Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-декабры № 110
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык, Токмок жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын (18.12.2023-ж. № 14) - Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө, Кабылан-Көл жана Жошолу айылдык кеңештери боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын (19.12.2023-ж. № 62, № 63) - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылдык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (18.12.2023-ж. № 12) - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (18.12.2023-ж. № 17, № 18) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (15.12.2023-ж. № 11) - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (19.12.2023-ж. № 25, № 26; 21.12.2023-ж. № 27) - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын (04.12.2023-ж. № 5) - Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын (18.12.2023-ж. № 14) - Жалал-Абад облусунун Алай районундагы Жошолу айылдык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (21.12.2023-ж. № 27) - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык, Токмок жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Алай жана Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3 Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 26-декабрындагы № 110 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Алай району | |||
1 | Гүлчө айылдык (№ 2 Гүлчө-2 шайлоо округу) | Раймкулова Гульмира Атантаевна | Алай АШК, № 14, 18.12.2023-ж. (ЖААКтын 06-01 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 11-сентябрындагы берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0241449 күбөлүгү) |
2 | Кабылан-Көл айылдык (№ 2 Күңгөй шайлоо округу) | Артык кызы Гулзина | Алай АШК, № 14, 18.12.2023-ж. (14.12.2023-ж. - өз арызы) |
3 | Жошолу айылдык (№ 2 Кызыл-Кия шайлоо округу) | Мамытбек уулу Айбек | Алай АШК, № 14, 18.12.2023-ж. (14.12.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
4 | Кара-Дарыя айылдык (№ 4 Чаңгыр-Таш шайлоо округу) | Караев Эсен Шабданбекович | Сузак АШК, № 62, 19.12.2023-ж. (13.12.2023-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад шаары | |||
5 | Жалал-Абад шаардык | Маатжакыпов Жыргалбек Кимсанович (4) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 12, 18.12.2023-ж. (12.12.2023-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу району | |||
6 | Кереге-Таш айылдык (№ 1 Новоконстантиновка-Сары-Камыш шайлоо округу) | Бердишев Каниет Бердишевич | Ак-Суу АШК, № 17, 18.12.2023-ж. (04.12.2023-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
7 | Нарын шаардык | Бакиров Кайрат Маратович (4) "Республика" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 18, 15.12.2023-ж. (13.12.2023-ж. өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Токмок шаары | |||
8 | Токмок шаардык | Саламатова Аида Саламатовна (9) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 25, 19.12.2023-ж. (07.12.2023-ж. өз арызы) |
9 | Закриев Аслан Евласович (13) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 25, 19.12.2023-ж. (08.12.2023-ж. өз арызы) | |
10 | Абраимов Зафаржан Сабыржанович (7) "Бирге" депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 25, 19.12.2023-ж. (13.12.2023-ж. өз арызы) | |
11 | Браун Максим Андреевич (12) "Бирге" депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 25, 19.12.2023-ж. (13.12.2023-ж. өз арызы) | |
Баткен облусу | |||
Лейлек району | |||
12 | Кулунду айылдык (№ 7 Кулунду-Борбордук шайлоо округу) | Ташматов Нурланбек Авалбекович | Лейлек АШК, № 5, 04.12.2023-ж. (Соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине ылайык. Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун 17.02.2023-ж. өкүмү УД-02/23Ба4) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 26-декабрындагы № 110 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Алай району | |||
1 | Жошолу айылдык (№ 2 Кызыл-Кыя шайлоо округу) | Абдырахманова Жаркынай Туратбековна | Алай АШК, № 14, 18.12.2023-ж. (15.12.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Токмок шаары | |||
2 | Токмок шаардык | Кубанычбек уулу Арлен (14) "Бирге" саясий партиясы | Токмок АШК, № 27, 21.12.2023-ж. (18.12.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 26-декабрындагы № 110 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
1 | Гүлчө айылдык (№ 2 Гүлчө-2 шайлоо округу) | Капарова Гүлкан Жуманазарова | № 1 М.Адышев атындагы мектеп, мугалим | Алай АШК, № 14, 18.12.2023-ж. |
2 | Кабылан-Көл айылдык (№ 2 Күңгөй шайлоо округу) | Сактанов Мукан Сайпидинович | Жеке ишкер | Алай АШК, № 14, 18.12.2023-ж. |
3 | Жошолу айылдык (№ 2 Кызыл-Кия шайлоо округу) | Дуйшеев Алтынбек Парманович | Жеке ишкер | Алай АШК, № 14, 18.12.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
4 | Кара-Дарыя айылдык (№ 4 Чаңгыр-Таш шайлоо округу) | Саматов Уларбек Авылкасымович | Жеке ишкер | Сузак АШК, № 63, 19.12.2023-ж. |
Жалал-Абад шаары | ||||
5 | Жалал-Абад шаардык | Чыбылдаев Уланбек Жоробекович (37) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 12, 18.12.2023-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
6 | Кереге-Таш айылдык (№ 1 Новоконстантиновка-Сары-Камыш шайлоо округу) | Сагындыков Нурадис Женишбекович | Убактылуу иштебейт | Ак-Суу АШК, № 18, 18.12.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
7 | Нарын шаардык | Таалайбек уулу Камчыбек (5) "Республика" саясий партиясы | Нарын районунун Финансы-кредиттик фонду, башкы адис | Нарын шаардык АШК, № 19, 15.12.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
8 | Токмок шаардык | Тусупбекова Ташхан Рафиковна (12) "Эмгек" саясий партиясы | Пенсионер | Токмок АШК, № 26, 19.12.2023-ж. |
9 | Казакбаев Тахир Закиржанович (16) "Эмгек" саясий партиясы | ЖЧК "Аквапром", сатуу боюнча адис | Токмок АШК, № 26, 19.12.2023-ж. | |
10 | Абышкаев Азим Джанышевич (17) "Бирге" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токмок АШК, № 27, 21.12.2023-ж. | |
11 | Сулайманов Айбек Орозбекович (19) "Бирге" саясий партиясы | ЖЧК "БишкекСтройКонструкция", аткаруучу директор | Токмок АШК, № 27, 21.12.2023-ж. | |