаханов Авазбек Койлубаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |