Загрузка документа…
2023-жылдын 28-декабры № 719
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат "(14 жашка толо элек балдардан тышкары);
- Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (14 жашка толо элек балдардан тышкары) (аймактык бөлүктүн, КТБнын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жооптуу кызматкери тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат);";
- 24-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Мекен-карт даярдалгандан кийин өтүнүч берген адамга анын даяр экендиги жөнүндө тиешелүү кабарлоо анын электрондук почтасына жиберилет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |