Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-февралы № 1

Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылда аткарылышы жөнүндө

Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылда (январь-декабрь) аткарылышы боюнча айыл Өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Дуйшалиев Дамирбек Замирбековичтин маалыматын угуп, депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жергиликтүү бюджеттин 2022-жыл ичинде (январь-декабрь) аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Дуйшалиев Дамирбек Замирбековичтин маалыматы алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.

 

2. 2023-жылдын февраль айынын аягында элдик жыйындар өткөрүлүп, жергиликтүү калкка аткарылган иштер боюнча маалымат берүү жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Бейшембиев Фархад Кожокматовичке милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов