Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 326
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 725 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду күчөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 725 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- 8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жер казынасын изилдөөнү жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери тарабынан экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын сактоо маселелери боюнча;";
төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пунктчалар менен толукталсын:
"11) алкоголдук, спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;
12) Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында экологиялык коопсуздукту сактоо, анын ичинде менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан рекреация объекттеринин инженердик коммуникациялар жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу курулмалары менен камсыз болуу бөлүгүндөгү маселелер боюнча.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |