Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-февралы № 19

Жер тилкесинин багытын которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу №291 Токтомдун негизинде Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги, Тамчы айыл аймагынан жалпы аянты 68,27 га жайыт жер тилкелерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндөгү маселени депутаттар карап, Тамчы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тамчы айыл аймагындагы, Чырпыкты айылынан 39,45 га, Кош-Көл айылынан 12,22 га, Тамчы айылынан 16,6 га жайыт жер тилкелерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

(“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча Мамлекеттик ишканасынын иш кагаздары ______ барак тиркелет)

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов