Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 69

Баткен шаарынын 2023-жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына,  Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын  18-июлундагы №01-12/1738 катына жана шаардык Кеңештин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын 2023-жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Шаар мэриясынын алдындагы ММД 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 850000 сом кыскартылып, шаар мэриясынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” беренесине кошулуп берилсин.

2.Баткен шаар мэриясынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” беренесинен “Нур-Баткен” футболдук клубуна “Улуттук Лигага” катышуу акысын төлөө үчүн 850000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук  юстиция башкармасына жөнөтүлсүн. 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Мадымаровго/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов