Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-майы № 266
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууда жана жүгүртүүдө өтүмдүүлүктү түзүүгө өбөлгө жаратуучу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 182-статьясына, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 214 "Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндөгү жободо:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон баалуу кагаздарды соодалоого фондулук биржанын ички документтерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык брокердик жана/же дилердик ишти жүзөгө ашырууга укугу бар адамдардан тышкары башка адамдарга жол берилет.";
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пунктчалар менен толукталсын:
"10) мамлекеттик баалуу кагаздарды соодалоонун катышуучусу - фондулук биржанын ички документтерине ылайык талаптарга ылайык келген жана соодалоого жол берилген жак;
11) мамлекеттик баалуу кагаздар менен болгон соодалоого катышкан трейдер - мамлекеттик баалуу кагаздар менен соодалоонун катышуучусунун кызматкери болуп саналган, соодалоонун катышуучусунун атынан фондулук биржа аркылуу бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берилген жана фондулук биржанын талаптарына ылайык келген жеке адам.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун реестрине фондулук биржа тарабынан киргизилүүчү маалыматтардын курамы фондулук биржанын ички документтери менен аныкталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды түзүү, каттоо, жүгүртүү, ошондой эле менчик укуктардын өтүү процесстерин жөнгө салат.";
- 4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Эреженин колдонулушу мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө, ошондой эле баалуу кагаздарга карата укуктарды жана/же милдеттерди өзгөртүү жана токтотуу тартибине жайылтылбайт:
- соттун чечими боюнча;
жоюлуп жаткан субъекттин мүлкү сатылган учурда жоюу комиссиясынын чечими боюнча;
- баалуу кагаздарды мурастоодо.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарда:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмиссиялаган баалуу кагаздар фондулук биржада жайгаштырууда жана жүгүртүүдө, ушул минималдуу талаптардын 3-главасында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта, фондулук биржанын биринчи (эң жогорку) категориядагы баалуу кагаздар листингине киргизилет.";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эмитентке жана анын баалуу кагаздарына коюлуучу талаптар аларды листинг кылууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга жайылтылбайт.";
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинде болуу үчүн биринчи (эң жогорку) категорияда мамлекеттик баалуу кагаздардын эмитенти болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саналат.";
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Мамлекеттик баалуу кагаздарды листингинин биринчи (эң жогорку) категориясына киргизүү үчүн баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) эмитент чыгарылган баалуу кагаздарды эркин сатууну чектеген кандайдыр бир шарттарды белгилебөөгө тийиш;
б) баалуу кагаздарга карата жабуу боюнча же болбосо купондук төлөөлөр боюнча эмитенттин мөөнөтү өткөн милдеттенмелери болбоого тийиш;".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-майы № 266
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууда жана жүгүртүүдө өтүмдүүлүктү түзүүгө өбөлгө жаратуучу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 182-статьясына, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 214 "Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндөгү жободо:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон баалуу кагаздарды соодалоого фондулук биржанын ички документтерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык брокердик жана/же дилердик ишти жүзөгө ашырууга укугу бар адамдардан тышкары башка адамдарга жол берилет.";
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пунктчалар менен толукталсын:
"10) мамлекеттик баалуу кагаздарды соодалоонун катышуучусу - фондулук биржанын ички документтерине ылайык талаптарга ылайык келген жана соодалоого жол берилген жак;
11) мамлекеттик баалуу кагаздар менен болгон соодалоого катышкан трейдер - мамлекеттик баалуу кагаздар менен соодалоонун катышуучусунун кызматкери болуп саналган, соодалоонун катышуучусунун атынан фондулук биржа аркылуу бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берилген жана фондулук биржанын талаптарына ылайык келген жеке адам.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун реестрине фондулук биржа тарабынан киргизилүүчү маалыматтардын курамы фондулук биржанын ички документтери менен аныкталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды түзүү, каттоо, жүгүртүү, ошондой эле менчик укуктардын өтүү процесстерин жөнгө салат.";
- 4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Эреженин колдонулушу мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө, ошондой эле баалуу кагаздарга карата укуктарды жана/же милдеттерди өзгөртүү жана токтотуу тартибине жайылтылбайт:
- соттун чечими боюнча;
жоюлуп жаткан субъекттин мүлкү сатылган учурда жоюу комиссиясынын чечими боюнча;
- баалуу кагаздарды мурастоодо.".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 токтомуна ылайык күчүн жоготту).