Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-апрели № 29
Жайыт жерин ижарага берүү жөнүндө
Кош-Көл айылынын көл жээгиндеги жайыт жер тилкесинен “Гольф клубуна” ижарага берүү жөнүндө маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Көл айылынын көл жээгиндеги 11,0 гектар жайыт жер тилкесин “Гольф клубуна” 5 жылга мөөнөткө, узартуу жолу менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ижара келишимин түзүү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Акиров Жоомарт Бакытовичке тапшырылсын.
3. Ижара келишимин түзүүдө Кош-Көл айылына бала бакча куруп берүү жана жылына “Гольф клубдун” түшкөн кирешесинен социалдык пакет карап берүү жагы эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кенештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |