Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-февралы № 11

Жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

 

Айыл аймагында ар бир айылда жер маселелерин жөнгө салуу, ижарага берүү, инвентаризациялоо боюнча айылдык Кеңештин жер маселеси, айыл чарба,жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жайыт маселеси,байланыш түйүндөрү, мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссия курамынын сунушун депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ар бир айылда жер маселелерин жөнгө салуу, ижарага берүү, инвентаризациялоо боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:

 

Чырпыкты айылы боюнча :

1) А.К.Жукушев – айыл тургуну – комиссиянын төрагасы

Мүчөлөрү:

2) Жылкыбек уулу.У- айылдык Кеңешинин депутаты

3) Д.Н.Киязов – айылдык Кеңештин депутаты

4) А.К.Жапаев – айыл тургуну

5) Ишенбек уулу.Э – Чырпыкты айыл башчысы

 

Кош-Көл айылы боюнча:

1) Рыспай уулу.Н – айылдык Кеңештин депутаты – комиссиянын төрагасы

Мүчөлөрү:

2) Болотбек уулу.А – айылдык Кеңештин депутаты

3) Э.С. Жолалиев – Кош-Көл айыл башчысы

4)  Б.Абылаев-  айыл тургуну

5) Ш.К.Шакенов – айыл тургуну

 

Тамчы айылы боюнча:

1) У.С.Сейдакматов- айылдык Кеңештин депутаты – комиссиянын төрагасы

Мүчөлөрү:

2) Б.И.Калдыбаева – айылдык Кеңештин депутаты

3) Самат уулу.А – айылдык Кеңештин депутаты

4) М.Т.Абдыкасымов – айыл тургуну

5) Б.Т.Казиев – айыл тургуну

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин жер маселеси,айыл чарба ,жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жайыт маселеси,байланыш түйүндөрү, мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов