Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 3-ноябры № 8
Жайыт жерин ижарага берүү үчүн жөнүндө жобону жана ижара-акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Салык Кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-1, 10-беренелерине ылайык, ЖӨБО жөнүндөгү мыйзамы, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтомуна ылайык жайыт жерлерди ижарага берүү боюнча жобосун жана ага ылайык тарифтерин бекитүү жөнүндөгү Тамчы айыл аймактык ЖПБнын төрагасы Акиров Жоомарт Бакытбековичтин сунуштарын жана маалыматын угуп, жобонун шарттарын жана ижарага берүү жөнүндө маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтомуна ылайык кабыл алынган типтүү жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине, Жайыттар жөнүндө мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтомуна жана башка мыйзам актыларына ылайык ижара акысы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мындан ары айыл аймакта жайыт жерлерин ижарага берүү жагы кабыл алынган жобого ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Акиров Жоомарт Бакытбековичке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кенештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына мамлекеттик тилде жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |