Редакцияот 05.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 5-декабры № 641

2023-жылдын 17-ноябрында Москва шаарында жана Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө финансылык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 17-ноябрында Москва шаарында жана Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө финансылык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор кыргыз тараптан аткарылгандыгы жөнүндө россиялык тарапка кабарласын.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров