Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 480 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 24-марты № 164

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Юридикалык жактарга белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун берүүгө конкурс өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 10-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров