Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-декабры №6
Айыл өкмөтүнүн кире беришинин жолун оңдоого каралган 50000 сом акча каражатты Боо-Терек айылынын Жаштар көчөсүнүнө таза суу киргизүү үчүн колдонуу жөнүндө
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндөгү 2023-жылдын 22-мартындагы №3 токтомунда көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн кире беришинин жолун оңдоого каралган 50000 сом акча каражатты Боо-Терек айылынын Жаштар көчөсүнүнө таза суу киргизүү үчүн колдонуу жөнүндөгү У.Буланбековдун сунушун карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндөгү 2023-жылдын 22-мартындагы №3 токтомунда көрсөтүлгөн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясындагы айыл өкмөтүнүн кире беришинин жолун оңдоого каралган 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Жаштар көчөсүнө таза суу киргизүү үчүн колдонулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Алымбеков М. |