Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 82

Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунан  Кара-Белес ЖЧКсынын көмүр казуу иштеринен чыккан калдыктарды төгүү үчүн  4,53 га жер аянтын  кошумча бөлүп берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктчасы, 34-беренесинин 1-пунктун, 5-пунктчасына, Баткен шаардык Кеңешинин биргелешкен туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы кортундусуна, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын  28-сентябрындагы №1-12/2378 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунан  Кара-Белес ЖЧКсынын көмүр казуу иштеринен чыккан калдыктарды төгүү үчүн  4,53 га жер аянтын  кошумча бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Дөгмөн жайлоосунан  Кара-Белес ЖЧКсына көмүр казуу жана казуудан чыккан калдыктарды төгүү үчүн  тийиштүү  юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.

3. Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин  төрагасынын  орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов