Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 3

Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын болуп өткөн 3-ноябрындагы VIII- чакырылышынын 8- сессиясында Өзгөрүш айылдык аймагында “ Ыйман” бала бакчасынын имаратына курулуш материалы кафель кою боюнча маселени угуп, талкуулап чыгып, Өзгөрүш айылдык кеңеши

Токтом кылат :

 

1.  Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү “ Ыйман” бала бакчасынын имаратына кафель коюуга Талас облусунун өнүктүрүү фондусуна долбоордук өтүнмө бекитилсин.

 

 

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Бечелов