Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 111 токтомуна ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-июну № 301
"ТЭНГРИ Технолоджиз" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Тоо-кен технологиялары чөйрөсүндө туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Ысык-Көл Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте тоо-кен технологиялары чөйрөсүндө туризмди өнүктүрүү үчүн "ТЭНГРИ Технолоджиз" ачык акционердик коому (мындан ары - "ТЭНГРИ Технолоджиз" ААК) түзүлсүн.
2. Бир акциянын 100 (жүз) сом номиналдык наркы менен 1000 (бир миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жолу менен анын уставдык капиталы 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө аныкталсын.
3. "Ысык-Көл Инвест" жоопкерчилиги чектелген коомуна уставдык капиталдын 60 пайыз акциясы менен "ТЭНГРИ Технолоджиз" ААКтын тең уюштуруучусу катары чыгуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) уставдык капиталдын 40 пайыз акциясы менен "ТЭНГРИ Технолоджиз" ААКтын тең уюштуруучусу катары чыксын;
2) "Ысык-Көл Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте "ТЭНГРИ Технолоджиз" ААКтын уставын бекитсин;
3) "ТЭНГРИ Технолоджиз" ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
4) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда "ТЭНГРИ Технолоджиз" ААКтын акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
5) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "ТЭНГРИ Технолоджиз" ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн 40000 (кырк миң) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана бөлүп берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |