Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-декабры ПТ № 232
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгуу, тескөө, техникалык колдоо, эксплуатациялоо жана өнүктүрүү функциялары менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин автоматташтырылган маалыматтык системаларынын жалгыз операторун аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте эки жумалык мөөнөттө даярдасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |