Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 81

Баткен шаарынын Булак-Башы  кварталынын батыш тарабындагы КБФ эсебиндеги 8,10 га “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан,  “ Көп жылдык бак-дарактар” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна,  Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна,  Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын  21-сентябрындагы №02-6/547  катына жана шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын Булак-Башы  кварталынын батыш тарабындагы КБФ эсебиндеги 8,10 га “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан,  “ Көп жылдык бак-дарактар” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.                   

2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук  юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.  

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов