Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 190
Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) макулдашууларын аткаруу боюнча ДСУнун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишин активдештирүү жана ДСУнун алдында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин сактоону камсыз кылуу, анын ичинде 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын тарифтик милдеттенмелерин өзгөртүү боюнча ДСУнун мүчө өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Дүйнөлүк Соода Уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө жобонун 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобонун 6-пунктунун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Н.Жапаров |