Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 74
Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун С.Сыдыков көчөсүндөгү социалдык обьектилерге калтырылган жер аянттарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна, Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 18-сентябрь № 02-6/534 катына жана шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:
1.”Баткен шаарынын Аэропорт АТОсунун С.Сыдыков көчөсүндөгү 0,80 га өлчөмүндөгү жер аянтына мектеп жана бала бакча курууга макулдук берүү жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун С.Сыдыков көчөсүндөгү 0,80 га жер аянтынын башкы планына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- С.Сыдыков көчөсүндөгү 0,80 га жер аянтына толугу менен заманбап мектеп куруу үчүн макулдук берилип, бала бакча шаардын башка жерине жылдырылсын.
3.Тиешелүү юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |