Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 9-январы № 2
"Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 389-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
150-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-январындагы № 3 (3556) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |