Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-июну № 303
Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Камбар-Ата-2 ГЭСинин бекитилген кубаттуулугун бошотуу үчүн "Нарынгидроэнергокурулуш", "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Электр станциялар" ачык акционердик коомдорунун энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого зарыл болгон финансы каражаттарын салуунун суммасын аныктоо;
- "Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик коомунун балансында турган 110/35/6 кВ "Камбар-Ата" подстанциясын керектелген электр энергиясы үчүн карызды төлөө эсебине "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү маселесин кароо.
2. "МБТ Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Камбар-Ата-2 ГЭСинин бекитилген кубаттуулугун бошотуу үчүн "Нарынгидроэнергокурулуш", "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Электр станциялар" ачык акционердик коомдорунун энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого финансы каражаттарын салуу;
- "Нарынгидроэнергокурулуш", "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Электр станциялар" ачык акционердик коомдорунун энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого салынган финансы каражаттарынын суммасын жумшалган каражаттардын ордун толтуруу аяктаганга чейин электр энергиясын пайдалануу үчүн алдын ала акы төлөө катары аныктоо.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент "МБТ Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна сатуу үчүн Камбар-Ата-2 ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясына тарифти, электр энергиясынын пландык өндүрүштүк наркынын деңгээлинде белгилөө боюнча өзгөчө укук берсин.
4. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- маалыматтык-эсептөө блогун электр менен камсыздоого "МБТ Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүү;
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого салынган финансы каражаттарынын суммасын жумшалган каражаттардын ордун толтуруу аяктаганга чейин электр энергиясын пайдалануу үчүн алдын ала акы төлөө катары аныктоо;
- Камбар-Ата-2 ГЭСинин бекитилген кубаттуулугун бошотуу үчүн энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого жана реконструкциялоого жумшалган "МБТ Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому төлөгөн сумманын эсебин жана мониторингин жүргүзүү;
- энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого жана реконструкциялоого жумшалган акы төлөө суммасы аяктагандан кийин электр энергиясына болгон тарифти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган электр энергиясына тарифтик саясатка ылайык колдонуу.
5. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- "МБТ Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому менен электр энергиясын берүүгө келишим түзүү;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого салынган финансы каражаттарынын суммасын жумшалган каражаттардын ордун толтуруу аяктаганга чейин электр энергиясын берүү үчүн алдын ала акы төлөө катары аныктоо.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-майындагы № 274-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |