Сравнение редакций…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна
Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө
Нускама
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Нотариаттын ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Нотариат жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо, ушул Нускама жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер эсептелет.
2. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын нотариустарынын нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негизги эрежелерин аныктайт.
I бөлүм. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо эрежелери
1-глава. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо орду
3. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ар бир жаран нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн каалаган нотариуска кайрылууга укуктуу.
4. Эгерде нотариалдык иш-аракеттер нотариустун имаратынан тышкары жерде жасалса, анда документтеги күбөлөндүрүлүүчү жазууда жана кагаздагы жана электрондук алып жүрүүчүдөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде нотариалдык иш-аракеттер жасалган жер дарегин көрсөтүү менен жазылат.
5. Керээз калтыруучу катуу ооруган учурда ошол нотариалдык округда нотариус жок болгондо керээзди ырастоо үчүн нотариус башка нотариалдык округга барууга укуктуу.
6. Кыймылсыз мүлктү ажыратууга багытталган келишимдер, кыймылсыз мүлк жайгашкан нотариалдык округдун нотариусу тарабынан күбөлөндүрүлөт.
7. Ар башка нотариалдык округдардын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекти болуп саналган алмашуу келишими, алмаштырылган кыймылсыз мүлк объекттеринин кайсынысы болбосун жайгашкан жери боюнча күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
2-глава. Нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн мамлекеттик алым төлөө тартиби
8. Мамлекеттик алым банктарга же башка финансы-кредиттик мекемелерге же болбосо төлөөчүнүн же төлөөчүнүн өкүлүнүн банктык эсебинен которуу жолу аркылуу же болбосо төлөм терминалдары аркылуу же төлөөнүн башка ыкмалары менен нотариалдык иш-аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде бирдиктүү төлөм менен төлөнөт.
9. Мамлекеттик нотариуска кайрылганда, мамлекеттик алым нотариалдык иш-аракет жасалганга жана юридикалык мааниге ээ болгон документтерди бергенге чейин төлөнөт.
10. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн жеке нотариуска кайрылганда, мамлекеттик алымды төлөөчүнүн өкүлү катары жеке нотариус тарабынан төлөнүшү мүмкүн.
11. Мамлекеттик алым төлөм терминалдары аркылуу төлөнгөн же банктык эсептен которулган же төлөөнүн башка ыкмалары аркылуу төлөнгөн учурда, нотариус төлөм чегинин же квитанциянын (которуунун) көчүрмөсүн кошумча чыгарып, нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине же нотариалдык актыларга тиркейт.
3-глава. Нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган адамдын ким экендигин аныктоо
12. Нотариалдык иш-аракеттерди жасаганда нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган адамдын, анын өкүлүнүн же юридикалык жактын өкүлүнүн өздүгүн аныктайт.
13. Адамдын ким экендигин аныктоо паспорттун же нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын ким экендиги жагынан ар кандай шектенүүнү жокко чыгарган ким экендигин ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
Жарандыгын, үй-бүлөлүк абалын же жашаган жерин аныктоо зарылдыгы болбогон учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо ким экендигин аныктоо жарандын өздүгүнө карата кандай болбосун шектенүүнү жокко чыгаруучу ким экендигин ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
14. Жеткиликтүүлүк «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамалекеттик порталы, мобилдик тиркеме аркылуу жаран тарабынан берилген санариптик форматта тапшырылган документтер (улуттук паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык абалдын актылары: туулгандыгы, никеге тургандыгы, никени бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө күбөлүк жана башка санариптик документтер) юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документтерге бирдей маанидеги документтер болуп саналат.
15. Ким экендигин аныктоо жана верификациялоо нотариаттын бирдиктүү маалымат системасы (мындан ары – НБМС), «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы, Идентификациялоонун бирдиктүү системасы (мындан ары – ИБС) биометрикалык идентификациялоо методу, жандуулукту аныктоо методу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
16. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн, негизинен, арыз ээсинин кыймылдуу мүлкүнүн күрөөсү жөнүндө кабарламаны же кыймылдуу мүлкүнүн күрөөсү жөнүндө кабарламалардын реестринен көчүрмө берүү жөнүндө арызды каттоо үчүн документтерди нотариуска электрондук формада жиберүүдө, анын квалификацияланган электрондук кол тамгасы текшерилген жана Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арыз ээсине таандыктыгы тастыкталган шартта анын ким экендиги аныкталган деп эсептелет.
17. 16 жашка чыга электердин өздүгү туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн жана баланын мыйзамдуу өкүлү (ата-энеси, камкорчусу, көзөмөлчүсү) тарабынан анын өздүгүн жазуу жүзүндө ырастоонун же жалпы жарандык паспорту болсо, ошонун негизинде аныкталат.
18. Чет өлкөлүк жарандардын өздүгү алардын улуттук паспортторунун же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка документтердин негизинде аныкталат.
19. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдардын, качкындардын статусу алардын өздүгүн жана статусун (качкындын жана/же жашай туруу укугуна күбөлүгү, Кыргыз Республикасында кайрылмандын күбөлүгү) ырастоочу документтердин негизинде ырасталат.
4-глава. Жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн жана юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүн текшерүү
20. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариус жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн аныктайт жана юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүн текшерет.
21. Жеке же юридикалык жактын өкүлү нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылганда, нотариус ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет.
22. Жеке ишкер жеке жактарга таандык болот жана анын статусу жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктү же патентти берүү аркылуу же болбосо, салык төлөөчүнүн паспортун анын жеке кабинетинен кароо аркылуу текшерилет.
23. Жеке жактын аракетке жөндөмдүүлүгү өздүгүн ырастоочу документтердин негизинде, визуалдык маектешүү жүргүзүү аркылуу аныкталат.
24. Эгерде нотариус бүтүмдүн катышуучуларынын кимдир бирөөсү жин оорсунан же кем акылдыгынан же болбосо спирт ичимдиктерин же баӊги заттарын ашыкча пайдалангандыктан же алкоголдук, баӊги заттан, дарыдан мас абалда тургандыгынан улам өз аракеттеринин маанисин түшүнө албайт же аларды башкара албайт деп болжолдоого негиз болсо, анда нотариус нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартат.
25. Аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө же жакты аракетке жөндөмсүз деп таануу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ырасталышы керек.
26. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн укукка жөндөмдүүлүгү уюмдаштыруучу документтердин, юридикалык жактардын жана уюмдаштыруучу документтердин реестринин негизинде аныкталат.
Нотариус НБМС аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка мамлекеттик органдардын расмий сайттарынын электрондук базасындагы маалыматтар боюнча юридикалык жактын жана жетекчинин укукка жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө укуктуу.
27. Юридикалык жактын жетекчисинин (аткаруу органдын) ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жалпыга маалымдоо каражаттары жана мамлекеттик органдардын башка расмий сайттары же болбосо НБМС аркылуу, юридикалык жакты дайындоо жөнүндө же жетектөөчү органдарды шайлоо тууралуу документтер менен текшерилет.
28. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) өкүлүнүн укуктук жөндөмдүүлүгү жетекчинин же уюмдаштыруучу документтер менен ыйгарым укук берилген башка жактын колу коюлган ишеним каттын негизинде аныкталат.
Айрым учурларда юридикалык жактын жалпы укукка жөндөмүнөн сырткары нотариус өзүнөн-өзү жөнгө салынуучу уюмдагы мүчөлүк же иштин кандайдыр бир түрүн жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензия менен берилүүчү атайын укукка жөндөмүнүн бар экендигин аныктайт.
29. Эгерде атайын администратор, убактылуу администратор же банктын жоюучусу катары чыкса, нотариус анын өздүгүн ырастоочу документтерден сырткары, банкроттук процессин козгоо жөнүндө соттун чечимин (кредиторлордун/акционерлердин, Улуттук банктын чогулушунун чечими), банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча мамлекеттик органдын администраторду дайындоо жөнүндө чечимин, банк мажбурлап жоюлган учурда жоюучуну дайындоо жөнүндө соттун чечимин, банкроттук процессинин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун ишин жүзөгө ашырууга лицензияны, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктү, банкрот болгон юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтерин, бүтүм түзүүгө тиешелүү макулдукту талап кылат.
Убактылуу администратор же банктын жоюучусу үчүн ишеним кат талап кылынбайт.
30. Юридикалык жактын укукка жөндөмүн текшерүүнүн жалпы эрежелеринен сырткары, бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтери боюнча конкреттүү маселелер боюнча иш-аракттерди жасоого өкүлдүн укукка жөндөмүн, ишеним катты, мамлекеттик органдын чечимдерин текшерет.
31. Келишимдик өкүлчүлүктө нотариус өкүлгө тийиштүү ыйгарым укук берүүчү келишимди же чогулуштун чечимин, ишеним катты талап кылат.
32. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары катталган чет өлкөлүк юридикалык жактын укукка жөндөмү иштеп турган юридикалык жактын статусун өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча ырастоочу, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен юридикалык жактарды, салык төлөөчүлөрдү каттоо реестринин мыйзамдаштырылган же апостилденген көчүрмө боюнча текшерилет.
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык тиешелүү келишимдер бар болсо, документтерди мыйзамдаштыруу жана/же апостилдештирүү талап кылынбайт.
5-глава. Нотариалдык иш кагаздардын тили
33. Нотариалдык иш кагаздары мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
34. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган адам нотариалдык иш кагаздары жүргүзүлгөн тилди билбесе, таризделген документтердин тексттери котормочу же болбосо мамлекеттик жана расмий тилдерин кошпогондо, тийиштүү тилди билгендигин ырастоочу документи бар болгон нотариус тарабынан оозеки же жазуу түрүндө которулушу керек.
Эгерде нотариус тийиштүү тилди билсе, анда ал документти өз алдынча которууга жана ушул Нускамада белгиленген тартипте котормонун тууралыгын күбөлөндүрүүгө укуктуу.
35. Нотариус котормочунун өздүгүн аныктайт, аракетке жөндөмүн жана квалификациясын текшерет. Мында нотариус туура эмес, так эмес, билип туруп жалган которгондугу жана жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракеттин сырын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө алдын ала эскертет.
36. Нотариалдык документти тариздөөдө котормочу нотариустун катышуусунда, нотариалдык иш-аракеттер үчүн кайрылган жакка текстти которуп берүүгө милдеттүү.
Бул учурда котормочунун кол тамгасынын аныктыгы өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде катталбайт.
6-глава. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негиздери, кийинкиге калтыруунун жана
токтотуп туруунун мөөнөттөрү
37. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоону төмөнкү учурларда кийинкиге калтырууга милдеттүү:
1) жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды талап кылуу зарылдыгы жаралганда;
2) эгерде берилген документтин аныктыгы шек туудурса, аны экспертизага жиберет.
38. Эгерде кызыкдар адамдардан бул аракеттерди жасоого алардын каршылыгынын жоктугу жөнүндө сурап билүү зарыл болсо, нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтырууга милдеттүү. Бул учурда кийинкиге калтыруунун мөөнөтү аны кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып, бир айдан ашпашы керек.
39. Кайрылган адамдын өтүнүчү боюнча нотариус кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) токтом чыгарылган күнү жана жери;
2) токтом чыгарган нотариустун аты-жөнү, нотариалдык округдун же мамлекеттик нотариалдык конторанын аталышы;
3) нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу зарылдыгын жараткан жагдайлар;
4) нотариалдык иш-аракет кийинкиге калтырылган мөөнөт, бирок бир айдан ашык эмес.
40. Документти экспертизага жиберүүгө байланыштуу кийинкиге калтыруу жөнүндө токтомдо нотариус төмөнкүлөрдү кошумча көрсөтөт:
1) документтин аталышын, ал кимдин атына берилгендигин;
2) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн документ ким тарабынан берилгендигин (аты-жөнү, жашаган жери);
3) документти экспертизага жиберүү зарылдыгын жараткан жагдайларды;
4) экспертиза жүргүзүү үчүн документ каякка (кайсы эксперттик мекемеге) жиберилет;
5) эксперттин корутундусу талап кылынган суроолор.
41. Башка кызыкдар жак күбөлөндүрүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашып жаткан кызыкдар жактын арызы боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоо 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылат. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар жак өзүнүн арызы сотко келип түшкөндүгү жөнүндө ырастаган документти бербесе, нотариалдык иш-аракет жасалууга тийиш.
42. Башка кызыкдар жак аны күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнгөн укукту же фактыны талашкан кызыкдар жактын арызы боюнча камсыздоочу мүнөздөгү чаралар жөнүндө соттун актысын алган учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, сот тарабынан иш чечилгенге чейинки мөөнөткө токтотулуп турат.
7-глава. Нотариалдык иш-аракетти
жасоодон баш тартуу
43. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартат, эгерде:
1) мындай иш-аракеттерди жасоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келсе;
2) иш-аракет башка нотариус тарабынан жасалууга тийиш болсо;
3) нотариалдык иш-аракет жасоо өтүнүчү менен аракетке жөндөмсүз жаран же зарыл болгон ыйгарым укукка ээ болбогон өкүл кайрылса;
4) юридикалык жактын атынан жасалган бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максаттарга каршы келсе;
5) бүтүм «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбесе;
6) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген документтер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе;
7) нотариалдык иш-аракеттерди жасоого аракетке жөндөмдүү болсо дагы, ошол учурда өзүнүн иш-аракеттеринин маӊызын түшүнбөгөн абалда турган же аны башкара албаган (алкоголдук абалдагы, баӊги заттан мас болуп турган ж.б.) адам кайрылса.
44. Нотариус нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартылган жактын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек, үй-бүлө мыйзамдарына шилтеме берүү менен баш тартуунун себебин жазуу түрүндө баяндап жана ага даттануу тартибин түшүндүрүп берүүсү керек. Мындай учурларда нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө токтомду үч жумуш күндөн кечиктирбестен чыгарат.
45. Баш тартуу жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) токтом чыгарылган күнү жана жери;
2) нотариустун аты-жөнү, мамлекеттик нотариалдык конторанын же нотариалдык округдун аталышы;
3) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын аты-жөнү, жашаган жери же юридикалык жактын аталышы жана дареги;
4) нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартылгандын негиздери (Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек, үй-бүлө мыйзамдарынын ченемдерине шилтеме берүү менен);
5) токтомго даттануу тартибин жана мөөнөтүн.
46. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом нотариустун турган жери боюнча сотко он жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.
8-глава. Нотариалдык иш-аракеттерди
жасоонун негизги эрежелери
47. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү боюнча бүтүмдөрдүн жана арыздардын долбоорлорун түзөт, документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан көчүрмөлөрдү даярдайт, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү/ консультацияларды берет.
48. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык нотариус нотариалдык иш-аракеттердин талашсыздык принцибин сактоо максатында бүтүмдүн же нотариалдык башка иш-аракетердин юридикалык тазалыгы үчүн ага керек болгон жеке жана юридикалык жактардан кандай болбосун маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.
Көрсөтүлгөн жактар маалыматтарды жана документтерди (анын ичинде кошумча) аларга карата талаптар келип түшкөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариуска берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгына жоопкерчилик аларды берген адамдарга жүктөлөт.
Нотариус арыз ээсинин кайрылуусунан кийин эки жумуш күндүн ичинде нотариалдык иш-аракеттин мыйзамдуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна ынануу үчүн берилген документтерди изилдөөгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Нотариус маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын сайттарынын электрондук базаларынан маалыматтарды, ошондой эле нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды алат.
50. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөргө, ошондой эле нотариус тарабынан түзүлгөн арыздарга жана башка документтерге нотариустун катышуусунда, анын ичинде компьютерге кол менен түзүлгөн графикалык маалыматты киргизүү үчүн түзүлүштү колдонуу менен кол коюлат.
51. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн тазалап оңдоосу же кошуп жазуусу, чийип салынган сөздөрү жана сүйлөшүлбөгөн башка түзөтүүлөрү бар документтерди, ошондой эле карандаш менен түзүлгөн документтерди, башка өзгөчөлүктөрү бар жана нотариустун документтин аныктыгы боюнча шектенүүсүн пайда кылган документтерди кабыл албайт.
52. Эгерде кагаз түрүндө берилген документтер эки же андан ашык өзүнчө барактарда баяндалган болсо, алар боолонуп, номер коюлушу керек, ал эми боолонгон барактардын саны юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө жана/же бир нече барактан түзүлгөн документтин бүтүндүгү аны тиркөө же алардын бир бүтүндүгүнө шек жаратпагыдай башка ыкма менен (анын ичинде ар бир бет мөөр жана кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн болуусу керек) камсыздалууга тийиш. Бул талап электрондук документтерге карата колдонулбайт.
53. Нотариалдык күбөлөндүрүүчү бүтүмдөрдүн тексти так жана түшүнүктүү жазылган, документтин мазмунуна тийиштүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жолу сөздөр менен белгиленген, ал эми юридикалык жактардын аталыштары – юридикалык даректи көрсөтүү менен кыскартпастан жазылышы керек. Жарандардын аты-жөнү, алардын жекече маалыматтары, өздүгүн тастыктоочу берилген документ алар катталган ордун жана/же жашаган жерин көрсөтүү менен толук жазылышы керек. Чет өлкөлүк жарандардын атынан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө алардын жарандыгы да көрсөтүлөт.
54. Тазалап оӊдоого жол берилбейт, бош орундарга кошуп жазып койбош үчүн чийилип коюлушу керек. Эгерде документ андан ары легалдаштыруу (апостилдештирүү) үчүн багытталган болсо, анда нотариус апостилдин штампы жана консулдук легалдаштыруунун тексти үчүн орун калтырууну эске алышы зарыл.
55. Таризделген документтин маӊызы үчүн олуттуу мааниге ээ болгон кошуп жазуулар жана оӊдоолор (документтин мазмунун өзгөртүүчү же бүтүмдүн шарттарына таасир этүүчү) күбөлөндүрүүчү жазуудан кийин же документтин аягында бүтүмдүн катышуучулары же нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган кызыкдар болгон башка жактар тарабынан көрсөтүлүп, өздөрүнүн кол тамгалары менен ырасталышы керек, нотариустун кол тамгасы жана мөөрү менен бекитилиши керек.
56. Нотариус өзүнүн демилгеси менен же болбосо кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча белгилүү гана жердеги жазууларды же күбөлөндүрүлгөн же берилген документтин маӊызын өзгөртпөгөн арифметикалык жана башка техникалык одоно каталарды оӊдой алат. Документтин маӊызын өзгөртпөгөн же бүтүмдүн шарттарына таасирин тийгизбеген жана тараптардан эскертмелерди талап кылбаган оӊдоолорго документтин аягында же күбөлөндүрүүчү жазуудан кийин эскертме берилет («жаӊылыш жазылган «…» окулбасын, жазылганга «…» ишенүү керек, оӊдолгонго «…» ишенүү керек») жана нотариустун кол тамгасы менен тастыкталып, мөөрү менен бекитилет. Мында бардык жаӊылыш жазылгандар да, анан чийилип салынгандары да баштапкы текстте окулгудай оӊдолушу керек.
Оңдолгон документ сканерлөө жолу менен НБМС системасына киргизилет жана электрондук реестрге тиркелет.

57. Тиешелүү документтерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо күбөлөндүрүүчү жазуулар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен формалар боюнча күбөлөндүрүү жазуунун сол жагындагы төмөнкү бөлүгүндө болгон оттисктин бөлүгүнө нотариустун кол тамгасы коюулуп жана жеке мөөрүн басуу менен жүргүзүлөт.
Кайсы бир нотариалдык иш-аракеттерге күбөлөндүрүүчү жазуу жок болгон учурда, нотариус нотариалдык иш-аракетке окшош болгон жазууну жүргүзөт.
58. Күбөлөндүрүү жазуусунун тексти кол жазма тексти менен таризделет же тийиштүү жазуусу бар штампты пайдалануу же терилип жазылган же НБМСти пайдалануу менен түзүлөт.
59. Кагаз документтеги күбөлөндүрүүчү жазууга коюлуучу кол тамга нотариустун жеке өзү тарабынан жүргүзүлөт, кол тамганы механикалык же башка көчүрүүнүн каражаттарын пайдаланып, нотариустун кол тамгасын факсимилдик каражат менен коюуга жол берилбейт. Нотариус тарабынын түзүлгөн электрондук документтерге күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамга коюлат.
60. Эгерде күбөлөндүрүүчү жазуу тийиштүү документке батпаса, ал документке тиркелген кагаздын бетинде улантылышы же толугу менен баяндалышы мүмкүн. Мында документтин тексти жана күбөлөндүрүүчү жазуу баяндалган барактар боолонот, номерлер коюлат, барактардын саны нотариустун энчилүү мөөрүн басуу жана кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт, бош жерлери чийилип коюлат.
61. Күбөлөндүрүү жазуусу сөзсүз түрдө мамлекеттик алымдын, укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын камтууга тийиш. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотууда күбөлөндүрүүчү жазууда Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин тиешелүү беренесине шилтеме берип: «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 141-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулду» деп көрсөтүү керек.
62. Күбөлөндүрүүчү бүтүмдүн, күбөлүктөрдүн, арыздардын жана нотариус тарабынан даярдалуучу башка документтердин долбоорлорунун мазмунун нотариус катышуучуларга өз алдынча окуп чыгуусуна бериши же аларга үн чыгарып окуп бериши керек. Нотариалдык тартипте таризделүүчү документтерге нотариустун катышуусунда кол коюлат.
63. Эгерде адам дене бойлук кемчилигинен, оорусунан улам же башка кандайдыр бир себептер боюнча жеке өзү кол тамга коё албаса, анда анын тапшырмасы боюнча документке нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган жарандын өзүнүн жеке кол тамгасы коюлбаган себебин көрсөтүү менен анын өзүнүн катышуусунда жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке башка жаран (мындан ары – кол коюучу) кол тамга коё алат.
64. Эгерде адам дене бойлук кемчилигинен улам өзүнүн жеке кол тамгасын коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо жана өзүнүн атынан үчүнчү жак бүтүмгө, арызга же башка документке кол тамга коюусуна ишеним көрсөтүүнү каалабаса, анда ал факсимилдик кол тамганы пайдалана алат, анын аныктыгы «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 85-беренесине ылайык күбөлөндүрүлөт.
65. Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдын көзү көрбөсө жана өзү окуй албаса, нотариус документтин текстин ага окуп берет жана ал тууралуу документке белги коёт.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адам өз алдынча окуганды жана жазганды билген дудук жаран болсо, анда нотариус документтин текстин өзү окуп чыгышы үчүн ага берүүгө тийиш, жаран текстти окуп чыккандыгы жана анын мазмунуна макул экендиги тууралуу документке белги коёт.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган дудук жаран сабатсыз болсо, анда нотариалдык иш-аракетти жасоодо таризделүүчү документтин тексти азиз-дудуктар үчүн атайын иштелип чыккан тифлосурдокотормонун дактилологиялык системасын билген адам тарабынан которулууга тийиш.
Мындай котормону жасаган адам нотариустун катышуусунда документке, бүтүмдүн, арыздын же башка документтин мазмуну ага катышуучу көзү көрбөгөн дудуктун эркине шайкештигин ырастап кол тамгасын коёт.
66. Нотариус мындай адамды котормочу катары каттоого жана туура эмес, так эмес, билип туруп жалган жасалган котормосу үчүн жоопкерчилик тууралуу ага алдын ала эскертүүгө, ошондой эле кол коюучунун жана/же тифлосурдокотормочунун кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүүгө милдеттүү.
Тифлосурдокотормочунун жана кол койучу адамдын катышуусу менен нотариалдык иш-аракеттерди жасоо зарылдыгы жаралган учурда, бир эле адам тифлосурдокотормочу жана кол коюучу болгонго жол берилбейт. Кол коюучунун, тифлосурдокотормочунун кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү боюнча бул аракеттер нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде нотариалдык өз алдынча иш-аракет катары каттоого жатпайт жана мамлекеттик алым алынбайт.
67. Нотариалдык электрондук документке арыз ээси тарабынан кол коюлууга тийиш болгон учурда, арыз ээси нотариустун катышуусунда электрондук кол тамга менен кол коёт.
68. Нотариус тарабынан жасалуучу бардык нотариалдык иш-аракеттер НБМСте жана кагаз бетиндеги нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде катталат.
69. Нотариалдык иш-аракеттерди, нотариалдык күбөлүктөрдү, бүтүмдөрдөгү жана күбөлөндүрүүчү документтердеги күбөлөндүрүлгөн жазууларды каттоо реестрлеринин формаларын «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилейт.
70. Кагазда жүргүзүлүүчү реестрлер боолонушу, барактарына номерлер коюлушу, барактарынын саны тиешелүү аймактык юстиция башкармалыгынын кызматкеринин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү жана мөөр менен бекитилиши керек.
71. Кагазда жүргүзүлүүчү реестрде нотариалдык иш-аракеттерди карандаш менен жазууга жол берилбейт. Реестрде оңдоого жол берилбейт, түзөтүүлөр көрсөтүлүшү жана нотариустун кол тамгасы жана энчилүү мөөрү менен тастыкталышы керек.
72. Реестрдеги жазууда же нотариалдык иш-аракеттердин номерлөөлөрүндө каталар жана нотариалдык иш-аракеттердин жазуусу оӊдолгондугу табылган учурда, ошондой эле жаӊылышып киргизилген жазууларды жокко чыгаруу зарылдыгы болгондо, нотариус бул жөнүндө реестрге белгилеп, «таризделген документти алгандыгына тил кат» деген бөлүмдүн графасына тийбей, аны өзүнүн кол тамгасы жана энчилүү мөөрү менен ырастайт.
73. Документтердин ырасталуучу жана күбөлөндүрүлүүчү нускаларынын санына карабай, нотариалдык иш-аракеттердин бардыгына ырасталган же күбөлөндүрүлгөн документтердин нускасынын санын реестрде белгилөө менен бир катар (тамга-цифралык) номер ыйгарылат. Документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрүү жана банктык карточкалардагы кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүү бул учурларга кирбейт, мында документтин ар бир нускасына (документтин же банктык картанын көчүрмөсүнө) бир катар номер ыйгарылат. Нотариалдык иш-аракет реестрде катталган номер берилүүчү документтердин күбөлөндүрүү жазууларында көрсөтүлөт.
74. Бир сапты өткөрүү менен бардык нотариалдык иш-аракеттер жазыла турган кагаз жүзүндөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестриндеги жазуулар дыкат жана түшүнүктүү жазуу аркылуу көк же кара сыя менен жүргүзүлөт. Милдеттүү түрдө макулдашуу менен жазуунун мазмунун аныктоого мүмкүн берүүчү сөздөрдү кыскартууга, түзөтүүлөрдү (аягына чейин жазууга, кошуп жазууга, оӊдоого) киргизүүгө жол берилет. Оӊдоолор бардык ката жазылгандарды, кийин чийилип же оӊдолгондорду баштапкы түрүндө окуй ала тургандай жүргүзүлүшү керек, мында коррекциялоочу боёк пайдаланууга жол берилбейт. Түзөтүүлөр нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт.
75. Реестрде нотариалдык иш-аракеттердин номерлөөсүндө каталар табылган учурда, нотариус ката табылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен нотариустун мөөрүн жана күнүн коюп, нотариустун кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн актты түзөт. Акт реестрдин аягына чапталат, чапталган ордунда нотариустун колу жана мөөрү коюлат, мында мөөрдүн жарымы актыда, экинчи жарымы реестрде болушу керек.
Реестрге жазуулар нотариус, нотариустун стажеру, нотариустун жардамчысы же мамлекеттик нотариалдык конторада же жеке практика менен алектенген нотариуста эмгек келишими боюнча иштеген ыйгарым укуктуу башка адам тарабынан киргизилиши мүмкүн.
76. Кагаз жүзүндөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринин 1-графасына электрондук реестрдеги нотариалдык иш-аракеттин уникалдуу номери киргизилет, ал документтерде тиешелүү күбөлөндүрүүчү жазууда көрсөтүлөт.
2-графада нотариалдык иш-аракет жасалган күнү белгиленет, ал күбөлөндүрүүчү жазуунун күнүнө туура келиши керек.
3-графада нотариалдык иш-аракеттер жасалган жарандардын же алардын өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, камкордукка алуучунун, көзөмөлдүк кылуучунун) аты-жөнү, юридикалык жактардын аталыштары көрсөтүлөт, ошол эле графада ишеним кат менен аракеттенген адамдардын, кол коюучулардын, котормочулардын, күбөлөрдүн, керээзди аткаруучулардын аты-жөнү көрсөтүлөт.
Нотариалдык таризделген документтин нускасы нотариустун иш көктөмүндө калган учурда, нотариалдык иш-аракет жасалган жарандардын дареги көрсөтүлбөйт.
Бир адам же бир нече адам нотариалдык иш-аракеттердин реестринде катталган нотариалдык иш-аракеттерди жасагандан кийин башка нотариалдык иш-аракеттерди жасатууга кайрылса, реестрдин 3-графасында «ошол эле» деген сөздү же нотариалдык биринчи иш-аракеттин жазуусунун номерине шилтемени көрсөтүүгө жол берилет.
Реестрдин 4-графасында паспорттун сериясы, номери, берилген күнү, ким тарабынан берилгени же нотариалдык иш-аракетти жасатуу үчүн келген адамдын өздүгүн аныктоочу документ көрсөтүлөт.
Нотариус кайрылган жактын өздүгүн аныктоо боюнча шектенүүнүн талашсыздыгын белгилеген бир нече документти көрсөтө алат.
5-графада нотариалдык иш-аракеттин кыскача мазмуну жазылат.
Жазылган нерсенин мааниси түшүнүктүү болгудай кылып сөздөрдү кыскартууга жол берилет.
Бүтүмдү күбөлөндүрүүдө бул графада бүтүмдүн түрү гана көрсөтүлөт, себеби анын так мазмуну бүтүмдүн нускасында баяндалган, ал бүтүм нотариустун иш көктөмүндө калтырылат, келишимдерге карата да бүтүмдүн предмети көрсөтүлөт.
Нотариус күбөлүктү бергенде күбөлүктүн түрү көрсөтүлөт: мураска укугу жөнүндө, жубайлардын жалпы, артында калган жубайына өткөрүлүп берилүүчү мүлкүндөгү үлүшкө ээлик кылуу укугу жөнүндө, жарандын тирүү экендиги жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Нотариус аткаруучу жазууларды жүргүзүүдө, акчаларды жана баалуу кагаздарды депозитке алууда, жасалган нотариалдык иш-аракеттин аталышы көрсөтүлөт. Бир эле адамга бир эле маалда бир түрдүү формадагы документтер боюнча бир нече аткаруу жазууларын берген учурда, берилген аткаруу жазууларынын жалпы санын көрсөтүүгө жол берилет.
78. Нотариустун иш көктөмүндө нускасы калбаган документти күбөлөндүрүүдө, документтин кыскача мазмуну баяндалат.
79. Документте коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүүдө нотариалдык иш-аракеттин аталышы жана коюлган кол тамганын аныктыгы анда күбөлөндүрүлүүчү документтин кыскача мазмуну көрсөтүлөт.
80. Документтин көчүрмөсүнүн тууралыгын күбөлөндүрүүдө документтин аталышы көрсөтүлөт, анын кыскача мазмуну баяндалат, бул документ таандык болгон жарандын аты-жөнү, ким тарабынан берилгендиги жана ал берилген күнү жазылат. Эгерде бир эле документтин бир нече көчүрмөсүнүн тууралыгы күбөлөндүрүлүп жатса, ар бир көчүрмөсүнө өз алдынча номер ыйгарылат, реестрде күбөлөндүрүлүүчү нускалардын саны көрсөтүлөт. Эгерде документтин көчүрмөсү бир нече беттерде баяндалса, анда беттердин саны көрсөтүлөт.
Эгерде бир бетте бир көчүрмө күбөлөндүрүлүп жатса, көчүрмөлөрдүн жана беттердин саны көрсөтүлбөйт.
Эгерде нотариалдык документ электрондук формада даярдалса, анда нотариалдык документтин формасы көрсөтүлөт.
6-графада нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн алынган мамлекеттик алымдын суммасы көрсөтүлөт. Нотариалдык иш-аракеттер жасалып жаткан адам, мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулган болсо, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин тиешелүү беренесине шилтеме берүү менен алымдан бошотуунун негизи көрсөтүлөт.
Нотариалдык иш-аракет нотариалдык конторадан тышкары жерде жасалганда, реестрдин 6-графасында нотариалдык иш-аракет жасалган дарек көрсөтүлөт.
7-графада таризделген документти алган адам кол тамгасын коёт.
81. Эгерде бир эле адам реестрде ырааты менен катталуучу бир нече нотариалдык иш-аракет жасатууга бир эле маалда кайрылса, анын аты-жөнү реестрдин 3-графасында ошол адам үчүн биринчи жасалган нотариалдык иш-аракетти каттоодо бир жолу көрсөтүлөт. Бул адам үчүн жасалуучу андан кийинки нотариалдык иш-аракеттерди каттоодо кол тамгаларды гана коюуга жол берилет.
82. Нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү жана артында калган жубайына берилүүчү жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү, нотариалдык документтин дубликатын арыз ээсине почта аркылуу же электрондук почтасынын дареги боюнча электрондук формада жибергенде, ошондой эле кайрылган адам жок болгондо нотариалдык иш-аракет жасалышы мүмкүн болгон башка учурларда реестрдин 7-графасында бул тууралуу тийиштүү белги коюлат. Мында нотариалдык иш-аракетти жасатууга кайрылган жактын кол тамгасын коюу, аты-жөнүн жазуу талап кылынбайт.
83. Нотариустар аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары боюнча же тапшырмалары боюнча ошондой эле алардын өндүрүшүндө кылмыш-жаза жана жарандык иштер боюнча тургандыгына байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын жазуу түрүндөгү талабы боюнча жана «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринен көчүрмөлөрдү берет.
Реестрден көчүрмө күбөлөндүрүүчү жазууну өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары жүргүзүү менен нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде мамлекеттик алымды алуу менен катталат.
84. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн же берилген документ жоголгондо же бузулганда жарандын же юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча аларга карата нотариалдык иш-аракет жасалган жактын атынан, тапшырмасы боюнча жоголгон же бузулган документтин дубликаты документтин нускасы анын архивинде сакталган нотариус тарабынан берилет.
Эгерде документ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архивинде болсо, анда дубликат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тартипте ведомстволук архив тарабынан берилет.
85. Нотариус өз ишин токтоткон же анын иши токтотулуп турган, ооругандыгына, эмгек өргүүсүндө жүргөндүгүнө же башка себептерге байланыштуу жок болгон учурда, документти сурап алуу мүмкүнчүлүгү болбосо, анда «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык ведомстволук нотариалдык архивдеги архивариустар документтердин дубликаттарын берет жана бул архивдердин иштеринде сакталган документтердин көчүрмөлөрүнүн жана көчүрмө бөлүктөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрөт.
86. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоого негиз болгон документтер нотариуста калтырылган иш көктөмдөргө кошо тиркелет.
87. Эгерде нотариалдык ырасталган (күбөлөндүрүлгөн) документ нотариустун иш көктөмдөрүндө калбаса, анда нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине анын мазмунунун толук тексти жазылат.
88. Бүтүмдөрдү тариздөөдө жана башка нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариуска кагаз түрүндөгү же болбосо электрондук формадагы түп нуска документтер берилет, нотариус алардын аныктыгын текшерет.
89. Нотариус кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуу менен байланышкан бүтүмдөрдү түзүп, мурасты тариздеп жатканда, иш көктөмдөрдө кагаз жүзүндөгү документтердин түп нускаларын калтырат же электрондук документке алардын окшоштугун нотариалдык күбөлөндүрүү менен кагазга басылган электрондук документтерди тиркейт.
90. Мүлктүн, мурастын үлүшүн ажыраткан же анын артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берген учурда, титулдук менчик ээси болуп кайрылган жак саналса, анда нотариус укук белгилөөчү документтин көчүрмөсүн өзүнө калтырат, мында укук белгилөөчү документтин берилген түп нускасында анын номерин, күнүн көрсөтүү менен кандай нотариалдык иш-аракет жасалгандыгы жөнүндө тийиштүү белги коёт, өзүнүн койгон колу жана мөөрү менен бекитет.
91. Түп нуска документтерди (туулгандыгы жөнүндө, никеге тургандыгы тууралуу, каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөрдү) аларды берген адамдарга кайтарып берүүдө же мурда түзөлгөн келишимдерди бузууда «түп нусканын көчүрмөсү туура» же болбосо «көчүрмө туура» деген белги коюлуу менен нотариуста бул документтердин көчүрмөлөрү калат.
92. Электрондук документтер менен иштөөдө нотариус электрондук кол тамга, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин жетекчиликке алат.
93. Нотариус ага берилген электрондук документтин аныктыгын документке кол койгон жана берген адамдын электрондук кол тамгасын текшерет, эгерде күчөтүлгөн электрондук кол тамга менен кол коюлган болсо, анда кол тамга текшерүү ачкычынын сертификаты аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор аркылуу кошумча текшерилет.
94. Эгерде электрондук документ нотариус тарабынан түзүлсө жана ага кайрылган жактын онлайн электрондук кол тамгасы коюлса, анда нотариус кайрылган жактын электрондук кол тамгасынын аныктыгын дагы текшерет, эгерде күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган болсо, анда ачкычынын сертификаты кошумча текшерилет.
95. Кайрылган адамдын өтүнүчү боюнча нотариус кагаз жүзүндөгү документти электрондук документке, ал эми электрондук документти кагаз форматына өткөрүүгө укуктуу жана мамлекеттик алымды алуу менен муну өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары каттайт. Өздүгүн тастыктаган электрондук паспорт жана жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдер өзгөчө болуп саналат, себеби аларга кол койгон жактардын кол тамгаларынын аныктыгын нотариус текшере албайт.
9-глава. Жасалуучу нотариалдык
иш-аракеттердин жашыруундугун сактоо
96. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо ага белгилүү болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү. Жасалуучу нотариалдык иш-аракеттердин сырын сактоо милдети өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган жактарга, анын ичинде эмгек келишими токтотулгандан кийин да жайылтылат.
97. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо үчүн кагаз жүзүндө же электрондук түрүндө келишимдердин нускаларын нотариус тарабынан жөнөтүү нотариалдык иш-аракеттердин сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
Нотариус тарабынан салык органына мурас же тартуулоо тартибинде жарандардын менчигине өтүүчү мүлктүн наркы жөнүндө жана мүлктөн алынуучу салыкты эсептөө үчүн зарыл болгон маалымат нотариалдык сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
98. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндөгү маалыматтар, ошондой эле документтердин көчүрмөлөрү алардын тапшырмалары боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган гана жеке жана/же юридикалык жактарга берилет. Эгерде ишенимдүү жак үчүн мындай укук келишимде макулдашылган болсо, белгиленген жактардын өкүлдөрүнө маалыматтар жана документтердин көчүрмөлөрү берилет, болбосо, мындай маалыматтарды, нотариалдык иш-аракеттердин дубликаттарын (архивдик көчүрмөлөрүн) же жасалган нотариалдык иш-аракетке тийиштүү башка документтерди алууга ишеним катты талап кылуу керек.
99. Соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгач текшерүү органдарынын Кыргыз Республикасынын тиешелүү процессуалдык мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде коюлган суроо-талаптары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан нотариалдык иш-аракеттин жасалгандыгын ырастоочу документтерди алып коюу зарыл болсо, анда алып коюу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 212-беренесине ылайык сот актысынын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
100. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 3-пунктуна ылайык эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоого байланыштуу нотариуска каршы кылмыш-жаза иши козголсо, сот нотариусту сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн.
101. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди башка кандай болбосун учурларда берүүгө тыюу салынат.
Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды берүү деп нотариус тарабынан нотариалдык иш-аракетти нотариустун же ведомстволук нотариалдык архивдин архивинде сакталган документтерди бербестен жасаган фактысын тасктыктоону же танууну түшүнүүгө болот.
102. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте нотариус тарабынан НБМСке маалыматтарды берүү жана ага кирүү мүмкүндүгүн берүү нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
103. Керээздер жөнүндөгү маалыматтар (керээздин болгондугу, анын мазмуну жөнүндө) керээз калтыруучунун каза болгон фактысы нотариус тарабынан текшерилгенден кийин берилет.
104. Эгерде жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндөгү документтер жана маалыматтар мамлекеттик нотариалдык конторанын архивинде же ведомстволук нотариалдык архивде сакталып турса, анда «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде каралган нотариалдык иш-аракеттин сырын сактоо жөнүндө эрежелер архивдин кызматкерлерине дагы жайылтылат.
II бөлүм. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы шарттары
10-глава. Мүлктү ажыратуу менен байланышкан
бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
105. Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен милдеттүү нотариалдык форма белгиленген бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт. Тараптардын каалоосу боюнча нотариус башка бүтүмдөрдү да күбөлөндүрө алат.
106. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жарандардын жана юридикалык жактардын келишим түзүүдөгү эркиндигин караган келишимдин эркиндик принциби жөнүндө 382-статьясын жетекчиликке алат. Нотариус аны түзүүгө тараптардын ыктыярдуу эркин гана тастыктайт, бүтүмгө катышуучулардын жана /же алардын өкүлдөрүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн жана укукка жөндөмдүүлүгүн текшерет.
107. Бүтүмдүн катышуучулары нотариуска берилүүчү маалыматтардын тууралыгына жана берилүүчү документтердин түп нускада экендигине жоопкерчилик тартат.
108. Төмөнкү бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш:
1) турак үйлөрдү, батирлерди жана мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун башка турак имараттарын жарандардын менчигине өткөрүп берүү келишимдери;
2) рента келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 520-статьясы);
3) өмүр бою багуу келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 537-статьясы);
4) мүлккө менчик укугу кийинчерээк жалдоочуга өтүшүн караган мүлктүк жалдоо келишими, эгерде мындай мүлктүн соода-сатык келишими үчүн нотариалдык күбөлөндүрүү каралган болсо (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 545-статьясы);
5) имаратты жана курулмаларды ижарага алуу келишими (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 590-статьясы);
6) ишканаларды ижарага алуу келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 596-статьясы);
7) кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 853-статьясы);
8) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон келишим боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн кыймылдуу мүлктү же мүлккө укуктарды күрөөгө коюу жөнүндө келишимдер (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 328-статьясы);
9) керээздер (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131–1140-статьялары);
10) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган, нотариалдык форманы талап кылуучу бүтүмдөрдү жасоого ишеним кат;
11) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилүүчү ишеним кат (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 205-статьясы);
12) сумма эсептик көрсөкүчтөн беш жүз эседен ашса, зайымдык келишими (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 725-статьясы);
13) көп батирдүү турак үйдүн курулушуна үлүштүк катышуу келишими (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 66-беренеси);
14) нике келишими (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 44-статьясы);
15) алимент төлөө жөнүндө макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 105-статьясы);
16) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда башка бүтүмдөр.
109. Нике келишимин, өмүр бою багуу келишимин, өмүрлүк (же туруктуу) рента, алименттик макулдашууну, ата-эне укугун жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну, репродуктивдүү укуктар, баланы асыроочу үй-бүлөгө өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бүтүмдүн тараптары жеке өздөрү түзүшөт.
110. Келишимдин (макулдашуунун) шарттары нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен аныкталган же болбосо анын долбоору нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катка тиркелген, көктөлгөн жана ишеним кат менен номер коюлган, нотариустун кол тамгасы жана мөөрү менен бекитилген учурларды кошпогондо, жогоруда белгиленген келишимдерди жана макулдашууларды өкүлдөрү аркылуу түзүүгө жол берилбейт.
111. 14 жашка чыга элек адамдардын пайдасына бүтүмдөрдү жасоого уруксат берилет. 14 жашка чыга элек адамдын атынан белекке берүү келишимин күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
112. Бүтүмдүн тарабы жашы жете элек менчик ээси болуп саналган келишимди бузууга тыюу салынат. Эгерде жашы жете элек бала мүлктүн ээси/Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 65-статьясына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 72-статьясына ылайык ээси болгон учурларда нотариус жашы жете элек баланын атынан мыйзамдуу өкүлүнүн тиричиликтиктен сырткаркы бүтүмдү жасоосуна жана мурастык мүлктү бөлүү жөнүндө макулдашуу долбоорун бекитүүгө аймактык ыйгарым укуктуу органдардын (үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү) тийиштүү уруксатын (макулдугун) талап кылат.
113. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179 жана 204-статьяларына ылайык эгерде бүтүм нотариалдык форманы талап кылса, нотариус бүтүм жасоого нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты юридикалык жактардын өкүлдөрүнөн талап кылат.
114. Бүтүмдү юридикалык жактын жетекчиси (жалгыз аткаруучу органы) түзгөн учурда, нотариус бул бүтүмдү түзүүгө жетекчинин укугун белгилөөчү документтерди, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документтерди талап кылат.
115. Эгерде юридикалык жак шайлануучу коллегиялык аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана бүтүм жасоого аталган органдын макулдугу талап кылынса, юридикалык жактан шайлангандыгы/дайындалгандыгы жөнүндө, кызмат адамдарынын ортосунда милдеттенмелердин бөлүштүрүлүшү тууралуу коллегиялык аткаруучу органдын документи, ошондой эле бүтүм жасоого органдын макулдугун ырастоочу талаптагыдай чечим талап кылынат.
116. Эгерде нотариустун иш көктөмүндө нотариалдык башка иш-аракеттерди жасоодо нотариуска юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтеринин жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын жана жетекчинин ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин мурда берилген көчүрмөлөрү бар болсо, анда алар кошумча кайра талап кылынбайт. Мындай учурларда документтер нотариуска таанышуу үчүн гана берилет, мында берилген документтердин аныктыгына жоопкерчилик аларды берген адамдарга жүктөлөт.
117. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык катталууга тийиш болгон мүлктү ажыратуу жана анын күрөөсү жөнүндө келишимдер ажыратылуучу же күрөөгө коюлуучу мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер берилген шартта күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
118. Эгерде жубайлар ортосунда түзүлгөн нике келишими же башка келишим менен никеде турган учурда сатып алынган мүлккө карата менчиктин өзүнчө режими каралбаса, кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүмдү жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүүнү жана/же белгиленген тартипте каттоону талап кылган бүтүмдү жубайлардын бири тарабынан түзүү үчүн нотариус мүлктү тескөөгө экинчи жубайынын макулдугун күбөлөндүрөт. Бул учурларда нике келишими кыймылсыз мүлккө укукту күбөлөндүрүүчү документ менен бирдей эле укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу органдарда катталышы керек.
119. Эгерде жубайынын макулдугунда бүтүм жасоонун шарттары аныкталган болсо, мүлктүн наркы аныкталса, анын пайдасына мүлк ажыратылып жаткан конкреттүү жак көрсөтүлгөн жана башка шарттар болсо, нотариус келишимди ырастоодо бул шарттарды сактоону текшерүүгө милдеттүү.
120. Атайын эсепте турган мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим, ошондой эле мындай келишимди бузуу жөнүндө макулдашуу (аны тийиштүү органда каттагандан кийин) ал мүлк каттоого алынган жери боюнча мамлекеттик каттоо үчүн берилиши керек, нотариус ал тууралуу күбөлөндүрүүчү жазууда же келишимде көрсөтөт жана тараптарга түшүндүрөт.
121. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө бардык келишимдер, аларга алдын ала жана кошумча макулдашуулар кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш, ал жөнүндө нотариус долбоордо же күбөлөндүрүүчү жазууда жазып коёт.
122. Транспорттук каражаттарды, суу, аба кемелерин ажыратуу жөнүндө келишим бул мүлктү каттоо жана эсепке алуу органдарына көрсөтүлүүгө тийиш.
123. Мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу макулдашуу өзүнчө документти түзүү аркылуу таризделет, ал өз алдынча нотариалдык иш-аракет болуп саналат.
124. Бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус келишимди күбөлөндүргөн нотариуска же ведомстволук нотариалдых архивге кабарлашы керек, эгерде бул документ ушул архивде сакталса.
Эгерде укук белгилөөчү документ бузуу жөнүндө макулдашууну ырастоочу нотариуста болсо, мүлктүн мурунку ээсине бул документтин дубликаты берилет. Эгерде документ ведомстволук нотариалдык архивге сактоого берилген болсо, дубликатты алуу тартиби «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жөнгө салынат.
Түзүлгөн келишимдерди бузууда бул келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн алынган мамлекеттик алым тараптарга кайтарылып берилбейт.
125. Тиешелүү органда катталгандан кийин түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө тараптардын макулдашуусу, ушул Нускамага ылайык бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен тастыкталат.
126. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары – каттоо органы) катталгандан кийин түзүлгөн кыймылсыз мүлк объектисине менчик укугунун өтүшүнө алып келүүчү кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус тарабынан тийиштүү каттоо органынын кыймылсыз мүлккө укуктар реестринен көчүрмө жана бузулуучу келишимдин нускасы (нускалары) талап кылынышы керек.
127. Эгерде менчик укугунун кыймылсыз мүлктүн объектисине өтүүсүнө алып келүүчү жактардын биргелешкен жана/же үлүштүк менчигинин объектиси катары саналган кыймылсыз мүлк келишимди бузуу жөнүндө макулдашуунун объектиси болуп саналса, нотариус келишимди бузууга алардын макулдугу жөнүндө бардык кош менчик ээлеринин макулдугун талап кылат.
Келишимди бузуу жубайлардын жана башка кош ээлеринин макулдугу ушул Нускамага ылайык бүтүмдүн эрежелери боюнча ырасталууга тийиш.
128. Мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимди жараксыз деп таануу тууралуу соттун чечимин алган учурда, нотариус бул тууралуу реестрге жана нотариустун ишинде сакталуучу келишимдин нускасында белгилейт.
129. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөрдүн, нотариалдык ар бир иш-аракеттер боюнча нотариус тариздеген башка документтердин бардык нускалары окшош болушу керек жана алардын санына карабай, юридикалык бирдей күчкө ээ.
Аралыктан жасалуучу бүтүмдөрдү кошпогондо, бардык нускаларга бүтүмдүн же нотариалдык иш-аракеттин катышуучулары нотариустун катышуусунда кол тамгаларын коюшат. Күбөлөндүрүүчү жазуу бүтүмдүн же нотариалдык иш-аракеттин бардык нускаларында жүргүзүлөт.
130. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179-статьясына ылайык тараптардын кайсынысынын болбосун талабы боюнча нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 176-беренесинин талаптарына ылайык документтин аныктыгын күбөлөндүрүүчү жазуу коюу менен бүтүмдү күбөлөндүрүүгө укуктуу.
Мүлктүн менчик ээси/ээси тарабынан талаптагыдай таризделген, ошол мүлккө анын менчик укугун/пайдалануу укугун ырастоочу документтер берилбесе, мындай бүтүмдөрдү тариздеген учурда нотариус бул жагдайды сүйлөшүү менен тараптардын макулдугу боюнча гана мындай келишимди күбөлөндүрүүгө укуктуу.
11-глава. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу
жөнүндө бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
131. Менчик укугу кыймылсыз мүлккө өткөндүгү менен байланышкан келишимдерди күбөлөндүрүү, кыймылсыз мүлк жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.
132. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди нотариус тарабынан күбөлөндүрүүдө, нотариустар бул менчик укугундагы мүлктүн ажыратылуучу жакка таандыктыгын текшерет.
Менчигине кыймылсыз мүлктү сатып алуу негизине жараша ал кыймылсыз мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим жана/же жергиликтүү мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик укугуна турак үй жана/же турак эмес имаратты куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө чечими, үлүштүк башталышта курулган кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишими;
2) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана/же жазуу формасында түзүлгөн соода-сатык, тартуулоо, алмашуу келишимдери;
3) рентанын, андан ары сатып алуу менен ижаранын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдери, өтмө укук акысын төлөө макулдашуулары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган жана ага каршы келбеген, мүлктү ажыратуу жөнүндө башка келишимдер жана макулдашуулар;
4) батир, дача, гараж, көрсөтүлгөн мүлккө менчик укугун алуу үчүн негиз болгон башка жай үчүн пай взносун кооперативдердин мүчөлөрүнүн толук төлөп берүүсү жөнүндө кооперативдердин (турак жай-курулуш, дача, гараж же башка керектөө кооперативдеринин) маалымкаттары;
5) ачык тооруктардан, конкурстардан, аукциондордон сатуу протоколу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан турак эмес фондду сатуу боюнча өткөрүлгөн тооруктардан тышкары (турак эмес фондду менчиктештирүү);
6) уюмдаштыруучунун үлүшүн натуралай бөлүү жөнүндө, уставдык фондду түзүү жөнүндө (кыймылсыз мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө), мүлктү өтмө укук акысын төлөө катары өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
7) мүлктү (үйдү, батирди) юридикалык жактардын жана жарандардын менчигине акысыз ажыратуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысы (мүлктү өткөрүп берүү, мүлктөгү үлүштү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишим же акт);
8) үйдү, батирди жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим, үйдү, батирди өткөрүп берүү жөнүндө турак жай ээсинин токтому же чечими (турак жай фондун менчиктештирүү);
9) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк;
10) артында калган жубайынын менчик укугу тууралуу күбөлүк;
11) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк;
12) кыймылсыз мүлккө менчик укугун ырастоочу, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылар;
13) кыймылсыз мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө келишим;
14) жубайлар ортосунда кыймылсыз мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө соттун чечими;
15) каттоо күбөлүгү;
16) укук субъекттеринин менчик укугун ырастоочу башка документтер.
Каттоо күбөлүгүнөн сырткары, укук белгилөөчү бардык документтер тийиштүү мамлекеттик каттоо органында катталышы керек.
133. Турак жайды/турак эмес жайды турак эмес жайга/турак жайга реконструкциялоодо (кайра профилдөөдө) нотариус уруксат берүүчү документтерди талап кылууга милдеттүү.
Ажыратылуучу кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документтен тышкары, нотариус кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун Бирдиктүү мамлекеттик реестринен же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан алынган көчүрмөсүн тиркейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
134. Келишимдерди түзүүдө жер участогунун техникалык мүнөздөмөсү жана өлчөмү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин, техникалык паспорттун маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт.
135. Тийиштүү каттоо органынын техникалык паспортунун маалыматы боюнча жер участогунун иш жүзүндөгү өлчөмү укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун өлчөмүнөн ашык же аз болсо, нотариус жер участогунун укук белгилөөчү документтеги өлчөмүн көрсөтөт.

136. Техникалык паспорттун маалыматтары имараттын/ курулманын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өзгөргөндүгү (мүлктүн ээси тарабынан кыймылсыз мүлктүн объектисине уланган (үстүнө) курулма жүргүзүлсө, имарат кайра жабдылса, алар которулуп жайгаштырылса же курулуш планы өзгөртүлсө) жөнүндө күбөлөндүргөн учурда, нотариус турак/турак эмес имараттардагы болгон өзгөртүүлөргө керектүү уруксат документтерин талап кылат.
137. Тиешелүү макулдашуу/уруксат жок болгондо, келишимде жер участогунун өлчөмү жана/же турак/турак эмес жайдын өлчөмү укук белгилөөчү документтер боюнча көрсөтүлөт.
138. Көп батирлүү үйдө турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүнө жайлар, үй ичиндеги түйүндөр жана көп батирлүү үйдүн ичиндеги бирден ашык менчик ээсин тейлөөчү инженердик жабдуулар (подъезддер, вестибюлдар, батирлердин ортолорундагы тепкич торчолору жана аянтчалар, тепкичтер, желдетүүчү жана лифт шахталары, батирдин тышындагы коридорлор, коридорлор, кир кургатчу жайлар, кир жуучу жайлар, кампалар, чатыр, техникалык кабаттар, жер төлөлөр, өтмөк шлюздар, таштанды камералар, таштанды өткөргүчтөр, чатыр жабуулар, имараттын курулуш конструкциялары, башка көмөкчү жайлар жана башкалар), ошондой эле үйгө чектеш жер участоктору кирет.
Көп батирлүү үйдөгү батир ээси турак үйдүн жалпы мүлкүнө менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн ажырата албайт, ошондой эле бул батирге менчик укугунан бөлүп өзүнчө берүүгө алып келүүчү башка аракеттерди жасай албайт.
139. Кыймылсыз мүлктү же анын бөлүгүн (анын ичинде конок жана/же барак тибиндеги батирди, кыймылсыз мүлктүн кайсы бир бөлүгүн) ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө жалпы пайдаланылуучу жерлер (кир кургатчу жайлар, сантүйүн, коридор), башка жалпы мүлк келишимдин предмети боло албайт.
140. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана «Түндүк» мобилдик тиркеме аркылуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу аркылуу пайдаланууга четөөлөрдүн жоктугун текшерет.
Күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга чектөө киргизилген же мүлк камакка алынган учурда кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим кредитордун жана мүлктү сатып алуучунун карызды жана милдеттенмелерди сатып алуучуга которууга макулдугу болгондо гана, ал эми камакка алынган учурда – ал камактан чыгарылгандан кийин гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
141. Мамлекеттик каттатууга тийиш, жубайлардын жалпы биргелешкен менчиги болгон кыймылсыз мүлктү жана башка мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 36-статьясын сактоо менен күбөлөндүрүлүшү керек.
142. Укук белгилөөчү документтен, нике тууралуу күбөлүктөн же башка документтерден мүлк жубайлардын биринин жеке менчиги экендиги көрүнүп турса, каттатууга тийиш болгон кыймылсыз мүлктү жана башка мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим башка жубайынын макулдугун талап кылбастан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
143. Нике келишиминде жубайлар тарабынан мүлккө менчиктин өзүнчө режими каралган болсо жана мындай келишим кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоону жүзөгө ашыруучу органдарда катталса, анда жубайынын макулдугу талап кылынбайт.
144. Эгерде мүлккө мындай мүлктүн наркынын жогорулашына алып келүүчү олуттуу өзгөртүүлөр киргизилсе, нотариус экинчи жубайдын макулдугун талап кылганга укуктуу.
145. Эгерде бүтүмдүн тарабы чет өлкөнүн жараны болсо, анда нотариус экинчи жубайынын талаптагыдай таризделген макулдугун жана нике тууралуу күбөлүктү же болбосо үй-бүлөлүк абалы жана ажыратылып жаткан мүлккө укукка ээ жактардын жоктугу жөнүндө арызды ошол сыяктуу эле талап кылат.
146. Бүтүмдүн катышуучуларынын үй-бүлөлүк абалы жөнүндө берилген маалыматынын аныктыгына жоопкерчилик аларды берген жактарга жүктөлөт.
Эгерде бүтүмдүн тараптары үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арызды ишеним кат боюнча өкүлү аркылуу беришсе, анда бул ишеним катта өкүлдүн маалыматтарды берүүгө жана үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арызды тариздөөгө ыйгарым укугу көрсөтүлүшү керек.
147. Нотариус үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү маалыматты НБМС, мамлекеттик органдардын расмий сайттары аркылуу текшергенге укуктуу.
148. Бүтүмдүн тарабынан үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арыз экинчи тарапка маалымат катары жеткирилет, бул факт экинчи тараптын же анын өкүлүнүн кол тамгасы менен ырасталат.
149. Менчиктештирилген (бекер да, акы аркылуу да өткөрүлүп берилген) турак жайларды тескөө боюнча кандай болбосун жарандык-укуктук бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) турак жайды менчиктештирүүгө макулдук берген үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгынын, анын ичинде эгерде ал менчиктештирүүнүн катышуучусу болсо, анда турак жайдын ээсинин жубайынын макулдугун. Нотариус арыз ээсинин өздүгүн гана аныктайт, ал тууралуу арызда белги коёт;
2) менчиктештирүү учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматка ээ болгон тийиштүү мамлекеттик жана/же башка органдардын маалымкаты (эгерде менчиктештирилген батир макулдашуунун предмети болсо);
3) менчиктештирүү учурунда жашы жете элек балдардын катышуусу менен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматка ээ болгон мамлекеттик жана/же башка органдардан тийиштүү маалымкатты, жана/же менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты;
4) кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен кагаз же электрондук түрдө көчүрмө;
5) укукту белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер.
Менчиктештирилген турак жайды жубайлардын бири бекер ажыратканда, экинчи жубайынын макулдугу, эгерде ал менчик ээси болуп саналса, менчик ээсинин макулдугу катары таризделет жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү жана каттоону талап кылбайт.
Турак жай 1999-жылдын 15-декабрына чейин менчиктештирген учурда – менчиктештирилген турак жайдын жашы жеткен кош менчик ээлерин аныктоо үчүн – жашы жете электердин укуктарын эсепке албастан, менчиктештирүү учурундагы үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик жана/же башка органдардан тийиштүү маалымкатты жана/же менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты.
Турак жай 1999-жылдын 15-декабрынан кийин менчиктештирилген учурда, менчиктештирилген турак жайда жашап турушкан жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо максатында – менчиктештирүү учурундагы жашы жете электердин катышуусу менен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик жана/же башка органдардан (калкты тейлөө борборлору, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, ведомстволук нотариалдык архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) тийиштүү маалымкатты жана/же менчиктештирүү жүзөгө ашырылып жаткан мезгилдеги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жоболорун эске алуу менен менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты.
150. Эгерде менчиктештирилген турак жай менчиктештирүүгө катышкан үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жалпы менчигинде, ал эми турак жайды өткөрүп берүү жөнүндө келишим алардын бирине титулдук ээси катары таризделген болсо, анда менчиктештирүүнүн калган катышуучуларынын арызы боюнча нотариус менчиктештирилген турак жайдагы үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрөт. Макулдашууну каттоо органдарында каттоодон өткөрүү зарыл.
Мындай макулдашууну күбөлөндүрүүдө төмөнкүлөрдү талап кылуу керек:
1) укук белгилөөчү документтерди;
2) менчиктештирүү учурундагы үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик же башка органдардын тийиштүү маалымкатын, жана/же менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты.
151. Кыймылсыз мүлккө үлүштүк жалпы менчиктин катышуучуларынын бири өзүнө таандык үлүштү бөтөн адамга саткан учурда, үлүштүн сатуучусу өз үлүшүн бөтөн адамга сатууга ниеттенгендиги жөнүндө аны сатуунун баасын жана үлүш сатылып жаткан башка шарттарын көрсөтүү менен жалпы үлүштүк менчиктин калган катышуучуларына кат жүзүндө билдиргендигин нотариус текшериши керек.
Белекке берүү келишимин күбөлөндүрүүдө, ошондой эле ачык соодадан кыймылсыз мүлктүн сатып алынган бөлүгүн (үлүшүн) ажыратууда Нускаманын бул пунктунун жобосу колдонулбайт.
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92-беренесинин тартибинде сатуучунун аларга арыз бергендиги жөнүндөгү нотариустун же жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын үйдүн сатылуучу үлүшүн сатып алууга артыкчылык укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө күбөлүгү жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларына жалпы кыймылсыз мүлктөгү үлүшү сатыла тургандыгы жөнүндө кабарлоонун далили болуп саналышы мүмкүн (бааны жана алардын негизинде ушул үлүш сатылып жаткан башка шарттарды көрсөтүү менен).
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын арызына коюлган колдун аныктыгы нотариус же нотариалдык иш-аракеттерди жасоочу башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучулары нотариуска жеке өздөрү келишсе жана сатып алуунун артыкчылык укугунан баш тартуу жөнүндө макулдук беришсе, кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүүнү каттоо талап кылынбайт. Бул учурда нотариус алардын өздүгүн аныктайт жана кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрөт, ал жөнүндө арызга белги коёт.
Эгерде кабарлама жалпы үлүштүк менчиктин катышуучусуна келишимди күбөлөндүргөн нотариус тарабынан берилсе, аны тапшырган мөөнөттөн баштап бир ай өткөндөн кийин, документтерди өткөрүп берүү жөнүндө күбөлүктүн нускасы, кабарлама же анын көчүрмөсү бүтүмдү тариздөөдө нотариустун иш көктөмүндө калтырылуучу кыймылсыз мүлктүн үлүшүн сатып алуу-сатуу келишиминин нускасына тиркелиши керек. Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучусунан жооп алганда, жооп келишимдин көрсөтүлгөн нускасына тиркелет.
Кыймылсыз мүлктүн бөлүгү натурада өз алдынча объект катары аныкталса: өзүнчө кирүүчү жана чыгуучу эшиги, кыймылсыз мүлктүн бөлүгүнүн өз алдынча пайдалануу үчүн багытталган өзүнчө белгиленген чек арасы болсо, кыймылсыз мүлктүн бөлүгүн (үлүшүн) ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө кош менчик ээлеринин макулдугу талап кылынбайт. Техникалык өзүнчө паспорт, мүлктүн объектисине менчик укугун өзүнчө каттоо, укук белгилөөчү ар түрдүү документтер бул фактынын далили боло алат.
152. Жалпы үлүштүк менчиктин калган катышуучуларынын сатып алуунун артыкчылыктуулугун жүзөгө ашыруудан баш тарткан учурда же бул укугун сатуу ниети жана шарттары жөнүндө аларга кабарлаган күндөн тартып бир айдын ичинде ал укугун жүзөгө ашырбаганда, нотариус үлүштү сатып алуу-сатуу келишимин бөтөн адамга күбөлөндүрөт.
Үлүштү ажыратуучу ээлик кылуучуларга алардын үлүштү сатып алууларынын артыкчылык укуктары жөнүндө кабарлоого мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, кыймылсыз мүлктүн үлүшүн бөтөн адамга сатып алуу-сатуу келишими күбөлөндүрүлөт. Бул учурда сатуучу ээлик кылуучуларды дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечимин көрсөтүшү керек.
153. Жашы жете электерге, ошондой эле сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жактарга таандык болгон кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө бүтүмдү күбөлөндүрүүдө нотариус ушул Нускаманын 10-главасынын ченемдерин эске алат.
Эгерде үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдар ата-энелерди, камкордукка алуучуларды же көзөмөлдүк кылуучуларды жашы жете элек балдардын же башка аракетке жөндөмсүз жактардын атына банкка сатылган үй (үйдүн бөлүгү), батир үчүн сумманы салууга милдеттендирсе, анда нотариус муну келишимдин текстинде көрсөтүшү керек.
154. Келишимдин предмети болуп саналбаган имарат, курулма же турак үй турган жер участогун ажыратканда, анда имарат, курулма же турак үй турган жер участогунун бөлүгү, ошондой эле объекттерди алардын багыты боюнча пайдалануу үчүн керек болгон жер участогунун бөлүгү келишимдин предмети болуп саналбаган өз алдынча жер участогуна бөлүнүшү керек.
Имаратты же курулманы ажыратуу жөнүндө келишим менен башкасы каралбаса, ушул гана имарат же курулма ээлеп турган жана аны пайдалануу үчүн керектүү жер участогунун бөлүгүнө гана менчик укугу сатып алуучуга өтөт. Тараптардын макулдугу боюнча бул имараттын же курулманын алдында жайгашкан, өзүнчө бирдик катары бөлүнгөн жер участогунун бөлүгү менен имарат же курулма ажыратылышы мүмкүн.
155. Кыймылсыз мүлктүн үлүшүн (үлүштөн үлүштү) ажыратканда, нотариустун иштеринде укук күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөлөрү калат. Ажыратылуучу кыймылсыз мүлктүн үлүшүнүн конкреттүү өлчөмүн көрсөтүү менен нотариустун кол тамгасы жана мөөрү коюлуп жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белги менен түп нускасы үлүштү ажыратуучуга кайтарылып берилет.
156. Кыймылсыз мүлктүн үлүшүн ажыратуу жөнүндө келишимдин текстинде ажыратылуучу бөлүктүн өлчөмү көрсөтүлөт жана тараптардын каалоосу боюнча ажыратылуучу жайлардын белгилери көрсөтүлүшү мүмкүн.
157. Бул мүлктөгү үлүштү мүлктүн ээси ажыраткандыгы жөнүндө келишимде Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына каршы келбеген башка мүлктү (мисалы, жалпы пайдаланылуучу жайлар, жер участоктору) пайдалануу тартиби аныкталышы мүмкүн.
Мында жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын биринин ага таандык мүлктүн үлүшүн (мүлктүн бөлүгүнүн) тескөөгө жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосундагы кыймылсыз мүлктү пайдалануу тартиби жөнүндө тийиштүү макулдашуу же болбосо алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу же кыймылсыз мүлктүн конкреттүү бөлүктөрүн пайдалануу тартиби жөнүндө соттун чечими болгондо гана жол берилет.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосунда жалпы мүлктү пайдалануу тартиби жөнүндө макулдашуу өз алдынча документ түзүү жолу менен таризделиши мүмкүн. Мындай макулдашууларды күбөлөндүрүүдө, эгерде келишимдин предмети кыймылсыз мүлк болсо, нотариус тарабынан карап көрүү үчүн кыймылсыз мүлккө укук күбөлөндүрүүчү документ талап кылынат.
158. Менчик ээси жалпы мүлктөгү өз үлүшүн ажыратуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө, нотариус бул мүлктөгү үлүштү сатып алуучуга жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосунда жалпы мүлктү пайдалануу шарттары жана тартиби жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, эгерде кошулуу шарттары мурда түзүлгөн макулдашуу менен алар (менчик ээлери) тарабынан сүйлөшүлгөн болсо, мындай макулдашуунун жоболорун сатып алуучу тарап жалпысынан ага (макулдашууга) кошулуу жолу менен кабыл алынышы мүмкүн экендигин түшүндүрөт.
159. Эгерде мүлккө укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документте үлүштүн өлчөмү көрсөтүлбөсө же туура эмес көрсөтүлсө, үлүштүн өлчөмүн (анын ичинде реалдуу, иш жүзүндөгү) аныктоо жөнүндө же үлүштүн өлчөмүн өзгөртүү (тактоо) жөнүндө өзүнчө, өз алдынча макулдашуу таризделиши мүмкүн. Кыймылсыз мүлк мындай макулдашуунун объектиси болгон учурда, ал кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында катталууга тийиш.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири тарабынан жүргүзүлгөн кошумча курулушка же түрттүрүп бузууга (улап куруу, реконструкция) байланыштуу үлүштүн өлчөмүн өзгөртүү жүргүзүлүп жатса, нотариус үлүштөрдүн өлчөмүн аныктоо жөнүндө же үлүштөрдүн өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө макулдашуу түзүү үчүн кошумча курулушка же түрттүрүп бузууга ыйгарым укуктуу органдын чечимин, уруксат берүүчү документтерди, тийиштүү каттоо органынын маалымкатын жана карап көрүү үчүн укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документти талап кылат.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучусунун(ларынын) арызы боюнча нотариус жалпы мүлктөгү үлүшкө, анын ичинде жалпы үлүштүк менчиктин каза болгон катышуучусунун(ларынын) үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө укуктуу. Мында нотариус жалпы мүлккө бардык менчик ээлеринин укуктарын ырастоочу документтерди талап кылат.
160. Укук күбөлөндүрүүчү документтер жок болгон учурда жер участогунун ажыратуучуга таандык экендигин ырастаган документ болуп мүлккө ээлик кылуу укугун ырастаган документтердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25–34-статьяларына ылайык жер участокторун берүү боюнча алардын укуктарын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын менчик укугун таануу жөнүндө тийиштүү чечимдери эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 9-статьясына ылайык жер участогуна болгон укуктар жана жер участогу менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары нотариалдык күбөлөндүрүүгө жатпайт.
Жер участогунун бир бөлүгүнө карата бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү менен ушул бөлүк белгиленген тартипте өз алдынча жер участогуна бөлүнгөндөн кийин гана мүмкүн болот.
Жер участоктору бар турак үйлөрдү жана турак эмес жайларды чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясынын эрежелери сакталат.
161. Курулушу бүтө элек кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө, нотариус курулушу аяктаган жана пайдаланууга берилген кыймылсыз мүлктү ажыратууда керектелүүчү документтерди талап кылат.
162. Сатуучуну (рента алуучуну) өмүр бою багуу жөнүндө келишимдер кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен күбөлөндүрүлөт.
Өмүр бою багуу келишиминде багуунун бардык өлчөмүнүн наркы аныкталышы керек. Мында бир айга багуунун жалпы көлөмүнүн наркы эмгек акынын эки минималдык өлчөмүнөн кем болбошу керек.
163. Юридикалык жактарга таандык болгон кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишими жалпы эрежелер боюнча күбөлөндүрүлөт. Мында нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) укук күбөлөндүрүүчү документ (кыймылсыз мүлктүн ошол юридикалык жакка таандыктыгы жөнүндө);
2) кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен бүтүмдү кагазда же электрондук алып жүрүүчүлөрдө тариздөө предметине көчүрмө;
3) чечимдин түп нускасы же жетекчи күбөлөндүргөн чечимден көчүрмө/ыйгарым укуктуу органдын же кызмат адамынын кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү (ыкчам башкаруу укугунда мүлккө ээ болгон уюмдар сатылып жаткан мүлк уюмдун тескөөсүндө калган кирешенин эсебинен, башкача айтканда, менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен эмес, өзүнчө баланста эсепте турган жеке каражаттардын эсебинен сатып алынганын тастыктоочу документтерди берүүсү керек);
4) көрсөтүү үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө уставдын жана күбөлүктүн түп нускасы же электрондук документтер бар болсо, юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндө «Түндүктөн», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) маалымат базасынан көчүрмө, алардын көчүрмөлөрү нотариустун иш көктөмүндө калат. Нотариустун иш көктөмүндө нотариуска башка нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо мурда берилген уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөлөрү бар болгон учурда, аларды кошумча талап кылуу милдеттүү эмес, мында документтер нотариуска кароо үчүн гана берилет (берилген документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик аларды берген адамдарга жүктөлөт);
5) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо/шайлоо жөнүндө органдын менчик (ыйгарым укуктуу) ээсинин чечими;
6) юридикалык жактын өкүлүнө ишеним кат (ишеним кат милдеттүү нотариалдык таризделүүгө тийиш болгон бүтүмдөр үчүн нотариустан күбөлөндүрүлүшү керек);
7) юридикалык жактын уставына ылайык мүлктү сатуу үчүн керектүү башка документтер.
164. Ишкананы мүлктүк комплекс катары сатууда, ушул Нускаманын 163-пунктунда саналып өткөн документтерден сырткары, инвентаризация актысы, ишкананын курамы жана наркы жөнүндө бухгалтердик баланс, ошондой эле кредиторлорду, алардын мүнөзүн, өлчөмүн жана талап кылуу мөөнөтүн көрсөтүү менен ишкананын курамына киргизилген бардык карыздардын (милдеттенмелердин) тизмеги талап кылынат.
165. Мамлекеттик жана муниципалдык турак фондунун турак жайларын менчиктештирүү жарандардын менчигине турак жайларды акы төлөөнүн негизинде берүү түрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 8-главасында каралган учурларда жана тартипте акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Жарандардын үлүштүк менчигиндеги турак жайды сатып алуу-сатуу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) бүтүмдү кагазда же электрондук алып жүрүүчүлөрдө тариздөө предметине Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
2) турак жайга укук күбөлөндүрүүчү документ;
3) турак имаратты жеке менчикке берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими;
4) менчиктештирилүүчү турак жай карамагында турган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан турак жайды баалоо актысы;
5) өкүлгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
6) жалдоочунун жашы жете элек балдарын эсепке алуу менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкаты.
Жарандын жеке менчигине сатып алуу-сатуу келишимин күбөлөндүрүүдө баш тартуу жөнүндө нотариалдык макулдук же үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн пайдасына макулдук берилет.
166. Турак жай эмес фондун менчиктештирүү «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекетти тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 «Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программаларына ылайык күбөлөндүрүлөт.
Мамлекеттик менчикти сатып алуу-сатуу келишимин нотариалдык күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө жеңүүчүнүн укугун ырастоочу органдын тооруктарынын жыйынтыктары жөнүндө бекитилген протоколу;
2) кагазда же электрондук алып жүрүүчүдө бүтүмдү тариздөө предметине Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
3) эгерде баалоо бекитилген күндөн тартып объект менен бүтүм түзүлгөн күнгө чейин 12 айдан ашпаган убакыт өтсө, объекттин бааланган наркы жана баасы жөнүндө корутундунун көчүрмөсү. Бул мөөнөт өткөндөн кийин, менчиктештирүү объектисинин баалоочу наркы актуалдаштырууга жатат же менчиктештирүү объекти кайрадан бааланууга тийиш;
4) имараттын (курулуштун) техникалык паспортунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) жер участогундагы кыймылсыз мүлк объекттеринин жайгашуу схемасынын ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Мүлктүк комплекстин бөлүгүн менчиктештирүүдө схемада кыймылсыз мүлктүн объектисинин бөлүгү көрсөтүлөт.
Мамлекеттик менчикти сатып алуу-сатуу келишимин милдеттүү түрдө тариздөө «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
167. Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен ижарага берүүгө байланыштуу укуктук мамилелер Ижарага берүүчү менен Ижарага алуучунун ортосунда түзүлгөн мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен ижарага алуу келишиминин негизинде келип чыгат.
Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасы аркылуу менчиктештирүүнүн мөөнөтү андан ары сатып алуу менен ижарага алуу келишиминде каралат.
Андан ары сатып алуу менен ижарага алуу келишимин тариздөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 «Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобонун талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
168. Тараптардын бири же экөөсү тең келишимдин шарттарын аткарбаса, сатып алуу менен ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу келишим менен же болбосо тараптардын биринин талабы боюнча соттун чечими менен белгиленет.
169. Бөлүп төлөө менен тараптардын ортосунда түзүлгөн ажыратуу келишими боюнча толук эсептешүү жөнүндө кредитордун арыздарын тариздөөдө, нотариус карызкор өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандыгы жөнүндө алар күбөлөндүргөн арызга шилтеме берүү менен толук эсептешүү жөнүндө келишимге белги коёт.
170. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуунун негизинде күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактайт, ошондой эле төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) негизги милдеттенмени ырастаган документ (түп нускасы);
2) күрөө келишими (түп нускасы);
3) күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу;
4) тиешелүү мамлекеттик органда катталган күрөөнүн предметин өндүрүү жөнүндө кабарлама (түп нускасы);
5) күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө келишимде каралган учурда күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн күрөөгө коюлган мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы.
Келишимде тараптар төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:
1) бүтүмдү түзүүнүн негиздери (келишимдин текстинде күрөө кармоочунун талабын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө келишимге шилтеме келтирүү зарыл);
2) келишимдин предметинин – күрөөгө коюлган мүлктүн сүрөттөлүшү;
3) аткарылбаган милдеттенменин өлчөмү (же анын акчалай наркы);
4) ажыратылуучу мүлктүн сатуу баасы;
5) күрөө кармоочу тарткан чыгымдардын суммасы;
6) күрөө берүүчүгө кайтарып берилүүгө тийиш болгон сумма;
7) күрөө кармоочу тарабынан күрөөнү токтотуу жана каттоо органында милдеттүү каттоо жөнүндө кабарлама түзүү зарылдыгы, күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга чектөөнү алып салуу үчүн бул жөнүндө мамлекеттик нотариуска билдирүү тууралуу;
8) тараптардын макулдашуусу боюнча жана башка шарттар.
Нотариус өндүрүп алуу жол-жобосун токтотуу тартибин бүтүмдүн тараптарына түшүндүрүүгө тийиш.
12-глава. Автотранспорт каражаттарын, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, алардын чиркегичтерин, суу жана аба кемелерин ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү
171. Транспорт каражаттарын, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, алардын чиркегичтерин, суу жана аба кемелерин ажыратууга келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) бул мүлккө менчик укугун ырастоочу документтер, алардын көчүрмөлөрү нотариустун иш көктөмүндө калат;
2) эгерде мүлк никеде турганда сатып алынса же жалпы үлүштүк менчик болуп саналса, бул мүлктү ажыратууга жубайынын же башка үлүштүк менчик ээлеринин макулдугу;
3) тараптардын үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арыз, эгерде тарап никеде турбаса;
4) катталган транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасынан транспорт каражаты күрөөгө коюлбагандыгы жана чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө көчүрмө:
а) бардык модификациядагы тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар – курулушта, өнөр жайда, токой чарбасында жана башка жумуштарда пайдаланууга багытталган транспорт каражаттары, анын ичинде комбайндар, мелиоративдик, жер казуучу жана башка машиналар үчүн – транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан;
б) суу кемелери, анын ичинде чакан кайыктар үчүн – мамлекеттик транспорт инспекциясы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан;
в) жарандык аба кемелери үчүн – Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен.
Эгерде мүлк менчик укугу боюнча юридикалык жакка таандык болсо, нотариуска укукту күбөлөндүргөн документтерден тышкары уюмдаштыруу документтери тапшырылат, алардын көчүрмөлөрү нотариустун иш көктөмүндө калат. Мында нотариус юридикалык жактын аракетке жөндөмдүүлүгүн, юридикалык жактын өкүлүнүн бүтүмдү түзүүгө ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди, ыйгарым укуктуу органдын мүлктү ажыратуу жөнүндө чечимин текшерет.
13-глава. Юридикалык жактардын уставдык капиталы менен байланышкан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
172. Уставдык фондду түзүү же мүлктү уставдык капиталга же юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус жеке жактын/юридикалык жактын мүлктү юридикалык жакка өткөрүп берүү боюнча милдеттенмелеринин бар экендигин аныктоого милдеттүү.
Бул үчүн нотариус бүтүмдүн материалдарына төмөнкүлөрдү талап кылат:
– юридикалык жактын катышуучуларынын мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө протоколду (чечимди), юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтеринин же мүлктү өткөрүп берүүнүн түрүн жана башка шарттарын аныктоочу дыйканчылык (фермердик) чарбалардын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндө келишимди;
– эгерде макулдашуунун предмети кыймылсыз мүлк болсо – кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү;
– укук күбөлөндүрүүчү жана/же укук белгилөөчү документтерди;
– жубайынын же башка менчик ээлеринин макулдугу жөнүндө арыз (эгерде мүлк жалпы менчиктин объекти болуп саналса);
– юридикалык жактын уюмдаштыруу документтери.
Нотариус тиешелүү мүлктү кабыл алууга ыйгарым укуктуу юридикалык жактын, анын өкүлүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Уставдык капиталды түзүү же мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө келишим укук белгилөөчү документ болуп саналат, эгерде мүлктү каттоо милдеттүү болсо, анын бир нускасы каттоочу органга өткөрүлүп берилет.

§ 1. Коомдун мүлкүндөгү үлүштү
ажыратуу келишимин күбөлөндүрүү
173. Юридикалык жактын бир катышуучусу тарабынан уставдык капиталдын үлүшүн сатууда же ыйгарууда нотариус уставдык капиталдын үлүшүн сатып алуу укугунун артыкчылык укугу жөнүндө талаптардын сакталышын текшерет.
Эгерде тараптар уставдык капиталдын үлүшүн сатуу же баасын түшүрүү жөнүндө макулдашууга келишсе, анда нотариус бүтүмдү сатып алуу-сатуу келишими түрүндө тариздейт.
Эгерде тараптар уставдык капиталдын үлүшүн акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга келишсе, анда нотариус бүтүмдү тартуулоо келишими түрүндө тариздейт.
Нотариус тиешелүү мүлктү ээликтен ажыратууга жана/же кабыл алууга ыйгарым укуктуу юридикалык жактын, анын өкүлүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Жогоруда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдүн бирин тариздөөдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
– уюмдаштыруу келишимин (же көчүрмөсү);
– коомдун уставын, эгерде катышуучу юридикалык жак болсо;
– уставдык капиталдын жеке же юридикалык жакка таандык экендигин ырастоочу документти;
– эгерде катышуучулардын бири юридикалык жак болсо, чечимди (протоколду, протоколдон көчүрмөнү);
– уставдык капиталдын үлүшүн ажыратууга жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун;
– коомдун башка уюмдаштыруучуларынын үлүштү сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар болсо алардын макулдугун;
– Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укугунун бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.

§ 2. Уюмдаштыруу келишимин жана дыйкан (фермердик) чарбанын жалпы биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндө келишимди күбөлөндүрүү
174. Коммерциялык уюмду түзүү (уюмдаштыруу) жана иши жөнүндө уюмдаштыруу келишими, дыйкан (фермердик) чарбасынын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү келишими юридикалык жактын/дыйкан чарбасынын мүлкүнө салымдарды киргизүү тартибин аныктоочу, уюштуруу мүнөзүнө ээ, укук белгилөөчү документ болуп саналбаган биргелешкен иш жөнүндө келишимдердин түрлөрүнүн бири болуп саналат.
Коммерциялык уюмду түзүү (уюмдаштыруу) жана иши жөнүндө уюмдаштыруу келишимин, дыйкан (фермердик) чарбасынын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү келишимин күбөлөндүрүүдө келишимдин катышуучуларынын өздүгү жана алардын аракетке жөндөмдүүлүгү, ошондой эле укуктук жөндөмдүүлүгү гана аныкталат.
§ 3. Юридикалык жактын мүлкүндөгү үлүштөрдү аныктоо, үлүштү натуралай бөлүштүрүү жана бөлүү жөнүндө макулдашуу
175. Нотариус тараптардын каалоосу боюнча юридикалык жактын тең ээлеринин үлүшүн пайыздык туюнтууда, арифметикалык үлүштө, ошондой эле макулдашууну/макулдашууларды күбөлөндүрүү жолу менен натуралай түрдө үлүштү бөлүштүрүү/бөлүү жолу менен аныктоого тийиш.
Келишимди күбөлөндүрүү үчүн нотариус мүлктүн юридикалык жакка таандык экендигин, тең ээлеринин чечим түрүндөгү макулдугун текшерет жана төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) мүлккө укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди;
2) Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү;
3) уюмдаштыруучунун кандайдыр бир мүлктөгү үлүшүн натуралай түрдө бөлүп берүү жөнүндө чечим чогулуштун протоколу же андан көчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн.
Эгерде үлүштү натуралай түрдө бөлүп берүү юридикалык жактын жоюлушуна байланыштуу жүргүзүлсө, анда нотариус жоюучунун (жоюу комиссиясынын) ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди, аталган макулдашууну жасоого жоюучунун (жоюу комиссиясынын) чечимин, ал эми кредиторлордун алдында карызы бар болсо, кредиторлордун макулдугун талап кылат.
14-глава. Ишеним каттарды
күбөлөндүрүү жана жокко чыгаруу
176. Ишеним кат бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Ишеним каттарды күбөлөндүрүүдө нотариус мүлктүн же укуктун жеке жакка таандыктыгын, ошондой эле мүлктү, мүлктүк укуктарды тескөөгө оорчулуктардын бар экендигин текшербейт.
Ишеним каттарды күбөлөндүрүүдө нотариус кайрылган жактын өздүгүн гана текшерет жана эгерде ишеним кат үлүштүк/биргелешкен менчикте болгон мүлктү же мүлктүк укукту тескөөгө берилип жатса, башка менчик ээлеринин ишеним каттарын жана жубайынын макулдугун бир убакта күбөлөндүрүүнү талап кылууга укуксуз.
Нотариус ишеним катты бир же бир нече адамдардын атынан күбөлөндүрөт.
Ишеним каттын текстинде ага кол коюлган жер жана дата, өкүлдүн жана ага өкүлдөнгөн адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттогу маалыматтары, жеке идентификациялык номери (юридикалык жактын толук аталышы) жана жашаган жери (юридикалык жактын жайгашкан жеринин дареги) көрсөтүлүүгө тийиш.
Түзүлгөн датасы көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз болуп саналат.
Ишеним каттын колдонуу мөөнөтү жазуу жүзүндө белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурду кошпогондо үч жылдан ашпайт.
Эгерде ишеним катта колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал жасалган күндөн тартып бир жыл бою күчүн сактайт.
Өкүл тарабынан тартуулоого ишеним кат эгерде анда тартуу алуучунун аты аталбаса жана тартуулоо предмети көрсөтүлбөсө жараксыз.
177. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилүүчү ишеним кат башка бирөөгө ишенип берүү укугу айтылган негизги ишеним кат берилгенде же негизги ишеним кат боюнча өкүл буга ишеним кат берген адамдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жагдайлардан улам аргасыз болгондугунун далилин көрсөткөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним кат өзүнө негизги ишеним кат боюнча берилгенден көп укуктарды камтыбоого тийиш. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним каттын колдонуу мөөнөтү анын негизинде берилген ишеним каттын колдонуу мөөнөтүнөн ашпайт.
Негизги ишеним катта берилген ыйгарым укуктарды жарым- жартылай же толук башка бирөөгө ишенип берүү укугу берилиши же болбосо конкреттүү кайсы ыйгарым укуктар берилиши мүмкүндүгү макулдашылышы мүмкүн.
Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним каттын текстинде негизги ишеним катты күбөлөндүрүү датасы жана орду, башка бирөөгө ишенип берүү укугу менен ишеним катты күбөлөндүргөн нотариустун аталышы көрсөтүлүшү керек.
Негизги ишеним каттын көчүрмөсү нотариуста калуучу ишеним каттын нускасына тиркелет. Эгерде ишеним кат жана башка бирөөгө ишенип берүү сактоонун бир эле мезгилинде бир эле нотариус тарабынан күбөлөндүрүлсө, анда анын көчүрмөсү алынбайт.
178. Ишеним катты күбөлөндүрүүдө нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмунун түшүндүрөт.
179. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 « Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жобого ылайык дипломатиялык каттоо номерлери бар автотранспорт каражаттарына ишеним каттарды күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
180. Ишеним кат берген адам ишеним катты жана башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним катты жокко чыгарууга укуктуу.
181. Ишеним катты жокко чыгаруу үчүн ишеним кат берген адам ишеним кат берилген адамга, ошондой эле ага белгилүү болгон үчүнчү жактарга кабарлаганга милдеттүү. Мындай жактын өтүнүчү боюнча нотариус ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө арызда коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрөт жана арызды ишеним берилген өкүлгө жана арызда саналган үчүнчү жактарга берет.
182. Ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө арыз берилген учурда ишеним көрсөтүүчү ишеним катты күбөлөндүргөн нотариуска кайрылууга укуктуу. Ал жок учурда арызды кабыл алуу жана ишеним көрсөтүүчүнүн кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү укугуна бардык нотариус ээ болот. Мында жокко чыгаруу жөнүндө арызды кабыл алган нотариус ишеним катты күбөлөндүргөн нотариуска ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоого жана чыгарылган ишеним каттардын ачык реестрине киргизүүгө милдеттүү.
15-глава. Керээздерди күбөлөндүрүү жана жокко чыгаруу
183. Керээз бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Керээздерди күбөлөндүрүүдө нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131 жана 1132-статьяларын жетекчиликке алат.
Керээз калтыруучунун керээзин күбөлөндүрүүдө керээзге калтырылып жаткан мүлккө анын укуктарын ырастоочу далилдерди берүү талап кылынбайт. Керээз калтыруучу келечекте сатып алынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктарды жана мүлктү керээзге калтырууга укуктуу.
Жарандын өздүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталгандан кийин нотариус керээз калтыруучунун эркин билдирүүсүн аныктайт, берүү укугу жана милдеттүү үлүшкө укугу боюнча талапкер боло алган мураскорлордун укуктарын, ошондой эле мүлктөгү аларга тиешелүү болгон үлүштү аныктоого талапкер болушу мүмкүн болгон тең ээлердин укуктарын ага түшүндүрөт.
Керээзде нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1149-статьясынын мазмунун керээз калтыруучуга түшүндүргөндүгү жөнүндө белгилейт, ал тууралуу керээз калтыруучу өзүнүн колтамгасы менен ырастоого милдеттүү.
184. Керээзди керээз калтыруучу жазууга же болбосо анын сөзү боюнча нотариус тарабынан жазылышы керек.
Керээзди керээз калтыруучу жеке өзү жасоого милдеттүү. Керээзди өкүлү аркылуу жасоого жол берилбейт.
Керээз ага кол коюлганга чейин нотариустун катышуусунда керээз калтыруучу тарабынан толук окулушу керек. Керээз калтыруучу нотариустун катышуусунда керээзге кол коёт.
Керээз калтыруучунун сөзү боюнча жазылган керээз керээзге кол коюлганга чейин нотариустун катышуусунда керээз калтыруучу тарабынан толук окулууга тийиш, бул тууралуу керээз калтыруучу кол койгончо нотариустун күбөлөндүрүүчү жазуусунда баяндалат.
185. Эгерде керээз калтыруучу дене бойлук кемтигинен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам керээзди жеке өзү окуй албаса жана /же ага кол коё албаса, анын тексти ал үчүн нотариус тарабынан жарыяланат, бул тууралуу керээз калтыруучу керээзди жеке өзү окуй албагандыгынын жана/же ага кол коё албагандыгынын себебин көрсөтүү менен керээзге тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
Эгерде керээз калтыруучу дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам керээзге кол коё албаса, анда керээзди тариздөө ушул Нускаманын 8-главасынын 63, 64-пункттарында баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
Керээзди күбөлөндүрүүдө төмөнкүлөр өз колун коюучулар боло албайт:
1) керээзди күбөлөндүрүүчү нотариус;
2) пайдасына керээз түзүлгөн же баш тартуу керээзи түзүлгөн адам;
3) мындай адамдын жубайы, анын балдары, ата энелери, неберелери, чөбөрөлөрү;
4) керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мураскорлору;
5) толук көлөмдө аракетке жөндөмдүү болбогон адамдар;
6) сабатсыздар жана керээзди окуй албаган башка адамдар.
186. Керээзде түзүлгөн орду, датасы жана убактысы көрсөтүлүшү керек.
187. Нотариус өзү күбөлөндүргөн керээздин нускасын керээз калтыруучу жашаган жердеги мамлекеттик нотариуска керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китебине эсепке алуу жана сактоо үчүн жиберет.
Керээз үч нускадан кем эмес түзүлөт, анын бири нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат, экинчиси мамлекеттик нотариалдык конторага жиберилет, үчүнчү нускасы керээз калтыруучуга берилет. Керээзди түзүлгөн күнү «Архив» автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизүүгө тийиш.
188. Керээз калтыруучунун каалоосу боюнча жашыруун керээз анын мазмуну менен тааныштырбастан күбөлөндүрүлөт.
Жашыруун керээз анын жараксыздык коркунучунан улам керээз калтыруучу тарабынан жазылууга жана кол коюлууга тийиш.
Керээз эки күбөнүн жана нотариустун катышуусунда конвертке салып чапталып, ага күбөлөрдүн ар бири өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын жана туруктуу жашаган жерин көрсөтүү менен өздөрүнүн кол тамгаларын коёт. Андан кийин күбөлөр кол койгон конверт ошол эле күбөлөрдүн жана нотариустун катышуусунда башка конвертке салып чапталат, ага нотариус күбөлөндүрүүчү жазууну жүргүзөт.
Жашыруун керээзди нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде каттоодо керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары көрсөтүлөт, «нотариалдык иш-аракеттин мазмуну» графасында «жашыруун керээз» деп жазылат. Реестрде ошондой эле күбөлөрдүн фамилиясы, аты, аталарынын аттары жана паспорттук маалыматтары, алардын колтамгалары көрсөтүлөт.
Мураска калтыруучу өз мүлкүн гана тескебестен, керээзде баш тартуу керээзин, милдеттерди жүктөөнү да жаза алат.
Жүктөө керээзи менчикке байланышпаган жүктөөнү жөнгө салат. Милдеттерди жүктөлгөн керээзде керээз боюнча мураскорлордун ичинен керээзди аткаруучу жана анын кандайдыр бир иш-аракетти жасоо же андан баш тартуу милдети көрсөтүлөт.
189. Керээз калтыруучу керээзди өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укуктуу.
Керээзди өзгөртүү жаӊы керээзди жокко чыгаруу, жаңы керээзди түзүү, мурда күбөлөндүрүлгөн керээзди жокко чыгаруу жана жаӊысын түзүү жолу менен керээзди жокко чыгаруу жөнүндө тийиштүү арызды берүү аркылуу жүргүзүлөт.
Керээзди жокко чыгаруу жөнүндө арызга коюлган колдун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Жасалган керээзди, ага барабар мурда жасалган керээзди жокко чыгаруучу же өзгөртүүчү жаӊы керээзди алган учурда нотариус өзүндө сакталган керээздин нускасында жана керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китебинде бул тууралуу белги коёт.
Эгерде жокко чыгарылган керээз башка нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн болсо, ошондой эле мындай керээз катталган нотариалдык аракеттерди каттоонун реестри жана керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китеби ведомстволук нотариалдык архивде сакталса, анда жокко чыгаруу жөнүндө арыз ведомстволук нотариалдык архивге жана керээзди күбөлөндүргөн нотариуска жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
Эгерде керээз калтыруучу өзүндө болгон керээздин нускасын берсе, анда керээзди жокко чыгаруу жөнүндө белги ушул нускада да коюлат, андан ары жок кылуу жөнүндө арыз менен бирге архивде сакталган керээздин нускасына тиркелет.
190. Керээзди көчмө күбөлөндүрүүдө нотариус керээздин текстине нотариалдык иш-аракет жасалган жерди, датаны жана убакытты көрсөтөт.
16-глава. Милдеттенмелерди камсыз кылуу менен байланышкан макулдашууларды (келишимдерди) күбөлөндүрүү
191. Нотариус негизги милдеттенмелерди төмөнкү ыкмалар менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууларды (келишимдерди) күбөлөндүрөт: бышмана, күрөө, карызкордун мүлкүн кармап калуу, кепилдик берүү, банктык кепилдик, шертпул жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же келишимде каралган башка ыкмалар менен.
192. Милдеттенмелерди камсыз кылуу менен байланышкан макулдашууларды (келишимдерди) күбөлөндүрүүдө нотариус негизги милдеттенменин түп нускасын талап кылат. Негизги милдеттенмени камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу негизги милдеттенме келишиминде жазылышы мүмкүн.
193. Нотариус тараптарга негизги милдеттенмелерди бүтүмдөр формасында (зайым, рента келишими, жол-транспорт кырсыгынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуу, жабырлануучунун айыпталуучу менен элдешүү келишимдери) түзүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүүгө милдеттүү. Камсыз кылуучу милдеттенме болуп саналбаган акча каражатын кайтаруу жөнүндө бир тараптуу милдеттенмени күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
194. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы аны камсыз кылуучу милдеттенменин жараксыздыгына алып келет.
195. Милдеттенмени камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун жараксыздыгы негизги милдеттенменин жараксыздыгына алып келбейт.
196. Эгерде тараптардын бири негизги милдеттенмени нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылса, анда аны камсыз кылуучу макулдашуу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
197. Эгерде камсыз кылуучу макулдашуулар (келишимдер) Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө талаптардын укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоону талап кылса, тараптардын бири макулдашуулардын нускаларын тиешелүү органдарга берүү үчүн алгандыгын ырастоо үчүн нотариустун нускасына кол коюуга тийиш.
Тараптын (тараптардын) каалоосу боюнча нотариус электрондук колтамга коюлган кагаз жана/же электрондук форматтагы арызды жана документтерди каттоого берет.
17-глава. Башка келишимдерди күбөлөндүрүүнүн жалпы шарттары
(Главанын аталышы КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 1. Башка келишимдерди күбөлөндүрүү
198. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу менен байланышпаган жана менчик укугунун кыймылсыз мүлккө өтүүсүнө алып келбеген, анын ичинде кыймылдуу мүлктү тескөө жана/же башкаруу, мүлккө башка буюмдук укук менен байланышкан башка келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдөн турган документтердин негизги топтомун талап кылат:
– укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасын (эгерде келишим менчик укугунун мүлктүн бөлүгүнө өтүүсүнө алып келсе, көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө кала турган). Кыймылдуу мүлккө укук белгилөөчү (укук күбөлөндүрүүчү) документ же болбосо талаптагыдай түрдө таризделбеген укук белгилөөчү (укук күбөлөндүрүүчү) документ жок болгон учурда, болгон жагдайларда башка келишимди түзүүгө тараптардын макулдугу болсо, аны күбөлөндүрүүгө жол берилет;
– эгерде мүлк чогуу никеде турган убакта сатып алынса жубайынын, ошондой эле эгерде мүлк жалпы менчикте болсо, чогуу ээлик кылуучуларды менчик ээлеринин макулдугун. Эгерде мүлк жалпы үлүштүк менчикте болсо, бүтүм Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 270-беренесинин жоболорун эске алуу менен нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Жалпы үлүштүк менчик укугундагы үлүштү тартуулоодо башка үлүштүк менчик ээлеринин макулдугу талап кылынбайт;
– эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо, ыйгарым укуктуу органдын чечимин, уставдык документтердин көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди.
Нотариус бүтүмдүн түрүнө жана татаалдыгына жараша нотариалдык иш-аракеттердин толуктугу жана талашсыздыгы үчүн керек болгон документтерди кошумча талап кылууга укуктуу.
Ушул Нускама менен тариздөөнүн башка тартиби белгиленген келишимдерди кошпогондо, башка келишимдер кайсы болбосун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.

§ 2. Милдеттенмедеги жактарды алмаштыруу менен байланышкан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
199. Талап кылуу укугуна өткөрүп берүү же карызды башка жакка өткөрүү жөнүндө макулдашууларды күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
а) эгерде тараптар жеке жактар болуп саналса:
1) милдеттенмелер (күрөө жөнүндө келишим, кредит келишими, зайым келишими) келип чыгуучу, түп нускаларын көрүү үчүн берилүүчү, көчүрмөлөрү бүтүмдүн материалдарында калуучу документтин көчүрмөсү;
2) эгерде мүлк (мүлктүк укуктар) никеде турган убакта сатып алынса, бул макулдашууларды түзүүгө жубайынын макулдугу;
3) эгерде мүлк (мүлктүк укуктар) жалпы мүлк болуп саналса, бул макулдашууларды түзүүгө башка менчик ээлеринин макулдугу;
4) карызды которууда – карызды которууга кредитордун макулдугу;
б) эгерде тараптар юридикалык жактар болуп саналса, кошумча төмөнкүлөр берилет:
1) мындай түрдөгү макулдашууну (тескеме, протоколдон көчүрмө) түзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечимин тастыктоочу документ;
2) юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк (электрондук же кагаз версиясы), уюмдаштыруучу документтер, ошондой эле көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калуучу өкүлдүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын ырастаган документтер.
Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 316, 317-статьяларынын мазмунун түшүндүрөт.
Эгерде өткөрүлүп берилүүчү милдеттенменин объекти болуп кыймылсыз мүлк же транспорт каражаты саналса, бул объекттерди тескөөгө оорчулуктардын (камактын) бар экендиги жөнүндө маалыматтарды текшерүү нотариус тарабынан жүргүзүлбөйт.
§ 3. Өтмө укук акысын төлөө жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
200. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 372-статьясына ылайык милдеттенме тараптардын макулдашуусу боюнча аны аткаруунун ордуна өтмө укук акысын төлөө менен токтотулушу мүмкүн.
Өтмө укук акысын төлөө катары милдеттенмени аткаруунун ордуна кыймылсыз мүлк берилген учурда тараптардын макулдашуусу ошол мүлк турган жер боюнча күбөлөндүрүлөт.
Негизги милдеттенме нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөндүгүнө карабастан өтмө укук акысын төлөө жөнүндө макулдашуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Мындай макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
1) эгерде өтмө укук акысын төлөөнүн объекти болуп кыймылсыз мүлк саналса – каттоо органынын мүлктүн ажыратуучуга таандыктыгы жөнүндө маалымкатын (эгер мүлк күрөөгө коюлган болсо, оорчулуктун бар экендиги жөнүндө белги коюу менен) же Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү реестринен көчүрмөнү алат;
2) мүлктү өтмө укук акысын төлөө боюнча ажыратууга жубайынын макулдугун (эгерде ал никеде турган убакта сатып алынса), эгерде үй-бүлөлүк абалы жөнүндө (бойдок) жана/же мүлккө укугу жөнүндө арыз жок болсо, менчик ээлеринин макулдугун (эгерде мүлк жалпы биргелешкен менчик объекти макулдугу болуп саналса);
3) укук күбөлөндүрүүчү документти;
4) негизги милдеттенмени ырастоочу документтин түп нускасын же көчүрмөсүн;
5) эгерде өтмө укук акысын төлөө объекти менчиктештирилген турак жай болсо, анда менчиктештирүү учурунда үй-бүлө курамы жөнүндө маалыматка ээ болгон мамлекеттик жана башка органдардын тийиштүү маалымкатын жана/же менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты;
6) эгер бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо – бүтүмдү жасоого юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечимин, өкүлдүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди, юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтердин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү.
201. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон сырткары тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө өндүрүүнү күрөөнүн предметине айландыруу күрөө жөнүндө келишимде каралууга тийиш.
Эгерде күрөөнүн предмети кыймылсыз мүлк болсо, макулдашуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде күрөөнүн предмети кыймылдуу мүлк болсо, макулдашуу жазуу формасында түзүлөт, тараптардын макулдашуусу боюнча нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Эгерде күрөө жөнүндө келишим карызкордун, күрөө коюучунун жана күрөө кармоочунун ортосунда күбөлөндүрүлгөн болсо, макулдашуу ушул эле тараптардын ортосунда түзүлүүгө тийиш.
Макулдашууда тараптар төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
1) тараптардын аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты) жана жайгашкан жери (жашаган жери);
2) негизги милдеттенме жана күрөө келишими;
3) өндүрүүнү айландыруу үчүн негиздер;
4) өндүрүүнү күрөөнүн предметине айландыруу учуру (башталышы);
5) күрөө коюучунун күрөөнүн предметин күрөө кармоочуга берүү тартиби;
6) күрөө кармоочунун күрөөнүн предметине жана аны сатууга карата укуктары жана милдеттери;
7) күрөөнүн предметин төмөнкүлөрдүн бирин көрсөтүү жолу менен сатуу ыкмасы:
а) ачык тооруктарды өткөрүү:
– ачык аукцион же конкурс түрүндө өткөрүү формасы аныкталышы керек;
– тооруктардын уюштуруучусу дайындалган;
– баштапкы (старттык) сатуу баасы аныкталган, сатуу баасын аныктоодо пиуир келишпестиктер жаралса, тараптар муну көз карандысыз баалоочуга тапшыра алат;
– курамы жана жайгашкан орду, ошондой эле идентификациялоо үчүн ипотеканын предметин жетиштүү сыпаттоо;
– күрөө кармоочунун ипотека менен камсыз кылынган талаптарынын сатып алуу баасын карызкорго чегерүү менен күрөө кармоочунун же күрөө коюучунун тооруктарда күрөөнүн предметин сатып алуу тартиби;
– ипотека предметин сатуудан түшкөн сумманы бөлүштүрүү тартиби;
б) үчүнчү жактар менен түз сатып алуу-сатуу келишимин түзүү аркылуу күрөөнү сатуу;
в) башка ыкма;
8) ипотека предметинин мурдагы жана кийинки күрөө кармоочуларынын аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты) (эгерде макулдашуу түзүп жаткан учурда алар болсо жана тараптарга белгилүү болсо);
9) ипотека предметине карата буюмдук укуктарга жана пайдалануу укуктарына ээ болгон үчүнчү жактардын аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты) (эгер макулдашуу түзүп жаткан учурда алар болсо жана тараптарга белгилүү болсо);
10) тараптар аны макулдашууда көрсөтүү зарыл деп эсептеген башка шарттар.
Эгерде күрөөнүн предмети айыл чарба багытындагы жер участогу болсо, макулдашуу түзүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
1) эгерде күрөө коюучуда бул келишим боюнча күрөөгө коюлган башка мүлкү болбосо, өндүрүүнү айыл чарба багытындагы жер участогуна айландырууга жол берилет;
2) эгерде карызкор тарабынан бузулган милдеттенме олуттуу эмес жана мунун натыйжасында күрөө кармоочунун талаптарынын өлчөмү күрөөгө коюлган жерлердин ченемдик наркына тете эмес болсо, өндүрүүнү айландыруудан баш тартылышы мүмкүн.
Макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтердин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн талап кылат:
1) негизги милдеттенмени ырастоочу документти;
2) күрөө келишимин;
3) мүлккө укук күбөлөндүрүүчү документтерди;
4) эгерде күрөөнүн предмети менчиктештирилген батир болсо, менчиктештирүү учурунда жашаган жана/же менчиктештирүүгө катышкан үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон уюмдун маалымкаты жана соттон тышкары тартипте макулдашуу түзүүгө жана күрөөгө коюлган мүлктү макулдашууда көрсөтүлгөн ыкма менен соттон тышкары сатууга бардык менчик ээлеринин макулдугу;
5) эгерде жашы жете элек менчик ээси бар болсо, – бул бүтүмдү түзүүгө аймактык ыйгарым укуктуу органдардын (үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн) уруксаты зарыл;
6) эгерде мүлк чогуу никеде турган убакта сатып алынса жана нике келишими менен менчикти бөлүү режими белгиленбесе же мүлк күрөө коючунун жеке менчиги болуп болуп саналса.
§ 4. Башка келишимдерди күбөлөндүрүү –
жалдоо (ижара) келишимин күбөлөндүрүү
202. Имараттарды жана курулмаларды кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары ижарага берүүнү кошпогондо, бардык мүлктү жалдоо келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасын жана көчүрмөсүн;
2) Кыймылсыз мүлккө укуктарды бирдиктүү мамлекеттик каттоодон көчүрмөнү;
3) жубайынын (эгер турак/турак эмес жай чогуу никеде турганда сатып алынган болсо), менчик ээлеринин (эгерде мүлк жалпы менчикте болсо) макулдугу;
4) уставдык документтердин көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү, эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо юридикалык жактын өкүлүнүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди.
Келишимдин текстинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: ижарага берилүүчү жайдын мүнөздөмөсү, жалдоо мөөнөтү, келишимдин суммасы (ижара келишимдери акы төлөнүүчү келишимдер категориясына кирет), жалдоо жана субижара шарттары, тараптардын каалоосу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери, аларды аткарбоонун кесепеттери, жалдоо келишимин токтотуу негиздери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка шарттар.
§ 5. Транспорт каражаттарынын, анын ичинде тракторлордун, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын, аларга чиркегичтердин, суу жана аба кемелеринин ижарасы жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү
203. Транспорттук каражаттарды, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, аларга чиркегичтерди, суу жана аба кемелерин ижарага алуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) мүлккө менчик укуктарды ырастоочу документтерди, алардын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмдөрүндө калат.
2) эгреде мүлк никеде турган убакта сатып алынса же жалпы үлүштүк менчик болсо, ошол мүлктү ажыратууга жубайынын же башка менчик ээлеринин макулдугун;
3) үй-бүлөлүк абалы жөнүндө жана/же мүлккө анын жеке укугу жөнүндө арызды, эгерде адам жесил (жесир) же бойдок болсо, анда мүлк анын жеке менчиги болуп саналат;
4) транспорт каражаттарын каттоо органдарынан катталууга тийиш болгон транспорт каражатына оорчулуктун жоктугу жөнүндө электрондук көчүрмөнү;
5) бардык модификациядагы тракторлорго, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын документтерин;
6) курулушта, өнөр жайда, токой чарбасында жана башка иштерде пайдалануу үчүн багытталган транспорт каражаттарынын, анын ичинде комбайндардын, мелиоративдик, жер казуучу жана башка машиналардын документтерин – транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан;
7) суу кемелеринин, анын ичинде чакан өлчөмдөгү кемелердин документтерин – мамлекеттик транспорт инспекциясы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан;
8) жарандык аба кемелеринин документтерин – Кыргыз Республикасынын граждандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен.
Эгерде мүлк менчик укугунда юридикалык жакка таандык болсо, нотариуска укук күбөлөндүрүүчү документтерден тышкары юридикалык жактын өкүлүнүн бүтүмдү жасоого ыйгарым укуктарын ырастоочу уюмдаштыруучу документтер (анын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат, нотариус юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн да текшерет) берилет.
§ 6. Имараттардын, курулмалардын жана ишканалардын ижара келишимдерин күбөлөндүрүү
204. Имараттардын, курулмалардын жана ишканалардын ижара келишими тараптар кол койгон бир документти түзүү аркылуу жазуу формасында түзүлөт, ижаранын мөөнөтүнө карабастан милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
205. Имараттардын, курулмалардын жана ишканалардын ижара келишимдерин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:

2) Кыймылсыз мүлккө укуктарды бирдиктүү мамлекеттик каттоодон көчүрмө бөлүктү;
3) эгерде менчик ээси жеке жак болсо, жубайынын макулдугу (эгерде чогуу никеде турган убакта сатып алынса) жана менчик ээлеринин макулдугу (эгерде мүлк жалпы менчикте болсо);

Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучу ага белгиленген тартипте таандык болгон имаратты, курулманы жана ишкананы ижарага берген учурда аны менен бирге бул имаратка, курулмага жана ишканага бекитилген жер участогун пайдалануу укугу да берилет.
Имарат менен курулма жайгашкан мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучунун колдонуусундагы жер участогун имараттын, курулманын жана ишкананын өзүн ижарага тиешелүү түрдө бербестен башка жакка ижарага берүүгө жол берилбейт.
Имараттын, курулманын жана ишкананын ижара келишими ижара акысынын өлчөмүн кароого тийиш. Тараптар макулдашкан ижара акысынын өлчөмү жөнүндө жазуу түрүндөгү шарттар жок болгондо, имараттардын, курулмалардын жана ишканалардын ижара келишими түзүлгөн жок деп эсептелинет.
Андан ары сатып алуу менен имараттын, курулманын жана ишкананын ижара келишими кыймылсыз мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен күбөлөндүрүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Ишкананы ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу мүлктүк комплекс катары ижарага берүү келишими боюнча ижарага берүүчү ижарачыга акча төлөө менен имараттын, курулманын, жер участогун, жабдууларды жана ишкананын курамына кирген башка жүгүртүү каражаттарын убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда чийки заттын, отундун, материалдардын запастарын жана башка жүгүртүү каражаттарын, жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын, имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды пайдалануу укуктарын, ишканага байланышкан башка мүлктүк укуктарды, ишкананын ишин жекелештирүүчү белгилерге укуктарды жана башка өзгөчө укуктарды берүүгө, ошондой эле ижарага берүүчү башка жактарга өткөрүп берүүгө укугу жок укуктарды жана милдеттенмелерди кошпогондо талап кылуу жана ишканага тиешелүү карыздарды ага которуу укугун өткөрүп берүүгө.
§ 7. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимдерин күбөлөндүрүү
206. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 850-865-статьяларынын талаптарына ылайык түзүлгөн мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) эгерде мүлктү башкаруунун уюмдаштыруучусу мүлктүн менчик ээси болсо – бул мүлккө укук күбөлөндүрүүчү документти;
2) эгерде уюмдаштыруучу жер участогуна өмүр бою мурастык ээлик кылуу укугуна ээ адам болсо – жер участогун бөлүп берүү жөнүндө документти;
3) эгерде башкарууну уюмдаштыруучу ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болсо – анын ыйгарым укуктарын ырастоочу документти;
4) эгерде башкарууну уюмдаштыруучу чарба жүргүзүү укугуна негизделген ишкана болуп саналса – менчик ээсинин мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксатын;
5) эгерде мүлк никеде турган мезгилде сатып алынган болсо, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө жубайынын макулдугу жөнүндө арызды;
6) эгерде ишенимдүү башкаруу объекти жалпы мүлк болуп саналса, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө менчик ээлеринин макулдугу жөнүндө арыздарды.
Мамлекеттик ишкананы кошпогондо, жеке ишкер же коммерциялык уюм ишенимдүү башкаруучу боло алат.
Эгерде ишенимдүү башкаруучу жеке ишкер болсо, нотариуска жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүк берилет, бул документтин көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Эгерде ишенимдүү башкаруучу уюм болсо, анда нотариуска юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк (көчүрмө), уюмдаштыруу документтери, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер берилет. Бул документтердин көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Мүлк мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишенимдүү башкаруусуна берилбеши керек.
Ишенимдүү башкаруучу мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими боюнча пайда табуучу боло албайт.
Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 865-статьясында каралган мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин токтотуунун негиздери түшүндүрүлүүгө тийиш.
§ 8. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө же келишимди бузуу жөнүдө макулдашууну күбөлөндүрүү
207. Эгерде мыйзамдардан, келишимден же ишкер жүгүртүү адаттарынан башкача келип чыкпаса, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 413-статьясына ылайык келишимди өзгөртүү же бузуу жөнүндө макулдашуу келишим түзүлгөн формада түзүлөт.
208. Эгерде келишим белгилүү бир мөөнөткө түзүлсө, анын шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашуу негизги келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн чегинде түзүлүшү мүмкүн. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча келишимдин колдонуу мөөнөтүн узарта алышат.
Мөөнөтү көрсөтүлбөстөн мурда түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашуу каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн.
209. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жана мамлекеттик каттоодон өткөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
1) эгерде келишимдин предмети кыймылсыз мүлк болсо, каттоо органынан маалымкатты же Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтык көчүрмөнү тиркейт;
2) бузулууга тийиш болгон келишимди;
3) эгерде мүлк жалпы менчик объекти болсо, жубайынын жана менчик ээлеринин макулдугун;
4) эгерде келишимдин тараптары юридикалык жактар болсо – юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн, ыйгарым укуктуу органдын бүтүмдү жасоого чечимин жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди.
210. Нотариус катталууга тийиш болгон күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга же камоого оорчулуктун бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү. Макулдашуунун нускасы каттоочу органга жөнөтүлөт.
211. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, бирок мамлекеттик каттоодон өтпөгөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө каттоочу органдын маалымкаты талап кылынбайт.
212. Ведомстволук нотариалдык архивге сактоого өткөрүлүп берилген, мурда өзү күбөлөндүргөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус келишимди бузуу жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Нотариус башка нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн учурда нотариус бул жөнүндө ага кабарлоого милдеттүү.
213. Мурда түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) өзгөртүлүүгө жана/же толукталууга (тактоого) тийиш болгон негизги келишимди, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат;
2) эгерде өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор негизги келишимдин маңызына таасир этсе – эгерде мүлк жалпы менчик объекти болсо, менчик ээлеринин макулдугу жөнүндө арызды.
§ 9. Мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө келишимди, жалпы менчик укугунда таандык болгон мүлктөгү үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашууларды, үлүштү реалдуу бөлүштүрүү же бөлүп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү, жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
214. Жубайлардын (мурунку жубайлардын) жалпы мүлкүн бөлүштүрүү келишими, менчик ээлеринин үлүштөрүнүн өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө жана/же үлүштөрдү реалдуу бөлүштүрүү же бөлүп берүү жөнүндө макулдашуулар бардык нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн, ошол эле учурда төмөнкүлөр талап кылынат:
1) мүлккө укук белгилөөчү документтерди, эгерде келишимдин предмети автотранспорт каражаты болсо – транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документтерди жана транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу эрежелери боюнча зарыл болгон башка документтерди;
2) никелешүү тууралуу күбөлүгүн (эгерде нике ажыратылса – никени бузуу жөнүндө күбөлүктү.
Эгерде мүлк үлүштөрү мурда аныкталбаган эки же андан көп жарандардын жалпы биргелешкен менчигинде болсо, алар жалпы мүлктөгү үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашуу түзө алышат. Ошол эле учурда нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
1) мүлккө менчик укугун ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
2) менчиктештирүү учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматы бар тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардын маалымкаттарын (эгерде келишимдин предмети менчиктештирилген батир болсо);
3) эгерде мүлк – жалпы менчиктин объекти болуп саналса, биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын арызын;
4) негизги келишимдин түп нускасына нотариус түзүлгөн макулдашуу түзүлгөндүгү жөнүндө белги коёт.
215. Үлүштү аныктоо жөнүндө макулдашуу каза болгон катышуучунун жалпы менчиктеги үлүшүн аныктоо жана анын үлүшүнө мурастоо укугу тууралуу күбөлүк берүү үчүн менчик ээлери тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда нотариус өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн, Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен электрондук көчүрмөнү жана башка бардык менчик ээлеринин үлүштү аныктоо жөнүндө арызын тиркейт.
216. Үлүштөрү мыйзамда же менчик ээлеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдашуусу менен аныкталган жалпы мүлктүн менчик ээлеринин биринин арызы боюнча нотариус жалпы мүлктөгү анын үлүшүнө менчик укугу тууралуу күбөлүктү берет.
217. Жубайлардын никеде турган убакта тапкан мүлкү алардын биргелешкен менчиги болуп саналат. Талаш-тартыш болбогон учурда жубайлардын каалоосу боюнча, нотариус ар биринин никеде турган убакта тапкан мүлкүнүн 1/2 үлүшүнө жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу тууралуу күбөлүк бере алат.
Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) жубайлардын экөөнөн тең тирүү кезинде мүлккө укугу жөнүндө күбөлүк берүү өтүнүчү менен арыз;
2) нике мамилелерин ырастоочу документ (нике тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү же соттун күчүнө кирген чечими);
3) Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен электрондук көчүрмө;
4) эгерде үлүшүнө күбөлүк берилип жаткан мүлктүн курамына турак үй (дача), үйдүн (дачанын) бөлүгү, батир, дача-курулуш же турак жай-курулуш кооперативиндеги пайлык төгүмдөр, транспорт каражаттары жана уставдык капиталдагы үлүшү жана атайын эсепте турган (катталууга тийиш болгон) башка мүлк кирсе, нотариус көрсөтүлгөн мүлктүн жубайларга таандык экендигин текшерет жана укук белгилөөчү документтерди талап кылат.
218. Менчик укугу тууралуу күбөлүк жубайлардын жалпы менчиги болуп саналган, күбөлүк берилип жаткан күнү бар болгон мүлккө гана берилет.
§ 10. Жөнөкөй шериктештик келишимин күбөлөндүрүү
219. Нотариус тараптардын биринин талабы боюнча жөнөкөй шериктештик келишимин күбөлөндүрөт. Жөнөкөй шериктештик келишими келишимдин максатына жетүү үчүн тараптардын биргелешкен ишинин тартибин жана шарттарын аныктоочу уюштуруу келишими болуп саналат.
Келишимдин текстинде түзүлүп жаткан келишимдин максаты жөнүндө жоболор, аманаттардын мүнөздөмөсү же аларды салуу тартиби, аманаттарды акчалай баалоо камтылууга тийиш, ошондой эле:
1) жалпы иштерди жүргүзүү тартиби, жалпы чыгымдарды жана чыгашаларды жабуу тартиби, пайданы бөлүштүрүү тартиби аныкталышы керек;
2) жалпы милдеттенмелер боюнча шериктештердин жоопкерчилиги, жөнөкөй шериктештик келишимин бузуу тартиби каралышы керек;
3) тараптардын каалоосу боюнча келишимди колдонуу мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн.
220. Жөнөкөй шериктештик келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 979-статьясында каралган негиздер боюнча токтотулган учурда жалпы мүлктү реалдуу бөлүштүрүү келишимин түзүү аркылуу тараптар жалпы мүлктөгү үлүштү натуралай бөлүп берүүгө укуктуу.
221. Жөнөкөй шериктештик келишиминин шарттарына ылайык жалпы мүлктү реалдуу бөлүштүрүү объекти болуп тараптар кошкон мүлк, ошондой эле биргелешкен иштин натыйжалары – биргелешкен иштин натыйжасында өндүрүлгөн продукция, алынган натыйжалар жана кирешелер, бөлүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген башка мүлк болушу мүмкүн.
222. Эгерде келишимдин предмети болуп мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү аманат катары берүү саналса, нотариус ошондой эле каттоочу органдан мүлктүн шериктештиктин катышуучусуна таандык экендиги жөнүндө маалымкатты талап кылууга же Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (кыймылсыз мүлк үчүн) электрондук көчүрмөнү тиркөөгө милдеттүү.
Эгерде шериктештиктин аманатынын объекти жалпы мүлктүн объектиси катары мүлк болсо, нотариус жубайынын (эгерде мүлк биргелешкен никеде турган убакта сатып алынса), эгерде мүлк – жалпы менчик объекти болсо, башка менчик ээлеринин макулдугун талап кылат.
Эгерде жөнөкөй шериктештик келишими ишкердик ишти жүргүзүү үчүн түзүлүп жатса, нотариус бүтүмдүн материалдарына жеке ишкердин күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, патентти жана/же коммерциялык уюмдун – юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү, келишим түзүүгө ыйгарым укуктуу органдын чечимин жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди тиркейт.
§ 11. Кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу келишимин жана үлүштүк башталышта курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
223. Кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус бул келишим алдын ала келишимдин күчүнө ээ экендигин эске алат, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 388 жана 406-статьяларын, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексинин 66-беренесин жетекчиликке алат, келишимди ушул Нускамада каралган эрежелер боюнча тариздөөнү жүзөгө ашырат. Келишимдин бир нускасы каттоо органына жиберилет.
224. Кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) жер участогун пайдаланууга укук күбөлөндүрүүчү документтерди (жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк);
2) кыймылсыз мүлк объекти долбоорлоого жана курууга уруксат берүү документтерин (курулуш жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу).
3) объектинин курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилгендиги жөнүндө ырастаманы;
4) камакка алуу же башка чектөөлөрдүн бар экендиги же жоктугу жөнүндө маалыматтарды.

225. Үлүштүк башталышта курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) каттоочу органдын маалымкатын (Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен электрондук көчүрмөнү алат);
2) кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу жөнүндө келишимди;
3) эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо уюмдаштыруу документтеринин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн, өкүлдүн ыйгарым укуктарын жана юридикалык жактын өкүлчүлүгүнө укугун ырастоочу документтерди;
4) эгерде мүлк никеде турган убакта сатып алынса/ээликтен ажыратылса, жубайынын макулдугун же болбосо үй-бүлөлүк абалы жана/же ажыратылуучу/сатып алынуучу мүлккө жеке укугу жөнүндө арызды. Макулдашуунун бир нускасы каттоочу органга жиберилет.
Үлүштүк башталышта курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу кыймылсыз мүлк жайгашкан жер боюнча күбөлөндүрүлөт.
226. Эгерде нотариустун көктөмөлөрүндө нотариалдык башка иш-аракетти жасоодо ага мурда берилген юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү бар болсо, аларды кошумча талап кылуу зарыл эмес; документтер нотариуска кароо үчүн гана берилет (берилген документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик аларды берген адамдарга жүктөлөт).
§ 12. Алименттерди төлөө жөнүндө макулдашуу
227. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 104-статьясына ылайык алименттерди (төлөөнүн өлчөмү, шарттары жана тартиби) төлөө жөнүндө макулдашуу алимент төлөөгө милдеттүү адамдын жана аларды алуучунун ортосунда, ал эми алимент төлөөгө милдеттүү адам жана (же) алимент алуучу аракетке жөндөмсүз болгон учурда бул адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлөт, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адамдар мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же камкорчуларынын макулдугу менен келишим түзүшөт.
Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишим аткаруу баракчасынын күчүнө ээ.
Келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус туугандык/нике мамилелерин ырастоочу документтерди талап кылат.
§ 13. Нике келишимин күбөлөндүрүү
228. Нике келишими чогуу никеде турган адамдардын ортосунда түзүлөт, ошол эле учурда нотариус никени каттоо жөнүндө күбөлүктү талап кылат, анын көчүрмөсүн бүтүмдүн материалдарына тиркейт.
Нике келишими никеге турууга даярданып жаткан адамдардын ортосунда алардын болгон мүлкүнө карата да, жана жубайлардын келечектеги мүлкүнө карата да түзүлүшү мүмкүн.
229. Жубайлар нике келишиминде өз ара багуу боюнча укуктарын жана милдеттерин, бири-биринин кирешесине катышуу ыкмаларын, алардын ар биринин үй-бүлө чыгымдарын көтөрүү тартибин аныктоого, нике бузулган учурда жубайлардын ар бирине бериле турган мүлктү аныктоого, ошондой эле нике келишимине жубайлардын мүлктүк мамилелерине тиешелүү башка жоболорду киргизүүгө укуктуу.
Нике келишими жубайлардын макулдашуусу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн.
Нике келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт. Нике келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус бул жөнүндө нике келишимине белги коёт.
230. Тараптардын каалоосу боюнча нике келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында катталышы мүмкүн. Тараптарда укук күбөлөндүрүүчү документтер болсо, нотариус аларга нике келишимин күбөлөндүрүү жөнүндө белги коё алат.
Нике келишими укук белгилөөчү документ болуп саналбайт, нике келишимин түзүү мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө алып келбейт.
§ 14. Милдеттенмелерди күбөлөндүрүү
231. Нотариус бир адам тарабынан экинчи жактын пайдасына жасалган белгилүү иш-аракеттерге, мүлктү өткөрүп берүү, жумушту аткаруу, акча төлөө же болбосо белгилүү иш-аракеттерден кармануу милдеттенмесин күбөлөндүрөт.
232. Нотариус келишимден тышкаркы (келишимге негизделбеген) бир тараптуу милдеттенмени (бир тараптын иш-аракетинин (эркин билдирүүсүнүн) натыйжасында жасалган) күбөлөндүрүүгө укуктуу. Бир тараптуу бүтүм бир тараптын эркин билдирүү болуп саналуу менен ал үчүн милдеттерди жаратат, бирок алар үчүн укуктарды гана пайда кылуу менен үчүнчү жактар үчүн эч кандай милдеттерди түзө албайт), мисалы: мүлктү өткөрүп берүү, жумушту аткаруу, карызды төлөө, зыяндын ордун толтуруу, сактоого берүү же болбосо белгилүү иш-аракетти жасоодон кармануу.
Зайымдык келишим эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен кем эмес ашса, нотариалдык түрдө түзүлүүгө тийиш.
233. Бир тараптуу милдеттенмени күбөлөндүрүүдө милдеттенмени өзүнө алган адамдын өздүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү гана аныкталат.
Милдеттенме арыз берүү аркылуу милдеттенмени берген жак тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
§ 15. Адын ала келишимди күбөлөндүрүү
234. Алдын ала келишим боюнча тараптар келечекте алдын ала келишимде каралган шарттарда мүлктү өткөрүп берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимди (негизги келишим) түзүүгө милдеттенет.
Алдын ала келишим негизги келишим үчүн мыйзамдарда белгиленген форма боюнча, ал эми негизги келишимдин формасы белгиленбесе, жазуу жүзүндө түзүлөт.
235. Кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүү жөнүндө алдын ала келишим тараптардын каалоосу боюнча нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү жана каттоо органында катталышы мүмкүн.
Алдын ала келишимде тараптар негизги келишимдин маанилүү шарттарын белгилеши керек. Алдын ала келишимде тараптар негизги келишимди түзүүгө милдеттенген мөөнөт көрсөтүлөт. Эгерде келишимде мөөнөт аныкталбаса, алар караган негизги келишим алдын ала келишим түзүлгөн учурдан тартып бир жылдын ичинде түзүлүүгө тийиш.
236. Алдын ала келишим укук белгилөөчү документ болуп саналбайт, ал уюштуруу мүнөзүнө ээ, тараптардын мүлктүк мамилелерин жөнгө салбайт, төлөм функциясына ээ эмес, менчик укугун өткөрүп берүүгө алып келбейт.
Алдын ала келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус мүлктүн тараптарга таандык экендигин текшербейт, каттоо органынан маалымкаттарды талап кылбайт (ошондой эле келишимдин предмети кыймылсыз мүлк болсо), күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга оорчулуктун (камакка алуунун) бар экендигин текшербейт.
237. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариуска берилген маалыматтардын жана документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик аларды берген жактарга жүктөлөт.
§ 16. Карын энелик келишимди күбөлөндүрүү
238. Карын энелик келишим балалуу болууну каалаган адамдар/адам менен түйүлдүктү көтөрүү жана бала төрөө максатында жасалма уруктандыруу же башка эмбрионду имплантациялоо методун колдонууга макулдугун берген аялдын (карын эненин) ортосунда түзүлөт. Карын энелик ыкмасын пайдалануу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде гана мүмкүн болот. Эгерде карын эне никеде турса, келишим түзүүгө жубайынын макулдугу зарыл.

239. Эгерде карын эне, генетикалык эне же донордук жумуртка клеткасын пайдалануучу аялдын жубайы болбосо, нотариус анын үй-бүлөлүк абалы тууралуу жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алат.
240. Нотариус никени бузуу жөнүндө күбөлүк жана карын эненин, генетикалык эненин же донордук жумуртка клеткасын пайдалануучу аялдын өздүгүн ырастоочу документ боюнча жубайынын жоктугу фактысын текшерет. Документтердин көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө сакталуучу карын энелик келишиминин нускасына тиркелет.
241. Карын энелик келишимди түзүүдө нотариус «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алат.
18-глава. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү
242. Нотариус документтер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген, юридикалык мааниге ээ жана көчүрмөлөрүнүн жанаалардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы келбеген шартта юридикалык жактар, ошондой эле жарандар тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрөт. Документтин көчүрмөсүнүн түп нуска менен тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн бардык жеке жана юридикалык жактар кайрылууга укуктуу.
243. Бухгалтердик, финансылык жана бажылык документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгы жөнүндө күбөлөндүрүүгө тыюу салынат: схемаларды, таблицаларды, башка графикалык сүрөттөрдү камтыган документтердин; алардын аныктыгына шек туудурган өчүрүүлөр, кошуп жазуулар жана башка өзгөчөлүктөрү бар документтердин; документтин текстинин өзүндө көчүрмө алууга тыюу салынган же көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүгө жол берилбеген башка документтердин.
244. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү менен нотариус документтин мазмунунун мыйзамдуулугун, анда баяндалган фактылардын чындыкка дал келишин, ага кол койгон адамдардын өздүгүн, аракетке жөндөмдүүлүгүн жана ыйгарым укуктарын, документти берген юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастабайт.
245. Документтен көчүрмө бөлүктүн тууралыгын күбөлөндүрүү документтин белгилүү бир маселе боюнча толук текстин же өз алдынча маалыматты камтыган бөлүгүн кайталап көрсөтүүнү билдирет. Көчүрмө бөлүк жасалган документте бири-бири менен байланышпаган бир нече өзүнчө маскелелнин чечимдери камтылган шартта гана көчүрмөнүн тууралыгы күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Көчүрмө бөлүк белгилүү бир маселе боюнча документтин бөлүгүнүн толук текстин кайталап көрсөтүүгө тийиш.
Документтин күбөлөндүрүлүүчү көчүрмөсү же андан көчүрмө бөлүк түп нуска документ менен салыштырылат.
246. Документтин көчүрмөсүнөн алынган көчүрмөнүн тууралыгы нотариус тарабынан эгерде көчүрмөнүн тууралыгы нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн же документтин көчүрмөсү документтин түп нускасы чыккан юридикалык жак тарабынан берилген шартта күбөлөндүрүлөт. Акыркы учурунда документтин көчүрмөсү бул юридикалык жактын фирмалык бланкында түзүлүүгө, мөөр басылып, документтин түп нускасы юридикалык жакта экендиги жөнүндө белги болууга тийиш. Калган учурларда документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнөн алынган көчүрмө күбөлөндүрүлөт, ошол эле учурда документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн датасы, реестрдик номери жана документтин бул нускасын нотариалдык жактан күбөлөндүргөн нотариустун маалыматтары көрсөтүлөт.
247. Эгерде документтин түп нускасында документти берген орган тарабынан кол коюлуп жана мөөр басылган катаны макулдашылган оңдоо камтылса, анда нотариус күбөлөндүрүүчү жазууга «макулдашылбаган оңдоолор жок – бирок макулдашылган оңдоо бар» деген жазууну жазат жана оңдолгон текстти кайталап көчүрүп жазат.
19-глава. Документтердеги өз колу менен коюлган жана факсимилдик кол тамганын аныктыгын, документтин бир тилден экинчи тилге жазуу түрүндө котормосунун тууралыгын күбөлөндүрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү
248. Нотариус мазмуну жарандык мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарына каршы келбеген документтердеги өз колу менен, факсимилдик жана электрондук кол тамга менен коюлган кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрөт.
249. Документтердеги кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүүдө нотариуска берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик аларды берген жактарга жүктөлөт.
250. Кайрылган адамдын кол тамгасы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документ эгерде анда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, шашылыш мүнөздө болушу мүмкүн эмес. Мындай документ аны арыз ээси жокко чыгарганга чейин күчүндө болот.
251. Арыз ээси тарабынан кайсы арыз болбосун чакыртылып алынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул учурда нотариус арыз ээси бардык кызыкдар адамдарга өзүнүн арызынын жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү экендигин түшүндүрөт. Мында нотариус арыз ээсинин арыздагы кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча нотариус арызды кызыкдар адамдарга бере алат жана ошондой эле берген же тапшырган фактысы жөнүндө күбөлүктү бере алат.
252. Бүтүмдүн мазмуну баяндалган келишимде, керээзде, ишеним катта же башка документте, ошондой эле мындай документтин текстин жазуу түрүндө которууну жүзөгө ашырган котормочунун кол тамгасын күбөлөндүрүүдө дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам кол коё албаган башка адам үчүн кол койгон адамдын, кол тамгасынын аныктыгы гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
253. Арызга арыз берүүгө жана ага кол коюуга ыйгарым укуктуу жак (ишеним кат боюнча өкүл, же болбосо өз колун коюучу) кол койсо, анда нотариус ишеним каттын реквизиттерин көрсөтүү менен башка адам үчүн кол койгон жактын кол тамгасынын аныктыгын же болбосо арыз ээси дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам кол коё албаган себебин көрсөтүү менен өз колун коюучунун кол тамгасынын аныктыгы күбөлөндүрөт.
254. Дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам кол коё албаган адам үчүн кол койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү менен нотариус кайрылган жактын өздүгүн жана аракетке жөндөмдүүлүгүн жана өз колун коюучунун өздүгүн аныктайт.
Нотариус кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү менен документте баяндалган фактыларды күбөлөндүрбөйт, ал кол тамга белгилүү адам тарабынан коюлгандыгын гана ырастайт.
Эгерде документте күбөлөндүрүү укугу мамлекеттик органга гана тийиштүү болгон жагдайлар гана бекитилсе, андагы жарандын кол тамгасынын аныктыгы күбөлөндүрүлүшү мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн документтеги кол тамганын аныктыгы эгерде документ сотко же чет мамлекеттин башка мекемесине берүү үчүн багытталган учурларда күбөлөндүрүлүшү мүмкүн эмес.
255. Эгерде жубайы нотариалдык формада таризделүүгө жана/же ыйгарым укуктуу органдарда катталууга тийиш болгон кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга макулдугу жөнүндө арыздагы кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү өтүнүчү менен кайрылса, нотариус кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрбөйт, «макулдукту» өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары тариздейт.
256. Банктык карточкалардагы кол тамгалардын үлгүлөрүн күбөлөндүрүүдө нотариус финансылык документтерге кол коюуга укуктуу жактардын, ошондой эле алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын жана аракетке жөндөмдүүлүгүн жана юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укукка жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Юридикалык жактын кол коюу укугуна ээ адамдардын ыйгарым укуктары, талаптагыдай таризделген ишеним кат боюнча жеке ишкердин, алардын өкүлдөрүнүн статусун нотариус аны кызмат ордунга дайындоо жөнүндө буйруктар, чечимдер, устав (жобо), уюмдаштыруучу келишимдер боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында, КМШга катышкан өлкөлөрдүн расмий сайттарынан, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк боюнча же болбосо кагаз жүзүндөгү, электрондук формадагы да патент боюнча текшерүүгө тийиш.
257. Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 85-беренесине ылайык нотариус ден соолугунун абалынан улам кол тамгасын өз алдынча коюуга дене бойлук мүмкүнчүлүгү болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга факсимилдик кол тамганы күбөлөндүрүү жөнүндө күбөлүк берет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам техникалык каражаттардын жардамы аркылуу даярдалган штампты (клишени) берет жана берилген факсимиленин аныктыгы жөнүндө күбөлүктү нотариуска берет, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан соң нотариус факсимилдик колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт, ал өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен койгон кол тамгага теңештирилет.
258. Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 87-беренесине ылайык зарыл болгон которуу тилин билгендиги жөнүндө ырастоочу документ болгон учурда нотариус документтин бир тилден экинчи тилге жазуу түрүндөгү котормосунун тууралыгын күбөлөндүрөт. Бул талап Кыргыз Републикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерин билген нотариустарга жайылтылбайт.
Эгерде нотариус тийиштүү тилдерди билбесе, документти оозеки же жазуу түрүндө которуу котормочу тарабынан анын зарыл болгон тилди билгендиги жөнүндө ырастоочу документ болгон учурда жүзөгө ашырылат, анын кол тамгасынын аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Жасалуучу нотариалдык иш-аракеттердин талашсыз болушу үчүн документтин текстин котормочу жазуу жүзүндө которот.
Котормочунун ыйгарым укугу төмөнкү документтердин бири менен ырасталат: жогорку билим жөнүндө диплом, жогорку билими жөнүндө дипломго тиркеме, котормочунун квалификациясын ырастоочу сертификат.
Нотариус өзүнүн документтерин которууну жүзөгө ашырган адамдын кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүүгө укуксуз.
Документтин бир тилден экинчи тилге жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн документтин түп нускасы же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет. Котормого берилген документтер көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү үчүн берилген документтер менен бирдей талаптарга жооп бериши керек.
Котормо бүтүндөй документтен (эгерде жазуулар, мекемелердин, уюмдардын белгилери, анын ичинде бул жазуулар, белгилер, тарифтер, мөөрлөрдүн, штамптардын оттисктеринин тексттери бар болсо) жүргүзүлөт. Тексттин бөлүгү которулган учурда, бул жөнүндө белги коюлат.
Эгерде нотариалдык иш-аракетти жасоодо (бүтүмдү күбөлөндүрүү, көчүрмөнүн тууралыгын күбөлөндүрүү) башка тилге которуу да аткарылса, анда котормонун тексти которулган документтин түп нускасынын тексти менен бир бетке, түп нусканын тексти которулган документтин сол жагына, ал эми котормосу оң жагына жайгаштырылгыдай тик сызык менен бөлүнгөн бир баракта жайгаштырылат. Котормо бүтүндөй тексттен жүргүзүлүүгө тийиш. Котормочунун колунун аныктыгын которулган документтин көчүрмөсүнөн кийинки жана котормочу кол койгон котормонун текстинин астында күбөлөндүрүүгө жол берилет. Күбөлөндүрүүчү жазуусу документтин тексттеринин жана андан алынган котормонун астында көрсөтүлөт. Которулган документтин көчүрмөсүнөн бөлөк баракка жайгаштырылган котормо документтин түп нускасына тиркелет, боолонуп, нотариустун кол тамгасы жана мөөрү менен бекитилет.
259. Нотариалдык эки иш-аракетти жасоодо, анын бири документтин текстинин жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын күбөлөндүрүү болуп саналган учурда котормочунун кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү реестр журналына өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары катталууга тийиш эмес.
20-глава. Электрондук документтин жана кагаз түрүндөгү документтин маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү
260. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 82-беренесине ылайык кагаз түрүндөгү документтин электрондук түрдөгү документке маанисинин бирдейлигине күбөлөндүрүү нотариуска кагаз түрүндө берилген документтин мазмунунун электрондук документтин мазмунуна окшоштугун ырастооону билдирет. Нотариус тарабынан электрондук түрдө даярдалган документ маанисинин бирдейлиги нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
261. Нотариуска электрондук түрдө берилген документке квалификациялуу электрондук кол тамга коюлууга тийиш. Документ чыгарган адамдын квалификациялуу электрондук кол тамгасы электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарга ылайык текшерилүүгө жана ага таандыктыгы ырасталууга тийиш.
262. Нотариус сканерлөө жолу менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтин электрондук образын даярдайт.
263. Электрондук документ күбөлөндүрүлгөн документтин бүтүндөй текстин, анын ичинде нотариустун күбөлөндүрүүчү жазуусун камтыйт.
264. Нотариус даярдалган электрондук документке күбөлөндүрүүчү жазуусун жүргүзөт жана өзүнүн электрондук колтамгасы аркылуу кол коёт.
265. Нотариустун электрондук колтамгасы коюлган электрондук документ НБМСте сакталат.
21-глава. Кагаз түрүндөгү документтин электрондук документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү
266. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 83-беренесине ылайык электрондук түрдөгү документтин кагаз түрүндөгү документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү нотариус тарабынан электрондук түрдө даярдалган документтин мазмунунун нотариуска кагаз түрүндө берилген документтин мазмунуна окшоштугун ырастоону билдирет. Нотариус тарабынан электрондук түрдө даярдалган документ маанисинин бирдейлиги нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
267. Кагаз түрүндөгү документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү үчүн электрондук түрдөгү документти түзүү нотариус тарабынан кагаз түрүндөгү документти электрондук түрдөгү документке өткөрүү жана нотариустун квалификациялуу электрондук колтамгасы менен кол коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.
268. Электрондук түрдөгү документтин форматына талаптар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленет.
Нотариус тарабынан кагаз жүзүндө даярдалган документтин электрондук документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн жактын өтүнүчү боюнча нотариус кагаз жүзүндөгү документ даярдайт.
Электрондук документтин кагаз жүзүндөгү документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүргөн нотариустун электрондук колтамгасын жана ага таандыктыгын текшерүү жөнүндө маалымат нотариус тарабынан күбөлөндүрүүчү жазууда белгиленет.
Кагаз документ күбөлөндүрүлгөн документтин бүткүл текстин, анын ичинде электрондук документтин кагаз жүзүндөгү документке маанисинин бирдейлигинкүбөлөндүргөн нотариустун күбөлөндүрүүчү жазуусун камтыйт.
Даярдалган кагаз документке нотариус күбөлөндүрүүчү жазууну жүргүзүп, ага кол коёт.
22-глава. Электрондук түрдөгү документтеги электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү өзгөчөлүктөрү
269. Нотариус электрондук түрдөгү документтеги электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрөт.
Электрондук түрдөгү нотариалдык документке нотариустун катышуусунда жаран же юридикалык жактын өкүлү кол коёт. Нотариус коюлган электрондук колтамганын аныктыгын ырастайт.
Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча анын электрондук түрдөгү документтеги электрондук колтамгасынын аныктыгы жөнүндө ага күбөлүк берилет же «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренесине ылайык анын көчүрмөсү даярдалат.
Электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүүдө нотариус зарыл болгон форматтагы документти даярдайт, берилген документке анын окшоштугун күбөлөндүрөт жана күбөлөндүрүүчү жазууга өзүнүн күчөтүлгөн квалификациялуу колтамгасын коёт. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча нотариус өзү түзүлгөн электрондук документти алуучуга жиберет.
23-глава. Фактыларды күбөлөндүрүү
270. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 88-беренесине ылайык нотариус жарандын тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрөт.
Жашы жете электин тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрдүн), жашы жете элек камкордугунда болгон мекемелердин жана уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
271. Жашы жете электин тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүүдө нотариус жашы жете электин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн талап кылууга милдеттүү, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
272. Жарандын тирүү жүргөн фактысы жаран нотариуска келгенде, нотариустун имаратынан тышкары да аныкталышы мүмкүн. Эгерде жаран оорусуна, майыптыгына же башка жүйөлүү себептерге байланыштуу нотариустун жайына имаратына келе албаса, тирүү жүргөн фактысы нотариустун имаратынан тышкары күбөлөндүрүлөт.
273. Жарандын тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүү үчүн кызыкдар адам нотариуска жазуу жүзүндө же оозеки түрдө тиешелүү арыз берет.
Берилген арыздын негизинде нотариус жарандын өздүгүн аныктайт.
274. Тирүү жүргөн фактысын ырастоо үчүн нотариус буга кызыкдар адамга тиешелүү күбөлүк берет. Күбөлүктө тирүү жүргөн фактысынан тышкары нотариус бул факт кайда күбөлөндүрүлгөндүгүн жазат. Эгерде бул нотариалдык иш-аракет нотариустун жайынан тышкары жерде жасалган болсо, бул тууралуу да күбөлүктө көрсөтүлөт.
275. Жарандын тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүү жөнүндө күбөлүк эки нускада таризделет, анын бири кызыкдар адамга берилет, экинчиси нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат.
276. Жашы жете электин белгилүү бир жерде болгон фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн), ошондой эле жашы жете элек камкордугунда болгон мекемелердин жана уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
277. Жашы жете электин белгилүү бир жерде жүргөн фактысын күбөлөндүрүүдө нотариус жашы жете электин паспортун (эгерде бар болсо) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн талап кыла алат, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Жарандын белгилүү бир жерде жүргөн фактысы ал нотариуска келгенде жана нотариус бул фактыны нотариустун имаратынан тышкары күбөлөндүрүүдө да аныкталат.
278. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 90-беренесине ылайык нотариус жарандын өздүгүн ал берген сүрөттө чагылдырылган жүз менен окшоштугун күбөлөндүрөт.
279. Нотариус берилген документ аркылуу өздүгүн аныктоодо, НБМС аркылуу инсанды идентификациялоо (верификациялоо) жолу менен кайрылган адамдын маалыматтарын текшерүүгө тийиш.
280. Сүрөттө чагылдырылган жүз менен жашы жете электин окшоштугун күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн), ошондой эле жашы жете элек бала камкордугунда болгон мекемелердин жана уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Сүрөттө чагылдырылган жүз менен жарандын окшоштугун күбөлөндүрүү үчүн нотариус ага келген адам берилген сүрөттө чагылдырылгандыгына ынанышы керек.
281. Сүрөт күбөлүктүн берилүүчү нускасынын жогорку сол бурчунда жайгаштырылат, нотариустун колтамгасы жана мөөрү менен бекитилет. Ошол эле учурда мөөр жарым-жартылай сүрөткө, жарым-жартылай күбөлүккө коюлууга тийиш.
282. Нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 91-беренесине ылайык нотариуска документ көрсөтүлгөн убакытты күбөлөндүрөт.
Бул жөнүндө күбөлөндүрүүчү жазуу эки нускада берилген документке жазылат, анын бири нотариустун көктөмөлөрүндө калат. Документтин экинчи нускасы жок болгон учурда нотариустун көктөмөлөрүндө күбөлөндүрүүчү жазуу жазылган анын көчүрмөсү калат.
Эгерде бир эле адам бир эле убакта бир нече документти берсе, анда алардын ар бирине күбөлөндүрүүчү жазуу жазылат, ошол эле учурда мамлекеттик алым ар бир көрсөтүлгөн документ үчүн алынат.
24-глава. Жеке жана юридикалык жактардын арыздарын берүү
283. Нотариус жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана башка документтерди башка жеке жана юридикалык жактарга берет.
Арыз нотариуска экиден кем эмес нускада берилет, аларда коюлган колдун аныктыгы күбөлөндүрүлөт, анын бир нускасы кайтарып берүү кабарламасы менен почта аркылуу же даректерге жеке өзү кол койдуруу менен жөнөтүлөт, ал эми экинчи нускасы нотариуста калат.
284. Нотариус арызды жана документтерди жеке өзү же кайтарып берүү кабарламасы менен почта аркылуу коштоочу кат, электрондук колтамга коюлган электрондук кат түрүндө бере алат.
285. Жокко чыгаруу жөнүндө арызды кабыл алган нотариус ишеним катты жана Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилүүчү ишеним катты күбөлөндүргөн нотариуска нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине маалыматтарды киргизүү үчүн кабарлоого милдеттүү. Нотариус жок учурда ведомстволук нотариалдык архивге билдирүү зарыл.
Арызды жана документтерди жеткирүү менен байланышкан почталык жана транспорттук чыгымдар ушул нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган адамдар тарабынан төлөнөт.
Арыз берген жактын өтүнүчү боюнча ага арызды жана документтерди жеке жана/же юридикалык жактарга өткөрүп берүүнү ырастоочу күбөлүк берилет.
286. Күбөлүк арыздын нускасында же өзүнчө баракта баяндалышы мүмкүн. Күбөлүктө документти тапшыруу фактысы же болбосо документти тапшыруу фактысы жана арызга алынган жооптун мазмуну, же болбосо документти тапшыруу фактысы жана дайындалган мөөнөткө жооптун жоктугунун фактысы көрсөтүлөт.
Күбөлүк нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун реестринде катталат, анын бир нускасы нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат.
25-глава. Акчалай суммаларды жана
баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу
287. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 94-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда нотариус аларды кредиторго өткөрүп берүү үчүн карызкордон акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат.
288. Нотариуста улуттук жана чет өлкөлүк валютада акча каражаттары чегерилүүүчү депозит болууга тийиш.
Нотариустун депозитти жеке максаттары үчүн пайдаланууга, андан пайда алууга жана ага өзүнүн акчалай каражаттарын салууга укуксуз.
289. Карызкор накталай жана накталай эмес акча каражаттарын депозитке салууга укуктуу. Нотариус бир банктык жумуш күндүн ичинде өзүнүн акча каражаттарын депозиттик эсебине салууга милдеттүү.
290. Милдеттенме белгилүү бир жерде аткарылууга тийиш болгон учурларда, накталай акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу милдеттенме аткарылган жер боюнча нотариус тарабынан жүргүзүлөт.
Карызды депозитке салуу менен милдеттенмени аткаруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 310-статьясынын 1-бөлүгүнүн негиздери боюнча жүргүзүлөт.
291. Акчалай сумманы же баалуу кагаздарды нотариустун депозитине салуу милдеттенмени аткаруу деп эсептелет.
292. Депозитине акча каражаттары же баалуу кагаздар салынган нотариус бул жөнүндө почта аркылуу кайтарып берүү кабарламасы менен катты жана/же электрондук почта жөнөтүү менен кредиторго кабарлайт.
293. Нотариустун депозитин ачуу тартиби Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында аныкталат.
294. Акча каражаттарын чегерүү жана алуу үчүн нотариус тиешелүү тескеме чыгарат: депозитке акча каражаттарын салуу жөнүндө, кредиторго акча каражаттарын берүү жөнүндө, акча каражаттарын карызкорго кайтарып берүү жөнүндө.
295. Нотариустун депозиттик эсебинде турган акча каражаттары нотариустун, карызкордун же кредитордун менчиги болуп саналбайт.
296. Нотариус өз ишин токтоткон учурда (каза болгон, курактык цензге жеткенде, нотариалдык иш жүргүзүү укугунан ажыраганда, ыйгарым укуктары токтотулганда, нотариус тарабынан нотариалдык округ алмашканда), анда нотариустун депозити нотариус ишин жүзөгө ашырган округдун мамлекеттик нотариусунун депозитине берилет.
297. Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды нотариалдык депозитке чегерүү жөнүндө тескеме чыгаруунун алдында нотариус нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) паспорт же башка күбөлөндүрүүчү документти;
2) юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгүн жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди;
3) карызкордун акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын (арыз ээсинин кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн, кириш корреспонденциялар журналында катталган арызды);
4) аткаруу үчүн акча каражаттары жана баалуу кагаздар өткөрүлүп берилген милдеттенменин бар экендигин ырастоочу келишимди.
298. Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды салуу жөнүндө арызда карызкордун жана кредитордун аталышы, алардын жашаган жери (юридикалык жактар үчүн – жайгашкан жери), ошондой эле милдеттенмени түздөн-түз карызкор аткара албаган себептери көрсөтүлөт. Карызкор төгүм төлөнүп жаткан негиздемени жана эсепти көрсөтө алат.
299. Нотариустун депозитине акча каражаттарын салуу үчүн арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү нотариус тарабынан жүргүзүлбөйт.
300. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды нотариалдык депозитке кабыл алуу менен нотариус кредитордун укуктарынын жана карызкордун милдеттеринин келип чыгышынын негиздерин текшерет.
301. Эгерде кредитордун дареги көрсөтүлбөсө жана белгисиз болсо, нотариус карызкорго акчанын (баалуу кагаздардын) төгүмү жөнүндө кредиторго билдирүү анын милдети экендигин эскертет.
302. Нотариус банкка акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды салуу жөнүндө тескеме берет, нотариус көрсөткөн депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу үчүн карызкорду (арыз берүүчүнү) тиешелүү банкка жиберет. Банктын төгүм жөнүндө квитанциясынын негизинде нотариус карызкорго акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды депозитке салгандыгы жөнүндө күбөлүк берет.
303. Нотариус кредиторго акчалай сумманын жана баалуу кагаздардын келип түшкөндүгү жөнүндө кабарлайт жана анын талабы боюнча банкка тескеме чыгаруу жолу менен ага тиешелүү суммаларды берет.
304. Депозиттик эсепке түшкөн акча каражаттары жана баалуу кагаздар кредитордун арызы боюнча нотариус тарабынан берилиши мүмкүн. Нотариус нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча өкүлдүн өздүгүн, аракетке жөндөмдүүлүгүн (укукка жөндөмдүүлүгүн) жана акча каражаттарын алууга ыйгарым укуктарын аныктайт.
Депозиттен акча же баалуу кагаздар карызкордун арызында көрсөтүлгөн документтер көрсөтүлгөн учурда берилет. Акчалай суммалар кредитор тарабынан анын арызы боюнча анын эсебине которуу жолу менен алынышы мүмкүн.
305. Кредитор каза болгон учурда ага тиешелүү акчалай суммалар мурастык массага киргизилет жана мыйзамда белгиленген тартипте мураскорлорго берилүүгө тийиш.
Эгерде нотариустун депозиттик эсебинде талап кылынбаган акчалай суммалар болсо, мыйзамда белгиленген мөөнөттөр өткөндөн кийин алар республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
306. Акчалай суммаларды же баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн нотариус акчалай суммаларды же баалуу кагаздарды, берилген тескемелерди эсепке алуунун киреше-чыгаша китебин жүргүзөт.
26-глава. Аткаруу жазууларын жүргүзүү
307. Аткаруу жазуусу – карызкордун милдеттенмесине акчанынсуммасын же кайсы бир мүлктү кредитордун пайдасына мажбурлап өндүрүү жөнүндөгү тескемеси. Аткаруу документинин күчүнө ээ жана мажбурлап өндүрүү үчүн негиз болот.
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 96-беренесине ылайык нотариус карызкордон акчалай суммаларды өндүрүү же мүлктү талап кылуу үчүн карызды белгилеген документтерге жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге аткаруу жазууларын жүргүзөт.
Аткаруу жазуусу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) эгер берилген документтер карыздын талашсыздыгын же карызкордун өндүрүүчүнүн алдындагы башка жоопкерчилигин ырастаса;
2) эгерде доого укук пайда болгон күндөн тартып үч жылдан ашпаган убакыт өтсө.
Эгерде аткаруу жазуусу берилген талап үчүн мыйзам менен башка эскирүү мөөнөтү белгиленсе, аткаруу жазуусу ошол мөөнөттүн чегинде берилет.
Карызды белгилөөчү документ боюнча өндүрүп алууну бөлүктөр менен жүргүзүү керек болсо, анда ар бир өндүрүп алуу боюнча аткаруу жазуусу бул документтин көчүрмөсүндө баяндалышы мүмкүн. Бул учурларда карызды белгилөөчү түп нуска документте өндүрүлүүгө тийиш болгон сумманы, ал нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде катталган датаны жана номерди көрсөтүү менен жүргүзүлгөн аткаруу жазуусу жөнүндө белги коюлат.
Аткаруу жазуусу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон мөөнөттөр өндүрүп алуучуда карызды мажбурлап өндүрүп алуу укугу пайда болгон күндөн тартып эсептелет.
308. «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык аткаруу жазуусу ал берилген учурдан тартып үч айдын ичинде мажбурлап аткарууга сунуш кылынышы мүмкүн. Акча суммаларын өндүрүүгө мажбурлап айландырууга кабыл алган же мүлктү карызкордон талап кылган учурдан тартып документтерде кайталанган аткаруу жазуусу жүргүзүлбөйт.
Аткаруу жазуусун жүргүзүүдө нотариус карызды өндүрүүнүн негиздемесинде алар боюнча карызды өндүрүп алуу аткаруу жазууларынын негизинде талашсыз тартипте жүргүзүлүп жатат деген эскертме болгон бүтүмдөр менен каралган документтер берилгендигин текшерүүгө милдеттүү.
309. Аткаруу жазуусу арыз боюнча жүргүзүлөт.
Аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө арыз нотариуска, нотариалдык конторага, нотариалдык бюрого даректелет.
Аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) карызкор жана өндүрүүчү жөнүндө маалыматты;
2) өндүрүп алууга тийиш болгон карызды, салыктарды, жыйымдарды (алымдарды), чыгымдарды, бышмананы (айып пул, туум), ар бир өндүрүп алуу боюнча акча каражаттарынын суммасын жана валютасын көрсөтүү менен башка төлөмдү;
3) эгерде жеке жактан же жеке ишкерден сумманы өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазуусу жүргүзүлсө, карызды өндүрүп алуучуда алар тууралуу маалыматтар аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө арызда болгон учурда карызкордун банктык реквизиттери;
4) арызда өндүрүп алуучу зарыл деп эсептеген башка маалыматтарды (карызкор менен укук боюнча талаш-тартыш жок экендигин көрсөтүү, өндүрүп алуучуда аткаруу жазуусунда көрсөтүү милдеттүү болгон маалыматтын жоктугуна байланыштуу нотариус тарабынан суроо-талапты түзүү жана жөнөтүү зарылдыгын көрсөтүү) киргизе алат.
Юридикалык жактын атынан аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө арызга нотариустун катышуусунда аткаруу жазуусун жүргүзүү үчүн түздөн-түз кайрылган өкүл, ошондой эле юридикалык жактын – өндүрүп алуучунун башка кызмат адамы (өкүлү) да кол коюшу мүмкүн.
310. Өндүрүп алуучунун (өкүлдүн) кол тамгасынын аныктыгы нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлөт.
Эгерде өндүрүп алуучу аткаруу жазуусун жүргүзүүгө кайрылуу ниети жөнүндө карызкорго маалымдабаса, ал нотариуска аткаруу жазуусун жүргүзүү үчүн кайрылууга укуксуз. Нотариус өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
311. Нотариус Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн карызкорго карата аткаруу жазуусун жүргүзүүдөн баш тартат. Бул фактыны ырастоо үчүн нотариус Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына суроо-талап кылууга укуктуу.
Нотариустун өндүрүшүнө арыз келип түшкөндөн кийин нотариус өндүрүп алуучудан ал боюнча карыз пайда болгон же карызкордун башка милдеттенмелерин аткарууга мөөнөтү өтүп кеткен документте аткаруу жазуусун жүргүзүүгө арыз келип түшкөндүгү жөнүндө карызкорго суроо-талап жөнөтөт.Бул эреже ломбарддардын күрөө билеттерине аткаруу жазуусу жазылган учурларда колдонулбайт.
Карызкор эсептөөлөргө жана/же башка себептер боюнча макул болбогон учурда нотариус бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгын же соттун чечимин алганга чейин нотариус аткаруу жазуусун жүргүзүүнү токтото турат.

312. Нотариус аткаруу жазуусун жүргүзүүнү он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырууга жана тиешелүү токтом чыгарууга укуктуу.
Аткаруу жазуусун жүргүзүүнү кийинкиге калтыруу үчүн негиз болуп карызкордун өндүрүп алуучунун карызды талашсыз тартипте өндүрүү укугун талашуу үчүн сотко кайрылууну каалагандыгы жөнүндө арызы саналат. Аткаруу жазуусун жүргүзүүгө карызкордун каршы пикирлерин гана камтыган аткаруу жазуусун жүргүзүүнү кийинкиге калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.
313. Документтердеги талашсыз тартипте карыздарды белгилөөчү аткаруу жазуулары иш жүзүндө керектелген кызмат көрсөтүүлөргө (электр энергиясын төлөөгө эсеп-квитанция, ысык сууга жана жылуулукка эсеп-квитанция, коомдук байланыш кызматтары) ачык келишимдер боюнча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө документтерге жазылат.
314. Аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө эскертме жазылган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөргө аткаруу жазуулары келишимдин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишиминин (макулдашуунун) түп нускасында же анын дубликатында жүргүзүлөт.
315. Аткаруу жазуусун жүргүзүүдө нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 98-беренесин жетекчиликке алат.
316. Аткаруу жазуусун жүргүзүүдө нотариус талап кылуучу документтердин тизмеги:
1) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделген милдеттенме боюнча карызды өндүрүү үчүн төмөнкүлөр берилет: нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдин (макулдашуунун) түп нускасы же анын дубликаты (акча зайымынын келишимдерин кошпогондо);
2) жазуу жүзүндөгү бүтүмгө негизделген, төлөө мөөнөтү келип калган же болбосо милдеттенменин аткарылбагандыгы карызкор тарабынан мойнуна алынган милдеттенме боюнча карызды өндүрүп алуу үчүн мисалы, талашты сотко чейинки жөнгө салуунун тартибинде өндүрүп алуучуга жөнөтүлгөн дооматка жооп катары төмөнкүлөр берилет: келишимдердин түп нускалары (сатып алуу-сатуу, жеткирүү, подряд, ташуунун, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, сактоо ж.б.);
3) карызкордун карызды төлөө боюнча милдеттенмесинин келип чыгышын ырастоочу документтер, товарды коштоочу документтер: товардык-транспорттук коштомо кагаз, товардык коштомо кагаз, жүккө коштомо кагаз, коносамент же башка документ.
4) эки тарап тең кол койгон мүлктү (товарды) өткөрүп берүү жөнүндө документ (кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы, мүлктү (товарды) өткөрүп берүү актысы), мүлктү (товарды) саны жана сапаты боюнча кабыл алуу актысы ж.б.), эки тарап тең кол койгон, аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кабыл алынганын күбөлөндүргөн документ, (аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алуу актысы жана башкалар), наряд-заказ, эсеп-фактура жана башкалар);
5) карызкор тарабынан карыздын суммасын жазуу жүзүндө тааныгандыгын ырастоочу документтер (өндүрүп алуучу менен карызкор тарабынан кол коюлган жана мөөр басылган (эгерде бар болсо) эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы), карызкор акча каражаттарын төлөө боюнча милдеттенмени тааныган дооматка жооп; акцептелген төлөм талабы же мыйзамдын талаптарына ылайык таризделген жана ыйгарым укуктуу адам кол койгон башка документ);
6) төлөнбөгөндүгүнө, акцептелбегендигине жана акцепттин датасы коюлбагандыгына векселдин протестине негизделген милдеттенме боюнча карызды өндүрүү үчүн нотариус тарабынан төмөнкүлөр берилет: векселдин түп нускасы жана төлөнбөгөндүгүнө, акцептелбегендигине жана акцепттин датасы коюлбагандыгына векселдин нотариус тарабынан жүргүзүлгөн протести;
7) лизинг келишимине же «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лизинг предметин талап кылууда төмөнкүлөр берилет: лизинг келишими, арыз берилгенге чейин кеминде бир ай мурда лизинг алуучуга жөнөтүлгөн лизинг предметин талап кылуу мүмкүндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү, лизинг алуучунун лизингдик төлөмдөрдү иш жүзүндө төлөгөндүгүн ырастоочу документтер;
8) ломбард тарабынан карызкор – күрөө берүүчүгө берилген кредитти кайтаруу мөөнөтү аяктагандан кийин күрөө предметин өндүрүү үчүн күрөө билети берилет;
9) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кондоминиум объектисинин, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жалпы мүлкүн күтүүгө милдеттүү чыгымдарга катышуудан качкан батирлердин, турак эмес жайлардын менчик ээлеринен карыздарды өндүрүү жөнүндө милдеттенме боюнча карызды өндүрүү үчүн, кошумча чыгымдарды өндүрүү жөнүндө талаптардан тышкары төмөнкүлөр көрсөтүлөт: тейлөөгө келишимдин өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; тарифтерди белгилөө жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (протокол, батирлердин, турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечиминен көчүрмө); кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө боюнча карыздын суммасын эсептөө жөнүндө документ (карыздын суммасын эсептөө менен өздүк эсептин өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же жеке эсептен өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө). Документте карызды төлөө мөөнөтү, төлөмдү төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон дата, карыздын суммасы тууралуу маалыматтар камтылат;
10) иш жүзүндө керектелген кызмат көрсөтүүлөр (электр, газ, жылуулук-суу менен камсыздоо жана башкалар) үчүн ачык келишимдердин негизинде карыздарды өндүрүү жөнүндө милдеттенме боюнча карыздарды өндүрүү үчүн, ошондой эле төлөө мөөнөтү келип жеткен белгиленген тарифтерге ылайык кызмат көрсөтүүлөргө башка келишимдер үчүн төмөнкүлөр берилет: өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн жеке келишим же өндүрүп алуучунун расмий сайтында жайгаштырылган ачык келишим (анын мазмуну менен таанышуу үчүн); кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча карыздын суммасын эсептөө жөнүндө документ, карыздын суммасын эсептөө менен жеке эсептин өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же жеке эсептен өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө жана алардын түп нускалары. Документте карызды төлөө мөөнөтү, төлөмдү төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон дата, карыздын суммасы тууралуу маалыматтар камтылат;
11) ижара келишиминде белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу ижара төлөмдөрүн өндүрүү жөнүндө милдеттенме боюнча карызды өндүрүү үчүн төмөнкүлөр берилет: ижара келишими, карызды төлөө жөнүндө доомат;
12) кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны жана башка төлөмдөрдү өндүрүү үчүн төмөнкүлөр берилет: эмгек келишиминин же эмгек китепчесинин көчүрмөсү; эсептелген эмгек акынын өлчөмү жөнүндө уюмдун биринчи жетекчиси, бухгалтери (бар болсо) кол койгон жана мөөрү (бар болсо) менен күбөлөндүрүлгөн иш берүүчүнүн маалымкаты, эсептелген эмгек акынын төлөнбөгөндүгүнүн далили (эмгек акы ведомостунун, эсептешүү барагынын, эмгек акынын кечиктирилгени жөнүндө маалымкаттын көчүрмөлөрү ж.б.);
13) соттон тышкаркы жол-жобо тартибинде түзүлгөн талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууларды аткаруу тууралуу карыздарды өндүрүү үчүн кол коюлган макулдашуу берилет;
14) банктык зайымдарды кошпогондо, бышманаларды (туумдарды), пайыздарды өндүрүү боюнча аткаруу жазууларын аткаруу үчүн, эгерде булар болсо, төмөнкүлөр берилет: карызкорго өндүрүп алуучу тарабынан жиберилген жана аткарылбаган милдеттенмеге (келишимге, датага) көрсөтмөнү камтыган доо, карыздын суммасын төлөө же башка кыймылдуу мүлктү талап кылууга тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө талап, чегерилген бышмананын (туумдун) суммасы, пайыздар, алар эсептелген мезгил, карызкордун доосуна жооп берүү мөөнөтү жана өндүрүп алуучунун аткаруу жазуусун жасоо үчүн нотариуска кайрылуу укугу жөнүндө эскертүү; карызкордун доону карызкорго жибергендигинин далили; карызкордун милдеттенменин аткарылбагандыгынын фактысын тааныган доосуна жазуу жүзүндөгү жообу келишимди, датаны, карыздын суммасын же талап кылынууга тийиш болгон башка кыймылдуу мүлктү жана дооматта көрсөтүлгөн мезгил үчүн чегерилген айыптык төлөмдү (туумду), пайыздарды көрсөтүү менен милдеттенменин аткарылбагандыгы үчүн анын жоопкерчилигин жокко чыгарган жүйөлөрдү келтирбейт.
317. Эгерде доомат карызкорго төмөнкү ыкмалардын бири же келишимдин шарттарында каралган ыкма менен жөнөтүлсө: келишимде көрсөтүлгөн электрондук почтанын, келишимде көрсөтүлгөн жашаган жери боюнча же катталган жери боюнча дарегине, алган күнүн көрсөтүп, алуучунун кол тамгасы менен же тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү менен, анын ичинде үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бири, көрсөтүлгөн даректеги адам менен жашаган башка адам тарабынан тапшырык кат менен, жеткирүүнү белгилөөнү камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен алынса, доомат жеткирилди деп эсептелет.
318. Доону адресатка, алуучуга тапшыруу мүмкүн эместиги жөнүндө белги коюу менен же аны кабыл алуудан баш тарткандыгына, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн башка байланыш каражаты менен аны кабыл алгандыгын ырастабагандыгына байланыштуу кайра кайтарылган учурда, доомат талаптагыдай жеткирилди деп эсептелет.
Эгерде келишимде бышмананы (туумду), пайыздарды өндүрүп алуунун башка механизми каралса, анда аны өндүрүп алуу келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Эгерде карызды белгилеген документ боюнча өндүрүп алууну бөлүп жүргүзүү керек болсо, анда ар бир өндүрүп алуу боюнча аткаруу жазуусу бул документтин көчүрмөсүндө (же түп нускасында) баяндалышы мүмкүн. Мындай учурларда карызды белгилөөчү түп нускадагы документте өндүрүлүүгө тийиш болгон сумманы, нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде ал катталган датаны жана номерди көрсөтүү менен аткарылган аткаруу жазуусу жөнүндө белги коюлат.
Нотариуста аткаруу жазуусу жасалган документтердин көчүрмөлөрү калат.
Ошол эле бир милдеттенме боюнча аткаруу жазуусун ар бир кийинки жүргүзүүдө карызды белгилөөчү документтин көчүрмөсүн кайра берүү талап кылынбайт.
319. Эгерде карызды аныктаган документтен тышкары, аткаруу жазуусун жүргүзүү үчүн алар боюнча карызды өндүрүп алуу талашсыз тартипте аткаруу жазууларынын негизинде жүргүзүлүүчү документтердин тизмегинде көрсөтүлгөн башка документтерди да берүү зарыл болсо, анда алар аткаруу жазуусуна тиркелбей, нотариуста калат.
Мүлктүк комплекс катары бүтүндөй ишканага өндүрүп алуу нотариустун аткаруу жазуусунун негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.
320. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкары тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда, күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочунун талаптарын канааттандырууга ниети жок болсо, нотариустун аткаруу жазуусу бирге тигилген зайым келишиминде же тил катта, күрөө келишиминде, соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жөнүндө макулдашууда жана нотариустун көктөмөлөрүндө калтырылган келишимдердин маалыматтарынын көчүрмөлөрүндө жана каттоочу органда тиешелүү түрдө каттоодон өткөн өндүрүп алуучунун карызкорго билдирүүсү жазылат.
27-глава. Векселдердин протесттерин жасоо, чектерди төлөөгө берүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү
321. Төлөнбөгөндүгүнө векселдердин протести нотариус тарабынан төлөөчүнүн жайгашкан жери боюнча же төлөмдүн орду боюнча (домицилдештирилген векселдер, б.а. үчүнчү жакта төлөнүүгө тийиш болгон векселдер), ал эми акцептте болбогон жана акцепттин датасы коюлбаган векселдердин протести төлөөчүнүн жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.
Төлөбөгөндүгүнө протест жасоо үчүн векселдер нотариус тарабынан вексель боюнча төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийинки күнү, бирок ошол мөөнөттөн кийинки 12 сааттан кечиктирбестен кабыл алынат. Вексель акцептке көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде акцептте протест жасоо үчүн, ал эми вексель акцептке мөөнөттүн акыркы күнүндө, ушул мөөнөттөн кийинки күнү 12 сааттан кечиктирилбестен кабыл алынышы мүмкүн.
322. Вексель протестке кабыл алынган күнү нотариус төлөөчүгө векселди төлөө (же акцепт) жөнүндө талап коёт.
Эгерде төлөөчү векселди төлөсө, нотариус каршылык көрсөтпөө менен векселди төлөгөн адамга векселдин өзүнө белгиленген форма боюнча төлөмдү жана башка тиешелүү суммаларды алгандыгы жөнүндө жазуусу менен векселди кайтарып берет.
Эгерде төлөөчү которулма векселде акцепт жөнүндө белги койсо, вексель векселди кармоочуга каршылык көрсөтпөстөн кайтарылып берилет.
Төлөөчү векселди төлөөдөн же акцепттөөдөн баш тарткан же нотариуска келбей койгон учурда нотариус төлөнбөгөндүгүнө протест же акцепт эместегине протест жөнүндө белгиленген форма боюнча акт түзөт жана реестрге тиешелүү жазууну, ошондой эле төлөнбөгөндүгүнө протест же акцепт эместиги жөнүндө векселдин өзүнө белги коёт.
Эгерде төлөөчүнүн турган жери белгисиз болсо, векселдин протести төлөм жөнүндө же векселдин акцепти жөнүндө талап коюлбастан протест жөнүндө актыда жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн Реестрде тиешелүү белги коюу менен жасалат.
Протест жасалган вексель вексель ээсине же ал ыйгарым укук берген адамга берилет.
323. Төлөөчүнүн жайгашкан жериндеги нотариус төлөмгө көрсөтүү үчүн он жумуш күн өткөндөн кийин берилген чектерди, ал эми чет өлкөлүк чектер – чек берилген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин, бирок ошол мөөнөттөн кийинки күндүн 12 саатынан кечиктирбестен кабыл алат.
Нотариус ошол эле күнү чекти банкка төлөө үчүн берет. Чек төлөнбөгөн учурда нотариус чекте белгиленген формада жазуу жолу менен чектин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт жана бул жөнүндө нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде белгилейт. Чекте жазуу менен бирге чек берүүчүгө анын чеги банк тарабынан төлөнбөгөндүгү жана чекке жазуу жасалгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
Чек ээсинин өтүнүчү боюнча нотариус чек төлөнбөгөн учурда ушул Нускамада белгиленген эрежелер боюнча аткаруу талабын жазат.
28-глава. Документтерди сактоого кабыл алуу.
Кабыл алынган документтерди кайтарып берүү
324. Кайрылган адамдардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча нотариус документтерди сактоо үчүн сейфте сакталуучу тизме боюнча документтерди сактоого кабыл алат.
Тизме үчтөн кем эмес нускада түзүлөт, ага документтерди сактоого тапшырган адам жана нотариус кол коёт.
Тизменин эки нускасы нотариустун көктөмөлөрүндө калат, калган нускалары документтерди сактоого тапшырган адамга берилет.
Кабыл алынган документтер чапталган жерине реестрдин датасын жана номерин көрсөтүү менен аларды тапшырган адам жана нотариус тарабынан кол коюлуп, өзүнчө пакетте сакталат, нотариустун мөөрү басылат, эгерде тизмелөө учурунда мөөрү болсо, каалоосу боюнча юридикалык жактын мөөрү менен кошумча бекемделет.
Нотариус документтердин сактоого кабыл алынгандыгын ырастоо үчүн аларды сактоого тапшырган адамга документтердин сактоого кабыл алынгандыгы жөнүндө күбөлүк берет.
325. Документтерди сактоого кабыл алуу жөнүндө күбөлүктө документтерди сактоого кабыл алынган дата жана саат убактысы, документтерди сактоо мөөнөтү, сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин документтерди алууга ыйгарым укуктуу жеке же юридикалык жактын аталышы камтылууга тийиш.
326. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 104-беренесине ылайык сактоого кабыл алынган документтер аларды сактоого тапшырган адамга же мыйзамдуу ыйгарым укуктуу адамга күбөлүктү жана тизмени көрсөткөндө же соттун чечими боюнча кайтарылып берилет.
Документтерди берүүдө нотариус сактоого тапшырылган документтерди кабыл алгандыгына тил кат (арыз) талап кылат, ошол эле учурда арыз ээсинин тил каттагы (арыздагы) кол тамгасынын аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
327. Эгерде мурастын курамында башкарууну талап кылган мүлк болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин кредиторлор мурас калтыруучуга доо койгон учурда нотариус мурас мүлкүн башкаруучуну дайындайт, ал жөнүндө токтом чыгарат.
328. Ишенимдүү башкаруучу мураскордун (мураскорлордун) арызынын (арыздарынын), ал эми мураскорлор жок болсо – ишенимдүү башкарууну уюштуруу үчүн кайрылган адамдын арызынын же соттук актынын негизинде нотариустун токтому менен дайындалат.
329. Эгерде сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин документтерди алууга эч ким келбесе, нотариус документтерди андан ары сактоого калтырат же документтерди коштомо кат менен ведомстволук нотариалдык архивге өткөрүп берет.
Сактоо мөөнөтүнө карабастан, документтер электрондук архивди түзүү үчүн электрондук форматта сканерленет.
Документтерди сактоо мөөнөттөрү өтүп кеткен, ошондой эле документтерди ведомстволук нотариалдык архивге өткөрүп берген учурда нотариус документтерди сактоого тапшырган адамга билдирет.
Документтерди алууга укугу бар өкүл-жак (укук улантуучу) документтерди сактоого, билдирүүгө, андан ары ведомстволук нотариалдык архивге сактоого өткөрүп берүүгө байланышкан чыгымдарды кошумча төлөгөндөн кийин алат.
29-глава. Деӊиздик протесттерди жасоо
330. Нотариус кеме ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн далилдерди камсыз кылуу максатында кеме ээсине мүлктүк талаптарды коюу үчүн негиз болушу мүмкүн болгон, кеме сүзүп жүргөн же токтоп турган мезгилде болгон окуя жөнүндө кеменин капитанынын арызын кабыл алат.
331. Деңиз протести жөнүндө билдирүү кеме портко келгенден кийин 24 сааттын ичинде жасалат. Эгерде деңиз протести билдирүүсүн талап кылган окуя портто болгон болсо, протест окуя болгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде жарыяланууга тийиш.
Эгерде протестти белгиленген мөөнөттө билдирүү мүмкүн болбосо, мунун себептери деңиз протести жөнүндө арызда көрсөтүлүүгө тийиш.
Деңиз протести жөнүндө арызда окуянын жагдайлары жана ага ишенип берилген мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн капитан тарабынан көрүлгөн чаралар баяндалууга тийиш.
Деңиз протести жөнүндө арызда баяндалган жагдайларды ырастоо үчүн кеменин капитаны арыз менен бир эле учурда, же портко келген учурдан тартып жети жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө же эгерде ал портто болгон болсо, окуя болгон учурдан тартып нотариуска кеме журналын жана кеме журналынын капитан тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
332. Нотариус капитандын арызынын, кеме журналынын маалыматтарынын, ошондой эле капитандын өзүн жана мүмкүн болушунча кеменин командалык курамынын ичинен экиден кем эмес күбөнү жана кеменин командасынан эки күбөнү сурамжылоонун негизинде белгиленген форма боюнча деңиз протести жөнүндө акт түзөт жана аны өзүнүн колу жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрөт. Актынын бир нускасы капитанга же ыйгарым укуктуу адамга берилет, экинчиси ага тиркелген капитандын арызы жана кеме журналынын көчүрмөсү менен нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
30-глава. Далилдерди камсыз кылуу
333. Нотариус далилдерди камсыз кылат. Ишке катышкан жактардын кийин алар үчүн зарыл болгон далилдерди берүү мүмкүн болбой калат же кыйын болуп калат деп коркууга негиздери бар болсо, алар соттон бул далилдерди камсыз кылууну суранса болот.
Нотариус кызыкдар адамдар нотариуска кайрылган учурда соттун же административдик органдын өндүрүшүндө турган иштер боюнча далилдерди камсыз кылбайт. Эгерде зарыл болгон далилдер чет мамлекеттердин органдарында иштерди жүргүзүү үчүн талап кылынса, кызыкдар жак кайрылган учурда иш чет мамлекеттердин органдарынын өндүрүшүндө болгондугуна карабастан, далилдерди камсыз кылуу нотариус тарабынан жүргүзүлөт.
334. Далилдерди камсыз кылууга кызыкдар адам нотариуска арыз берет, анын же анын өкүлүнүн колу нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
335. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде нотариус күбөлөрдү суракка алат, жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди карап чыгат, экспертиза дайындайт.
336. Далилдерди камсыз кылуу боюнча процессуалдык аракеттерди аткарууда нотариус Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарын жетекчиликке алат.
337. Нотариус далилдерди камсыз кылуунун убактысы жана орду жөнүндө башка тарапка жана кызыкдар жактарга билдирет, алардын келбей калышы далилдерди камсыз кылуу боюнча аракеттерди аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Тараптардын бирине жана кызыкдар жактарга билдирбестен далилдерди камсыз кылуу кийинкиге калтырууга болбой турган же кийин бул ишке кимдер катышаарын аныктоого мүмкүн болбогон учурларда гана жүргүзүлөт.
338. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 109-беренесине ылайык нотариус күбөгө жана экспертке атайылап жалган көрсөтмө же корутунду бергендиги үчүн жана көрсөтмө же корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.
339. Нотариус далилдерди камсыз кылуу тартибинде күбөнү суракка алуу жөнүндө протокол түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) сурактын датасы жана орду, суракты жүргүзгөн нотариустун фамилиясы жана инициалдары;
2) суракка катышкан адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) күбөнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, анын туулган жылы, жашаган жери;
4) билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги жана көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү;
5) күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн мазмуну (ага берилген суроолор жана аларга жооптор).
Протоколго күбө, суракка катышкан адамдар жана нотариус кол коёт.
340. Жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди кароо жөнүндө протокол түзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кароо жүргүзүү датасы жана орду;
2) карап чыгууну жүргүзгөн нотариустун фамилиясы жана инициалдары;
3) кароого катышкан кызыкдар адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты, алардын жашаган жери;
4) кароодо табылган жагдайлар.
Протоколго карап чыгууга катышкан адамдар жана нотариус кол коёт.
341. Эгерде буюм далили катары интернет тармагында жайгаштырылган маалымат каралса, далилди камсыз кылуу жөнүндө арызда далилди камсыз кылуунун максаты, интернет тармагындагы баракчанын дареги, документтин реквизиттери көрсөтүлөт, зарыл болгон учурда тексттин же графикалык маалыматтын аталышы, анын интернет-баракчада жайгашкан жери, маалыматтын текстинен конкреттүү цитаталар көрсөтүлөт.
342. Нотариус интернет-баракчаны карап чыгат, андан кийин интернет-баракча автоматтык режимде белгиленген мөөрдүн датасын жана файлдын дарегин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен толугу менен кагаз бетине басып чыгарылат. Басып чыгаргандан кийин, басма версиясы электрондук вариант менен салыштырылат.
Барактын дарегин жана тексттин же сүрөттүн реквизиттерин салыштырып, нотариус далилдерди камсыз кылуу протоколун түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

4) кароодо табылган жагдайлар, атап айтканда кызыгуу жараткан барактын экрандагы сүрөттөлүшүн алуу үчүн нотариустун же адистин иш-аракеттеринин ырааттуулугу баяндалат.
343. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча протоколго каралып чыккан далил жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук маалымат алып жүрүүчү тиркелет. Мындай учурда арыз ээси тарабынан нотариуска эки электрондук маалымат алып жүрүүчү берилет (CD-R, DVD-R, USB флэш-диск), алардын ар бирине нотариус тарабынан каралып чыккан далилдер жөнүндө маалыматтар жазылат. Протоколдун текстинде протоколго каралып чыккан далил жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук маалымат алып жүрүүчүнү тиркөө жөнүндө белги коюлат.
Белги нотариустун кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт, ага датасы, нотариустун статусу, анын фамилиясы жана инициалдары көрсөтүлүп, нотариустун гербдик мөөрү басылат.
344. Ар бир материалдык алып жүрүүчү арыз ээсинин (арыз ээлеринин) катышуусунда нотариус тарабынан өзүнчө конвертке салынат. Ар бир конверттин арткы бети чапталып, ага нотаристун гербдүү мөөрү басылат.
Протоколго карап чыгууга катышкан адамдар жана нотариус кол коёт. Нотариустун колу гербдүү мөөр менен бекемделет. Басылган барактар протоколго тиркелет.
345. Нотариус экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) токтом түзүлгөн дата жана орду, токтом чыгарган нотариустун фамилиясы жана инициалдары;
2) өтүнүчү боюнча экспертиза дайындалып жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери;
3) эксперттин корутундусун талап кылынган маселелер;
4) экспертиза жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышы. Эгерде экспертиза жүргүзүү конкреттүү адамга тапшырылса, анда анын фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, иштеген жери жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Токтомго нотариус кол тамгасын коёт.
346. Далилдерди камсыз кылуу боюнча өндүрүш аяктагандан кийин кызыкдар жакка далилдерди камсыз кылуу тартибинде түзүлгөн ар бир документтин бирден нускасы берилет. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде түзүлгөн ар бир документтин нускасы нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Далилдерди камсыз кылуу өндүрүшү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдар күбөлөргө жана эксперттерге далилдерди камсыз кылуу өндүрүшү боюнча чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү.
31-глава. Нотариалдык иш-аракетке тиркелген документтердин дубликаттарын, архивдик көчүрмөлөрүн, көчүрмөлөрүн берүү жана электрондук формада таризделген нотариалдык иш-аракеттердин архивдик көчүрмөлөрүнүн дубликаттарын берүү
347. Нускалары нотариуста сактоодо турган нотариалдык документтерди жарандар жана юридикалык жактар, юридикалык жактардын укук улантуучулары жоготкон учурда нотариус бул документтердин дубликаттарын жарандардын жана юридикалык жактардын атынан, атына, тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракет жасалган жарандарга жана юридикалык жактарга берет.
348. Нотариалдык документтин дубликатын берүү жөнүндө арыз «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 56-беренелеринин талаптарына ылайык таризделет.
Арызда нотариалдык документ жөнүндө бардык белгилүү маалыматтар, анын ичинде аны күбөлөндүрүү (берүү) убактысы жана сактоо орду, ошондой эле документтин жоктугунун себеби көрсөтүлөт.
349. Өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним каттын дубликаты негизги ишеним кат боюнча берилген адамга берилиши мүмкүн.
350. Нотариус нотариалдык документтин дубликатын берет, анын нускасы нотариуста, нотариалдык конторада же бюродо тиешелүү арыз берилген күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.
351. Нускасы мамлекеттик жана/же ведомстволук архивде сакталууда турган нотариалдык документтин дубликатын берүү мамлекеттик жана/же ведомстволук архив жөнүндө тиешелүү укуктук актыда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
352. Нотариалдык документтин дубликаты кагаз жүзүндө таризделет жана бир нускада түзүлөт. Нотариалдык документтин дубликаты түп нускадагы нотариалдык документтин бардык текстин камтууга тийиш.
353. Нотариалдык документтин дубликаты берилгендиги жөнүндө нотариус арызга жана нотариустун сактоосунда турган документтин нускасына, нотариалдык конторага нотариалдык документтин дубликаты берилген датаны жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестри боюнча номерди көрсөтүү менен белги коёт. Белги датаны, нотариустун статусун, анын инициалдарын жана фамилиясын көрсөтүү менен нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт.
354. Керээздин дубликаты керээз калтыруучуга, ал эми ал өлгөндөн кийин керээзде көрсөтүлгөн мураскорлорго алар тарабынан керээз калтыруучунун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк берилгенде берилет. Керээзде көрсөтүлгөн мураскорлор каза болгон учурда керээздин дубликаты керээз берүүчүнүн жана өлгөн мураскордун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү, ал эми зарыл учурларда мураскорлордун мурас калтыруучу менен туугандык мамилелерин ырастоочу документтерди (эгерде бул документтер мурда берилбеген болсо) берүүдө алардын мураскорлоруна берилет жана андан кийин алар мурас алышат.
355. Нотариалдык документтерди берүүдө каза болгон жарандын мураскорлоруна мураска калтырылган мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендигин ырастаган документтин дубликаты да берилет.
356. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринен көчүрмөнү жарандардын жана юридикалык жактардын атынан, атына, тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракеттер аткарылган юридикалык жактардын, ошондой эле ушул юридикалык жактардын укук улантуучуларынын жазуу жүзүндөгү арыздары боюнча берет.
357. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринен көчүрмө берүү жөнүндө арыз ушул Нускамага ылайык таризделет.
Арызда жасалган нотариалдык иш-аракет жөнүндө, анын ичинде анын жасалган датасы жөнүндө бардык белгилүү маалыматтар көрсөтүлөт.
358. Көчүрмө ага карата берилген мыкты нотариалдык иш-аракет боюнча нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде камтылган жазуунун толук текстин камтууга тийиш.
Нотариус көчүрмөнү берүү жөнүндө арызга көчүрмө берилген датаны жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестри боюнча номерди көрсөтүү менен белги коёт. Белги датаны, нотариустун статусун, анын аты-жөнүн көрсөтүү менен нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт.
359. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза же жарандык иштерге байланыштуу алардын талабы боюнча берилет, ошондой эле «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
360. Нотариустун архивинде сакталган документтерди көрсөтпөстөн нотариус тарабынан нотариалдык иш-аракет жасалгандыгынын фактысын ырастоо же четке кагуу жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды берүү деп түшүнүлөт.
361. Нотариус тарабынан маалыматтар, документтер жана документтердин көчүрмөлөрү тиешелүү органдардын мөөрү басылган, көрсөтүлгөн органдардын кат жүзүндөгү талабы боюнча гана берилет. Кандай болбосун башка учурларда жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө тыюу салынат.
362. Документтердин түп нускаларынын көчүрмөлөрүн же документтердин көчүрмөлөрүнөн көчүрмөлөрдү берүүдө алар нотариус тарабынан даярдалып, «түп нускасы менен көчүрмөсү туура» же «көчүрмөнүн көчүрмөсү туура» деген белги коюу менен нотариустун колу жана мөөрү менен ырасталышы мүмкүн.
363. Нотариалдык иш-аракеттердин жасалгандыгын ырастаган документтерди алып коюу зарыл болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сот актысынын негизинде алып коюу жүргүзүлүүгө тийиш.
364. Нотариалдык иш-аракеттердин жашырындуулугун сактоо жөнүндө эрежелер кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белгилүү болгон адамдарга да жайылтылат.
365. Жасалып жаткан нотариалдык иш-аракеттердин жашырындуулугун бузган күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
366. Электрондук документтерди берүүдө нотариус документтин электрондук көчүрмөсүн кагаз жүзүндө күбөлөндүрөт. Кагаз жүзүндө документтин электрондук көчүрмөсүн түзүү үчүн нотариус берилген документти фотокөчүрүүнү (сканерлөөнү) жүзөгө ашырат жана графикалык форматтагы файлдарды электрондукалып жүрүүчүгө сактайт. Электрондук чагылдыруулардын сапатын контролдоо тесттик программалык каражаттардын жардамы менен (алар бар болсо) жана оригинал менен көрүп салыштыруу жолу менен жүргүзүлөт. Мында түп нусканын ар бир барагы үчүн электрондук чагылдыруулардын бар экендиги текшерилет.
32-глава. Макулдуктарды күбөлөндүрүү
367. Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган учурларда макулдугун күбөлөндүрөт.
Мындай макулдуктарга төмөнкүлөр кирет:
– биргелешкен менчиктин катышуучуларынын бүтүм жасоого макулдугу;
– кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүмдөрдү жана мыйзамда белгиленген тартипте нотариалдык күбөлөндүрүүнү жана (же) каттоону талап кылган бүтүмдөрдү башка жубайы жасашы үчүн жубайынын макулдугу;
– карын эне болуу келишимин түзүүгө жубайынын макулдугу;
– жеке ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн жубайлардын жалпы мүлкүн пайдаланууга жубайынын макулдугу;
– банктык зайым келишимин камсыз кылууга сунушталган күрөөнүн келип чыгышын жана өзгөрүшүн каттоого күрөө коюучунун макулдугу;
– кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо кетирилген каталарды оңдоого кызыкдар жактардын макулдугу;
– жашы жетпеген жарандын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коштоосуз чыгып кетүүсүнө ата-энесинин, асырап алуучулардын, камкорчулардын же көзөмөлчүлөрдүн макулдугу;
– он сегиз жашка чыга элек адамдардын ата-энесинин бири (камкорчу, көзөмөлчү) менен бирдикте туруктуу жашоого жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга ата-энесинин макулдугу;
– 14төн 18 жашка чейинки курактагы баланын Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого макулдугу;
– эгерде пландаштырылган жайларды (турак үйдүн бөлүктөрүн) реконструкциялоо (кайра пландаштыруу, кайра жабдуу) же жайлардын чек араларын которуу алардын кызыкчылыктарын козгосо, өзгөртүлүүчү жайлар (үйдүн бөлүктөрү) менен чектеш жайлардын (үйдүн бөлүктөрүнүн) менчик ээлеринин макулдугу;
– менчик ээлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка макулдуктары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
368. Макулдукту күбөлөндүрүү бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт.
Макулдукта “Макулдук” документинин аталышы, макулдук күбөлүгүнүн орду жана датасы; макулдукка кол койгон (кол коюшкан) адамдын (адамдардын) фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жеке идентификациялык номери, туулган датасы жана жери, жашаган же турган жери көрсөтүлөт.
Макулдук нотариус тарабынан эки нускада күбөлөндүрүлөт, алардын бири нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат. Бир макулдукту ага кол койгон адамдардын санына карабастан күбөлөндүрүү бир нотариалдык иш-аракет болуп саналат.
Жакын туугандарына жана жубайларына карата макулдукту күбөлөндүрүүдө туугандык жана никелешүү мамилелерди ырастаган документтер текшерилет, алардын көчүрмөлөрү көктөмгө тиркелет.
Нотариус макулдук берилип жаткан конкреттүү мүлктү көрсөтүү менен жубайлардын макулдугун күбөлөндүрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
33-глава. Юридикалык жактардын, ар кандай лотереялардын, аукциондордун тираждык комиссияларынын чогулуштарынын протоколдорун күбөлөндүрүү
369. Нотариус юридикалык жактын жогорку башкаруу органы тарабынан бекитилген юридикалык жактардын иши менен байланышкан протоколдорду күбөлөндүрүүгө укуктуу.
Юридикалык жактардын протоколдорун, чечимдерин күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген мамлекеттик алымдын ставкаларына ылайык мамлекеттик алым алынат.
Юридикалык жакты каттоодо, кайра каттоодо жана жоюуда нотариус уюштуруучу(нун)(лардын)/катышуучу(нун)(лардын) юридикалык жактын чечимдерине же протоколдоруна койгон колунун аныктыгын күбөлөндүрүүгө жана ырастоого укуктуу, калган учурларда бул протоколдук мүнөздө болот.
Мындай чечимдерди же протоколдорду күбөлөндүрүүдө төмөнкүлөр талап кылынат:
1) юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтер (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, башка документтер);
2) талкуулоо үчүн коюлган конкреттүү маселени чечүүдө чогулган катышуучулардын ыйгарым укуктарын, алардын юридикалык жактын ишине катышуусун ырастоочу документтер (ыйгарым укуктуу органдардын тираждык комиссияларды, лотереяларды, аукциондорду өткөрүү жөнүндө чечимдери) комиссиянын курамын шайлоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын протоколу (же башка документ), юридикалык жактын уюштуруу документтери;
3) юридикалык жактын катышуучуларынын же тираждык комиссиянын мүчөлөрүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер.
34-глава. Мүлктү ээликтен ажыратуу менен байланышпаган нотариалдык аракеттерди дистанциялык тартипте күбөлөндүрүү
370. Нотариус эки же бир нече нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусу менен нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан (онлайн) жеке кабинети аркылуу күбөлөндүрөт.
371. Эки же бир нече нотариустардын жана (же) кызмат адамдарынын катышуусу менен аралыктан (онлайн) жасалышы мүмкүн болгон нотариалдык иш-аракеттер – эки же бир нече нотариустардын жана (же) мүлктү ээликтен ажыратуу менен байланышпаган кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо.
372. Жеке кабинет аркылуу аралыктан аткарылышы мүмкүн болгон нотариалдык иш-аракеттер – арыз ээсинин жеке катышуусуз эле тиешелүү арызы менен жеке кабинеттен БМСЖ аркылуу нотариуска жана (же) кызмат адамына кайрылуу жолу менен мүлктү ээликтен ажыратуу менен байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо.
373. Нотариалдык иш-аракеттердин тизмеги жана аларды жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартиби менен белгиленет.
35-глава. Мамлекеттик каттоо үчүн
электрондук документтерди берүү
374. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 93-беренесине ылайык нотариалдык документтерди мамлекеттик каттоого же башка каттоого берүү нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүзөгө ашырылат. Нотариус арыз ээлеринин атынан мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык системасына электрондук формада документтерди берүүгө, каттоо жыйымдарын жана төлөмдөрдү төлөөгө, каттоо жөнүндө билдирүүлөрдү алууга, ошондой эле башка зарыл иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу.
375. Электрондук документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо тартиби жөнүндө жобого ылайык НБМС аркылуу же Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайты аркылуу нотариус тарабынан каттоо органына берилет.
Формалар боюнча мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздар нотариуска жеке жана юридикалык жактар тарабынан кагаз жүзүндө берилет.
Нотариалдык документтерди мамлекеттик же башка каттоого берүү жана аларды каттоочу органдар тарабынан кароо боюнча башка документтер нотариуска кагаз жүзүндө да, электрондук түрүндө да беришиши мүмкүн.
376. Эгерде документтер нотариуска юридикалык жактын уюштуруучусу, аткаруу органынын жетекчиси, жоюу комиссиясынын жетекчиси, ишеним каттын негизинде аракеттенген башка адамдар тарабынан берилсе, анда мамлекеттик каттоо жөнүндө арызга нотариустун катышуусунда ошол адамдар кол коёт. Бул арызда нотариус тарабынан жарандын инсандыгын аныктоо, өкүлдүн аракетке жөндөмдүүлүгүн, ыйгарым укуктарын текшерүү жөнүндө белги коюлат, ал датаны, нотариустун статусун, анын инициалдарын жана фамилиясын көрсөтүү менен нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт. Башка учурларда адамдардын койгон колдорунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
377. Нотариус тарабынан арыз ээси (арыз ээлери) берген документтердин эки нускадагы тизмеси түзүлөт, ага нотариус жана арыз ээси (арыз ээлери) тарабынан датасын, нотариустун статусун, анын инициалдарын жана фамилиясын көрсөтүү менен кол коюлат.
378. Нотариус мамлекеттик каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды веб-порталда жайгаштырылган арыздын формасына киргизет, документтердин пакетин түзөт.
Түзүлгөн документтердин пакетине нотариустун электрондук кол тамгасы коюлат жана каттоочу органга берилет.
Каттоочу органга электрондук документтерди берүү жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүк (мындан ары ушул главанын максаттары үчүн – күбөлүк) берилет. Күбөлүктүн нускасына арыз ээси берген документтердин тизмесинин нускасы тиркелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонунубактылуу тартибинин (мындан ары – Убактылуу тартиби) 11-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук документтерди каттоочу орган тарабынан электрондук түрдө кабыл алынгандыгы жөнүндө нотариус кийинки күндөн кечиктирбестен арыз ээсине аны менен макулдашылган ыкма менен билдирет (СМС-билдирүү, электрондук почта аркылуу, байланыш каражаттарынын жардамы менен).
379. Электрондук документтер нотариус тарабынан арыз ээсине (арыз ээлерине) же анын (алардын) өкүлүнө берилген электрондук маалымат алып жүрүүчүгө (CD-диск, DVD-диск, USB-флэш) бир нускада берилет.
Убактылуу тартипте көрсөтүлгөн электрондук документтерди берүүдө нотариус арыз ээсинин (арыз ээлеринин) же анын (алардын) өкүлүнүн инсандыгын аныктайт, анын аракетке жөндөмдүүлүгүн, өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет, бул жөнүндө күбөлүктүн нотариуста сакталган нускасына белги коёт, ал датаны, нотариустун статусун, анын инициалдарын жана фамилиясын көрсөтүү менен нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт.
Электрондук документтерди алгандыгы жөнүндө арыз ээси (арыз ээлери) же анын өкүлү нотариуста сакталган күбөлүктүн нускасына кол коёт.
III бөлүм. Мурас
36-глава. Мурас иши боюнча өндүрүштү ачуу
380. Мурастоо иши боюнча өндүрүштү ачуу үчүн нотариус мурас калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган жери болуп саналган мурасты ачуу ордун аныктоого тийиш. Эгерде мурас калтыруучунун акыркы жашаган жери белгисиз болсо же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде болсо, мурас калтыруучуга таандык кыймылсыз мүлк же анын негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жер, ал эми кыймылсыз мүлкү жок болсо – кыймылдуу мүлктүн негизги бөлүгү жайгашкан жер мурасты ачуу орду деп таанылат.
Нотариус мурастоо ишинин ачылышы жөнүндө маалыматты нотариалдык палаталардын же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын мурастоо иштеринин ачык сайттарынан алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
381. Ачылган мураска бир гана мурас иши жана мурас ачылган жер менен аныкталган нотариалдык округдун нотариусу тарабынан гана ачылат.
382. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыз жазуу жүзүндө жасалышы керек. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыздагы мураскордун колунун аныктыгы, арыз ээсинин электрондук кол тамгасы менен кол коюлган электрондук формадагы арыздан тышкары, нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
383. Эгерде мурасты иш жүзүндө кабыл алган мураскор мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин мурас ачылган жер боюнча нотариуска жеке өзү (же анын өкүлү) келсе жана мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк алуу үчүн кайрылса, кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Бул учурда нотариус мураскордун (же анын өкүлүнүн) инсандыгын аныктайт жана коюлган колдун аныктыгын текшерет, бул жөнүндө арызга белги коёт жана инсандыгын ырастоочу документтин аталышын, номерин, берилген датасын, документти берген мекеменин аталышын, мураскордун фамилиясын, инициалдарын, анын туулган жылын (зарыл учурларда айын да) көрсөтөт.
384. Эгерде арыз почта аркылуу келип түшсө же башка адам тарабынан берилсе, мында мураскордун арызга койгон колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөсө, арыз нотариус тарабынан кабыл алынууга тийиш, ал эми мураскорго талаптагыдай түрдө таризделген арызды жөнөтүү же болбосо мурас ачылган жердеги нотариуска өзү келиши сунушталат.
Арыз кириш корреспонденция журналына катталат, бул учурда мураскор мурасты кабыл алды деп эсептелинет.

385. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө катталган арыздардын негизинде нотариус тарабынан мурас калтыруучунун атына иш ачылат, ал мурас иштерин эсепке алуунун алфавиттик китебинде катталат.
386. Бардык арыздарда алардын келип түшкөн датасы жана мурастоо ишинин номери көрсөтүлөт. Мурасты кабыл алуу, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү жана мурастык мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөө жөнүндө буйруктарды берүү, мурастан баш тартуу жөнүндө, кредиторлор жөнүндө арыздар, ошондой эле алар боюнча ушул чаралар көрүлгөн мурастык мүлктү коргоого карата чара көрүү жөнүндө арыздар кириш корреспонденция журналына катталгандан кийин мурастоо ишине тиркелет.
387. Мурас иштеринин электрондук реестрине толук эмес, жетишпеген маалыматтар мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилген күнгө карата киргизилиши керек.
388. Бир мурас калтыруучуга бир нече мурас көктөмөсүн ачуудан качуу үчүн нотариус НБМСте ачылган мурастоо ишинин бар экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Нотариус мурас иши ачылгандыгы жөнүндө маалыматты НБМСке киргизүүгө милдеттүү.

389. Бир нече мурас иштери ачылган бардык учурларда мурас ишин мурас иштеринин электрондук реестрине биринчи болуп жазууну киргизген нотариус жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.
390. Мамлекеттик нотариалдык конторада мурасты анын нотариалдык округунда мурас ачылган мамлекеттик нотариалдык конторанын каалаган мамлекеттик нотариусу жүргүзөт. Ачык пробациялык иш учурдагы архивде сакталат. Ар бир мамлекеттик нотариус Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген калкка квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү функциясын жүзөгө ашыруу максатында ага жетүүгө укуктуу.
391. Анын компетенциясына кирбеген мурас иши боюнча өндүрүштү баштаган нотариус мурас ишин таандыктыгы боюнча биринчи ачкан нотариуска же болбосо мурас иши ачылууга тийиш болгон округдун нотариусуна токтоосуз өткөрүп берүүгө милдеттүү.
392. Лицензия токтото турулган, токтотулган же кайра алынган учурларда, «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелеринин негизинде мурас иши токтоосуз түрдө анын нотариалдык округундагы мурас иши ачылган (ачылууга тийиш болгон) мамлекеттик нотариалдык конторага өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
393. Мурас ачылган жер турак жай-эксплуатациялык уюмдун, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, акыркы туруктуу жашаган жери жөнүндө зарыл маалыматтарга ээ болгон башка органдын же уюмдун маалымкаты менен ырасталат (“Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан, НБМСтен, кварталдык комитеттерден, кондоминиумдардан, жергиликтүү аймактык башкармалыктардан, мамлекеттик архивдерден, турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринен маалыматтар), ал эми мурас калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган жери белгисиз болсо – мураска калтырылган мүлктүн же анын мураска калтырылган мүлкүнүн негизги массасынын турган жерин ырастаган документ.

394. Мураскорлордо көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда нотариус мурастын ачылган ордун аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсүн талап кылат.
395. Мурас калтыруучунун каза болгондугу фактысы жана мурасты ачуу убактысы анын каза болгондугу жөнүндө күбөлүк, каза болгондугу жөнүндө акт жазуусунан көчүрмө, каза болгондугу фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, медициналык мекеме тарабынан белгиленген форма боюнча берилген каза болгондугу жөнүндө медициналык күбөлүк менен ырасталат.
Каза болгондугу жөнүндө медициналык күбөлүктү же соттун чечимин кабыл алгандан кийин нотариус арыз ээсине ыйгарым укуктуу органдардан же консулдук мекемелерден каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү алууну сунуш кылат.

396. Мураскорлордун мурас калтыруучу менен туугандык жана башка мамилелеринин далили болуп төмөнкүлөр саналат: жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын күбөлүктөрү, метрикалык китептерден көчүрмөлөр, туугандык же башка мамилелердин фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдеринин көчүрмөлөрү. Эгерде өзүн мурас калтыруучунун багуусунда деп эсептеген адам мыйзам боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүнү суранса, нотариус ал мурас калтыруучу каза болгонго чейин кеминде бир жыл анын багуусунда болгондугун, ошондой эле мурас ачылган күнгө карата ал эмгекке жарамсыз болгондугун аныкташы керек.
Нотариус аны мурас калтыруучунун багуусунда же эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин талап кылууга укуктуу.

397. Алты айлык мөөнөттү эсептөөгө акыркы күн дем алыш же майрам күндөрүнө туура келген процессуалдык мөөнөттөрдү колдонуу эрежеси жайылтылбайт. Алты айлык мөөнөттү эсептөөдө нотариус бардык календардык күндөрдү, дем алыш жана майрам күндөрүн кошуп эсептейт.
398. Каза болгондугу жөнүндө күбөлүк болгондо нотариус кандай болбосун кызыкдар адамга керээздин же мурас ишинин бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берет.
37-глава. Мурас ишин жүргүзүү тартиби
399. Мурас иши ачылгандан кийин нотариус мурастык мүлктү коргоого, мураскорлорду издөөгө чара көрүү, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына жана башка уюмдарга, чет мамлекеттерге суроо-талаптарды жөнөтүү жөнүндө, артында калган жубайынын менчик укугу тууралуу күбөлүктөрдү берүү жөнүндө, болгон керээздер жөнүндө, тескемелерди берүү ж.б. жөнүндө арыздар боюнча аракеттерди жүргүзөт. Мындай түрдөгү арыздар кириш корреспонденциялардын журналына катталат жана мурас ишине тиркелет.
400. Нотариус кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды кагаз жүзүндө же электрондук формада талап кылат. Мындай маалыматтар мурас иши өндүрүшүндө турган нотариус тарабынан гана талап кылынышы мүмкүн.
401. Эгерде мураска калтырылган мүлктүн курамына кыймылсыз мүлк кирсе, нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) кыймылсыз мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтерди;
2) аны менен бирге жашаган адамдарды, туугандык байланышын жана алардын жашаган мезгилин көрсөтүү менен мурас калтыруучунун акыркы жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматы бар уюмдардан алынган маалымкат жана/же эгерде турак жай менчиктештирилген болсо, менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкат;
3) кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик реестринен чектөөлөрдүн бар же жок экендиги жөнүндө көчүрмө.

402. Мураска калтырылган мүлккө чектөөлөр болгон учурда нотариус кредитордун же күрөө кармоочунун макулдугу менен чектөөлөрдү алып салбастан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө болгон чектөө бар экендигин көрсөтүү менен тариздейт.
403. Мураска калтырылган мүлккө сот камак салган учурда нотариус мыйзамдуу күчүнө кирген жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органда катталган камакты алып салуу жөнүндө соттун аныктамасы болгондо гана мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет.
404. Эгерде мурастык мүлктүн курамына кыймылдуу мүлк кирсе, нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) кыймылдуу мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө укук күбөлөндүрүүчү документтердин түп нускалары;
2) кыймылдуу мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органдан чектөөлөрдүн бар же жок экендиги жөнүндө көчүрмө.
405. Мурас иши кимдин өндүрүшүндө болсо, нотариус кредиттик мекемелерден каза болгон жарандардын аманаттары, банктык сейфтери жана уячалары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан камсыздандыруу топтоолору жана алынбай калган пенсиялары, сөөк коюуга эсептеле турган суммалары, акыркы иштеген жеринен алынбай калган эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды сурайт.
406. Нотариус аймактык юстиция башкармалыктарынан каза болгон жарандардын юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшү жөнүндө, уюштуруучулардын курамы жөнүндө, ошондой эле чектөөлөрдүн бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды сурайт.
407. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталындагы үлүшкө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө нотариус мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы, юридикалык жактын уюштуруу документтери же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн түп нускалары менен таанышуу жолу менен юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн текшерет, мында нотариус иштин материалдарына уставды жана башка уюштуруу документтерин тиркейт. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас калтыруучунун уставдык капиталындагы үлүшүнө жана чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүндөгү тиешелүү үлүшүнө берилет.
408. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө атайын катталууга тийиш болгон башка мүлктү (автомобилдер, мотоциклдер, моторлуу кайыктар, аба кемеси) киргизүү үчүн нотариус бул мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө документти (техникалык паспорттун түп нускасы, кеме күбөлүгү) текшерет.
409. Мурас калтыруучу каза болгон күндөн тартып алты айлык мөөнөт өткөндөн кийин нотариус мыйзам боюнча же керээз боюнча мурастоонун негиздерин аныктайт, мураска тийиштүү мураскорлордун чөйрөсүн белгилейт жана текшерет. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартылган же болбосо сот тартибинде татыксыз мураскорлор деп таанылган адамдарга нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом берет.
410. Эгерде мураскор арыз берүү үчүн алты айлык мөөнөттү өткөрүп жиберсе, же мурастын иш жүзүндө кабыл алынгандыгын ырастоочу документтерди бере албаса, же мурас калтыруучу менен туугандык байланышты ырастаган документти бере албаса, анда ал мураска талаптагыдай түрдө кирген (иш жүзүндө кабыл алган), өзүнүн туугандыгын далилдеген башка мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мураскорлордун катарына киргизилет.
411. Мурастан баш тартуу жөнүндө арыз келип түшкөн учурда нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1156-беренесинин жоболорун жетекчиликке алат. Мурастан баш тартуу жөнүндө арыз мураскор тарабынан мурас ачылган жер боюнча нотариуска арыз берүү менен жасалат жана эгерде ал биринчи жолу берилсе жана мурда мурастоо иши ачылбаса, иш боюнча өндүрүштү ачуу үчүн негиз болуп саналат.
412. Мурастан баш тартуу кийин жокко чыгарылышы же кайра алынышы мүмкүн эмес.
413. Мураскор бул үчүн ага берилген мөөнөт аяктагандан кийин мурастан баш тартуу укугунан ажырайт. Эгерде мураска калтырылган мүлккө иш жүзүндө ээлик кылса же аны тескесе, же бул мүлккө болгон укугун ырастаган документтерди алуу үчүн кайрылса, бул укук да көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин жоголот.
414. Эгерде ишеним катта мындай баш тартууга ыйгарым укук атайын каралса, өкүл аркылуу мурастан баш тартууга мүмкүн болот, эгерде буга балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу жок болсо, жашы жете электин мыйзамдуу өкүлү жашы жете элек үчүн баш тартууга укуксуз.
415. Эгерде мурас ишине белгилүү бир адамдын пайдасына мурастан баш тартуу жөнүндө арыз келип түшсө, анда нотариус мурастоо үлүшүн негизсиз көбөйтүүдөн качуу үчүн арыз ээсинин мурас калтыруучу менен туугандык байланышын текшерет.
416. Эгерде мурас калтыруучунун биргелешкен менчикке сатып алынган мүлкү болсо, анда нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин каза болгон адамдын үлүшүн аныктоого тийиш. Бул учурда нотариус менчик ээлерине мүлктөгү бирдей үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашуу түзүүнү сунуштайт, анын бир нускасы мурас ишине тиркелет. Мында нотариус макулдашууга же макулдашуунун текстине мурас ишинин номерин, мурас иши ачылган жылды, берилген күбөлүктүн датасын жана номерин көрсөтүү менен каза болгон менчик ээсинин үлүшүнө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги жөнүндө белги коёт.
417. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алууга укугу бар, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү өтүнүчү менен нотариуска кайрылган артында калган жубайына нотариус никеде турган учурунда жубайлар тапкан жалпы мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк алуу жана арыз берүү тартибин түшүндүрөт.
418. Жубайлардын бири каза болгон учурда алардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган жердеги нотариус тарабынан артында калган жубайына берилет.
419. Жубайлардын никеде турган мамилелеринин болгондугу нотариус тарабынан никелешүү тууралуу күбөлүктүн же актылык жазуудан көчүрмөнүн негизинде аныкталат.

420. Эгерде артында калган жубайы жалгыз мураскор болсо, бул мындай күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
421. Жалпы мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк алуу артында калган жубайынын укугу болуп саналат.
422. Артында калган жубайы жубайлардын жалпы мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүнөн мураскорлордун биринин пайдасына баш тартууга укугу жок, анткени артында калган жубайынын үлүшү мурастык массага кирбейт. Ал жубайлардын биргелешип тапкан мүлкүндөгү үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин гана бүтүм жасоо (белекке берүү, сатуу) жолу менен бирөөнүн пайдасына өз үлүшүн ээликтен ажыратууну жүргүзө алат.
423. Менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүүнү кийинкиге калтырууга жана токтото турууга «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинде каралган учурларда гана жол берилет.
424. Жубайлардын ар биринин менчиги болуп саналган мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилиши мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 37-статьясына ылайык мындай мүлккө төмөнкүлөр кирет:
1) никелешүүгө чейин жубайларга таандык болгон мүлк;
2) никеде турган учурда белекке, мураска же башка бекер бүтүмдөр боюнча алынган мүлк;
3) кымбат баалуу жана башка байлыктарга байланыштуу буюмзаттардан тышкаркы башка жеке пайдалануудагы (кийим-кечек, бут кийим жана башкалар) буюмдар.
Никелешүүгө чейин мүлктү сатып алуу фактысы, ошондой эле жубайлардын биргелешкен салымынын фактысынын жоктугу укук белгилөөчү документтердин негизинде белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 35-статьясына ылайык жубайлардын жалпы мүлкүнө төмөнкүлөр кирет:
1) жубайлардын ар биринин иштеген ишинен жана ишкердик жумушунан түшкөн кирешелер;
2) жубайлардын ар биринин интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер;
3) жубайлардын ар биринин алган пенсиялары, жөлөкпулдары, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу төлөнгөн суммалар);
4) жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, аманаттар, капиталдагы үлүштөр.
425. Нотариус керээздин бар экендигин жана анын мазмунун текшерет. Керээз боюнча мураска алууда нотариус керээздин жокко чыгарылбагандыгын же өзгөртүлбөгөндүгүн текшерет, бул жөнүндө ведомстволук нотариалдык архивге суроо-талап жиберет. Мурас ишине керээздин түп нускасы же керээздин дубликаты (архивдик көчүрмөсү) тиркелет. Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1149-беренесине ылайык милдеттүү үлүшкө укуктуу адамдардын чөйрөсүн белгилейт.
426. Нотариус берилген документтер боюнча мурастык мүлктүн курамын, жайгашкан жерин, мурастык мүлктүн тизмесин текшерет. Нотариус мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө маалыматты башка булактардан, кыймылсыз мүлктүн реестрлеринен, автотранспорт каражаттарынын каттоо карталарынан көчүрмөлөрдөн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, НБМСтин сайтындагы юридикалык жактардын маалыматтар базасынан пайдаланууга укуктуу.
427. Эгерде мурас иши Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылууга тийиш болсо, же мурастык мүлктүн бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан болсо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, анда Кыргыз Республикасынын аймагында мурас ишин ачкан нотариус чет мамлекеттин жеке укук ченемдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерди колдонот.
428. Мурас ишине мураскорлордон, башка адамдардан жана мекемелерден талап кылынган бардык документтер жана артында калган жубайынын мурастоо укугу, менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн нускасы тиркелет.
429. Эгерде мураскорлор биргелешкен мүлктөн каза болгон менчик ээсинин үлүшүн бөлүп беришсе, анда үлүштү бөлүп берүү жөнүндө макулдашуунун нускасы мурас ишине тиркелет.
430. Нотариус мураскорлордун өтүнүчү боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү кыймылдуу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу органдарга кагаз жана/же электрондук формада каттоого берүүгө көмөк көрсөтөт.
38-глава. Мурастык мүлктү коргоого карата чараларды көрүү
431. Мурастык мүлктү коргоого карата чараларды көрүү үчүн негиз болуп нотариуска кызыкдар жактын арызынын келип түшүшү эсептелет. Арыз кириш корреспонденциялардын журналына, мураска калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрүү жөнүндө арыздарды эсепке алуу китебине катталат жана ачылган мурас ишине тиркелет.
432. Нотариус мураскорлордун, баш тартууну алуучулардын, кредиторлордун же мамлекеттин кызыкчылыктарында зарыл болгон учурда мурастык мүлктү коргоо боюнча чараларды өз демилгеси боюнча көрүүгө укуктуу.
433. Эгерде жалгыз бой жарандар каза болгондон кийин калган жана мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирбеген адамдарга мураска калтырылган тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулугу бар мүлккө карата коргоо чараларын көрүү жөнүндө билдирүү келип түшсө, нотариус бул мүлктү тизмелөө үчүн «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
434. Мурастык мүлк белгиленген форма боюнча кеминде үч нускада тизмеленет, анын бир нускасы мурас ишинин материалдарына тиркелет, экинчиси нотариус дайындаган сактоочуга берилет.
435. Мураска кирүү жөнүндө арыз берген мураскорлордун ичинен бир адам сактоочу боло алат. Тизмени жүргүзүүдө нотариус эки күбөнү чакырууга милдеттүү.
436. Тизмени түзүүдө нотариус видео-фиксацияны жүргүзө алат жана видеого тартууну иштин материалдарына тиркей алат.
437. Мурастык мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштурууда мүлк ишенимдүү башкаруучуга сый акынын өлчөмүн же сый акысынын жоктугун көрсөтүү менен берилет.
438. Ишенимдүү башкаруучу нотариус тарабынан мураскордун (мураскорлордун) арызынан (арыздарынан), ал эми мураскорлор жок болсо – ишенимдүү башкарууну уюштуруу үчүн кайрылган адамдын арызынан же сот актысынан дайындалат.
439. Ишенимдүү башкаруу уюштурулуп жаткан мурастык мүлктүн наркы жөнүндө маалымат көз карандысыз баалоочунун отчетунан нотариус тарабынан белгиленет.
440. Тизмелөө актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: калган мүлк жөнүндө билдирүү же мурастык мүлктү коргоого карата чара көрүү жөнүндө тапшырма келип түшкөн дата; тизме жүргүзүлгөн дата, тизмелөөгө катышкан адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги; мурас калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, анын каза болгон убактысы жана тизмеленүүчү мүлктүн жайгашкан жери, имаратка нотариус келгенге чейин мөөр басылганбы жана ким тарабынан басылган, пломба же мөөр бузулбаганбы; анда саналып өткөн буюмдардын ар бирине толук мүнөздөмө жана баа берүү.
Тизмелөөдө нотариус буюмдун же предметтин абалын – жаңы, колдонулган, эскирүүнүн болжолдуу пайызын көрсөтүүгө тийиш. Тизмеленген буюмдарды баалоо орточо рыноктук баалар боюнча (эскирүүнү эске алуу менен) жүргүзүлөт.
441. Мураскорлор баалоочу-адисти чакырууга укуктуу. Баалоочу адистин кызматына акы төлөө мураскорлор тарабынан жүргүзүлөт.
442. Тизмелөө актысынын ар бир бетинде буюмдардын (предметтердин) санынын жыйынтыгы жана тизменин аягында буюмдардын (предметтердин) санынын жалпы жыйынтыгы жана алардын наркы чыгарылат.
443. Тизмелөө актысына каза болгон адамдын жашаган жериндеги бардык мүлк киргизилет. Эгерде мурас калтыруучунун бир нече кыймылсыз мүлк объекти болсо, анда ар бир объект боюнча өзүнчө тизмелөө актысы түзүлөт.
444. Эгерде мүлктү тизмелөө жүргүзүү үзгүлтүккө учураса же бир нече күн уланса, имарат ар бир жолу нотариус тарабынан мөөр басылып бекитилет. Тизмелөө актысында тизмелөөнү токтотуунун жана аны кайра улантуунун себептери жана убактысы жөнүндө, ошондой эле имаратты кийин ачууда пломбалардын жана мөөрлөрдүн абалы жөнүндө жазылат.
445. Актынын аягында тизмеленген мүлк сактоого берилген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жери, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары көрсөтүлөт.
446. Адамдардын айрым буюмдарга таандыктыгы жөнүндө арыздары тизмелөө актысына киргизилет, ал эми кызыкдар жактарга бул мүлктү тизмеден чыгаруу жөнүндө доо менен сотко кайрылуунун тартиби түшүндүрүлөт.
447. Эгерде нотариуска мүлктү тизмелөө үчүн алууга жолтоо кылышса, анда нотариус акт түзөт жана кызыкдар жактарга жана прокуратура органдарына кабарлайт, себептерин көрсөтүү менен мурастык мүлктү коргоо боюнча чараларды көрүүнү токтото туруу же баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
448. Эгерде мүлк (мүлктүн бөлүгү) мурас ачылган жерде болбосо, анда нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 69-беренесине ылайык нотариуска же башка компетенттүү адамга аны коргоо чараларын көрүү жана мурас ишине тиркөө үчүн тизменин түп нускасын жөнөтүү жөнүндө тапшырма жиберет. Мурастык мүлктү коргоо чараларын көргөн нотариус, аткаруу бийлигинин кызмат адамы мурастын ачылган жери боюнча нотариуска көрсөтүлгөн чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө билдирет.
449. Каза болгон адамдан калган акча суммалары банкка нотариустун депозиттик эсебине тапшырылат.
450. Алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы монеталар, куймалар жана чийки зат түрүндөгү металлдар, чет өлкөлүк валюта жана чет өлкөлүк валютада жазылып берилген төлөм документтери (векселдер, чектер, которуулар), чет өлкөлүк фонддук баалуулуктар (акциялар, облигациялар, аларга купондор), баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтерден жасалган буюмдар, ошондой эле асыл таштар жана берметтер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүүнү кабыл алуу актысы боюнча сактоого тапшырылат.
451. Нотариус тарабынан мурастык мүлктү сактоого кабыл алынган тартипте көрсөтүлгөн баалуулуктар баалуулуктарды эсепке алуу китебине катталат.
452. Каза болгон адамдын мүлкүнүн курамына кирген курал (мергенчилик куралынан башка) жана жарылуучу заттар ички иштер органдарына өзгөчө тизме боюнча тапшырылат.
453. Тарыхый же илимий мааниси бар баалуу кол жазмалар, адабий эмгектер, каттар өзүнчө тизмеге киргизилет жана мураскорлорго же тиешелүү уюмдарга жооптуу сактоого тапшырылат. Зарыл болгон учурда, мисалы, мураскорлор жок болгон учурда нотариус документтерди же документтер салынган сактоочу жайларды мөөр басып бекитет.
454. Эгерде мурастын курамында башкарууну талап кылган мүлк болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин кредиторлор мурас калтыруучуга доо койгон учурда нотариус мурасты башкаруучуну дайындайт, ал жөнүндө токтом чыгарат.
455. Мурастык мүлк сактоого өткөрүлүп берилген сактоочулар, камкорчулар жана башка адамдар мурастык мүлктү короткондугу, ээликтен ажыраткандыгы же жашырып койгондугу үчүн жоопкерчилик жөнүндө, келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө эскертилет. Бул тууралуу мурастык мүлктү тизмелөө актысында же мурастык мүлктү сактоочуну же башкаруучуну дайындоо жөнүндө нотариустун токтомунда баяндалган кол тамга алынат.
456. Мурастык мүлк сактоого берилген сактоочулар, камкорчулар жана башка адамдар, эгерде алар мураскор болуп саналбаса, мурастык мүлктү сактагандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу.
457. Сый акынын өлчөмү нотариус тарабынан мүлк сактоого берилген адам менен макулдашуу боюнча белгиленет, бирок сактоого берилген мүлктүн наркынын 1,5 пайызынан ашпоого тийиш. Жаныбарларды сактоо үчүн сый акынын өлчөмү белгиленген акынын 50 пайызына көбөйтүлөт. Аталган адамдарга мурастык мүлктү сактоо жана башкаруу боюнча зарыл болгон чыгымдардын орду да толтурулат. Бул чыгымдардын орду берилген документтерге ылайык мүлктү пайдалануудан иш жүзүндө алынган пайданы алып салуу менен толтурулат.
458. Мурастык мүлктү коргоо мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин, ал эми алар тарабынан ал кабыл алынбаса – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мурасты кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин улантылат.
Эгерде нотариуска мурасты башка мураскорлор кабыл албаган учурда мурастоо укугу пайда болгон адамдардан мурасты кабыл алууга макулдугу жөнүндө арыз келип түшсө жана мурасты кабыл алуу үчүн мыйзамда белгиленген алты айлык мөөнөт өткөнгө чейин мурасты кабыл алуу үчүн үч айдан аз убакыт калса, мурастык мүлктү коргоо мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин улантылышы мүмкүн. Мындай учурда мурастык мүлктү коргоо бардык мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин, ал эми эгерде ал кабыл алынбаса – эгерде мурасты кабыл алуу үчүн алты айлык мөөнөттүн калган бөлүгү үч айдан аз болуп калса, мурасты кабыл алууга макулдугу жөнүндө бул адамдардын биринен арыз келип түшкөн күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин улантылат.
459. Нотариус мурастык мүлктү коргоо чараларын токтотуу жөнүндө мураскорлорго, ал эми эгерде мурастоо укугу боюнча мүлк мамлекетке өтсө – тиешелүү мамлекеттик органга алдын ала билдирүүгө милдеттүү.
39-глава. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
460. Никеде турган учурда жубайлардын тапкан мүлкү алардын биргелешкен менчиги болуп саналат. Мурасты мыйзам боюнча, ошондой эле керээз боюнча тариздөөдө, нотариус жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүктү (мындан ары – артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүк) алууга укугу бар мурас калтыруучунун артында калган жубайынын бар экендигин билүүгө жана ага күбөлүк берүү жөнүндө арыз берүүнүн тартибин түшүндүрүүгө тийиш.
461. Менчик укугу жөнүндө күбөлүк артында калган жубайына мурас ачылган жердеги нотариус тарабынан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин берилет. Күбөлүк артында калган жубайына бул үчүн зарыл болгон бардык документтер көрсөтүлгөн күнү берилиши керек. Артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүк мураска кирүүнүн алты айлык мөөнөтү бүткөнгө чейин берилиши мүмкүн.
462. Артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө – мурастоо ишин ачуу главасында көрсөтүлгөн эрежелер сакталат.
463. Никелешүүгө чейин мүлктү сатып алуу фактысы, ошондой эле жубайлардын биргелешкен салымдарынын жоктугу укук белгилөөчү документтердин негизинде белгиленет.
464. Менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн керектүү документтердин тизмеги:
1) менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүү жөнүндө арыз;
2) никелешүү тууралуу күбөлүк, актылык жазуудан көчүрмө же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
3) каза болгондугунун фактысын ырастаган документ же актылык жазуудан көчүрмө;
4) мүлккө укук белгилөөчү документтер;
5) кыймылсыз же кыймылдуу мүлккө укуктардын бирдиктүү реестринен көчүрмө;
6) эгерде артында калган жубайы титулдук менчик ээси болсо, анда нотариус каза болгон жубайынын үлүшүн аныктайт жана каза болгон жубайынын үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет, бул жөнүндө күбөлүктүн берилген датасын жана номерин көрсөтүү менен укук белгилөөчү документке белги коёт.
465. Менчик укугу жөнүндө күбөлүк жубайлардын жалпы менчиги болуп саналган, каза болгон күнгө карата болгон мүлккө гана берилет.
466. Эгерде артында калган жубайы жалгыз мураскор болсо, бул мындай күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт. Сатып алынган жана жубайлардын биргелешкен менчиги болуп саналган мүлктү мурастоонун бардык учурларында нотариус артында калган жубайынын үлүшүн аныктайт жана менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет.
467. Артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүгүн алуу анын укугу болуп саналат. Артында калган жубайы мураскорлордун биринин пайдасына жубайлардын жалпы мүлкүндөгү өз үлүшүнөн баш тартууга укугу жок, анткени артында калган жубайдын үлүшү мурастык массага кирбейт.
468. Нотариус ошондой эле жубайлардын бири каза болгон учурда нике келишиминин шарттарын текшерет. Нике келишими жубайлардын тирүү кезинде кыймылдуу, кыймылсыз жана башка мүлктү жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо функциясы мамлекет тарабынан жүктөлгөн органдарда катталууга тийиш.
469. Артында калган жубайынын жана мурасты кабыл алган мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен менчик укугу жөнүндө күбөлүктө каза болгон жубайынын жалпы мүлктөгү үлүшү да аныкталышы мүмкүн.
470. Менчик укугу жөнүндө күбөлүк кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдарда катталууга тийиш.
471. Транспорт каражаттарына менчик укугу жөнүндө күбөлүк ошол транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу үчүн органдарга көрсөтүлүүгө тийиш, бул жөнүндө нотариус күбөлүктүн текстинде көрсөтөт жана жубайларга (жубайына) түшүндүрөт.
472. Артында калган жубайына күбөлүк берилгендиги жөнүндө нотариус мурасты кабыл алган мураскорлорго кабарлайт. Катышпаган мураскорлорго билдирүү почта аркылуу жөнөтүлөт. Билдирүүдө артында калган жубайына менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө (же берүүгө) тийиш болгон жубайлардын жалпы мүлкүнүн курамы көрсөтүлөт, ошондой эле мураскор артында калган жубайынын мүлктүк талаптарын (же артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүк алуу укугун) талашкан учурда сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлөт.
473. Менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү жөнүндө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө белги коюлат.
474. Нотариус артында калган жубайынын өтүнүчү боюнча каттоого менчик укугу жөнүндө күбөлүктү каттоочу органга кагаз жана/же электрондук формада өткөрүп берүүгө укуктуу, бул тууралуу маалымкат берет.
475. Эгерде жубайы үлүштү бөлүштүрүүгө укуктуу эмес болсо, анда нотариус жубайдын милдеттүү үлүшкө укугун, ал мурас калтыруучунун багуусунда болгондугун текшерет. Мындай учурларда нотариус мурасты тариздөөнүн жалпы эрежелерин пайдаланат.
40-глава. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
476. Нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө мурас калтыруучунун каза болгондугунун фактысын, мурастын ачылган убактысын жана ордун, керээз боюнча же мыйзам боюнча мурастоого чакыруу үчүн негиз болуп саналган туугандык же башка мамилелердин бар экендигин, же болбосо мураска иш жүзүндө кирген адамдарды, мураска калтырылган мүлктүн курамын жана жайгашкан жерин, керээздердин өзгөргөндүгү же жокко чыгарылгандыгы жөнүндө маалыматтарды текшерет.
Мураска иш жүзүндө киргенин жана/же мурасты кабыл алганын ырастаган документтер төмөнкүлөр болушу мүмкүн: “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан алынган каза болгон учурда мураскор менен мурас калтыруучу чогуу жашагандыгы жөнүндө маалымкат, каза болгон адамдын коммуналдык кызматтарын, мүлк салыктарын, башка милдеттүү төлөмдөрүн төлөгөндүгүн ырастаган квитанциялар же чектер; кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары, үйдүн/машинанын/гараждын ачкычтары, ижара келишимдери, мурас мүлкүн оңдоо, коргоо, күбөлөрдү сурамжылоо протоколдору, башка мураскорлордун жазуу жүзүндөгү ырастамалары, мурасты кабыл алуу же мураска кирүү фактысын белгилөө жөнүндө соттун чечимдери.

477. Мураскорлорго 6 ай өткөндөн кийин, каалаган убакта мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилет.
478. Мураскорлорго күбөлүк берүү маселеси чечилгенде нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жана негиздер боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтырууга же токтото турууга укуктуу.
479. Эгерде мурастоо үчүн ар кандай негиздер болсо, анда нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү мыйзам боюнча жана керээз боюнча өзүнчө берет.
480. Нотариус күбөлүктө мүлктүн бир же бир нече түрүн көрсөтүүгө укуктуу.
481. Нотариус мурастын арифметикалык үлүшүн көрсөтүү менен ар бир мураскорго күбөлүк берүүгө укуктуу.
482. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилгенден кийин берилет.
483. Эгерде мурас жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз мураскорго берилсе, анда күбөлүктүн нускасы жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз мураскордун мүлкүн контролдоо үчүн балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
484. Күбөлүк бериле элек мурастык мүлк табылган учурда нотариус өндүрүштү кайра баштайт жана мурастоо укугу жөнүндө тиешелүү күбөлүктү алуу мөөнөтүн чектебестен жалпы тартипте берет.
485. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк үлүштү эсептөө үчүн зарыл болгон бардык документтер болгондо, алардын каалоосуна жараша бардык мураскорлорго чогуу же ар бирине өзүнчө берилет. Нотариус күбөлүктү мураскор өзү келбей туруп берүүгө жана аны почта аркылуу кагаз түрүндө же нотариустун электрондук кол тамгасы коюлган электрондук формада жөнөтүүгө укуктуу.
486. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө нотариус бир же бир нече мураскор жок болгон учурда күбөлүктө калган (арифметикалык) үлүшкө мурас бериле электигин жазат.
487. Мурастык мүлктүн белгилүү бир бөлүгүн мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү алган мураскорлорго андан кийин башында берилген мурастык мүлктүн күбөлүгүндө саналып өтпөгөн башка бөлүктөрүн мурастоо укугу жөнүндө кийинки күбөлүктөр берилет.
488. Башка мүлккө мурастоо укугу жөнүндө кошумча күбөлүк берилген жана мурда берилген күбөлүккө киргизилбеген мураскорлор келген учурда, алар мурасты кабыл алган бардык мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кошумча мүлккө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Арыздагы алардын койгон колдорунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
489. Кыймылсыз мүлккө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш. Атайын катталууга тийиш болгон мүлккө (автомобилдерге, мотоциклдерге, моторлуу кайыктарга, аба кемелерине) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк бул мүлктү каттоо жана эсепке алуу үчүн органдарга көрсөтүлүүгө тийиш.
490. Эгерде жер участокторуна (айыл чарба багытындагы, дача) мураскор чет өлкөлүк жаран болсо, анда күбөлүктө ал жер участогун ээликтен ажыратууга милдеттүү экендиги көрсөтүлөт.
491. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн нускалары мурас ишине тиркелет.
41-глава. Мурасты бөлүштүрүү
492. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгенден кийин мураскорлор бардык мураскорлордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча макулдашуу түзүү жолу менен мурасты бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Эгерде мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана мурасты бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу бир убакта жүргүзүлсө, анда нотариус мурас ишинин материалдарына макулдашуунун нускасын тиркейт.
493. Эгерде мураскорлордун бири жашы жете элек болсо, анда мурасты бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен гана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
494. Мурасты бөлүштүрүүдө нотариус артында калган жубайынын үлүшү мураска кирбегендигин эске алышы керек.
IV бөлүм 42-глава. Нотариус тарабынан чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонуу.
Эл аралык келишимдер
495. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк юридикалык жактар нотариустарга Кыргыз Республикасынын укугунун башка субъекттери менен бирдей кайрылууга укуктуу.
496. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонот.
Нотариус эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык түзүлгөн документтерди кабыл алат, ошондой эле эгерде бул Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине каршы келбесе, башка мамлекеттердин мыйзамдарында каралган формада күбөлөндүрүү жазууларын жүргүзөт.
497. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренесине ылайык чет өлкөлүк жаран каза болгондон кийин Кыргыз Республикасынын аймагында калган мүлктү же Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондон кийин чет өлкөлүк жаранга тиешелүү мүлктү коргоо, ошондой эле мындай мүлккө карата мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү менен байланышкан иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
498. Кыргыз Республикасы менен мурастык мүлктү коргоо жөнүндө ченемдерди камтыган эл аралык келишим түзгөн чет мамлекеттин жараны каза болгондугу тууралуу маалымат алгандан кийин нотариус, эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында каза болгон адамдын мүлкү бар болсо, тийиштүү келишимди жетекчиликке алып, мурастык мүлктү коргоо үчүн зарыл чараларды көрөт, мурастык мүлктүн өлчөмүн жана наркын белгилейт, мураскорлордун чөйрөсүн аныктайт, керээздин бар экендигин текшерет жана бул жөнүндө каза болгон адам анын жараны болгон мамлекеттин дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүнө токтоосуз билдирет. Эгерде эл аралык келишим менен мурастоо жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзүү каза болгон адам жараны болуп саналган чет мамлекеттин мекемелеринин компетенциясына кирсе, анда мурастык кыймылдуу мүлк анын талабы боюнча нотариуска, ошол мамлекеттин дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүнө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
499. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чет мамлекеттин мыйзамдарында каралган форма боюнча түзүлгөн керээз керээз калтыруучу каза болгондон кийин аны ачуу жана жарыялоо үчүн нотариуска берилген учурда нотариус керээздин мазмунун жарыялайт жана керээздин абалы жана мазмуну жөнүндө протокол түзөт. Протоколдо анын түзүлгөн датасы жана орду, керээзди күбөлөндүргөн дата, аны берген адамдын аты-жөнү, документтин абалы (чапталып же ачылып берилгенби, анда чийилген жерлери барбы, оңдоолор же башка кемчиликтер болгонбу) көрсөтүлөт. Протоколго нотариус жана керээзди сунуш кылган адам кол коёт. Ошол эле адамдар керээздин ар бир барагына кол коюшат.
Эгерде керээз чапталган түрдө нотариуста сакталса, жогоруда көрсөтүлгөн бардык аракеттерди нотариус жеке өзү жүргүзөт.
Протоколго керээздин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ал эми келишимдин талаптарына жараша протоколдун көчүрмөсү жана керээздин түп нускасы тиркелет.
Көрсөтүлгөн документтер кызыкдар жакка берилиши же тапшырмаларды аткаруу эрежелери боюнча чет мамлекеттин компетенттүү мекемесине жөнөтүлүшү мүмкүн.
500. Чет өлкөдө иш-аракеттерди жасоо үчүн арналган, анын колдонуу мөөнөтү жөнүндө көрсөтмөнү камтыбаган, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат ишеним катты берген адам тарабынан жокко чыгарылганга чейин күчүндө болот, бул тууралуу ишеним каттын текстинде көрсөтүлөт.
501. Чет өлкөлүк бийликтин катышуусу менен чет өлкөдө түзүлгөн же алардан чыккан документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин органдары тарабынан легалдаштырылган шартта нотариус тарабынан кабыл алынат. Мындай документтер мыйзамдаштырылбастан мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда нотариус тарабынан кабыл алынат.
502. Чет мамлекеттин бийликтери тарабынан түзүлгөн документтер (легалдаштыруу жол-жобосун жокко чыгарган же жөнөкөйлөткөн эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышкан өлкөлөрдү кошпогондо) аларды легалдаштыруу шартында нотариус тарабынан кароого кабыл алынат.
503. Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн арналган документтер Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.
504. Кыргыз Республикасынын 1961-жылдын 5-октябрындагы «Чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Мыйзамына ылайык нотариус жогоруда аталган конвенцияга кошулган чет мамлекеттердин расмий документтерин дипломатиялык же консулдук легалдаштыруу зарылдыгынан бошотуучу апостилдин атайын штампын коюу жетиштүү болгондо кабыл алат.
43-глава. Буйрук өндүрүшү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
505. Буйрук өндүрүшү “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-главасы менен жөнгө салынат.

506. Нотариалдык буйрукту чыгаруу ырааттуулугу буйрук өндүрүшүнүн төмөнкү баскычтарын карайт:
– арызды өндүрүшкө кабыл алуу;
– арызды кабыл алуудан баш тартуу;
– нотариалдык буйрукту чыгаруу;
– карызкорго кабарлоо;
– карызкордун каршы пикирлери алынган учурда нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу;
– нотариалдык буйрукту жокко чыгаруудан баш тартуу.

507. Буйрук өндүрүшүн козгоо буйрук ишин ачууну же буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууну камтыйт.

508. Буйрук ишин ачуу же буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу нотариус тарабынан үч күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт.

509. Эгерде акыркы күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келсе, анда берүү же баш тартуу жөнүндө буйрук кийинки жумуш күнү чыгарылат.

510. Нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арыз карызкордун жашаган жери же турган жери боюнча нотариуска берилет. Алимент өндүрүү жөнүндө арыз өндүрүп алуучунун жашаган жери боюнча берилиши жана көрсөтүлүшү мүмкүн.

511. Арызды өндүрүп алуучунун өкүлү берген учурда нотариус ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктарды текшерет.

512. Юридикалык жак кайрылган учурда нотариус өндүрүп алуучунун атынан иш алып барууга өкүлдүн укугун ырастаган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын бар экенин текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
513. Нотариалдык буйрукту берүү жөнүндө арыз машинада басылган текст түрүндө берилип, буйрук өндүрүшүнүн иштерин эсепке алуу журналына катталат. Эгерде арыз почта аркылуу келип түшкөн же башка адам тарабынан берилген болсо, бирок арыздагы арыз ээсинин колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөсө, арыз нотариус тарабынан кабыл алынууга тийиш, ал эми арыз ээсине талаптагыдай таризделген арызды жөнөтүү же нотариуска жеке өзү келүү сунушталат.

514. Нотариус “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1004-беренесинде саналып өткөн арыздын формасына жана мазмунуна коюлган талаптардын сакталышын текшерет. Эгерде буйрукту берүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну боюнча кемчиликтер болсо, анда нотариус “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1005-беренесинде көрсөтүлгөн негиздерди санап өтүү менен буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.

515. Буйрук өндүрүшү карызкорго карата талап боюнча буйрукту берүү жөнүндө ар бир берилген арызга түзүлөт.

516. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1002-беренесинин 1, 2, 3, 5, 6-пункттарында саналып өткөн, билдирилген талаптар боюнча ырастоочу документтер нотариуска түп нускада берилет. Талаптагыдай таризделген дубликаттар түп нускага теңештирилет жана эгерде алар нотариустун алардын талашсыздыгы боюнча шектенүүсүн пайда кылбаса, өндүрүшкө кабыл алынат.

517. Нотариус карызкордун жашаган жерин жана/же турган жерин катталган жери же иш жүзүндө жашаган жери боюнча “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан, юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук реестринен алынган маалымкаттардын негизинде аныктайт.

518. Нотариус Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан карызкорлорго карата буйруктарды бербейт.

519. Буйрукту берүү жөнүндө арыз берилгенге чейин мамлекеттик алымды төлөө жүргүзүлөт жана төлөнгөндүгү тууралуу маалымат тиркелген документтердин тизмегинде көрсөтүлөт.

520. Алиментти жана эсептелген эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талаптар боюнча мамлекеттик алым карызкордон өндүрүлөт, бул тууралуу буйрукта көрсөтүлөт, буйруктун нускасы аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

521. Мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция арыз ээсине кайтарылып берилет, ал аны сотто доо өндүрүшүнө тиркөө жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Арыз ээси төлөнгөн алымдан мамлекеттин кирешесине баш тартууга укуктуу.

522. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтомдо кемчиликтерди жоюу арыз ээсине нотариалдык буйрукту берүү жөнүндө жаңы арыз менен кайрылууга же доо өндүрүшү тартибинде сотко кайрылууга тоскоол болбой тургандыгы түшүндүрүлүшү керек.
Нотариалдык буйрукту берүү боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоону кийинкиге калтырууга, ошондой эле токтото турууга жол берилбейт.

523. Буйрук тараптарды чакырбастан чыгарылат. Буйрук чыгаруу үчүн негиздер ченемдик укуктук актыларга шилтеме менен буйрукта көрсөтүлөт.
Эгерде нотариалдык буйрук бир нече тилектеш карызкордун пайдасына кабыл алынса, анда өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариус тилектеш карызкорлордун саны боюнча нотариалдык буйруктардын бир нече нускасын берет.

524. Карыздын суммасынын, мамлекеттик алымдын өлчөмү арыз ээси тарабынан алдын ала эсептелет жана нотариус тарабынан текшерилет.

525. Нотариалдык буйруктун көчүрмөсү чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен кайра кабарлоо менен карызкорго жөнөтүлөт. Нотариус кайрылган адамдын арызы боюнча буйруктун көчүрмөсүн жеке өзү тапшырууга же “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92-беренесинде каралган башка нотариалдык иш-аракетти ишке ашыруу жолу менен берүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
526. Карызкор буйруктун көчүрмөсүн алган датадан тартып он күндүн ичинде нотариалдык буйрукка жазуу жүзүндө каршы пикирин билдирүүгө укуктуу. Каршы пикир кириш корреспонденция журналына катталат жана буйрук өндүрүшүнө тиркелет. Алынган каршы пикирлер жүйөлөргө карабастан, нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.

527. Карызкор тарабынан белгиленген он күндүк мөөнөттө билдирилген талаптарга каршы пикирлер келип түшкөн учурда, нотариус буйрукту жокко чыгарууга милдеттүү. Бул учурда нотариус буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтом чыгарат жана өндүрүп алуучуга доо өндүрүшү тартибинде сотко кайрылууга укуктуу экенин түшүндүрөт.

Арыз ээсинин арызы боюнча нотариалдык буйрукту жокко чыгарууга жол берилбейт.
528. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү коштомо кат менен буйрук өндүрүшүнүн тараптарына чыгарылгандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен жиберилет.

529. Электрондук реестрге чыгарылган датасын жана чыгыш номерин көрсөтүү менен нотариалдык буйруктун жокко чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюлат. Буйрук өндүрүшүнүн иштерин эсепке алуу журналына буйрук ишинин тиешелүү номерине окшош жазуу жазылат.

530. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелеринин негизинде нотариустун лицензиясы убактылуу токтотулган, токтотулган же кайра чакыртылган учурларда буйрук өндүрүшүнүн аягына чыкпаган иштери Нотариалдык палатанын чечими боюнча башка нотариуска өткөрүлүп берилет.

531. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон нотариуска каршы пикирлер келип түшпөсө, нотариус өндүрүп алуучуга гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйруктун нускасын берет же почталык тапшырык менен жөнөтөт.

532. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине нотариалдык буйрук өндүрүп алуучунун атына катталат жана “алгандыгына тил кат” графасында жөнөтүү жөнүндө маалыматтар – почталык жөнөтүү квитанциясынын номери жана датасы же почта бөлүмү тарабынан берилген кат кыймылынын штрих-коду көрсөтүлөт.

533. Нотариус өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча буйрукту коштомо кат менен өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчүн тиркөө менен сот аткаруучуга аткарууга жиберет.

534. Карызкордон мамлекеттик алымды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуу үчүн нотариус тарабынан аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу органга нотариалдык буйруктун нускасы жиберилет.

535. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине нотариалдык буйруктун көчүрмөсү жана аны жокко чыгаруу жөнүндө токтом тиркелип жиберилет.

536. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтом, нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтом, нотариалдык буйрукту жокко чыгаруудан баш тартуу жөнүндө токтом өз алдынча нотариалдык иш-аракеттер болуп эсептелбейт. Токтомдо буйрук ишинин номерине, жылына жана электрондук система тарабынан ыйгарылган нотариалдык иш-аракеттин (нотариалдык буйруктун) уникалдуу номерине шилтеме көрсөтүлөт.

537. Токтом үч бөлүктөн турат: киришүү, баяндоо жана резолюциялык. Киришүү бөлүгүндө нотариустун толук маалыматтары көрсөтүлөт, баяндоо бөлүгүндө – талаптын маңызы жана материалдык жана процесстик укукка шилтеме келтирилет, резолюция “токтом кылды” түрүндө билдирилет. Резолюциялык бөлүктө нотариус өндүрүп алуучунун жана карызкордун толук жана так маалыматтарын, акчалай суммалардын өлчөмүн, мамлекеттик алымдын суммасын, аткаруу органы үчүн кайтарып берүү жөнүндө негиз болушу мүмкүн болгон андагы каталарды жазат.
Эгерде нотариалдык буйрукта одоно каталар же одоно арифметикалык жана башка техникалык каталар кетирилген болсо, нотариус нотариалдык буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом чыгарат. Токтом сканерден өткөрүлөт жана НБМСке тиркелет, көчүрмөсү буйрук өндүрүшүнүн ишине көктөлөт.

538. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө квитанция, арыз, буйрук, токтом, билдирүү, кат алышуу жана башка документтер буйрук өндүрүшүнүн ишине түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна
Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө
Нускама
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634, 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Нотариаттын ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Нотариат жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо, ушул Нускама жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер эсептелет.
2. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын нотариустарынын нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негизги эрежелерин аныктайт.
I бөлүм. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо эрежелери
1-глава. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо орду
3. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ар бир жаран нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн каалаган нотариуска кайрылууга укуктуу.
4. Эгерде нотариалдык иш-аракеттер нотариустун имаратынан тышкары жерде жасалса, анда документтеги күбөлөндүрүлүүчү жазууда жана кагаздагы жана электрондук алып жүрүүчүдөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде нотариалдык иш-аракеттер жасалган жер дарегин көрсөтүү менен жазылат.
5. Керээз калтыруучу катуу ооруган учурда ошол нотариалдык округда нотариус жок болгондо керээзди ырастоо үчүн нотариус башка нотариалдык округга барууга укуктуу.
6. Кыймылсыз мүлктү ажыратууга багытталган келишимдер, кыймылсыз мүлк жайгашкан нотариалдык округдун нотариусу тарабынан күбөлөндүрүлөт.
7. Ар башка нотариалдык округдардын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекти болуп саналган алмашуу келишими, алмаштырылган кыймылсыз мүлк объекттеринин кайсынысы болбосун жайгашкан жери боюнча күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
2-глава. Нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн мамлекеттик алым төлөө тартиби
8. Мамлекеттик алым ар бир нотариалдык иш-аракет үчүн нотариаттын бирдиктүү маалымат системасында интеграцияланган төлөм платформасы аркылуу нотариалдык иш-аракет жасалган жана юридикалык мааниге ээ документтер берилген күнү төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттик нотариуска кайрылганда, мамлекеттик алым нотариалдык иш-аракет жасалганга жана юридикалык мааниге ээ болгон документтерди бергенге чейин төлөнөт.
10. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн жеке нотариуска кайрылганда, мамлекеттик алымды төлөөчүнүн өкүлү катары жеке нотариус тарабынан төлөнүшү мүмкүн.
11. Мамлекеттик алымды төлөө статусу нотариаттын бирдиктүү маалымат системасында (мындан ары – НБМС) белгиленет жана сакталат. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине же нотариалдык актыларга квитанцияларды тиркөө талап кылынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган адамдын ким экендигин аныктоо
12. Нотариалдык иш-аракеттерди жасаганда нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган адамдын, анын өкүлүнүн же юридикалык жактын өкүлүнүн өздүгүн аныктайт.
13. Адамдын ким экендигин аныктоо паспорттун же нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын ким экендиги жагынан ар кандай шектенүүнү жокко чыгарган ким экендигин ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
Жарандыгын, үй-бүлөлүк абалын же жашаган жерин аныктоо зарылдыгы болбогон учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо ким экендигин аныктоо жарандын өздүгүнө карата кандай болбосун шектенүүнү жокко чыгаруучу ким экендигин ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
14. Жеткиликтүүлүк «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамалекеттик порталы, мобилдик тиркеме аркылуу жаран тарабынан берилген санариптик форматта тапшырылган документтер (улуттук паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык абалдын актылары: туулгандыгы, никеге тургандыгы, никени бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө күбөлүк жана башка санариптик документтер) юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документтерге бирдей маанидеги документтер болуп саналат.
15. Ким экендигин аныктоо жана верификациялоо НБМС «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы, Идентификациялоонун бирдиктүү системасы (мындан ары – ИБС) биометрикалык идентификациялоо методу, жандуулукту аныктоо методу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн, негизинен, арыз ээсинин кыймылдуу мүлкүнүн күрөөсү жөнүндө кабарламаны же кыймылдуу мүлкүнүн күрөөсү жөнүндө кабарламалардын реестринен көчүрмө берүү жөнүндө арызды каттоо үчүн документтерди нотариуска электрондук формада жиберүүдө, анын квалификацияланган электрондук кол тамгасы текшерилген жана Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арыз ээсине таандыктыгы тастыкталган шартта анын ким экендиги аныкталган деп эсептелет.
17. 16 жашка чыга электердин өздүгү туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн жана баланын мыйзамдуу өкүлү (ата-энеси, камкорчусу, көзөмөлчүсү) тарабынан анын өздүгүн жазуу жүзүндө ырастоонун же жалпы жарандык паспорту болсо, ошонун негизинде аныкталат.
18. Чет өлкөлүк жарандардын өздүгү алардын улуттук паспортторунун же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка документтердин негизинде аныкталат.
19. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдардын, качкындардын статусу алардын өздүгүн жана статусун (качкындын жана/же жашай туруу укугуна күбөлүгү, Кыргыз Республикасында кайрылмандын күбөлүгү) ырастоочу документтердин негизинде ырасталат.
4-глава. Жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн жана юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүн текшерүү
20. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариус жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн аныктайт жана юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүн текшерет.
21. Жеке же юридикалык жактын өкүлү нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылганда, нотариус ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет.
22. Жеке ишкер жеке жактарга таандык болот жана анын статусу жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктү же патентти берүү аркылуу же болбосо, салык төлөөчүнүн паспортун анын жеке кабинетинен кароо аркылуу текшерилет.
23. Жеке жактын аракетке жөндөмдүүлүгү өздүгүн ырастоочу документтердин негизинде, визуалдык маектешүү жүргүзүү аркылуу аныкталат.
24. Эгерде нотариус бүтүмдүн катышуучуларынын кимдир бирөөсү жин оорсунан же кем акылдыгынан же болбосо спирт ичимдиктерин же баӊги заттарын ашыкча пайдалангандыктан же алкоголдук, баӊги заттан, дарыдан мас абалда тургандыгынан улам өз аракеттеринин маанисин түшүнө албайт же аларды башкара албайт деп болжолдоого негиз болсо, анда нотариус нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартат.
25. Аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө же жакты аракетке жөндөмсүз деп таануу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ырасталышы керек.
26. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн укукка жөндөмдүүлүгү уюмдаштыруучу документтердин, юридикалык жактардын жана уюмдаштыруучу документтердин реестринин негизинде аныкталат.
Нотариус НБМС аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка мамлекеттик органдардын расмий сайттарынын электрондук базасындагы маалыматтар боюнча юридикалык жактын жана жетекчинин укукка жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө укуктуу.
27. Юридикалык жактын жетекчисинин (аткаруу органдын) ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жалпыга маалымдоо каражаттары жана мамлекеттик органдардын башка расмий сайттары же болбосо НБМС аркылуу, юридикалык жакты дайындоо жөнүндө же жетектөөчү органдарды шайлоо тууралуу документтер менен текшерилет.
28. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) өкүлүнүн укуктук жөндөмдүүлүгү жетекчинин же уюмдаштыруучу документтер менен ыйгарым укук берилген башка жактын колу коюлган ишеним каттын негизинде аныкталат.
Айрым учурларда юридикалык жактын жалпы укукка жөндөмүнөн сырткары нотариус өзүнөн-өзү жөнгө салынуучу уюмдагы мүчөлүк же иштин кандайдыр бир түрүн жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензия менен берилүүчү атайын укукка жөндөмүнүн бар экендигин аныктайт.
29. Эгерде атайын администратор, убактылуу администратор же банктын жоюучусу катары чыкса, нотариус анын өздүгүн ырастоочу документтерден сырткары, банкроттук процессин козгоо жөнүндө соттун чечимин (кредиторлордун/акционерлердин, Улуттук банктын чогулушунун чечими), банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча мамлекеттик органдын администраторду дайындоо жөнүндө чечимин, банк мажбурлап жоюлган учурда жоюучуну дайындоо жөнүндө соттун чечимин, банкроттук процессинин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун ишин жүзөгө ашырууга лицензияны, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктү, банкрот болгон юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтерин, бүтүм түзүүгө тиешелүү макулдукту талап кылат.
Убактылуу администратор же банктын жоюучусу үчүн ишеним кат талап кылынбайт.
30. Юридикалык жактын укукка жөндөмүн текшерүүнүн жалпы эрежелеринен сырткары, бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтери боюнча конкреттүү маселелер боюнча иш-аракттерди жасоого өкүлдүн укукка жөндөмүн, ишеним катты, мамлекеттик органдын чечимдерин текшерет.
31. Келишимдик өкүлчүлүктө нотариус өкүлгө тийиштүү ыйгарым укук берүүчү келишимди же чогулуштун чечимин, ишеним катты талап кылат.
32. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары катталган чет өлкөлүк юридикалык жактын укукка жөндөмү иштеп турган юридикалык жактын статусун өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча ырастоочу, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен юридикалык жактарды, салык төлөөчүлөрдү каттоо реестринин мыйзамдаштырылган же апостилденген көчүрмө боюнча текшерилет.
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык тиешелүү келишимдер бар болсо, документтерди мыйзамдаштыруу жана/же апостилдештирүү талап кылынбайт.
5-глава. Нотариалдык иш кагаздардын тили
33. Нотариалдык иш кагаздары мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
34. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган адам нотариалдык иш кагаздары жүргүзүлгөн тилди билбесе, таризделген документтердин тексттери котормочу же болбосо мамлекеттик жана расмий тилдерин кошпогондо, тийиштүү тилди билгендигин ырастоочу документи бар болгон нотариус тарабынан оозеки же жазуу түрүндө которулушу керек.
Эгерде нотариус тийиштүү тилди билсе, анда ал документти өз алдынча которууга жана ушул Нускамада белгиленген тартипте котормонун тууралыгын күбөлөндүрүүгө укуктуу.
35. Нотариус котормочунун өздүгүн аныктайт, аракетке жөндөмүн жана квалификациясын текшерет. Мында нотариус туура эмес, так эмес, билип туруп жалган которгондугу жана жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракеттин сырын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө алдын ала эскертет.
36. Нотариалдык документти тариздөөдө котормочу нотариустун катышуусунда, нотариалдык иш-аракеттер үчүн кайрылган жакка текстти которуп берүүгө милдеттүү.
Бул учурда котормочунун кол тамгасынын аныктыгы өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде катталбайт.
6-глава. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негиздери, кийинкиге калтыруунун жана
токтотуп туруунун мөөнөттөрү
37. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоону төмөнкү учурларда кийинкиге калтырууга милдеттүү:
1) жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды талап кылуу зарылдыгы жаралганда;
2) эгерде берилген документтин аныктыгы шек туудурса, аны экспертизага жиберет.
38. Эгерде кызыкдар адамдардан бул аракеттерди жасоого алардын каршылыгынын жоктугу жөнүндө сурап билүү зарыл болсо, нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтырууга милдеттүү. Бул учурда кийинкиге калтыруунун мөөнөтү аны кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып, бир айдан ашпашы керек.
39. Кайрылган адамдын өтүнүчү боюнча нотариус кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) токтом чыгарылган күнү жана жери;
2) токтом чыгарган нотариустун аты-жөнү, нотариалдык округдун же мамлекеттик нотариалдык конторанын аталышы;
3) нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу зарылдыгын жараткан жагдайлар;
4) нотариалдык иш-аракет кийинкиге калтырылган мөөнөт, бирок бир айдан ашык эмес.
40. Документти экспертизага жиберүүгө байланыштуу кийинкиге калтыруу жөнүндө токтомдо нотариус төмөнкүлөрдү кошумча көрсөтөт:
1) документтин аталышын, ал кимдин атына берилгендигин;
2) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн документ ким тарабынан берилгендигин (аты-жөнү, жашаган жери);
3) документти экспертизага жиберүү зарылдыгын жараткан жагдайларды;
4) экспертиза жүргүзүү үчүн документ каякка (кайсы эксперттик мекемеге) жиберилет;
5) эксперттин корутундусу талап кылынган суроолор.
41. Башка кызыкдар жак күбөлөндүрүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашып жаткан кызыкдар жактын арызы боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоо 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылат. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар жак өзүнүн арызы сотко келип түшкөндүгү жөнүндө ырастаган документти бербесе, нотариалдык иш-аракет жасалууга тийиш.
42. Башка кызыкдар жак аны күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнгөн укукту же фактыны талашкан кызыкдар жактын арызы боюнча камсыздоочу мүнөздөгү чаралар жөнүндө соттун актысын алган учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, сот тарабынан иш чечилгенге чейинки мөөнөткө токтотулуп турат.
7-глава. Нотариалдык иш-аракетти
жасоодон баш тартуу
43. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартат, эгерде:
1) мындай иш-аракеттерди жасоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келсе;
2) иш-аракет башка нотариус тарабынан жасалууга тийиш болсо;
3) нотариалдык иш-аракет жасоо өтүнүчү менен аракетке жөндөмсүз жаран же зарыл болгон ыйгарым укукка ээ болбогон өкүл кайрылса;
4) юридикалык жактын атынан жасалган бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максаттарга каршы келсе;
5) бүтүм «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбесе;
6) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген документтер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе;
7) нотариалдык иш-аракеттерди жасоого аракетке жөндөмдүү болсо дагы, ошол учурда өзүнүн иш-аракеттеринин маӊызын түшүнбөгөн абалда турган же аны башкара албаган (алкоголдук абалдагы, баӊги заттан мас болуп турган ж.б.) адам кайрылса.
44. Нотариус нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартылган жактын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек, үй-бүлө мыйзамдарына шилтеме берүү менен баш тартуунун себебин жазуу түрүндө баяндап жана ага даттануу тартибин түшүндүрүп берүүсү керек. Мындай учурларда нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө токтомду үч жумуш күндөн кечиктирбестен чыгарат.
45. Баш тартуу жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) токтом чыгарылган күнү жана жери;
2) нотариустун аты-жөнү, мамлекеттик нотариалдык конторанын же нотариалдык округдун аталышы;
3) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын аты-жөнү, жашаган жери же юридикалык жактын аталышы жана дареги;
4) нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартылгандын негиздери (Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек, үй-бүлө мыйзамдарынын ченемдерине шилтеме берүү менен);
5) токтомго даттануу тартибин жана мөөнөтүн.
46. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом нотариустун турган жери боюнча сотко он жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.
8-глава. Нотариалдык иш-аракеттерди
жасоонун негизги эрежелери
47. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү боюнча бүтүмдөрдүн жана арыздардын долбоорлорун түзөт, документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан көчүрмөлөрдү даярдайт, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү/ консультацияларды берет.
48. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык нотариус нотариалдык иш-аракеттердин талашсыздык принцибин сактоо максатында бүтүмдүн же нотариалдык башка иш-аракетердин юридикалык тазалыгы үчүн ага керек болгон жеке жана юридикалык жактардан кандай болбосун маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.
Көрсөтүлгөн жактар маалыматтарды жана документтерди (анын ичинде кошумча) аларга карата талаптар келип түшкөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариуска берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгына жоопкерчилик аларды берген адамдарга жүктөлөт.
Нотариус арыз ээсинин кайрылуусунан кийин эки жумуш күндүн ичинде нотариалдык иш-аракеттин мыйзамдуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна ынануу үчүн берилген документтерди изилдөөгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Нотариус маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын сайттарынын электрондук базаларынан маалыматтарды, ошондой эле нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды алат.
50. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөргө, ошондой эле нотариус тарабынан түзүлгөн арыздарга жана башка документтерге нотариустун катышуусунда, анын ичинде компьютерге кол менен түзүлгөн графикалык маалыматты киргизүү үчүн түзүлүштү колдонуу менен кол коюлат.
51. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн тазалап оңдоосу же кошуп жазуусу, чийип салынган сөздөрү жана сүйлөшүлбөгөн башка түзөтүүлөрү бар документтерди, ошондой эле карандаш менен түзүлгөн документтерди, башка өзгөчөлүктөрү бар жана нотариустун документтин аныктыгы боюнча шектенүүсүн пайда кылган документтерди кабыл албайт.
52. Эгерде кагаз түрүндө берилген документтер эки же андан ашык өзүнчө барактарда баяндалган болсо, алар боолонуп, номер коюлушу керек, ал эми боолонгон барактардын саны юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө жана/же бир нече барактан түзүлгөн документтин бүтүндүгү аны тиркөө же алардын бир бүтүндүгүнө шек жаратпагыдай башка ыкма менен (анын ичинде ар бир бет мөөр жана кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн болуусу керек) камсыздалууга тийиш. Бул талап электрондук документтерге карата колдонулбайт.
53. Нотариалдык күбөлөндүрүүчү бүтүмдөрдүн тексти так жана түшүнүктүү жазылган, документтин мазмунуна тийиштүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жолу сөздөр менен белгиленген, ал эми юридикалык жактардын аталыштары – юридикалык даректи көрсөтүү менен кыскартпастан жазылышы керек. Жарандардын аты-жөнү, алардын жекече маалыматтары, өздүгүн тастыктоочу берилген документ алар катталган ордун жана/же жашаган жерин көрсөтүү менен толук жазылышы керек. Чет өлкөлүк жарандардын атынан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө алардын жарандыгы да көрсөтүлөт.
54. Тазалап оӊдоого жол берилбейт, бош орундарга кошуп жазып койбош үчүн чийилип коюлушу керек. Эгерде документ андан ары легалдаштыруу (апостилдештирүү) үчүн багытталган болсо, анда нотариус апостилдин штампы жана консулдук легалдаштыруунун тексти үчүн орун калтырууну эске алышы зарыл.
55. Таризделген документтин маӊызы үчүн олуттуу мааниге ээ болгон кошуп жазуулар жана оӊдоолор (документтин мазмунун өзгөртүүчү же бүтүмдүн шарттарына таасир этүүчү) күбөлөндүрүүчү жазуудан кийин же документтин аягында бүтүмдүн катышуучулары же нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган кызыкдар болгон башка жактар тарабынан көрсөтүлүп, өздөрүнүн кол тамгалары менен ырасталышы керек, нотариустун кол тамгасы жана мөөрү менен бекитилиши керек.
56. Нотариус өзүнүн демилгеси менен же болбосо кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча белгилүү гана жердеги жазууларды же күбөлөндүрүлгөн же берилген документтин маӊызын өзгөртпөгөн арифметикалык жана башка техникалык одоно каталарды оӊдой алат. Документтин маӊызын өзгөртпөгөн же бүтүмдүн шарттарына таасирин тийгизбеген жана тараптардан эскертмелерди талап кылбаган оӊдоолорго документтин аягында же күбөлөндүрүүчү жазуудан кийин эскертме берилет («жаӊылыш жазылган «…» окулбасын, жазылганга «…» ишенүү керек, оӊдолгонго «…» ишенүү керек») жана нотариустун кол тамгасы менен тастыкталып, мөөрү менен бекитилет. Мында бардык жаӊылыш жазылгандар да, анан чийилип салынгандары да баштапкы текстте окулгудай оӊдолушу керек.
Оңдолгон документ сканерлөө жолу менен НБМС системасына киргизилет жана электрондук реестрге тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Тиешелүү документтерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо күбөлөндүрүүчү жазуулар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен формалар боюнча күбөлөндүрүү жазуунун сол жагындагы төмөнкү бөлүгүндө болгон оттисктин бөлүгүнө нотариустун кол тамгасы коюулуп жана жеке мөөрүн басуу менен жүргүзүлөт.
Кайсы бир нотариалдык иш-аракеттерге күбөлөндүрүүчү жазуу жок болгон учурда, нотариус нотариалдык иш-аракетке окшош болгон жазууну жүргүзөт.
58. Күбөлөндүрүүчү жазуунун тексти НБМСти колдонуу менен гана түзүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Кагаз документтеги күбөлөндүрүүчү жазууга коюлуучу кол тамга нотариустун жеке өзү тарабынан жүргүзүлөт, кол тамганы механикалык же башка көчүрүүнүн каражаттарын пайдаланып, нотариустун кол тамгасын факсимилдик каражат менен коюуга жол берилбейт. Нотариус тарабынын түзүлгөн электрондук документтерге күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамга коюлат.
60. Эгерде күбөлөндүрүүчү жазуу тийиштүү документке батпаса, ал документке тиркелген кагаздын бетинде улантылышы же толугу менен баяндалышы мүмкүн. Мында документтин тексти жана күбөлөндүрүүчү жазуу баяндалган барактар боолонот, номерлер коюлат, барактардын саны нотариустун энчилүү мөөрүн басуу жана кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт, бош жерлери чийилип коюлат.
61. Күбөлөндүрүү жазуусу сөзсүз түрдө мамлекеттик алымдын, укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын камтууга тийиш. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотууда күбөлөндүрүүчү жазууда Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин тиешелүү беренесине шилтеме берип: «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 141-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулду» деп көрсөтүү керек.
62. Күбөлөндүрүүчү бүтүмдүн, күбөлүктөрдүн, арыздардын жана нотариус тарабынан даярдалуучу башка документтердин долбоорлорунун мазмунун нотариус катышуучуларга өз алдынча окуп чыгуусуна бериши же аларга үн чыгарып окуп бериши керек. Нотариалдык тартипте таризделүүчү документтерге нотариустун катышуусунда кол коюлат.
63. Эгерде адам дене бойлук кемчилигинен, оорусунан улам же башка кандайдыр бир себептер боюнча жеке өзү кол тамга коё албаса, анда анын тапшырмасы боюнча документке нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган жарандын өзүнүн жеке кол тамгасы коюлбаган себебин көрсөтүү менен анын өзүнүн катышуусунда жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке башка жаран (мындан ары – кол коюучу) кол тамга коё алат.
64. Эгерде адам дене бойлук кемчилигинен улам өзүнүн жеке кол тамгасын коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо жана өзүнүн атынан үчүнчү жак бүтүмгө, арызга же башка документке кол тамга коюусуна ишеним көрсөтүүнү каалабаса, анда ал факсимилдик кол тамганы пайдалана алат, анын аныктыгы «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 85-беренесине ылайык күбөлөндүрүлөт.
65. Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдын көзү көрбөсө жана өзү окуй албаса, нотариус документтин текстин ага окуп берет жана ал тууралуу документке белги коёт.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адам өз алдынча окуганды жана жазганды билген дудук жаран болсо, анда нотариус документтин текстин өзү окуп чыгышы үчүн ага берүүгө тийиш, жаран текстти окуп чыккандыгы жана анын мазмунуна макул экендиги тууралуу документке белги коёт.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган дудук жаран сабатсыз болсо, анда нотариалдык иш-аракетти жасоодо таризделүүчү документтин тексти азиз-дудуктар үчүн атайын иштелип чыккан тифлосурдокотормонун дактилологиялык системасын билген адам тарабынан которулууга тийиш.
Мындай котормону жасаган адам нотариустун катышуусунда документке, бүтүмдүн, арыздын же башка документтин мазмуну ага катышуучу көзү көрбөгөн дудуктун эркине шайкештигин ырастап кол тамгасын коёт.
66. Нотариус мындай адамды котормочу катары каттоого жана туура эмес, так эмес, билип туруп жалган жасалган котормосу үчүн жоопкерчилик тууралуу ага алдын ала эскертүүгө, ошондой эле кол коюучунун жана/же тифлосурдокотормочунун кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүүгө милдеттүү.
Тифлосурдокотормочунун жана кол койучу адамдын катышуусу менен нотариалдык иш-аракеттерди жасоо зарылдыгы жаралган учурда, бир эле адам тифлосурдокотормочу жана кол коюучу болгонго жол берилбейт. Кол коюучунун, тифлосурдокотормочунун кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү боюнча бул аракеттер нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде нотариалдык өз алдынча иш-аракет катары каттоого жатпайт жана мамлекеттик алым алынбайт.
67. Нотариалдык электрондук документке арыз ээси тарабынан кол коюлууга тийиш болгон учурда, арыз ээси нотариустун катышуусунда электрондук кол тамга менен кол коёт.
68. Нотариус тарабынан жасалуучу бардык нотариалдык иш-аракеттер НБМСте жана кагаз бетиндеги нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде катталат.
69. Нотариалдык иш-аракеттерди, нотариалдык күбөлүктөрдү, бүтүмдөрдөгү жана күбөлөндүрүүчү документтердеги күбөлөндүрүлгөн жазууларды каттоо реестрлеринин формаларын «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилейт.
70. Кагазда жүргүзүлүүчү реестрлер боолонушу, барактарына номерлер коюлушу, барактарынын саны тиешелүү аймактык юстиция башкармалыгынын кызматкеринин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү жана мөөр менен бекитилиши керек.
71. Кагазда жүргүзүлүүчү реестрде нотариалдык иш-аракеттерди карандаш менен жазууга жол берилбейт. Реестрде оңдоого жол берилбейт, түзөтүүлөр көрсөтүлүшү жана нотариустун кол тамгасы жана энчилүү мөөрү менен тастыкталышы керек.
72. Реестрдеги жазууда же нотариалдык иш-аракеттердин номерлөөлөрүндө каталар жана нотариалдык иш-аракеттердин жазуусу оӊдолгондугу табылган учурда, ошондой эле жаӊылышып киргизилген жазууларды жокко чыгаруу зарылдыгы болгондо, нотариус бул жөнүндө реестрге белгилеп, «таризделген документти алгандыгына тил кат» деген бөлүмдүн графасына тийбей, аны өзүнүн кол тамгасы жана энчилүү мөөрү менен ырастайт.
73. Документтердин ырасталуучу жана күбөлөндүрүлүүчү нускаларынын санына карабай, нотариалдык иш-аракеттердин бардыгына ырасталган же күбөлөндүрүлгөн документтердин нускасынын санын реестрде белгилөө менен бир катар (тамга-цифралык) номер ыйгарылат. Документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрүү жана банктык карточкалардагы кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүү бул учурларга кирбейт, мында документтин ар бир нускасына (документтин же банктык картанын көчүрмөсүнө) бир катар номер ыйгарылат. Нотариалдык иш-аракет реестрде катталган номер берилүүчү документтердин күбөлөндүрүү жазууларында көрсөтүлөт.
74. Бир сапты өткөрүү менен бардык нотариалдык иш-аракеттер жазыла турган кагаз жүзүндөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестриндеги жазуулар дыкат жана түшүнүктүү жазуу аркылуу көк же кара сыя менен жүргүзүлөт. Милдеттүү түрдө макулдашуу менен жазуунун мазмунун аныктоого мүмкүн берүүчү сөздөрдү кыскартууга, түзөтүүлөрдү (аягына чейин жазууга, кошуп жазууга, оӊдоого) киргизүүгө жол берилет. Оӊдоолор бардык ката жазылгандарды, кийин чийилип же оӊдолгондорду баштапкы түрүндө окуй ала тургандай жүргүзүлүшү керек, мында коррекциялоочу боёк пайдаланууга жол берилбейт. Түзөтүүлөр нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт.
75. Реестрде нотариалдык иш-аракеттердин номерлөөсүндө каталар табылган учурда, нотариус ката табылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен нотариустун мөөрүн жана күнүн коюп, нотариустун кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн актты түзөт. Акт реестрдин аягына чапталат, чапталган ордунда нотариустун колу жана мөөрү коюлат, мында мөөрдүн жарымы актыда, экинчи жарымы реестрде болушу керек.
Реестрге жазуулар нотариус, нотариустун стажеру, нотариустун жардамчысы же мамлекеттик нотариалдык конторада же жеке практика менен алектенген нотариуста эмгек келишими боюнча иштеген ыйгарым укуктуу башка адам тарабынан киргизилиши мүмкүн.
76. Кагаз жүзүндөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринин 1-графасына электрондук реестрдеги нотариалдык иш-аракеттин уникалдуу номери киргизилет, ал документтерде тиешелүү күбөлөндүрүүчү жазууда көрсөтүлөт.
2-графада нотариалдык иш-аракет жасалган күнү белгиленет, ал күбөлөндүрүүчү жазуунун күнүнө туура келиши керек.
3-графада нотариалдык иш-аракеттер жасалган жарандардын же алардын өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, камкордукка алуучунун, көзөмөлдүк кылуучунун) аты-жөнү, юридикалык жактардын аталыштары көрсөтүлөт, ошол эле графада ишеним кат менен аракеттенген адамдардын, кол коюучулардын, котормочулардын, күбөлөрдүн, керээзди аткаруучулардын аты-жөнү көрсөтүлөт.
Нотариалдык таризделген документтин нускасы нотариустун иш көктөмүндө калган учурда, нотариалдык иш-аракет жасалган жарандардын дареги көрсөтүлбөйт.
Бир адам же бир нече адам нотариалдык иш-аракеттердин реестринде катталган нотариалдык иш-аракеттерди жасагандан кийин башка нотариалдык иш-аракеттерди жасатууга кайрылса, реестрдин 3-графасында «ошол эле» деген сөздү же нотариалдык биринчи иш-аракеттин жазуусунун номерине шилтемени көрсөтүүгө жол берилет.
Реестрдин 4-графасында паспорттун сериясы, номери, берилген күнү, ким тарабынан берилгени же нотариалдык иш-аракетти жасатуу үчүн келген адамдын өздүгүн аныктоочу документ көрсөтүлөт.
Нотариус кайрылган жактын өздүгүн аныктоо боюнча шектенүүнүн талашсыздыгын белгилеген бир нече документти көрсөтө алат.
5-графада нотариалдык иш-аракеттин кыскача мазмуну жазылат.
Жазылган нерсенин мааниси түшүнүктүү болгудай кылып сөздөрдү кыскартууга жол берилет.
Бүтүмдү күбөлөндүрүүдө бул графада бүтүмдүн түрү гана көрсөтүлөт, себеби анын так мазмуну бүтүмдүн нускасында баяндалган, ал бүтүм нотариустун иш көктөмүндө калтырылат, келишимдерге карата да бүтүмдүн предмети көрсөтүлөт.
Нотариус күбөлүктү бергенде күбөлүктүн түрү көрсөтүлөт: мураска укугу жөнүндө, жубайлардын жалпы, артында калган жубайына өткөрүлүп берилүүчү мүлкүндөгү үлүшкө ээлик кылуу укугу жөнүндө, жарандын тирүү экендиги жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Нотариус аткаруучу жазууларды жүргүзүүдө, акчаларды жана баалуу кагаздарды депозитке алууда, жасалган нотариалдык иш-аракеттин аталышы көрсөтүлөт. Бир эле адамга бир эле маалда бир түрдүү формадагы документтер боюнча бир нече аткаруу жазууларын берген учурда, берилген аткаруу жазууларынын жалпы санын көрсөтүүгө жол берилет.
78. Нотариустун иш көктөмүндө нускасы калбаган документти күбөлөндүрүүдө, документтин кыскача мазмуну баяндалат.
79. Документте коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүүдө нотариалдык иш-аракеттин аталышы жана коюлган кол тамганын аныктыгы анда күбөлөндүрүлүүчү документтин кыскача мазмуну көрсөтүлөт.
80. Документтин көчүрмөсүнүн тууралыгын күбөлөндүрүүдө документтин аталышы көрсөтүлөт, анын кыскача мазмуну баяндалат, бул документ таандык болгон жарандын аты-жөнү, ким тарабынан берилгендиги жана ал берилген күнү жазылат. Эгерде бир эле документтин бир нече көчүрмөсүнүн тууралыгы күбөлөндүрүлүп жатса, ар бир көчүрмөсүнө өз алдынча номер ыйгарылат, реестрде күбөлөндүрүлүүчү нускалардын саны көрсөтүлөт. Эгерде документтин көчүрмөсү бир нече беттерде баяндалса, анда беттердин саны көрсөтүлөт.
Эгерде бир бетте бир көчүрмө күбөлөндүрүлүп жатса, көчүрмөлөрдүн жана беттердин саны көрсөтүлбөйт.
Эгерде нотариалдык документ электрондук формада даярдалса, анда нотариалдык документтин формасы көрсөтүлөт.
6-графада нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн алынган мамлекеттик алымдын суммасы көрсөтүлөт. Нотариалдык иш-аракеттер жасалып жаткан адам, мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулган болсо, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин тиешелүү беренесине шилтеме берүү менен алымдан бошотуунун негизи көрсөтүлөт.
Нотариалдык иш-аракет нотариалдык конторадан тышкары жерде жасалганда, реестрдин 6-графасында нотариалдык иш-аракет жасалган дарек көрсөтүлөт.
7-графада таризделген документти алган адам кол тамгасын коёт.
81. Эгерде бир эле адам реестрде ырааты менен катталуучу бир нече нотариалдык иш-аракет жасатууга бир эле маалда кайрылса, анын аты-жөнү реестрдин 3-графасында ошол адам үчүн биринчи жасалган нотариалдык иш-аракетти каттоодо бир жолу көрсөтүлөт. Бул адам үчүн жасалуучу андан кийинки нотариалдык иш-аракеттерди каттоодо кол тамгаларды гана коюуга жол берилет.
82. Нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү жана артында калган жубайына берилүүчү жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү, нотариалдык документтин дубликатын арыз ээсине почта аркылуу же электрондук почтасынын дареги боюнча электрондук формада жибергенде, ошондой эле кайрылган адам жок болгондо нотариалдык иш-аракет жасалышы мүмкүн болгон башка учурларда реестрдин 7-графасында бул тууралуу тийиштүү белги коюлат. Мында нотариалдык иш-аракетти жасатууга кайрылган жактын кол тамгасын коюу, аты-жөнүн жазуу талап кылынбайт.
83. Нотариустар аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары боюнча же тапшырмалары боюнча ошондой эле алардын өндүрүшүндө кылмыш-жаза жана жарандык иштер боюнча тургандыгына байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын жазуу түрүндөгү талабы боюнча жана «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринен көчүрмөлөрдү берет.
Реестрден көчүрмө күбөлөндүрүүчү жазууну өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары жүргүзүү менен нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде мамлекеттик алымды алуу менен катталат.
84. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн же берилген документ жоголгондо же бузулганда жарандын же юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча аларга карата нотариалдык иш-аракет жасалган жактын атынан, тапшырмасы боюнча жоголгон же бузулган документтин дубликаты документтин нускасы анын архивинде сакталган нотариус тарабынан берилет.
Эгерде документ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архивинде болсо, анда дубликат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тартипте ведомстволук архив тарабынан берилет.
85. Нотариус өз ишин токтоткон же анын иши токтотулуп турган, ооругандыгына, эмгек өргүүсүндө жүргөндүгүнө же башка себептерге байланыштуу жок болгон учурда, документти сурап алуу мүмкүнчүлүгү болбосо, анда «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык ведомстволук нотариалдык архивдеги архивариустар документтердин дубликаттарын берет жана бул архивдердин иштеринде сакталган документтердин көчүрмөлөрүнүн жана көчүрмө бөлүктөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрөт.
86. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоого негиз болгон документтер нотариуста калтырылган иш көктөмдөргө кошо тиркелет.
87. Эгерде нотариалдык ырасталган (күбөлөндүрүлгөн) документ нотариустун иш көктөмдөрүндө калбаса, анда нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине анын мазмунунун толук тексти жазылат.
88. Бүтүмдөрдү тариздөөдө жана башка нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариуска кагаз түрүндөгү же болбосо электрондук формадагы түп нуска документтер берилет, нотариус алардын аныктыгын текшерет.
89. Нотариус кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуу менен байланышкан бүтүмдөрдү түзүп, мурасты тариздеп жатканда, иш көктөмдөрдө кагаз жүзүндөгү документтердин түп нускаларын калтырат же электрондук документке алардын окшоштугун нотариалдык күбөлөндүрүү менен кагазга басылган электрондук документтерди тиркейт.
90. Мүлктүн, мурастын үлүшүн ажыраткан же анын артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берген учурда, титулдук менчик ээси болуп кайрылган жак саналса, анда нотариус укук белгилөөчү документтин көчүрмөсүн өзүнө калтырат, мында укук белгилөөчү документтин берилген түп нускасында анын номерин, күнүн көрсөтүү менен кандай нотариалдык иш-аракет жасалгандыгы жөнүндө тийиштүү белги коёт, өзүнүн койгон колу жана мөөрү менен бекитет.
91. Түп нуска документтерди (туулгандыгы жөнүндө, никеге тургандыгы тууралуу, каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөрдү) аларды берген адамдарга кайтарып берүүдө же мурда түзөлгөн келишимдерди бузууда «түп нусканын көчүрмөсү туура» же болбосо «көчүрмө туура» деген белги коюлуу менен нотариуста бул документтердин көчүрмөлөрү калат.
92. Электрондук документтер менен иштөөдө нотариус электрондук кол тамга, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин жетекчиликке алат.
93. Нотариус ага берилген электрондук документтин аныктыгын документке кол койгон жана берген адамдын электрондук кол тамгасын текшерет, эгерде күчөтүлгөн электрондук кол тамга менен кол коюлган болсо, анда кол тамга текшерүү ачкычынын сертификаты аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор аркылуу кошумча текшерилет.
94. Эгерде электрондук документ нотариус тарабынан түзүлсө жана ага кайрылган жактын онлайн электрондук кол тамгасы коюлса, анда нотариус кайрылган жактын электрондук кол тамгасынын аныктыгын дагы текшерет, эгерде күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган болсо, анда ачкычынын сертификаты кошумча текшерилет.
95. Кайрылган адамдын өтүнүчү боюнча нотариус кагаз жүзүндөгү документти электрондук документке, ал эми электрондук документти кагаз форматына өткөрүүгө укуктуу жана мамлекеттик алымды алуу менен муну өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары каттайт. Өздүгүн тастыктаган электрондук паспорт жана жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдер өзгөчө болуп саналат, себеби аларга кол койгон жактардын кол тамгаларынын аныктыгын нотариус текшере албайт.
9-глава. Жасалуучу нотариалдык
иш-аракеттердин жашыруундугун сактоо
96. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо ага белгилүү болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү. Жасалуучу нотариалдык иш-аракеттердин сырын сактоо милдети өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган жактарга, анын ичинде эмгек келишими токтотулгандан кийин да жайылтылат.
97. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо үчүн кагаз жүзүндө же электрондук түрүндө келишимдердин нускаларын нотариус тарабынан жөнөтүү нотариалдык иш-аракеттердин сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
Нотариус тарабынан салык органына мурас же тартуулоо тартибинде жарандардын менчигине өтүүчү мүлктүн наркы жөнүндө жана мүлктөн алынуучу салыкты эсептөө үчүн зарыл болгон маалымат нотариалдык сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
98. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндөгү маалыматтар, ошондой эле документтердин көчүрмөлөрү алардын тапшырмалары боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган гана жеке жана/же юридикалык жактарга берилет. Эгерде ишенимдүү жак үчүн мындай укук келишимде макулдашылган болсо, белгиленген жактардын өкүлдөрүнө маалыматтар жана документтердин көчүрмөлөрү берилет, болбосо, мындай маалыматтарды, нотариалдык иш-аракеттердин дубликаттарын (архивдик көчүрмөлөрүн) же жасалган нотариалдык иш-аракетке тийиштүү башка документтерди алууга ишеним катты талап кылуу керек.
99. Соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгач текшерүү органдарынын Кыргыз Республикасынын тиешелүү процессуалдык мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде коюлган суроо-талаптары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан нотариалдык иш-аракеттин жасалгандыгын ырастоочу документтерди алып коюу зарыл болсо, анда алып коюу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 212-беренесине ылайык сот актысынын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
100. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 3-пунктуна ылайык эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоого байланыштуу нотариуска каршы кылмыш-жаза иши козголсо, сот нотариусту сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн.
101. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди башка кандай болбосун учурларда берүүгө тыюу салынат.
Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды берүү деп нотариус тарабынан нотариалдык иш-аракетти нотариустун же ведомстволук нотариалдык архивдин архивинде сакталган документтерди бербестен жасаган фактысын тасктыктоону же танууну түшүнүүгө болот.
102. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте нотариус тарабынан НБМСке маалыматтарды берүү жана ага кирүү мүмкүндүгүн берүү нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
103. Керээздер жөнүндөгү маалыматтар (керээздин болгондугу, анын мазмуну жөнүндө) керээз калтыруучунун каза болгон фактысы нотариус тарабынан текшерилгенден кийин берилет.
104. Эгерде жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндөгү документтер жана маалыматтар мамлекеттик нотариалдык конторанын архивинде же ведомстволук нотариалдык архивде сакталып турса, анда «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде каралган нотариалдык иш-аракеттин сырын сактоо жөнүндө эрежелер архивдин кызматкерлерине дагы жайылтылат.
II бөлүм. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы шарттары
10-глава. Мүлктү ажыратуу менен байланышкан
бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
105. Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен милдеттүү нотариалдык форма белгиленген бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт. Тараптардын каалоосу боюнча нотариус башка бүтүмдөрдү да күбөлөндүрө алат.
106. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жарандардын жана юридикалык жактардын келишим түзүүдөгү эркиндигин караган келишимдин эркиндик принциби жөнүндө 382-статьясын жетекчиликке алат. Нотариус аны түзүүгө тараптардын ыктыярдуу эркин гана тастыктайт, бүтүмгө катышуучулардын жана /же алардын өкүлдөрүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн жана укукка жөндөмдүүлүгүн текшерет.
107. Бүтүмдүн катышуучулары нотариуска берилүүчү маалыматтардын тууралыгына жана берилүүчү документтердин түп нускада экендигине жоопкерчилик тартат.
108. Төмөнкү бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) рента келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 520-статьясы);
3) өмүр бою багуу келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 537-статьясы);
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) имаратты жана курулмаларды ижарага алуу келишими (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 590-статьясы);
6) ишканаларды ижарага алуу келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 596-статьясы);
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон келишим боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн кыймылдуу мүлктү же мүлккө укуктарды күрөөгө коюу жөнүндө келишимдер (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 328-статьясы);
9) керээздер (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131–1140-статьялары);
10) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган, нотариалдык форманы талап кылуучу бүтүмдөрдү жасоого ишеним кат;
11) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилүүчү ишеним кат (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 205-статьясы);
12) сумма эсептик көрсөкүчтөн беш жүз эседен ашса, зайымдык келишими (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 725-статьясы);
13) көп батирдүү турак үйдүн курулушуна үлүштүк катышуу келишими (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 66-беренеси);
14) нике келишими (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 44-статьясы);
15) алимент төлөө жөнүндө макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 105-статьясы);
16) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда башка бүтүмдөр.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
109. Нике келишимин, карын энелик келишимди, баланы асыроочу үй-бүлөгө өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, өмүр бою багуу келишимин же туруктуу рента жөнүндө келишимди, алименттик макулдашууну, ата-энелик укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну бүтүмдүн тараптары жеке өздөрү түзөт. Аталган бүтүмдөрдү өкүлдөр аркылуу жасоого жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
110. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
111. 14 жашка чыга элек адамдардын пайдасына бүтүмдөрдү жасоого уруксат берилет. 14 жашка чыга элек адамдын атынан белекке берүү келишимин күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
112. Бүтүмдүн тарабы жашы жете элек менчик ээси болуп саналган келишимди бузууга тыюу салынат. Эгерде жашы жете элек бала мүлктүн ээси/Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 65-статьясына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 72-статьясына ылайык ээси болгон учурларда нотариус жашы жете элек баланын атынан мыйзамдуу өкүлүнүн тиричиликтиктен сырткаркы бүтүмдү жасоосуна жана мурастык мүлктү бөлүү жөнүндө макулдашуу долбоорун бекитүүгө аймактык ыйгарым укуктуу органдардын (үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү) тийиштүү уруксатын (макулдугун) талап кылат.
113. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179 жана 204-статьяларына ылайык эгерде бүтүм нотариалдык форманы талап кылса, нотариус бүтүм жасоого нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты юридикалык жактардын өкүлдөрүнөн талап кылат.
114. Бүтүмдү юридикалык жактын жетекчиси (жалгыз аткаруучу органы) түзгөн учурда, нотариус бул бүтүмдү түзүүгө жетекчинин укугун белгилөөчү документтерди, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документтерди талап кылат.
115. Эгерде юридикалык жак шайлануучу коллегиялык аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана бүтүм жасоого аталган органдын макулдугу талап кылынса, юридикалык жактан шайлангандыгы/дайындалгандыгы жөнүндө, кызмат адамдарынын ортосунда милдеттенмелердин бөлүштүрүлүшү тууралуу коллегиялык аткаруучу органдын документи, ошондой эле бүтүм жасоого органдын макулдугун ырастоочу талаптагыдай чечим талап кылынат.
116. Эгерде нотариустун иш көктөмүндө нотариалдык башка иш-аракеттерди жасоодо нотариуска юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтеринин жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын жана жетекчинин ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин мурда берилген көчүрмөлөрү бар болсо, анда алар кошумча кайра талап кылынбайт. Мындай учурларда документтер нотариуска таанышуу үчүн гана берилет, мында берилген документтердин аныктыгына жоопкерчилик аларды берген адамдарга жүктөлөт.
117. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык катталууга тийиш болгон мүлктү ажыратуу жана анын күрөөсү жөнүндө келишимдер ажыратылуучу же күрөөгө коюлуучу мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер берилген шартта күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
118. Эгерде жубайлар ортосунда түзүлгөн нике келишими же башка келишим менен никеде турган учурда сатып алынган мүлккө карата менчиктин өзүнчө режими каралбаса, кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүмдү жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүүнү жана/же белгиленген тартипте каттоону талап кылган бүтүмдү жубайлардын бири тарабынан түзүү үчүн нотариус мүлктү тескөөгө экинчи жубайынын макулдугун күбөлөндүрөт. Бул учурларда нике келишими кыймылсыз мүлккө укукту күбөлөндүрүүчү документ менен бирдей эле укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу органдарда катталышы керек.
119. Эгерде жубайынын макулдугунда бүтүм жасоонун шарттары аныкталган болсо, мүлктүн наркы аныкталса, анын пайдасына мүлк ажыратылып жаткан конкреттүү жак көрсөтүлгөн жана башка шарттар болсо, нотариус келишимди ырастоодо бул шарттарды сактоону текшерүүгө милдеттүү.
120. Атайын эсепте турган мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим, ошондой эле мындай келишимди бузуу жөнүндө макулдашуу (аны тийиштүү органда каттагандан кийин) ал мүлк каттоого алынган жери боюнча мамлекеттик каттоо үчүн берилиши керек, нотариус ал тууралуу күбөлөндүрүүчү жазууда же келишимде көрсөтөт жана тараптарга түшүндүрөт.
121. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө бардык келишимдер, аларга алдын ала жана кошумча макулдашуулар кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш, ал жөнүндө нотариус долбоордо же күбөлөндүрүүчү жазууда жазып коёт.
122. Транспорттук каражаттарды, суу, аба кемелерин ажыратуу жөнүндө келишим бул мүлктү каттоо жана эсепке алуу органдарына көрсөтүлүүгө тийиш.
123. Мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу макулдашуу өзүнчө документти түзүү аркылуу таризделет, ал өз алдынча нотариалдык иш-аракет болуп саналат.
124. Бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус келишимди күбөлөндүргөн нотариуска же ведомстволук нотариалдых архивге кабарлашы керек, эгерде бул документ ушул архивде сакталса.
Эгерде укук белгилөөчү документ бузуу жөнүндө макулдашууну ырастоочу нотариуста болсо, мүлктүн мурунку ээсине бул документтин дубликаты берилет. Эгерде документ ведомстволук нотариалдык архивге сактоого берилген болсо, дубликатты алуу тартиби «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жөнгө салынат.
Түзүлгөн келишимдерди бузууда бул келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн алынган мамлекеттик алым тараптарга кайтарылып берилбейт.
125. Тиешелүү органда катталгандан кийин түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө тараптардын макулдашуусу, ушул Нускамага ылайык бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен тастыкталат.
126. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары – каттоо органы) катталгандан кийин түзүлгөн кыймылсыз мүлк объектисине менчик укугунун өтүшүнө алып келүүчү кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус тарабынан тийиштүү каттоо органынын кыймылсыз мүлккө укуктар реестринен көчүрмө жана бузулуучу келишимдин нускасы (нускалары) талап кылынышы керек.
127. Эгерде менчик укугунун кыймылсыз мүлктүн объектисине өтүүсүнө алып келүүчү жактардын биргелешкен жана/же үлүштүк менчигинин объектиси катары саналган кыймылсыз мүлк келишимди бузуу жөнүндө макулдашуунун объектиси болуп саналса, нотариус келишимди бузууга алардын макулдугу жөнүндө бардык кош менчик ээлеринин макулдугун талап кылат.
Келишимди бузуу жубайлардын жана башка кош ээлеринин макулдугу ушул Нускамага ылайык бүтүмдүн эрежелери боюнча ырасталууга тийиш.
128. Мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимди жараксыз деп таануу тууралуу соттун чечимин алган учурда, нотариус бул тууралуу реестрге жана нотариустун ишинде сакталуучу келишимдин нускасында белгилейт.
129. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөрдүн, нотариалдык ар бир иш-аракеттер боюнча нотариус тариздеген башка документтердин бардык нускалары окшош болушу керек жана алардын санына карабай, юридикалык бирдей күчкө ээ.
Аралыктан жасалуучу бүтүмдөрдү кошпогондо, бардык нускаларга бүтүмдүн же нотариалдык иш-аракеттин катышуучулары нотариустун катышуусунда кол тамгаларын коюшат. Күбөлөндүрүүчү жазуу бүтүмдүн же нотариалдык иш-аракеттин бардык нускаларында жүргүзүлөт.
130. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179-статьясына ылайык тараптардын кайсынысынын болбосун талабы боюнча нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 176-беренесинин талаптарына ылайык документтин аныктыгын күбөлөндүрүүчү жазуу коюу менен бүтүмдү күбөлөндүрүүгө укуктуу.
Мүлктүн менчик ээси/ээси тарабынан талаптагыдай таризделген, ошол мүлккө анын менчик укугун/пайдалануу укугун ырастоочу документтер берилбесе, мындай бүтүмдөрдү тариздеген учурда нотариус бул жагдайды сүйлөшүү менен тараптардын макулдугу боюнча гана мындай келишимди күбөлөндүрүүгө укуктуу.
11-глава. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу
жөнүндө бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
131. Менчик укугу кыймылсыз мүлккө өткөндүгү менен байланышкан келишимдерди күбөлөндүрүү, кыймылсыз мүлк жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.
132. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди нотариус тарабынан күбөлөндүрүүдө, нотариустар бул менчик укугундагы мүлктүн ажыратылуучу жакка таандыктыгын текшерет.
Менчигине кыймылсыз мүлктү сатып алуу негизине жараша ал кыймылсыз мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим жана/же жергиликтүү мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик укугуна турак үй жана/же турак эмес имаратты куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө чечими, үлүштүк башталышта курулган кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишими;
2) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана/же жазуу формасында түзүлгөн соода-сатык, тартуулоо, алмашуу келишимдери;
3) рентанын, андан ары сатып алуу менен ижаранын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдери, өтмө укук акысын төлөө макулдашуулары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган жана ага каршы келбеген, мүлктү ажыратуу жөнүндө башка келишимдер жана макулдашуулар;
4) батир, дача, гараж, көрсөтүлгөн мүлккө менчик укугун алуу үчүн негиз болгон башка жай үчүн пай взносун кооперативдердин мүчөлөрүнүн толук төлөп берүүсү жөнүндө кооперативдердин (турак жай-курулуш, дача, гараж же башка керектөө кооперативдеринин) маалымкаттары;
5) ачык тооруктардан, конкурстардан, аукциондордон сатуу протоколу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан турак эмес фондду сатуу боюнча өткөрүлгөн тооруктардан тышкары (турак эмес фондду менчиктештирүү);
6) уюмдаштыруучунун үлүшүн натуралай бөлүү жөнүндө, уставдык фондду түзүү жөнүндө (кыймылсыз мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө), мүлктү өтмө укук акысын төлөө катары өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
7) мүлктү (үйдү, батирди) юридикалык жактардын жана жарандардын менчигине акысыз ажыратуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысы (мүлктү өткөрүп берүү, мүлктөгү үлүштү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишим же акт);
8) үйдү, батирди жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим, үйдү, батирди өткөрүп берүү жөнүндө турак жай ээсинин токтому же чечими (турак жай фондун менчиктештирүү);
9) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк;
10) артында калган жубайынын менчик укугу тууралуу күбөлүк;
11) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк;
12) кыймылсыз мүлккө менчик укугун ырастоочу, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылар;
13) кыймылсыз мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө келишим;
14) жубайлар ортосунда кыймылсыз мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө соттун чечими;
15) каттоо күбөлүгү;
16) укук субъекттеринин менчик укугун ырастоочу башка документтер.
Каттоо күбөлүгүнөн сырткары, укук белгилөөчү бардык документтер тийиштүү мамлекеттик каттоо органында катталышы керек.
133. Турак жайды/турак эмес жайды турак эмес жайга/турак жайга реконструкциялоодо (кайра профилдөөдө) нотариус уруксат берүүчү документтерди талап кылууга милдеттүү.
Ажыратылуучу кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документтен тышкары, нотариус кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун Бирдиктүү мамлекеттик реестринен же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан алынган көчүрмөсүн тиркейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
134. Келишимдерди түзүүдө жер участогунун техникалык мүнөздөмөсү жана өлчөмү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин, техникалык паспорттун маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт.
135. Тийиштүү каттоо органынын техникалык паспортунун маалыматы боюнча жер участогунун иш жүзүндөгү өлчөмү укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун өлчөмүнөн ашык же аз болсо, нотариус жер участогунун укук белгилөөчү документтеги өлчөмүн көрсөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
136. Техникалык паспорттун маалыматтары имараттын/ курулманын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өзгөргөндүгү (мүлктүн ээси тарабынан кыймылсыз мүлктүн объектисине уланган (үстүнө) курулма жүргүзүлсө, имарат кайра жабдылса, алар которулуп жайгаштырылса же курулуш планы өзгөртүлсө) жөнүндө күбөлөндүргөн учурда, нотариус турак/турак эмес имараттардагы болгон өзгөртүүлөргө керектүү уруксат документтерин талап кылат.
137. Тиешелүү макулдашуу/уруксат жок болгондо, келишимде жер участогунун өлчөмү жана/же турак/турак эмес жайдын өлчөмү укук белгилөөчү документтер боюнча көрсөтүлөт.
138. Көп батирлүү үйдө турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүнө жайлар, үй ичиндеги түйүндөр жана көп батирлүү үйдүн ичиндеги бирден ашык менчик ээсин тейлөөчү инженердик жабдуулар (подъезддер, вестибюлдар, батирлердин ортолорундагы тепкич торчолору жана аянтчалар, тепкичтер, желдетүүчү жана лифт шахталары, батирдин тышындагы коридорлор, коридорлор, кир кургатчу жайлар, кир жуучу жайлар, кампалар, чатыр, техникалык кабаттар, жер төлөлөр, өтмөк шлюздар, таштанды камералар, таштанды өткөргүчтөр, чатыр жабуулар, имараттын курулуш конструкциялары, башка көмөкчү жайлар жана башкалар), ошондой эле үйгө чектеш жер участоктору кирет.
Көп батирлүү үйдөгү батир ээси турак үйдүн жалпы мүлкүнө менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн ажырата албайт, ошондой эле бул батирге менчик укугунан бөлүп өзүнчө берүүгө алып келүүчү башка аракеттерди жасай албайт.
139. Кыймылсыз мүлктү же анын бөлүгүн (анын ичинде конок жана/же барак тибиндеги батирди, кыймылсыз мүлктүн кайсы бир бөлүгүн) ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө жалпы пайдаланылуучу жерлер (кир кургатчу жайлар, сантүйүн, коридор), башка жалпы мүлк келишимдин предмети боло албайт.
140. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана «Түндүк» мобилдик тиркеме аркылуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу аркылуу пайдаланууга четөөлөрдүн жоктугун текшерет.
Күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга чектөө киргизилген же мүлк камакка алынган учурда кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим кредитордун жана мүлктү сатып алуучунун карызды жана милдеттенмелерди сатып алуучуга которууга макулдугу болгондо гана, ал эми камакка алынган учурда – ал камактан чыгарылгандан кийин гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
141. Мамлекеттик каттатууга тийиш, жубайлардын жалпы биргелешкен менчиги болгон кыймылсыз мүлктү жана башка мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 36-статьясын сактоо менен күбөлөндүрүлүшү керек.
142. Укук белгилөөчү документтен, нике тууралуу күбөлүктөн же башка документтерден мүлк жубайлардын биринин жеке менчиги экендиги көрүнүп турса, каттатууга тийиш болгон кыймылсыз мүлктү жана башка мүлктү ажыратуу жөнүндө келишим башка жубайынын макулдугун талап кылбастан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
143. Нике келишиминде жубайлар тарабынан мүлккө менчиктин өзүнчө режими каралган болсо жана мындай келишим кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоону жүзөгө ашыруучу органдарда катталса, анда жубайынын макулдугу талап кылынбайт.
144. Эгерде мүлккө мындай мүлктүн наркынын жогорулашына алып келүүчү олуттуу өзгөртүүлөр киргизилсе, нотариус экинчи жубайдын макулдугун талап кылганга укуктуу.
145. Эгерде бүтүмдүн тарабы чет өлкөнүн жараны болсо, анда нотариус экинчи жубайынын талаптагыдай таризделген макулдугун жана нике тууралуу күбөлүктү же болбосо үй-бүлөлүк абалы жана ажыратылып жаткан мүлккө укукка ээ жактардын жоктугу жөнүндө арызды ошол сыяктуу эле талап кылат.
146. Бүтүмдүн катышуучуларынын үй-бүлөлүк абалы жөнүндө берилген маалыматынын аныктыгына жоопкерчилик аларды берген жактарга жүктөлөт.
Эгерде бүтүмдүн тараптары үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арызды ишеним кат боюнча өкүлү аркылуу беришсе, анда бул ишеним катта өкүлдүн маалыматтарды берүүгө жана үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арызды тариздөөгө ыйгарым укугу көрсөтүлүшү керек.
147. Нотариус үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү маалыматты НБМС, мамлекеттик органдардын расмий сайттары аркылуу текшергенге укуктуу.
148. Бүтүмдүн тарабынан үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арыз экинчи тарапка маалымат катары жеткирилет, бул факт экинчи тараптын же анын өкүлүнүн кол тамгасы менен ырасталат.
149. Менчиктештирилген (бекер да, акы аркылуу да өткөрүлүп берилген) турак жайларды тескөө боюнча кандай болбосун жарандык-укуктук бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) турак жайды менчиктештирүүгө макулдук берген үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгынын, анын ичинде эгерде ал менчиктештирүүнүн катышуучусу болсо, анда турак жайдын ээсинин жубайынын макулдугун. Нотариус арыз ээсинин өздүгүн гана аныктайт, ал тууралуу арызда белги коёт;
2) менчиктештирүү учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматка ээ болгон тийиштүү мамлекеттик жана/же башка органдардын маалымкаты (эгерде менчиктештирилген батир макулдашуунун предмети болсо);
3) менчиктештирүү учурунда жашы жете элек балдардын катышуусу менен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматка ээ болгон мамлекеттик жана/же башка органдардан тийиштүү маалымкатты, жана/же менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты;
4) кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен кагаз же электрондук түрдө көчүрмө;
5) укукту белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер.
Менчиктештирилген турак жайды жубайлардын бири бекер ажыратканда, экинчи жубайынын макулдугу, эгерде ал менчик ээси болуп саналса, менчик ээсинин макулдугу катары таризделет жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү жана каттоону талап кылбайт.
Турак жай 1999-жылдын 15-декабрына чейин менчиктештирген учурда – менчиктештирилген турак жайдын жашы жеткен кош менчик ээлерин аныктоо үчүн – жашы жете электердин укуктарын эсепке албастан, менчиктештирүү учурундагы үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик жана/же башка органдардан тийиштүү маалымкатты жана/же менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты.
Турак жай 1999-жылдын 15-декабрынан кийин менчиктештирилген учурда, менчиктештирилген турак жайда жашап турушкан жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо максатында – менчиктештирүү учурундагы жашы жете электердин катышуусу менен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик жана/же башка органдардан (калкты тейлөө борборлору, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, ведомстволук нотариалдык архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) тийиштүү маалымкатты жана/же менчиктештирүү жүзөгө ашырылып жаткан мезгилдеги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жоболорун эске алуу менен менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты.
150. Эгерде менчиктештирилген турак жай менчиктештирүүгө катышкан үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жалпы менчигинде, ал эми турак жайды өткөрүп берүү жөнүндө келишим алардын бирине титулдук ээси катары таризделген болсо, анда менчиктештирүүнүн калган катышуучуларынын арызы боюнча нотариус менчиктештирилген турак жайдагы үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрөт. Макулдашууну каттоо органдарында каттоодон өткөрүү зарыл.
Мындай макулдашууну күбөлөндүрүүдө төмөнкүлөрдү талап кылуу керек:
1) укук белгилөөчү документтерди;
2) менчиктештирүү учурундагы үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик же башка органдардын тийиштүү маалымкатын, жана/же менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты.
151. Кыймылсыз мүлккө үлүштүк жалпы менчиктин катышуучуларынын бири өзүнө таандык үлүштү бөтөн адамга саткан учурда, үлүштүн сатуучусу өз үлүшүн бөтөн адамга сатууга ниеттенгендиги жөнүндө аны сатуунун баасын жана үлүш сатылып жаткан башка шарттарын көрсөтүү менен жалпы үлүштүк менчиктин калган катышуучуларына кат жүзүндө билдиргендигин нотариус текшериши керек.
Белекке берүү келишимин күбөлөндүрүүдө, ошондой эле ачык соодадан кыймылсыз мүлктүн сатып алынган бөлүгүн (үлүшүн) ажыратууда Нускаманын бул пунктунун жобосу колдонулбайт.
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92-беренесинин тартибинде сатуучунун аларга арыз бергендиги жөнүндөгү нотариустун же жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын үйдүн сатылуучу үлүшүн сатып алууга артыкчылык укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө күбөлүгү жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларына жалпы кыймылсыз мүлктөгү үлүшү сатыла тургандыгы жөнүндө кабарлоонун далили болуп саналышы мүмкүн (бааны жана алардын негизинде ушул үлүш сатылып жаткан башка шарттарды көрсөтүү менен).
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын арызына коюлган колдун аныктыгы нотариус же нотариалдык иш-аракеттерди жасоочу башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучулары нотариуска жеке өздөрү келишсе жана сатып алуунун артыкчылык укугунан баш тартуу жөнүндө макулдук беришсе, кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүүнү каттоо талап кылынбайт. Бул учурда нотариус алардын өздүгүн аныктайт жана кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрөт, ал жөнүндө арызга белги коёт.
Эгерде кабарлама жалпы үлүштүк менчиктин катышуучусуна келишимди күбөлөндүргөн нотариус тарабынан берилсе, аны тапшырган мөөнөттөн баштап бир ай өткөндөн кийин, документтерди өткөрүп берүү жөнүндө күбөлүктүн нускасы, кабарлама же анын көчүрмөсү бүтүмдү тариздөөдө нотариустун иш көктөмүндө калтырылуучу кыймылсыз мүлктүн үлүшүн сатып алуу-сатуу келишиминин нускасына тиркелиши керек. Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучусунан жооп алганда, жооп келишимдин көрсөтүлгөн нускасына тиркелет.
Кыймылсыз мүлктүн бөлүгү натурада өз алдынча объект катары аныкталса: өзүнчө кирүүчү жана чыгуучу эшиги, кыймылсыз мүлктүн бөлүгүнүн өз алдынча пайдалануу үчүн багытталган өзүнчө белгиленген чек арасы болсо, кыймылсыз мүлктүн бөлүгүн (үлүшүн) ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө кош менчик ээлеринин макулдугу талап кылынбайт. Техникалык өзүнчө паспорт, мүлктүн объектисине менчик укугун өзүнчө каттоо, укук белгилөөчү ар түрдүү документтер бул фактынын далили боло алат.
152. Жалпы үлүштүк менчиктин калган катышуучуларынын сатып алуунун артыкчылыктуулугун жүзөгө ашыруудан баш тарткан учурда же бул укугун сатуу ниети жана шарттары жөнүндө аларга кабарлаган күндөн тартып бир айдын ичинде ал укугун жүзөгө ашырбаганда, нотариус үлүштү сатып алуу-сатуу келишимин бөтөн адамга күбөлөндүрөт.
Үлүштү ажыратуучу ээлик кылуучуларга алардын үлүштү сатып алууларынын артыкчылык укуктары жөнүндө кабарлоого мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, кыймылсыз мүлктүн үлүшүн бөтөн адамга сатып алуу-сатуу келишими күбөлөндүрүлөт. Бул учурда сатуучу ээлик кылуучуларды дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечимин көрсөтүшү керек.
153. Жашы жете электерге, ошондой эле сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жактарга таандык болгон кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө бүтүмдү күбөлөндүрүүдө нотариус ушул Нускаманын 10-главасынын ченемдерин эске алат.
Эгерде үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдар ата-энелерди, камкордукка алуучуларды же көзөмөлдүк кылуучуларды жашы жете элек балдардын же башка аракетке жөндөмсүз жактардын атына банкка сатылган үй (үйдүн бөлүгү), батир үчүн сумманы салууга милдеттендирсе, анда нотариус муну келишимдин текстинде көрсөтүшү керек.
154. Келишимдин предмети болуп саналбаган имарат, курулма же турак үй турган жер участогун ажыратканда, анда имарат, курулма же турак үй турган жер участогунун бөлүгү, ошондой эле объекттерди алардын багыты боюнча пайдалануу үчүн керек болгон жер участогунун бөлүгү келишимдин предмети болуп саналбаган өз алдынча жер участогуна бөлүнүшү керек.
Имаратты же курулманы ажыратуу жөнүндө келишим менен башкасы каралбаса, ушул гана имарат же курулма ээлеп турган жана аны пайдалануу үчүн керектүү жер участогунун бөлүгүнө гана менчик укугу сатып алуучуга өтөт. Тараптардын макулдугу боюнча бул имараттын же курулманын алдында жайгашкан, өзүнчө бирдик катары бөлүнгөн жер участогунун бөлүгү менен имарат же курулма ажыратылышы мүмкүн.
155. Кыймылсыз мүлктүн үлүшүн (үлүштөн үлүштү) ажыратканда, нотариустун иштеринде укук күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөлөрү калат. Ажыратылуучу кыймылсыз мүлктүн үлүшүнүн конкреттүү өлчөмүн көрсөтүү менен нотариустун кол тамгасы жана мөөрү коюлуп жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белги менен түп нускасы үлүштү ажыратуучуга кайтарылып берилет.
156. Кыймылсыз мүлктүн үлүшүн ажыратуу жөнүндө келишимдин текстинде ажыратылуучу бөлүктүн өлчөмү көрсөтүлөт жана тараптардын каалоосу боюнча ажыратылуучу жайлардын белгилери көрсөтүлүшү мүмкүн.
157. Бул мүлктөгү үлүштү мүлктүн ээси ажыраткандыгы жөнүндө келишимде Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына каршы келбеген башка мүлктү (мисалы, жалпы пайдаланылуучу жайлар, жер участоктору) пайдалануу тартиби аныкталышы мүмкүн.
Мында жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын биринин ага таандык мүлктүн үлүшүн (мүлктүн бөлүгүнүн) тескөөгө жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосундагы кыймылсыз мүлктү пайдалануу тартиби жөнүндө тийиштүү макулдашуу же болбосо алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу же кыймылсыз мүлктүн конкреттүү бөлүктөрүн пайдалануу тартиби жөнүндө соттун чечими болгондо гана жол берилет.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосунда жалпы мүлктү пайдалануу тартиби жөнүндө макулдашуу өз алдынча документ түзүү жолу менен таризделиши мүмкүн. Мындай макулдашууларды күбөлөндүрүүдө, эгерде келишимдин предмети кыймылсыз мүлк болсо, нотариус тарабынан карап көрүү үчүн кыймылсыз мүлккө укук күбөлөндүрүүчү документ талап кылынат.
158. Менчик ээси жалпы мүлктөгү өз үлүшүн ажыратуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө, нотариус бул мүлктөгү үлүштү сатып алуучуга жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосунда жалпы мүлктү пайдалануу шарттары жана тартиби жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, эгерде кошулуу шарттары мурда түзүлгөн макулдашуу менен алар (менчик ээлери) тарабынан сүйлөшүлгөн болсо, мындай макулдашуунун жоболорун сатып алуучу тарап жалпысынан ага (макулдашууга) кошулуу жолу менен кабыл алынышы мүмкүн экендигин түшүндүрөт.
159. Эгерде мүлккө укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документте үлүштүн өлчөмү көрсөтүлбөсө же туура эмес көрсөтүлсө, үлүштүн өлчөмүн (анын ичинде реалдуу, иш жүзүндөгү) аныктоо жөнүндө же үлүштүн өлчөмүн өзгөртүү (тактоо) жөнүндө өзүнчө, өз алдынча макулдашуу таризделиши мүмкүн. Кыймылсыз мүлк мындай макулдашуунун объектиси болгон учурда, ал кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында катталууга тийиш.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири тарабынан жүргүзүлгөн кошумча курулушка же түрттүрүп бузууга (улап куруу, реконструкция) байланыштуу үлүштүн өлчөмүн өзгөртүү жүргүзүлүп жатса, нотариус үлүштөрдүн өлчөмүн аныктоо жөнүндө же үлүштөрдүн өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө макулдашуу түзүү үчүн кошумча курулушка же түрттүрүп бузууга ыйгарым укуктуу органдын чечимин, уруксат берүүчү документтерди, тийиштүү каттоо органынын маалымкатын жана карап көрүү үчүн укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документти талап кылат.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучусунун(ларынын) арызы боюнча нотариус жалпы мүлктөгү үлүшкө, анын ичинде жалпы үлүштүк менчиктин каза болгон катышуучусунун(ларынын) үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө укуктуу. Мында нотариус жалпы мүлккө бардык менчик ээлеринин укуктарын ырастоочу документтерди талап кылат.
160. Укук күбөлөндүрүүчү документтер жок болгон учурда жер участогунун ажыратуучуга таандык экендигин ырастаган документ болуп мүлккө ээлик кылуу укугун ырастаган документтердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25–34-статьяларына ылайык жер участокторун берүү боюнча алардын укуктарын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын менчик укугун таануу жөнүндө тийиштүү чечимдери эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 9-статьясына ылайык жер участогуна болгон укуктар жана жер участогу менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары нотариалдык күбөлөндүрүүгө жатпайт.
Жер участогунун бир бөлүгүнө карата бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү менен ушул бөлүк белгиленген тартипте өз алдынча жер участогуна бөлүнгөндөн кийин гана мүмкүн болот.
Жер участоктору бар турак үйлөрдү жана турак эмес жайларды чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясынын эрежелери сакталат.
161. Курулушу бүтө элек кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө, нотариус курулушу аяктаган жана пайдаланууга берилген кыймылсыз мүлктү ажыратууда керектелүүчү документтерди талап кылат.
162. Сатуучуну (рента алуучуну) өмүр бою багуу жөнүндө келишимдер кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен күбөлөндүрүлөт.
Өмүр бою багуу келишиминде багуунун бардык өлчөмүнүн наркы аныкталышы керек. Мында бир айга багуунун жалпы көлөмүнүн наркы эмгек акынын эки минималдык өлчөмүнөн кем болбошу керек.
163. Юридикалык жактарга таандык болгон кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишими жалпы эрежелер боюнча күбөлөндүрүлөт. Мында нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) укук күбөлөндүрүүчү документ (кыймылсыз мүлктүн ошол юридикалык жакка таандыктыгы жөнүндө);
2) кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен бүтүмдү кагазда же электрондук алып жүрүүчүлөрдө тариздөө предметине көчүрмө;
3) чечимдин түп нускасы же жетекчи күбөлөндүргөн чечимден көчүрмө/ыйгарым укуктуу органдын же кызмат адамынын кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү (ыкчам башкаруу укугунда мүлккө ээ болгон уюмдар сатылып жаткан мүлк уюмдун тескөөсүндө калган кирешенин эсебинен, башкача айтканда, менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен эмес, өзүнчө баланста эсепте турган жеке каражаттардын эсебинен сатып алынганын тастыктоочу документтерди берүүсү керек);
4) көрсөтүү үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө уставдын жана күбөлүктүн түп нускасы же электрондук документтер бар болсо, юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндө «Түндүктөн», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) маалымат базасынан көчүрмө, алардын көчүрмөлөрү нотариустун иш көктөмүндө калат. Нотариустун иш көктөмүндө нотариуска башка нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо мурда берилген уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөлөрү бар болгон учурда, аларды кошумча талап кылуу милдеттүү эмес, мында документтер нотариуска кароо үчүн гана берилет (берилген документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик аларды берген адамдарга жүктөлөт);
5) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо/шайлоо жөнүндө органдын менчик (ыйгарым укуктуу) ээсинин чечими;
6) юридикалык жактын өкүлүнө ишеним кат (ишеним кат милдеттүү нотариалдык таризделүүгө тийиш болгон бүтүмдөр үчүн нотариустан күбөлөндүрүлүшү керек);
7) юридикалык жактын уставына ылайык мүлктү сатуу үчүн керектүү башка документтер.
164. Ишкананы мүлктүк комплекс катары сатууда, ушул Нускаманын 163-пунктунда саналып өткөн документтерден сырткары, инвентаризация актысы, ишкананын курамы жана наркы жөнүндө бухгалтердик баланс, ошондой эле кредиторлорду, алардын мүнөзүн, өлчөмүн жана талап кылуу мөөнөтүн көрсөтүү менен ишкананын курамына киргизилген бардык карыздардын (милдеттенмелердин) тизмеги талап кылынат.
165. Мамлекеттик жана муниципалдык турак фондунун турак жайларын менчиктештирүү жарандардын менчигине турак жайларды акы төлөөнүн негизинде берүү түрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 8-главасында каралган учурларда жана тартипте акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Жарандардын үлүштүк менчигиндеги турак жайды сатып алуу-сатуу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) бүтүмдү кагазда же электрондук алып жүрүүчүлөрдө тариздөө предметине Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
2) турак жайга укук күбөлөндүрүүчү документ;
3) турак имаратты жеке менчикке берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими;
4) менчиктештирилүүчү турак жай карамагында турган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан турак жайды баалоо актысы;
5) өкүлгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
6) жалдоочунун жашы жете элек балдарын эсепке алуу менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкаты.
Жарандын жеке менчигине сатып алуу-сатуу келишимин күбөлөндүрүүдө баш тартуу жөнүндө нотариалдык макулдук же үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн пайдасына макулдук берилет.
166. Турак жай эмес фондун менчиктештирүү «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекетти тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 «Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программаларына ылайык күбөлөндүрүлөт.
Мамлекеттик менчикти сатып алуу-сатуу келишимин нотариалдык күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө жеңүүчүнүн укугун ырастоочу органдын тооруктарынын жыйынтыктары жөнүндө бекитилген протоколу;
2) кагазда же электрондук алып жүрүүчүдө бүтүмдү тариздөө предметине Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
3) эгерде баалоо бекитилген күндөн тартып объект менен бүтүм түзүлгөн күнгө чейин 12 айдан ашпаган убакыт өтсө, объекттин бааланган наркы жана баасы жөнүндө корутундунун көчүрмөсү. Бул мөөнөт өткөндөн кийин, менчиктештирүү объектисинин баалоочу наркы актуалдаштырууга жатат же менчиктештирүү объекти кайрадан бааланууга тийиш;
4) имараттын (курулуштун) техникалык паспортунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) жер участогундагы кыймылсыз мүлк объекттеринин жайгашуу схемасынын ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Мүлктүк комплекстин бөлүгүн менчиктештирүүдө схемада кыймылсыз мүлктүн объектисинин бөлүгү көрсөтүлөт.
Мамлекеттик менчикти сатып алуу-сатуу келишимин милдеттүү түрдө тариздөө «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
167. Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен ижарага берүүгө байланыштуу укуктук мамилелер Ижарага берүүчү менен Ижарага алуучунун ортосунда түзүлгөн мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен ижарага алуу келишиминин негизинде келип чыгат.
Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасы аркылуу менчиктештирүүнүн мөөнөтү андан ары сатып алуу менен ижарага алуу келишиминде каралат.
Андан ары сатып алуу менен ижарага алуу келишимин тариздөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 «Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобонун талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
168. Тараптардын бири же экөөсү тең келишимдин шарттарын аткарбаса, сатып алуу менен ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу келишим менен же болбосо тараптардын биринин талабы боюнча соттун чечими менен белгиленет.
169. Бөлүп төлөө менен тараптардын ортосунда түзүлгөн ажыратуу келишими боюнча толук эсептешүү жөнүндө кредитордун арыздарын тариздөөдө, нотариус карызкор өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандыгы жөнүндө алар күбөлөндүргөн арызга шилтеме берүү менен толук эсептешүү жөнүндө келишимге белги коёт.
170. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуунун негизинде күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактайт, ошондой эле төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) негизги милдеттенмени ырастаган документ (түп нускасы);
2) күрөө келишими (түп нускасы);
3) күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу;
4) тиешелүү мамлекеттик органда катталган күрөөнүн предметин өндүрүү жөнүндө кабарлама (түп нускасы);
5) күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө келишимде каралган учурда күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн күрөөгө коюлган мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы.
Келишимде тараптар төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:
1) бүтүмдү түзүүнүн негиздери (келишимдин текстинде күрөө кармоочунун талабын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө келишимге шилтеме келтирүү зарыл);
2) келишимдин предметинин – күрөөгө коюлган мүлктүн сүрөттөлүшү;
3) аткарылбаган милдеттенменин өлчөмү (же анын акчалай наркы);
4) ажыратылуучу мүлктүн сатуу баасы;
5) күрөө кармоочу тарткан чыгымдардын суммасы;
6) күрөө берүүчүгө кайтарып берилүүгө тийиш болгон сумма;
7) күрөө кармоочу тарабынан күрөөнү токтотуу жана каттоо органында милдеттүү каттоо жөнүндө кабарлама түзүү зарылдыгы, күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга чектөөнү алып салуу үчүн бул жөнүндө мамлекеттик нотариуска билдирүү тууралуу;
8) тараптардын макулдашуусу боюнча жана башка шарттар.
Нотариус өндүрүп алуу жол-жобосун токтотуу тартибин бүтүмдүн тараптарына түшүндүрүүгө тийиш.
12-глава. Автотранспорт каражаттарын, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, алардын чиркегичтерин, суу жана аба кемелерин ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү
171. Транспорт каражаттарын, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, алардын чиркегичтерин, суу жана аба кемелерин ажыратууга келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) бул мүлккө менчик укугун ырастоочу документтер, алардын көчүрмөлөрү нотариустун иш көктөмүндө калат;
2) эгерде мүлк никеде турганда сатып алынса же жалпы үлүштүк менчик болуп саналса, бул мүлктү ажыратууга жубайынын же башка үлүштүк менчик ээлеринин макулдугу;
3) тараптардын үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арыз, эгерде тарап никеде турбаса;
4) катталган транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасынан транспорт каражаты күрөөгө коюлбагандыгы жана чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө көчүрмө:
а) бардык модификациядагы тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар – курулушта, өнөр жайда, токой чарбасында жана башка жумуштарда пайдаланууга багытталган транспорт каражаттары, анын ичинде комбайндар, мелиоративдик, жер казуучу жана башка машиналар үчүн – транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан;
б) суу кемелери, анын ичинде чакан кайыктар үчүн – мамлекеттик транспорт инспекциясы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан;
в) жарандык аба кемелери үчүн – Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен.
Эгерде мүлк менчик укугу боюнча юридикалык жакка таандык болсо, нотариуска укукту күбөлөндүргөн документтерден тышкары уюмдаштыруу документтери тапшырылат, алардын көчүрмөлөрү нотариустун иш көктөмүндө калат. Мында нотариус юридикалык жактын аракетке жөндөмдүүлүгүн, юридикалык жактын өкүлүнүн бүтүмдү түзүүгө ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди, ыйгарым укуктуу органдын мүлктү ажыратуу жөнүндө чечимин текшерет.
13-глава. Юридикалык жактардын уставдык капиталы менен байланышкан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
172. Уставдык фондду түзүү же мүлктү уставдык капиталга же юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус жеке жактын/юридикалык жактын мүлктү юридикалык жакка өткөрүп берүү боюнча милдеттенмелеринин бар экендигин аныктоого милдеттүү.
Бул үчүн нотариус бүтүмдүн материалдарына төмөнкүлөрдү талап кылат:
– юридикалык жактын катышуучуларынын мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө протоколду (чечимди), юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтеринин же мүлктү өткөрүп берүүнүн түрүн жана башка шарттарын аныктоочу дыйканчылык (фермердик) чарбалардын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндө келишимди;
– эгерде макулдашуунун предмети кыймылсыз мүлк болсо – кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү;
– укук күбөлөндүрүүчү жана/же укук белгилөөчү документтерди;
– жубайынын же башка менчик ээлеринин макулдугу жөнүндө арыз (эгерде мүлк жалпы менчиктин объекти болуп саналса);
– юридикалык жактын уюмдаштыруу документтери.
Нотариус тиешелүү мүлктү кабыл алууга ыйгарым укуктуу юридикалык жактын, анын өкүлүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Уставдык капиталды түзүү же мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө келишим укук белгилөөчү документ болуп саналат, эгерде мүлктү каттоо милдеттүү болсо, анын бир нускасы каттоочу органга өткөрүлүп берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 1. Коомдун мүлкүндөгү үлүштү
ажыратуу келишимин күбөлөндүрүү
173. Юридикалык жактын бир катышуучусу тарабынан уставдык капиталдын үлүшүн сатууда же ыйгарууда нотариус уставдык капиталдын үлүшүн сатып алуу укугунун артыкчылык укугу жөнүндө талаптардын сакталышын текшерет.
Эгерде тараптар уставдык капиталдын үлүшүн сатуу же баасын түшүрүү жөнүндө макулдашууга келишсе, анда нотариус бүтүмдү сатып алуу-сатуу келишими түрүндө тариздейт.
Эгерде тараптар уставдык капиталдын үлүшүн акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга келишсе, анда нотариус бүтүмдү тартуулоо келишими түрүндө тариздейт.
Нотариус тиешелүү мүлктү ээликтен ажыратууга жана/же кабыл алууга ыйгарым укуктуу юридикалык жактын, анын өкүлүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Жогоруда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдүн бирин тариздөөдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
– уюмдаштыруу келишимин (же көчүрмөсү);
– коомдун уставын, эгерде катышуучу юридикалык жак болсо;
– уставдык капиталдын жеке же юридикалык жакка таандык экендигин ырастоочу документти;
– эгерде катышуучулардын бири юридикалык жак болсо, чечимди (протоколду, протоколдон көчүрмөнү);
– уставдык капиталдын үлүшүн ажыратууга жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун;
– коомдун башка уюмдаштыруучуларынын үлүштү сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар болсо алардын макулдугун;
– Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укугунун бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Уюмдаштыруу келишимин жана дыйкан (фермердик) чарбанын жалпы биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндө келишимди күбөлөндүрүү
174. Коммерциялык уюмду түзүү (уюмдаштыруу) жана иши жөнүндө уюмдаштыруу келишими, дыйкан (фермердик) чарбасынын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү келишими юридикалык жактын/дыйкан чарбасынын мүлкүнө салымдарды киргизүү тартибин аныктоочу, уюштуруу мүнөзүнө ээ, укук белгилөөчү документ болуп саналбаган биргелешкен иш жөнүндө келишимдердин түрлөрүнүн бири болуп саналат.
Коммерциялык уюмду түзүү (уюмдаштыруу) жана иши жөнүндө уюмдаштыруу келишимин, дыйкан (фермердик) чарбасынын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү келишимин күбөлөндүрүүдө келишимдин катышуучуларынын өздүгү жана алардын аракетке жөндөмдүүлүгү, ошондой эле укуктук жөндөмдүүлүгү гана аныкталат.
§ 3. Юридикалык жактын мүлкүндөгү үлүштөрдү аныктоо, үлүштү натуралай бөлүштүрүү жана бөлүү жөнүндө макулдашуу
175. Нотариус тараптардын каалоосу боюнча юридикалык жактын тең ээлеринин үлүшүн пайыздык туюнтууда, арифметикалык үлүштө, ошондой эле макулдашууну/макулдашууларды күбөлөндүрүү жолу менен натуралай түрдө үлүштү бөлүштүрүү/бөлүү жолу менен аныктоого тийиш.
Келишимди күбөлөндүрүү үчүн нотариус мүлктүн юридикалык жакка таандык экендигин, тең ээлеринин чечим түрүндөгү макулдугун текшерет жана төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) мүлккө укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди;
2) Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү;
3) уюмдаштыруучунун кандайдыр бир мүлктөгү үлүшүн натуралай түрдө бөлүп берүү жөнүндө чечим чогулуштун протоколу же андан көчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн.
Эгерде үлүштү натуралай түрдө бөлүп берүү юридикалык жактын жоюлушуна байланыштуу жүргүзүлсө, анда нотариус жоюучунун (жоюу комиссиясынын) ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди, аталган макулдашууну жасоого жоюучунун (жоюу комиссиясынын) чечимин, ал эми кредиторлордун алдында карызы бар болсо, кредиторлордун макулдугун талап кылат.
14-глава. Ишеним каттарды
күбөлөндүрүү жана жокко чыгаруу
176. Ишеним кат бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Ишеним каттарды күбөлөндүрүүдө нотариус мүлктүн же укуктун жеке жакка таандыктыгын, ошондой эле мүлктү, мүлктүк укуктарды тескөөгө оорчулуктардын бар экендигин текшербейт.
Ишеним каттарды күбөлөндүрүүдө нотариус кайрылган жактын өздүгүн гана текшерет жана эгерде ишеним кат үлүштүк/биргелешкен менчикте болгон мүлктү же мүлктүк укукту тескөөгө берилип жатса, башка менчик ээлеринин ишеним каттарын жана жубайынын макулдугун бир убакта күбөлөндүрүүнү талап кылууга укуксуз.
Нотариус ишеним катты бир же бир нече адамдардын атынан күбөлөндүрөт.
Ишеним каттын текстинде ага кол коюлган жер жана дата, өкүлдүн жана ага өкүлдөнгөн адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттогу маалыматтары, жеке идентификациялык номери (юридикалык жактын толук аталышы) жана жашаган жери (юридикалык жактын жайгашкан жеринин дареги) көрсөтүлүүгө тийиш.
Түзүлгөн датасы көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз болуп саналат.
Ишеним каттын колдонуу мөөнөтү жазуу жүзүндө белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурду кошпогондо үч жылдан ашпайт.
Эгерде ишеним катта колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал жасалган күндөн тартып бир жыл бою күчүн сактайт.
Өкүл тарабынан тартуулоого ишеним кат эгерде анда тартуу алуучунун аты аталбаса жана тартуулоо предмети көрсөтүлбөсө жараксыз.
177. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилүүчү ишеним кат башка бирөөгө ишенип берүү укугу айтылган негизги ишеним кат берилгенде же негизги ишеним кат боюнча өкүл буга ишеним кат берген адамдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жагдайлардан улам аргасыз болгондугунун далилин көрсөткөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним кат өзүнө негизги ишеним кат боюнча берилгенден көп укуктарды камтыбоого тийиш. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним каттын колдонуу мөөнөтү анын негизинде берилген ишеним каттын колдонуу мөөнөтүнөн ашпайт.
Негизги ишеним катта берилген ыйгарым укуктарды жарым- жартылай же толук башка бирөөгө ишенип берүү укугу берилиши же болбосо конкреттүү кайсы ыйгарым укуктар берилиши мүмкүндүгү макулдашылышы мүмкүн.
Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним каттын текстинде негизги ишеним катты күбөлөндүрүү датасы жана орду, башка бирөөгө ишенип берүү укугу менен ишеним катты күбөлөндүргөн нотариустун аталышы көрсөтүлүшү керек.
Негизги ишеним каттын көчүрмөсү нотариуста калуучу ишеним каттын нускасына тиркелет. Эгерде ишеним кат жана башка бирөөгө ишенип берүү сактоонун бир эле мезгилинде бир эле нотариус тарабынан күбөлөндүрүлсө, анда анын көчүрмөсү алынбайт.
178. Ишеним катты күбөлөндүрүүдө нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмунун түшүндүрөт.
179. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 « Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жобого ылайык дипломатиялык каттоо номерлери бар автотранспорт каражаттарына ишеним каттарды күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
180. Ишеним кат берген адам ишеним катты жана башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним катты жокко чыгарууга укуктуу.
181. Ишеним катты жокко чыгаруу үчүн ишеним кат берген адам ишеним кат берилген адамга, ошондой эле ага белгилүү болгон үчүнчү жактарга кабарлаганга милдеттүү. Мындай жактын өтүнүчү боюнча нотариус ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө арызда коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрөт жана арызды ишеним берилген өкүлгө жана арызда саналган үчүнчү жактарга берет.
182. Ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө арыз берилген учурда ишеним көрсөтүүчү ишеним катты күбөлөндүргөн нотариуска кайрылууга укуктуу. Ал жок учурда арызды кабыл алуу жана ишеним көрсөтүүчүнүн кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү укугуна бардык нотариус ээ болот. Мында жокко чыгаруу жөнүндө арызды кабыл алган нотариус ишеним катты күбөлөндүргөн нотариуска ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоого жана чыгарылган ишеним каттардын ачык реестрине киргизүүгө милдеттүү.
15-глава. Керээздерди күбөлөндүрүү жана жокко чыгаруу
183. Керээз бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Керээздерди күбөлөндүрүүдө нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131 жана 1132-статьяларын жетекчиликке алат.
Керээз калтыруучунун керээзин күбөлөндүрүүдө керээзге калтырылып жаткан мүлккө анын укуктарын ырастоочу далилдерди берүү талап кылынбайт. Керээз калтыруучу келечекте сатып алынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктарды жана мүлктү керээзге калтырууга укуктуу.
Жарандын өздүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталгандан кийин нотариус керээз калтыруучунун эркин билдирүүсүн аныктайт, берүү укугу жана милдеттүү үлүшкө укугу боюнча талапкер боло алган мураскорлордун укуктарын, ошондой эле мүлктөгү аларга тиешелүү болгон үлүштү аныктоого талапкер болушу мүмкүн болгон тең ээлердин укуктарын ага түшүндүрөт.
Керээзде нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1149-статьясынын мазмунун керээз калтыруучуга түшүндүргөндүгү жөнүндө белгилейт, ал тууралуу керээз калтыруучу өзүнүн колтамгасы менен ырастоого милдеттүү.
184. Керээзди керээз калтыруучу жазууга же болбосо анын сөзү боюнча нотариус тарабынан жазылышы керек.
Керээзди керээз калтыруучу жеке өзү жасоого милдеттүү. Керээзди өкүлү аркылуу жасоого жол берилбейт.
Керээз ага кол коюлганга чейин нотариустун катышуусунда керээз калтыруучу тарабынан толук окулушу керек. Керээз калтыруучу нотариустун катышуусунда керээзге кол коёт.
Керээз калтыруучунун сөзү боюнча жазылган керээз керээзге кол коюлганга чейин нотариустун катышуусунда керээз калтыруучу тарабынан толук окулууга тийиш, бул тууралуу керээз калтыруучу кол койгончо нотариустун күбөлөндүрүүчү жазуусунда баяндалат.
185. Эгерде керээз калтыруучу дене бойлук кемтигинен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам керээзди жеке өзү окуй албаса жана /же ага кол коё албаса, анын тексти ал үчүн нотариус тарабынан жарыяланат, бул тууралуу керээз калтыруучу керээзди жеке өзү окуй албагандыгынын жана/же ага кол коё албагандыгынын себебин көрсөтүү менен керээзге тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
Эгерде керээз калтыруучу дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам керээзге кол коё албаса, анда керээзди тариздөө ушул Нускаманын 8-главасынын 63, 64-пункттарында баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
Керээзди күбөлөндүрүүдө төмөнкүлөр өз колун коюучулар боло албайт:
1) керээзди күбөлөндүрүүчү нотариус;
2) пайдасына керээз түзүлгөн же баш тартуу керээзи түзүлгөн адам;
3) мындай адамдын жубайы, анын балдары, ата энелери, неберелери, чөбөрөлөрү;
4) керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мураскорлору;
5) толук көлөмдө аракетке жөндөмдүү болбогон адамдар;
6) сабатсыздар жана керээзди окуй албаган башка адамдар.
186. Керээзде түзүлгөн орду, датасы жана убактысы көрсөтүлүшү керек.
187. Нотариус өзү күбөлөндүргөн керээздин нускасын керээз калтыруучу жашаган жердеги мамлекеттик нотариуска керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китебине эсепке алуу жана сактоо үчүн жиберет.
Керээз үч нускадан кем эмес түзүлөт, анын бири нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат, экинчиси мамлекеттик нотариалдык конторага жиберилет, үчүнчү нускасы керээз калтыруучуга берилет. Керээзди түзүлгөн күнү «Архив» автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизүүгө тийиш.
188. Керээз калтыруучунун каалоосу боюнча жашыруун керээз анын мазмуну менен тааныштырбастан күбөлөндүрүлөт.
Жашыруун керээз анын жараксыздык коркунучунан улам керээз калтыруучу тарабынан жазылууга жана кол коюлууга тийиш.
Керээз эки күбөнүн жана нотариустун катышуусунда конвертке салып чапталып, ага күбөлөрдүн ар бири өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын жана туруктуу жашаган жерин көрсөтүү менен өздөрүнүн кол тамгаларын коёт. Андан кийин күбөлөр кол койгон конверт ошол эле күбөлөрдүн жана нотариустун катышуусунда башка конвертке салып чапталат, ага нотариус күбөлөндүрүүчү жазууну жүргүзөт.
Жашыруун керээзди нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде каттоодо керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары көрсөтүлөт, «нотариалдык иш-аракеттин мазмуну» графасында «жашыруун керээз» деп жазылат. Реестрде ошондой эле күбөлөрдүн фамилиясы, аты, аталарынын аттары жана паспорттук маалыматтары, алардын колтамгалары көрсөтүлөт.
Мураска калтыруучу өз мүлкүн гана тескебестен, керээзде баш тартуу керээзин, милдеттерди жүктөөнү да жаза алат.
Жүктөө керээзи менчикке байланышпаган жүктөөнү жөнгө салат. Милдеттерди жүктөлгөн керээзде керээз боюнча мураскорлордун ичинен керээзди аткаруучу жана анын кандайдыр бир иш-аракетти жасоо же андан баш тартуу милдети көрсөтүлөт.
189. Керээз калтыруучу керээзди өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укуктуу.
Керээзди өзгөртүү жаӊы керээзди жокко чыгаруу, жаңы керээзди түзүү, мурда күбөлөндүрүлгөн керээзди жокко чыгаруу жана жаӊысын түзүү жолу менен керээзди жокко чыгаруу жөнүндө тийиштүү арызды берүү аркылуу жүргүзүлөт.
Керээзди жокко чыгаруу жөнүндө арызга коюлган колдун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Жасалган керээзди, ага барабар мурда жасалган керээзди жокко чыгаруучу же өзгөртүүчү жаӊы керээзди алган учурда нотариус өзүндө сакталган керээздин нускасында жана керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китебинде бул тууралуу белги коёт.
Эгерде жокко чыгарылган керээз башка нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн болсо, ошондой эле мындай керээз катталган нотариалдык аракеттерди каттоонун реестри жана керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китеби ведомстволук нотариалдык архивде сакталса, анда жокко чыгаруу жөнүндө арыз ведомстволук нотариалдык архивге жана керээзди күбөлөндүргөн нотариуска жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
Эгерде керээз калтыруучу өзүндө болгон керээздин нускасын берсе, анда керээзди жокко чыгаруу жөнүндө белги ушул нускада да коюлат, андан ары жок кылуу жөнүндө арыз менен бирге архивде сакталган керээздин нускасына тиркелет.
190. Керээзди көчмө күбөлөндүрүүдө нотариус керээздин текстине нотариалдык иш-аракет жасалган жерди, датаны жана убакытты көрсөтөт.
16-глава. Милдеттенмелерди камсыз кылуу менен байланышкан макулдашууларды (келишимдерди) күбөлөндүрүү
191. Нотариус негизги милдеттенмелерди төмөнкү ыкмалар менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууларды (келишимдерди) күбөлөндүрөт: бышмана, күрөө, карызкордун мүлкүн кармап калуу, кепилдик берүү, банктык кепилдик, шертпул жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же келишимде каралган башка ыкмалар менен.
192. Милдеттенмелерди камсыз кылуу менен байланышкан макулдашууларды (келишимдерди) күбөлөндүрүүдө нотариус негизги милдеттенменин түп нускасын талап кылат. Негизги милдеттенмени камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу негизги милдеттенме келишиминде жазылышы мүмкүн.
193. Нотариус тараптарга негизги милдеттенмелерди бүтүмдөр формасында (зайым, рента келишими, жол-транспорт кырсыгынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуу, жабырлануучунун айыпталуучу менен элдешүү келишимдери) түзүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүүгө милдеттүү. Камсыз кылуучу милдеттенме болуп саналбаган акча каражатын кайтаруу жөнүндө бир тараптуу милдеттенмени күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
194. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы аны камсыз кылуучу милдеттенменин жараксыздыгына алып келет.
195. Милдеттенмени камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун жараксыздыгы негизги милдеттенменин жараксыздыгына алып келбейт.
196. Эгерде тараптардын бири негизги милдеттенмени нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылса, анда аны камсыз кылуучу макулдашуу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
197. Эгерде камсыз кылуучу макулдашуулар (келишимдер) Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө талаптардын укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоону талап кылса, тараптардын бири макулдашуулардын нускаларын тиешелүү органдарга берүү үчүн алгандыгын ырастоо үчүн нотариустун нускасына кол коюуга тийиш.
Тараптын (тараптардын) каалоосу боюнча нотариус электрондук колтамга коюлган кагаз жана/же электрондук форматтагы арызды жана документтерди каттоого берет.
17-глава. Башка келишимдерди күбөлөндүрүүнүн жалпы шарттары
(Главанын аталышы КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 1. Башка келишимдерди күбөлөндүрүү
198. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу менен байланышпаган жана менчик укугунун кыймылсыз мүлккө өтүүсүнө алып келбеген, анын ичинде кыймылдуу мүлктү тескөө жана/же башкаруу, мүлккө башка буюмдук укук менен байланышкан башка келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдөн турган документтердин негизги топтомун талап кылат:
– укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасын (эгерде келишим менчик укугунун мүлктүн бөлүгүнө өтүүсүнө алып келсе, көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө кала турган). Кыймылдуу мүлккө укук белгилөөчү (укук күбөлөндүрүүчү) документ же болбосо талаптагыдай түрдө таризделбеген укук белгилөөчү (укук күбөлөндүрүүчү) документ жок болгон учурда, болгон жагдайларда башка келишимди түзүүгө тараптардын макулдугу болсо, аны күбөлөндүрүүгө жол берилет;
– эгерде мүлк чогуу никеде турган убакта сатып алынса жубайынын, ошондой эле эгерде мүлк жалпы менчикте болсо, чогуу ээлик кылуучуларды менчик ээлеринин макулдугун. Эгерде мүлк жалпы үлүштүк менчикте болсо, бүтүм Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 270-беренесинин жоболорун эске алуу менен нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Жалпы үлүштүк менчик укугундагы үлүштү тартуулоодо башка үлүштүк менчик ээлеринин макулдугу талап кылынбайт;
– эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо, ыйгарым укуктуу органдын чечимин, уставдык документтердин көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди.
Нотариус бүтүмдүн түрүнө жана татаалдыгына жараша нотариалдык иш-аракеттердин толуктугу жана талашсыздыгы үчүн керек болгон документтерди кошумча талап кылууга укуктуу.
Ушул Нускама менен тариздөөнүн башка тартиби белгиленген келишимдерди кошпогондо, башка келишимдер кайсы болбосун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Милдеттенмедеги жактарды алмаштыруу менен байланышкан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
199. Талап кылуу укугуна өткөрүп берүү же карызды башка жакка өткөрүү жөнүндө макулдашууларды күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
а) эгерде тараптар жеке жактар болуп саналса:
1) милдеттенмелер (күрөө жөнүндө келишим, кредит келишими, зайым келишими) келип чыгуучу, түп нускаларын көрүү үчүн берилүүчү, көчүрмөлөрү бүтүмдүн материалдарында калуучу документтин көчүрмөсү;
2) эгерде мүлк (мүлктүк укуктар) никеде турган убакта сатып алынса, бул макулдашууларды түзүүгө жубайынын макулдугу;
3) эгерде мүлк (мүлктүк укуктар) жалпы мүлк болуп саналса, бул макулдашууларды түзүүгө башка менчик ээлеринин макулдугу;
4) карызды которууда – карызды которууга кредитордун макулдугу;
б) эгерде тараптар юридикалык жактар болуп саналса, кошумча төмөнкүлөр берилет:
1) мындай түрдөгү макулдашууну (тескеме, протоколдон көчүрмө) түзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечимин тастыктоочу документ;
2) юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк (электрондук же кагаз версиясы), уюмдаштыруучу документтер, ошондой эле көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калуучу өкүлдүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын ырастаган документтер.
Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 316, 317-статьяларынын мазмунун түшүндүрөт.
Эгерде өткөрүлүп берилүүчү милдеттенменин объекти болуп кыймылсыз мүлк же транспорт каражаты саналса, бул объекттерди тескөөгө оорчулуктардын (камактын) бар экендиги жөнүндө маалыматтарды текшерүү нотариус тарабынан жүргүзүлбөйт.
1991. Күрөө кармоочунун же анын өкүлүнүн каттоо органында катталган күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде нотариус мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салуу үчүн каттоочу органга берилүүгө тийиш болгон күрөөнү токтотуу жөнүндө арызды кароого кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Өтмө укук акысын төлөө жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
200. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 372-статьясына ылайык милдеттенме тараптардын макулдашуусу боюнча аны аткаруунун ордуна өтмө укук акысын төлөө менен токтотулушу мүмкүн.
Өтмө укук акысын төлөө катары милдеттенмени аткаруунун ордуна кыймылсыз мүлк берилген учурда тараптардын макулдашуусу ошол мүлк турган жер боюнча күбөлөндүрүлөт.
Негизги милдеттенме нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөндүгүнө карабастан өтмө укук акысын төлөө жөнүндө макулдашуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Мындай макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
1) эгерде өтмө укук акысын төлөөнүн объекти болуп кыймылсыз мүлк саналса – каттоо органынын мүлктүн ажыратуучуга таандыктыгы жөнүндө маалымкатын (эгер мүлк күрөөгө коюлган болсо, оорчулуктун бар экендиги жөнүндө белги коюу менен) же Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү реестринен көчүрмөнү алат;
2) мүлктү өтмө укук акысын төлөө боюнча ажыратууга жубайынын макулдугун (эгерде ал никеде турган убакта сатып алынса), эгерде үй-бүлөлүк абалы жөнүндө (бойдок) жана/же мүлккө укугу жөнүндө арыз жок болсо, менчик ээлеринин макулдугун (эгерде мүлк жалпы биргелешкен менчик объекти макулдугу болуп саналса);
3) укук күбөлөндүрүүчү документти;
4) негизги милдеттенмени ырастоочу документтин түп нускасын же көчүрмөсүн;
5) эгерде өтмө укук акысын төлөө объекти менчиктештирилген турак жай болсо, анда менчиктештирүү учурунда үй-бүлө курамы жөнүндө маалыматка ээ болгон мамлекеттик жана башка органдардын тийиштүү маалымкатын жана/же менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкатты;
6) эгер бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо – бүтүмдү жасоого юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечимин, өкүлдүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди, юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтердин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү.
201. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон сырткары тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө өндүрүүнү күрөөнүн предметине айландыруу күрөө жөнүндө келишимде каралууга тийиш.
Эгерде күрөөнүн предмети кыймылсыз мүлк болсо, макулдашуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде күрөөнүн предмети кыймылдуу мүлк болсо, макулдашуу жазуу формасында түзүлөт, тараптардын макулдашуусу боюнча нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Эгерде күрөө жөнүндө келишим карызкордун, күрөө коюучунун жана күрөө кармоочунун ортосунда күбөлөндүрүлгөн болсо, макулдашуу ушул эле тараптардын ортосунда түзүлүүгө тийиш.
Макулдашууда тараптар төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
1) тараптардын аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты) жана жайгашкан жери (жашаган жери);
2) негизги милдеттенме жана күрөө келишими;
3) өндүрүүнү айландыруу үчүн негиздер;
4) өндүрүүнү күрөөнүн предметине айландыруу учуру (башталышы);
5) күрөө коюучунун күрөөнүн предметин күрөө кармоочуга берүү тартиби;
6) күрөө кармоочунун күрөөнүн предметине жана аны сатууга карата укуктары жана милдеттери;
7) күрөөнүн предметин төмөнкүлөрдүн бирин көрсөтүү жолу менен сатуу ыкмасы:
а) ачык тооруктарды өткөрүү:
– ачык аукцион же конкурс түрүндө өткөрүү формасы аныкталышы керек;
– тооруктардын уюштуруучусу дайындалган;
– баштапкы (старттык) сатуу баасы аныкталган, сатуу баасын аныктоодо пиуир келишпестиктер жаралса, тараптар муну көз карандысыз баалоочуга тапшыра алат;
– курамы жана жайгашкан орду, ошондой эле идентификациялоо үчүн ипотеканын предметин жетиштүү сыпаттоо;
– күрөө кармоочунун ипотека менен камсыз кылынган талаптарынын сатып алуу баасын карызкорго чегерүү менен күрөө кармоочунун же күрөө коюучунун тооруктарда күрөөнүн предметин сатып алуу тартиби;
– ипотека предметин сатуудан түшкөн сумманы бөлүштүрүү тартиби;
б) үчүнчү жактар менен түз сатып алуу-сатуу келишимин түзүү аркылуу күрөөнү сатуу;
в) башка ыкма;
8) ипотека предметинин мурдагы жана кийинки күрөө кармоочуларынын аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты) (эгерде макулдашуу түзүп жаткан учурда алар болсо жана тараптарга белгилүү болсо);
9) ипотека предметине карата буюмдук укуктарга жана пайдалануу укуктарына ээ болгон үчүнчү жактардын аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты) (эгер макулдашуу түзүп жаткан учурда алар болсо жана тараптарга белгилүү болсо);
10) тараптар аны макулдашууда көрсөтүү зарыл деп эсептеген башка шарттар.
Эгерде күрөөнүн предмети айыл чарба багытындагы жер участогу болсо, макулдашуу түзүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
1) эгерде күрөө коюучуда бул келишим боюнча күрөөгө коюлган башка мүлкү болбосо, өндүрүүнү айыл чарба багытындагы жер участогуна айландырууга жол берилет;
2) эгерде карызкор тарабынан бузулган милдеттенме олуттуу эмес жана мунун натыйжасында күрөө кармоочунун талаптарынын өлчөмү күрөөгө коюлган жерлердин ченемдик наркына тете эмес болсо, өндүрүүнү айландыруудан баш тартылышы мүмкүн.
Макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтердин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн талап кылат:
1) негизги милдеттенмени ырастоочу документти;
2) күрөө келишимин;
3) мүлккө укук күбөлөндүрүүчү документтерди;
4) эгерде күрөөнүн предмети менчиктештирилген батир болсо, менчиктештирүү учурунда жашаган жана/же менчиктештирүүгө катышкан үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон уюмдун маалымкаты жана соттон тышкары тартипте макулдашуу түзүүгө жана күрөөгө коюлган мүлктү макулдашууда көрсөтүлгөн ыкма менен соттон тышкары сатууга бардык менчик ээлеринин макулдугу;
5) эгерде жашы жете элек менчик ээси бар болсо, – бул бүтүмдү түзүүгө аймактык ыйгарым укуктуу органдардын (үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн) уруксаты зарыл;
6) эгерде мүлк чогуу никеде турган убакта сатып алынса жана нике келишими менен менчикти бөлүү режими белгиленбесе же мүлк күрөө коючунун жеке менчиги болуп болуп саналса.
§ 4. Башка келишимдерди күбөлөндүрүү –
жалдоо (ижара) келишимин күбөлөндүрүү
202. Имараттарды жана курулмаларды кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары ижарага берүүнү кошпогондо, бардык мүлктү жалдоо келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасын жана көчүрмөсүн;
2) Кыймылсыз мүлккө укуктарды бирдиктүү мамлекеттик каттоодон көчүрмөнү;
3) жубайынын (эгер турак/турак эмес жай чогуу никеде турганда сатып алынган болсо), менчик ээлеринин (эгерде мүлк жалпы менчикте болсо) макулдугу;
4) уставдык документтердин көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү, эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо юридикалык жактын өкүлүнүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди.
Келишимдин текстинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: ижарага берилүүчү жайдын мүнөздөмөсү, жалдоо мөөнөтү, келишимдин суммасы (ижара келишимдери акы төлөнүүчү келишимдер категориясына кирет), жалдоо жана субижара шарттары, тараптардын каалоосу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери, аларды аткарбоонун кесепеттери, жалдоо келишимин токтотуу негиздери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка шарттар.
§ 5. Транспорт каражаттарынын, анын ичинде тракторлордун, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын, аларга чиркегичтердин, суу жана аба кемелеринин ижарасы жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү
203. Транспорттук каражаттарды, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, аларга чиркегичтерди, суу жана аба кемелерин ижарага алуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) мүлккө менчик укуктарды ырастоочу документтерди, алардын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмдөрүндө калат.
2) эгреде мүлк никеде турган убакта сатып алынса же жалпы үлүштүк менчик болсо, ошол мүлктү ажыратууга жубайынын же башка менчик ээлеринин макулдугун;
3) үй-бүлөлүк абалы жөнүндө жана/же мүлккө анын жеке укугу жөнүндө арызды, эгерде адам жесил (жесир) же бойдок болсо, анда мүлк анын жеке менчиги болуп саналат;
4) транспорт каражаттарын каттоо органдарынан катталууга тийиш болгон транспорт каражатына оорчулуктун жоктугу жөнүндө электрондук көчүрмөнү;
5) бардык модификациядагы тракторлорго, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын документтерин;
6) курулушта, өнөр жайда, токой чарбасында жана башка иштерде пайдалануу үчүн багытталган транспорт каражаттарынын, анын ичинде комбайндардын, мелиоративдик, жер казуучу жана башка машиналардын документтерин – транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан;
7) суу кемелеринин, анын ичинде чакан өлчөмдөгү кемелердин документтерин – мамлекеттик транспорт инспекциясы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан;
8) жарандык аба кемелеринин документтерин – Кыргыз Республикасынын граждандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен.
Эгерде мүлк менчик укугунда юридикалык жакка таандык болсо, нотариуска укук күбөлөндүрүүчү документтерден тышкары юридикалык жактын өкүлүнүн бүтүмдү жасоого ыйгарым укуктарын ырастоочу уюмдаштыруучу документтер (анын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат, нотариус юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн да текшерет) берилет.
§ 6. Имараттардын, курулмалардын жана ишканалардын ижара келишимдерин күбөлөндүрүү
204. Имараттардын, курулмалардын жана ишканалардын ижара келишими тараптар кол койгон бир документти түзүү аркылуу жазуу формасында түзүлөт, ижаранын мөөнөтүнө карабастан милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
205. Имараттардын, курулмалардын жана ишканалардын ижара келишимдерин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасын жана көчүрмөсүн;
2) Кыймылсыз мүлккө укуктарды бирдиктүү мамлекеттик каттоодон көчүрмө бөлүктү;
3) эгерде менчик ээси жеке жак болсо, жубайынын макулдугу (эгерде чогуу никеде турган убакта сатып алынса) жана менчик ээлеринин макулдугу (эгерде мүлк жалпы менчикте болсо);
4) уставдык документтердин көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү, эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо юридикалык жактын өкүлүнүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди.
Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучу ага белгиленген тартипте таандык болгон имаратты, курулманы жана ишкананы ижарага берген учурда аны менен бирге бул имаратка, курулмага жана ишканага бекитилген жер участогун пайдалануу укугу да берилет.
Имарат менен курулма жайгашкан мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучунун колдонуусундагы жер участогун имараттын, курулманын жана ишкананын өзүн ижарага тиешелүү түрдө бербестен башка жакка ижарага берүүгө жол берилбейт.
Имараттын, курулманын жана ишкананын ижара келишими ижара акысынын өлчөмүн кароого тийиш. Тараптар макулдашкан ижара акысынын өлчөмү жөнүндө жазуу түрүндөгү шарттар жок болгондо, имараттардын, курулмалардын жана ишканалардын ижара келишими түзүлгөн жок деп эсептелинет.
Андан ары сатып алуу менен имараттын, курулманын жана ишкананын ижара келишими кыймылсыз мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен күбөлөндүрүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Ишкананы ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу мүлктүк комплекс катары ижарага берүү келишими боюнча ижарага берүүчү ижарачыга акча төлөө менен имараттын, курулманын, жер участогун, жабдууларды жана ишкананын курамына кирген башка жүгүртүү каражаттарын убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда чийки заттын, отундун, материалдардын запастарын жана башка жүгүртүү каражаттарын, жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын, имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды пайдалануу укуктарын, ишканага байланышкан башка мүлктүк укуктарды, ишкананын ишин жекелештирүүчү белгилерге укуктарды жана башка өзгөчө укуктарды берүүгө, ошондой эле ижарага берүүчү башка жактарга өткөрүп берүүгө укугу жок укуктарды жана милдеттенмелерди кошпогондо талап кылуу жана ишканага тиешелүү карыздарды ага которуу укугун өткөрүп берүүгө.
§ 7. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимдерин күбөлөндүрүү
206. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 850-865-статьяларынын талаптарына ылайык түзүлгөн мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) эгерде мүлктү башкаруунун уюмдаштыруучусу мүлктүн менчик ээси болсо – бул мүлккө укук күбөлөндүрүүчү документти;
2) эгерде уюмдаштыруучу жер участогуна өмүр бою мурастык ээлик кылуу укугуна ээ адам болсо – жер участогун бөлүп берүү жөнүндө документти;
3) эгерде башкарууну уюмдаштыруучу ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болсо – анын ыйгарым укуктарын ырастоочу документти;
4) эгерде башкарууну уюмдаштыруучу чарба жүргүзүү укугуна негизделген ишкана болуп саналса – менчик ээсинин мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксатын;
5) эгерде мүлк никеде турган мезгилде сатып алынган болсо, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө жубайынын макулдугу жөнүндө арызды;
6) эгерде ишенимдүү башкаруу объекти жалпы мүлк болуп саналса, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө менчик ээлеринин макулдугу жөнүндө арыздарды.
Мамлекеттик ишкананы кошпогондо, жеке ишкер же коммерциялык уюм ишенимдүү башкаруучу боло алат.
Эгерде ишенимдүү башкаруучу жеке ишкер болсо, нотариуска жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүк берилет, бул документтин көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Эгерде ишенимдүү башкаруучу уюм болсо, анда нотариуска юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк (көчүрмө), уюмдаштыруу документтери, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер берилет. Бул документтердин көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Мүлк мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишенимдүү башкаруусуна берилбеши керек.
Ишенимдүү башкаруучу мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими боюнча пайда табуучу боло албайт.
Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 865-статьясында каралган мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин токтотуунун негиздери түшүндүрүлүүгө тийиш.
§ 8. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө же келишимди бузуу жөнүдө макулдашууну күбөлөндүрүү
207. Эгерде мыйзамдардан, келишимден же ишкер жүгүртүү адаттарынан башкача келип чыкпаса, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 413-статьясына ылайык келишимди өзгөртүү же бузуу жөнүндө макулдашуу келишим түзүлгөн формада түзүлөт.
208. Эгерде келишим белгилүү бир мөөнөткө түзүлсө, анын шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашуу негизги келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн чегинде түзүлүшү мүмкүн. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча келишимдин колдонуу мөөнөтүн узарта алышат.
Мөөнөтү көрсөтүлбөстөн мурда түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашуу каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн.
209. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жана мамлекеттик каттоодон өткөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
1) эгерде келишимдин предмети кыймылсыз мүлк болсо, каттоо органынан маалымкатты же Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтык көчүрмөнү тиркейт;
2) бузулууга тийиш болгон келишимди;
3) эгерде мүлк жалпы менчик объекти болсо, жубайынын жана менчик ээлеринин макулдугун;
4) эгерде келишимдин тараптары юридикалык жактар болсо – юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн, ыйгарым укуктуу органдын бүтүмдү жасоого чечимин жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди.
210. Нотариус катталууга тийиш болгон күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга же камоого оорчулуктун бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү. Макулдашуунун нускасы каттоочу органга жөнөтүлөт.
211. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, бирок мамлекеттик каттоодон өтпөгөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө каттоочу органдын маалымкаты талап кылынбайт.
212. Ведомстволук нотариалдык архивге сактоого өткөрүлүп берилген, мурда өзү күбөлөндүргөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус келишимди бузуу жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Нотариус башка нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн учурда нотариус бул жөнүндө ага кабарлоого милдеттүү.
213. Мурда түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) өзгөртүлүүгө жана/же толукталууга (тактоого) тийиш болгон негизги келишимди, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат;
2) эгерде өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор негизги келишимдин маңызына таасир этсе – эгерде мүлк жалпы менчик объекти болсо, менчик ээлеринин макулдугу жөнүндө арызды.
§ 9. Мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө келишимди, жалпы менчик укугунда таандык болгон мүлктөгү үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашууларды, үлүштү реалдуу бөлүштүрүү же бөлүп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү, жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
214. Жубайлардын (мурунку жубайлардын) жалпы мүлкүн бөлүштүрүү келишими, менчик ээлеринин үлүштөрүнүн өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө жана/же үлүштөрдү реалдуу бөлүштүрүү же бөлүп берүү жөнүндө макулдашуулар бардык нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн, ошол эле учурда төмөнкүлөр талап кылынат:
1) мүлккө укук белгилөөчү документтерди, эгерде келишимдин предмети автотранспорт каражаты болсо – транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документтерди жана транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу эрежелери боюнча зарыл болгон башка документтерди;
2) никелешүү тууралуу күбөлүгүн (эгерде нике ажыратылса – никени бузуу жөнүндө күбөлүктү.
Эгерде мүлк үлүштөрү мурда аныкталбаган эки же андан көп жарандардын жалпы биргелешкен менчигинде болсо, алар жалпы мүлктөгү үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашуу түзө алышат. Ошол эле учурда нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
1) мүлккө менчик укугун ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
2) менчиктештирүү учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматы бар тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардын маалымкаттарын (эгерде келишимдин предмети менчиктештирилген батир болсо);
3) эгерде мүлк – жалпы менчиктин объекти болуп саналса, биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын арызын;
4) негизги келишимдин түп нускасына нотариус түзүлгөн макулдашуу түзүлгөндүгү жөнүндө белги коёт.
215. Үлүштү аныктоо жөнүндө макулдашуу каза болгон катышуучунун жалпы менчиктеги үлүшүн аныктоо жана анын үлүшүнө мурастоо укугу тууралуу күбөлүк берүү үчүн менчик ээлери тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда нотариус өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн, Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен электрондук көчүрмөнү жана башка бардык менчик ээлеринин үлүштү аныктоо жөнүндө арызын тиркейт.
216. Үлүштөрү мыйзамда же менчик ээлеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдашуусу менен аныкталган жалпы мүлктүн менчик ээлеринин биринин арызы боюнча нотариус жалпы мүлктөгү анын үлүшүнө менчик укугу тууралуу күбөлүктү берет.
217. Жубайлардын никеде турган убакта тапкан мүлкү алардын биргелешкен менчиги болуп саналат. Талаш-тартыш болбогон учурда жубайлардын каалоосу боюнча, нотариус ар биринин никеде турган убакта тапкан мүлкүнүн 1/2 үлүшүнө жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу тууралуу күбөлүк бере алат.
Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) жубайлардын экөөнөн тең тирүү кезинде мүлккө укугу жөнүндө күбөлүк берүү өтүнүчү менен арыз;
2) нике мамилелерин ырастоочу документ (нике тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү же соттун күчүнө кирген чечими);
3) Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен электрондук көчүрмө;
4) эгерде үлүшүнө күбөлүк берилип жаткан мүлктүн курамына турак үй (дача), үйдүн (дачанын) бөлүгү, батир, дача-курулуш же турак жай-курулуш кооперативиндеги пайлык төгүмдөр, транспорт каражаттары жана уставдык капиталдагы үлүшү жана атайын эсепте турган (катталууга тийиш болгон) башка мүлк кирсе, нотариус көрсөтүлгөн мүлктүн жубайларга таандык экендигин текшерет жана укук белгилөөчү документтерди талап кылат.
218. Менчик укугу тууралуу күбөлүк жубайлардын жалпы менчиги болуп саналган, күбөлүк берилип жаткан күнү бар болгон мүлккө гана берилет.
§ 10. Жөнөкөй шериктештик келишимин күбөлөндүрүү
219. Нотариус тараптардын биринин талабы боюнча жөнөкөй шериктештик келишимин күбөлөндүрөт. Жөнөкөй шериктештик келишими келишимдин максатына жетүү үчүн тараптардын биргелешкен ишинин тартибин жана шарттарын аныктоочу уюштуруу келишими болуп саналат.
Келишимдин текстинде түзүлүп жаткан келишимдин максаты жөнүндө жоболор, аманаттардын мүнөздөмөсү же аларды салуу тартиби, аманаттарды акчалай баалоо камтылууга тийиш, ошондой эле:
1) жалпы иштерди жүргүзүү тартиби, жалпы чыгымдарды жана чыгашаларды жабуу тартиби, пайданы бөлүштүрүү тартиби аныкталышы керек;
2) жалпы милдеттенмелер боюнча шериктештердин жоопкерчилиги, жөнөкөй шериктештик келишимин бузуу тартиби каралышы керек;
3) тараптардын каалоосу боюнча келишимди колдонуу мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн.
220. Жөнөкөй шериктештик келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 979-статьясында каралган негиздер боюнча токтотулган учурда жалпы мүлктү реалдуу бөлүштүрүү келишимин түзүү аркылуу тараптар жалпы мүлктөгү үлүштү натуралай бөлүп берүүгө укуктуу.
221. Жөнөкөй шериктештик келишиминин шарттарына ылайык жалпы мүлктү реалдуу бөлүштүрүү объекти болуп тараптар кошкон мүлк, ошондой эле биргелешкен иштин натыйжалары – биргелешкен иштин натыйжасында өндүрүлгөн продукция, алынган натыйжалар жана кирешелер, бөлүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген башка мүлк болушу мүмкүн.
222. Эгерде келишимдин предмети болуп мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү аманат катары берүү саналса, нотариус ошондой эле каттоочу органдан мүлктүн шериктештиктин катышуучусуна таандык экендиги жөнүндө маалымкатты талап кылууга же Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (кыймылсыз мүлк үчүн) электрондук көчүрмөнү тиркөөгө милдеттүү.
Эгерде шериктештиктин аманатынын объекти жалпы мүлктүн объектиси катары мүлк болсо, нотариус жубайынын (эгерде мүлк биргелешкен никеде турган убакта сатып алынса), эгерде мүлк – жалпы менчик объекти болсо, башка менчик ээлеринин макулдугун талап кылат.
Эгерде жөнөкөй шериктештик келишими ишкердик ишти жүргүзүү үчүн түзүлүп жатса, нотариус бүтүмдүн материалдарына жеке ишкердин күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, патентти жана/же коммерциялык уюмдун – юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү, келишим түзүүгө ыйгарым укуктуу органдын чечимин жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди тиркейт.
§ 11. Кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу келишимин жана үлүштүк башталышта курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
223. Кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус бул келишим алдын ала келишимдин күчүнө ээ экендигин эске алат, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 388 жана 406-статьяларын, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексинин 66-беренесин жетекчиликке алат, келишимди ушул Нускамада каралган эрежелер боюнча тариздөөнү жүзөгө ашырат. Келишимдин бир нускасы каттоо органына жиберилет.
224. Кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) жер участогун пайдаланууга укук күбөлөндүрүүчү документтерди (жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк);
2) кыймылсыз мүлк объекти долбоорлоого жана курууга уруксат берүү документтерин (курулуш жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу).
3) объектинин курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилгендиги жөнүндө ырастаманы;
4) камакка алуу же башка чектөөлөрдүн бар экендиги же жоктугу жөнүндө маалыматтарды.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
225. Үлүштүк башталышта курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) каттоочу органдын маалымкатын (Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен электрондук көчүрмөнү алат);
2) кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу жөнүндө келишимди;
3) эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо уюмдаштыруу документтеринин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн, өкүлдүн ыйгарым укуктарын жана юридикалык жактын өкүлчүлүгүнө укугун ырастоочу документтерди;
4) эгерде мүлк никеде турган убакта сатып алынса/ээликтен ажыратылса, жубайынын макулдугун же болбосо үй-бүлөлүк абалы жана/же ажыратылуучу/сатып алынуучу мүлккө жеке укугу жөнүндө арызды. Макулдашуунун бир нускасы каттоочу органга жиберилет.
Үлүштүк башталышта курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу кыймылсыз мүлк жайгашкан жер боюнча күбөлөндүрүлөт.
226. Эгерде нотариустун көктөмөлөрүндө нотариалдык башка иш-аракетти жасоодо ага мурда берилген юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү бар болсо, аларды кошумча талап кылуу зарыл эмес; документтер нотариуска кароо үчүн гана берилет (берилген документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик аларды берген адамдарга жүктөлөт).
§ 12. Алименттерди төлөө жөнүндө макулдашуу
227. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 104-статьясына ылайык алименттерди (төлөөнүн өлчөмү, шарттары жана тартиби) төлөө жөнүндө макулдашуу алимент төлөөгө милдеттүү адамдын жана аларды алуучунун ортосунда, ал эми алимент төлөөгө милдеттүү адам жана (же) алимент алуучу аракетке жөндөмсүз болгон учурда бул адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлөт, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адамдар мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же камкорчуларынын макулдугу менен келишим түзүшөт.
Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишим аткаруу баракчасынын күчүнө ээ.
Келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус туугандык/нике мамилелерин ырастоочу документтерди талап кылат.
§ 13. Нике келишимин күбөлөндүрүү
228. Нике келишими чогуу никеде турган адамдардын ортосунда түзүлөт, ошол эле учурда нотариус никени каттоо жөнүндө күбөлүктү талап кылат, анын көчүрмөсүн бүтүмдүн материалдарына тиркейт.
Нике келишими никеге турууга даярданып жаткан адамдардын ортосунда алардын болгон мүлкүнө карата да, жана жубайлардын келечектеги мүлкүнө карата да түзүлүшү мүмкүн.
229. Жубайлар нике келишиминде өз ара багуу боюнча укуктарын жана милдеттерин, бири-биринин кирешесине катышуу ыкмаларын, алардын ар биринин үй-бүлө чыгымдарын көтөрүү тартибин аныктоого, нике бузулган учурда жубайлардын ар бирине бериле турган мүлктү аныктоого, ошондой эле нике келишимине жубайлардын мүлктүк мамилелерине тиешелүү башка жоболорду киргизүүгө укуктуу.
Нике келишими жубайлардын макулдашуусу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн.
Нике келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт. Нике келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус бул жөнүндө нике келишимине белги коёт.
230. Тараптардын каалоосу боюнча нике келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында катталышы мүмкүн. Тараптарда укук күбөлөндүрүүчү документтер болсо, нотариус аларга нике келишимин күбөлөндүрүү жөнүндө белги коё алат.
Нике келишими укук белгилөөчү документ болуп саналбайт, нике келишимин түзүү мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө алып келбейт.
§ 14. Милдеттенмелерди күбөлөндүрүү
231. Нотариус бир адам тарабынан экинчи жактын пайдасына жасалган белгилүү иш-аракеттерге, мүлктү өткөрүп берүү, жумушту аткаруу, акча төлөө же болбосо белгилүү иш-аракеттерден кармануу милдеттенмесин күбөлөндүрөт.
232. Нотариус келишимден тышкаркы (келишимге негизделбеген) бир тараптуу милдеттенмени (бир тараптын иш-аракетинин (эркин билдирүүсүнүн) натыйжасында жасалган) күбөлөндүрүүгө укуктуу. Бир тараптуу бүтүм бир тараптын эркин билдирүү болуп саналуу менен ал үчүн милдеттерди жаратат, бирок алар үчүн укуктарды гана пайда кылуу менен үчүнчү жактар үчүн эч кандай милдеттерди түзө албайт), мисалы: мүлктү өткөрүп берүү, жумушту аткаруу, карызды төлөө, зыяндын ордун толтуруу, сактоого берүү же болбосо белгилүү иш-аракетти жасоодон кармануу.
Зайымдык келишим эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен кем эмес ашса, нотариалдык түрдө түзүлүүгө тийиш.
233. Бир тараптуу милдеттенмени күбөлөндүрүүдө милдеттенмени өзүнө алган адамдын өздүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү гана аныкталат.
Милдеттенме арыз берүү аркылуу милдеттенмени берген жак тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
§ 15. Адын ала келишимди күбөлөндүрүү
234. Алдын ала келишим боюнча тараптар келечекте алдын ала келишимде каралган шарттарда мүлктү өткөрүп берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимди (негизги келишим) түзүүгө милдеттенет.
Алдын ала келишим негизги келишим үчүн мыйзамдарда белгиленген форма боюнча, ал эми негизги келишимдин формасы белгиленбесе, жазуу жүзүндө түзүлөт.
235. Кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүү жөнүндө алдын ала келишим тараптардын каалоосу боюнча нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү жана каттоо органында катталышы мүмкүн.
Алдын ала келишимде тараптар негизги келишимдин маанилүү шарттарын белгилеши керек. Алдын ала келишимде тараптар негизги келишимди түзүүгө милдеттенген мөөнөт көрсөтүлөт. Эгерде келишимде мөөнөт аныкталбаса, алар караган негизги келишим алдын ала келишим түзүлгөн учурдан тартып бир жылдын ичинде түзүлүүгө тийиш.
236. Алдын ала келишим укук белгилөөчү документ болуп саналбайт, ал уюштуруу мүнөзүнө ээ, тараптардын мүлктүк мамилелерин жөнгө салбайт, төлөм функциясына ээ эмес, менчик укугун өткөрүп берүүгө алып келбейт.
Алдын ала келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус мүлктүн тараптарга таандык экендигин текшербейт, каттоо органынан маалымкаттарды талап кылбайт (ошондой эле келишимдин предмети кыймылсыз мүлк болсо), күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга оорчулуктун (камакка алуунун) бар экендигин текшербейт.
237. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариуска берилген маалыматтардын жана документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик аларды берген жактарга жүктөлөт.
§ 16. Карын энелик келишимди күбөлөндүрүү
238. Карын энелик келишим балалуу болууну каалаган адамдар/адам менен түйүлдүктү көтөрүү жана бала төрөө максатында жасалма уруктандыруу же башка эмбрионду имплантациялоо методун колдонууга макулдугун берген аялдын (карын эненин) ортосунда түзүлөт. Карын энелик ыкмасын пайдалануу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде гана мүмкүн болот. Эгерде карын эне никеде турса, келишим түзүүгө жубайынын макулдугу зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
239. Эгерде карын эне, генетикалык эне же донордук жумуртка клеткасын пайдалануучу аялдын жубайы болбосо, нотариус анын үй-бүлөлүк абалы тууралуу жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алат.
240. Нотариус никени бузуу жөнүндө күбөлүк жана карын эненин, генетикалык эненин же донордук жумуртка клеткасын пайдалануучу аялдын өздүгүн ырастоочу документ боюнча жубайынын жоктугу фактысын текшерет. Документтердин көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө сакталуучу карын энелик келишиминин нускасына тиркелет.
241. Карын энелик келишимди түзүүдө нотариус «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алат.
18-глава. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү
242. Нотариус документтер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген, юридикалык мааниге ээ жана көчүрмөлөрүнүн жанаалардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы келбеген шартта юридикалык жактар, ошондой эле жарандар тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрөт. Документтин көчүрмөсүнүн түп нуска менен тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн бардык жеке жана юридикалык жактар кайрылууга укуктуу.
243. Бухгалтердик, финансылык жана бажылык документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгы жөнүндө күбөлөндүрүүгө тыюу салынат: схемаларды, таблицаларды, башка графикалык сүрөттөрдү камтыган документтердин; алардын аныктыгына шек туудурган өчүрүүлөр, кошуп жазуулар жана башка өзгөчөлүктөрү бар документтердин; документтин текстинин өзүндө көчүрмө алууга тыюу салынган же көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүгө жол берилбеген башка документтердин.
244. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү менен нотариус документтин мазмунунун мыйзамдуулугун, анда баяндалган фактылардын чындыкка дал келишин, ага кол койгон адамдардын өздүгүн, аракетке жөндөмдүүлүгүн жана ыйгарым укуктарын, документти берген юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастабайт.
245. Документтен көчүрмө бөлүктүн тууралыгын күбөлөндүрүү документтин белгилүү бир маселе боюнча толук текстин же өз алдынча маалыматты камтыган бөлүгүн кайталап көрсөтүүнү билдирет. Көчүрмө бөлүк жасалган документте бири-бири менен байланышпаган бир нече өзүнчө маскелелнин чечимдери камтылган шартта гана көчүрмөнүн тууралыгы күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Көчүрмө бөлүк белгилүү бир маселе боюнча документтин бөлүгүнүн толук текстин кайталап көрсөтүүгө тийиш.
Документтин күбөлөндүрүлүүчү көчүрмөсү же андан көчүрмө бөлүк түп нуска документ менен салыштырылат.
246. Документтин көчүрмөсүнөн алынган көчүрмөнүн тууралыгы нотариус тарабынан эгерде көчүрмөнүн тууралыгы нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн же документтин көчүрмөсү документтин түп нускасы чыккан юридикалык жак тарабынан берилген шартта күбөлөндүрүлөт. Акыркы учурунда документтин көчүрмөсү бул юридикалык жактын фирмалык бланкында түзүлүүгө, мөөр басылып, документтин түп нускасы юридикалык жакта экендиги жөнүндө белги болууга тийиш. Калган учурларда документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнөн алынган көчүрмө күбөлөндүрүлөт, ошол эле учурда документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн датасы, реестрдик номери жана документтин бул нускасын нотариалдык жактан күбөлөндүргөн нотариустун маалыматтары көрсөтүлөт.
247. Эгерде документтин түп нускасында документти берген орган тарабынан кол коюлуп жана мөөр басылган катаны макулдашылган оңдоо камтылса, анда нотариус күбөлөндүрүүчү жазууга «макулдашылбаган оңдоолор жок – бирок макулдашылган оңдоо бар» деген жазууну жазат жана оңдолгон текстти кайталап көчүрүп жазат.
19-глава. Документтердеги өз колу менен коюлган жана факсимилдик кол тамганын аныктыгын, документтин бир тилден экинчи тилге жазуу түрүндө котормосунун тууралыгын күбөлөндүрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү
248. Нотариус мазмуну жарандык мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарына каршы келбеген документтердеги өз колу менен, факсимилдик жана электрондук кол тамга менен коюлган кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрөт.
249. Документтердеги кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүүдө нотариуска берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик аларды берген жактарга жүктөлөт.
250. Кайрылган адамдын кол тамгасы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документ эгерде анда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, шашылыш мүнөздө болушу мүмкүн эмес. Мындай документ аны арыз ээси жокко чыгарганга чейин күчүндө болот.
251. Арыз ээси тарабынан кайсы арыз болбосун чакыртылып алынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул учурда нотариус арыз ээси бардык кызыкдар адамдарга өзүнүн арызынын жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү экендигин түшүндүрөт. Мында нотариус арыз ээсинин арыздагы кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча нотариус арызды кызыкдар адамдарга бере алат жана ошондой эле берген же тапшырган фактысы жөнүндө күбөлүктү бере алат.
252. Бүтүмдүн мазмуну баяндалган келишимде, керээзде, ишеним катта же башка документте, ошондой эле мындай документтин текстин жазуу түрүндө которууну жүзөгө ашырган котормочунун кол тамгасын күбөлөндүрүүдө дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам кол коё албаган башка адам үчүн кол койгон адамдын, кол тамгасынын аныктыгы гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
253. Арызга арыз берүүгө жана ага кол коюуга ыйгарым укуктуу жак (ишеним кат боюнча өкүл, же болбосо өз колун коюучу) кол койсо, анда нотариус ишеним каттын реквизиттерин көрсөтүү менен башка адам үчүн кол койгон жактын кол тамгасынын аныктыгын же болбосо арыз ээси дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам кол коё албаган себебин көрсөтүү менен өз колун коюучунун кол тамгасынын аныктыгы күбөлөндүрөт.
254. Дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам кол коё албаган адам үчүн кол койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү менен нотариус кайрылган жактын өздүгүн жана аракетке жөндөмдүүлүгүн жана өз колун коюучунун өздүгүн аныктайт.
Нотариус кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү менен документте баяндалган фактыларды күбөлөндүрбөйт, ал кол тамга белгилүү адам тарабынан коюлгандыгын гана ырастайт.
Эгерде документте күбөлөндүрүү укугу мамлекеттик органга гана тийиштүү болгон жагдайлар гана бекитилсе, андагы жарандын кол тамгасынын аныктыгы күбөлөндүрүлүшү мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн документтеги кол тамганын аныктыгы эгерде документ сотко же чет мамлекеттин башка мекемесине берүү үчүн багытталган учурларда күбөлөндүрүлүшү мүмкүн эмес.
255. Эгерде жубайы нотариалдык формада таризделүүгө жана/же ыйгарым укуктуу органдарда катталууга тийиш болгон кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга макулдугу жөнүндө арыздагы кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү өтүнүчү менен кайрылса, нотариус кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрбөйт, «макулдукту» өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары тариздейт.
256. Банктык карточкалардагы кол тамгалардын үлгүлөрүн күбөлөндүрүүдө нотариус финансылык документтерге кол коюуга укуктуу жактардын, ошондой эле алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын жана аракетке жөндөмдүүлүгүн жана юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укукка жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Юридикалык жактын кол коюу укугуна ээ адамдардын ыйгарым укуктары, талаптагыдай таризделген ишеним кат боюнча жеке ишкердин, алардын өкүлдөрүнүн статусун нотариус аны кызмат ордунга дайындоо жөнүндө буйруктар, чечимдер, устав (жобо), уюмдаштыруучу келишимдер боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында, КМШга катышкан өлкөлөрдүн расмий сайттарынан, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк боюнча же болбосо кагаз жүзүндөгү, электрондук формадагы да патент боюнча текшерүүгө тийиш.
257. Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 85-беренесине ылайык нотариус ден соолугунун абалынан улам кол тамгасын өз алдынча коюуга дене бойлук мүмкүнчүлүгү болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга факсимилдик кол тамганы күбөлөндүрүү жөнүндө күбөлүк берет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам техникалык каражаттардын жардамы аркылуу даярдалган штампты (клишени) берет жана берилген факсимиленин аныктыгы жөнүндө күбөлүктү нотариуска берет, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан соң нотариус факсимилдик колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт, ал өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен койгон кол тамгага теңештирилет.
258. Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 87-беренесине ылайык зарыл болгон которуу тилин билгендиги жөнүндө ырастоочу документ болгон учурда нотариус документтин бир тилден экинчи тилге жазуу түрүндөгү котормосунун тууралыгын күбөлөндүрөт. Бул талап Кыргыз Републикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерин билген нотариустарга жайылтылбайт.
Эгерде нотариус тийиштүү тилдерди билбесе, документти оозеки же жазуу түрүндө которуу котормочу тарабынан анын зарыл болгон тилди билгендиги жөнүндө ырастоочу документ болгон учурда жүзөгө ашырылат, анын кол тамгасынын аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Жасалуучу нотариалдык иш-аракеттердин талашсыз болушу үчүн документтин текстин котормочу жазуу жүзүндө которот.
Котормочунун ыйгарым укугу төмөнкү документтердин бири менен ырасталат: жогорку билим жөнүндө диплом, жогорку билими жөнүндө дипломго тиркеме, котормочунун квалификациясын ырастоочу сертификат.
Нотариус өзүнүн документтерин которууну жүзөгө ашырган адамдын кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүүгө укуксуз.
Документтин бир тилден экинчи тилге жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн документтин түп нускасы же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет. Котормого берилген документтер көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү үчүн берилген документтер менен бирдей талаптарга жооп бериши керек.
Котормо бүтүндөй документтен (эгерде жазуулар, мекемелердин, уюмдардын белгилери, анын ичинде бул жазуулар, белгилер, тарифтер, мөөрлөрдүн, штамптардын оттисктеринин тексттери бар болсо) жүргүзүлөт. Тексттин бөлүгү которулган учурда, бул жөнүндө белги коюлат.
Эгерде нотариалдык иш-аракетти жасоодо (бүтүмдү күбөлөндүрүү, көчүрмөнүн тууралыгын күбөлөндүрүү) башка тилге которуу да аткарылса, анда котормонун тексти которулган документтин түп нускасынын тексти менен бир бетке, түп нусканын тексти которулган документтин сол жагына, ал эми котормосу оң жагына жайгаштырылгыдай тик сызык менен бөлүнгөн бир баракта жайгаштырылат. Котормо бүтүндөй тексттен жүргүзүлүүгө тийиш. Котормочунун колунун аныктыгын которулган документтин көчүрмөсүнөн кийинки жана котормочу кол койгон котормонун текстинин астында күбөлөндүрүүгө жол берилет. Күбөлөндүрүүчү жазуусу документтин тексттеринин жана андан алынган котормонун астында көрсөтүлөт. Которулган документтин көчүрмөсүнөн бөлөк баракка жайгаштырылган котормо документтин түп нускасына тиркелет, боолонуп, нотариустун кол тамгасы жана мөөрү менен бекитилет.
259. Нотариалдык эки иш-аракетти жасоодо, анын бири документтин текстинин жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын күбөлөндүрүү болуп саналган учурда котормочунун кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү реестр журналына өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары катталууга тийиш эмес.
20-глава. Электрондук документтин жана кагаз түрүндөгү документтин маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү
260. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 82-беренесине ылайык кагаз түрүндөгү документтин электрондук түрдөгү документке маанисинин бирдейлигине күбөлөндүрүү нотариуска кагаз түрүндө берилген документтин мазмунунун электрондук документтин мазмунуна окшоштугун ырастооону билдирет. Нотариус тарабынан электрондук түрдө даярдалган документ маанисинин бирдейлиги нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
261. Нотариуска электрондук түрдө берилген документке квалификациялуу электрондук кол тамга коюлууга тийиш. Документ чыгарган адамдын квалификациялуу электрондук кол тамгасы электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарга ылайык текшерилүүгө жана ага таандыктыгы ырасталууга тийиш.
262. Нотариус сканерлөө жолу менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтин электрондук образын даярдайт.
263. Электрондук документ күбөлөндүрүлгөн документтин бүтүндөй текстин, анын ичинде нотариустун күбөлөндүрүүчү жазуусун камтыйт.
264. Нотариус даярдалган электрондук документке күбөлөндүрүүчү жазуусун жүргүзөт жана өзүнүн электрондук колтамгасы аркылуу кол коёт.
265. Нотариустун электрондук колтамгасы коюлган электрондук документ НБМСте сакталат.
21-глава. Кагаз түрүндөгү документтин электрондук документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү
266. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 83-беренесине ылайык электрондук түрдөгү документтин кагаз түрүндөгү документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү нотариус тарабынан электрондук түрдө даярдалган документтин мазмунунун нотариуска кагаз түрүндө берилген документтин мазмунуна окшоштугун ырастоону билдирет. Нотариус тарабынан электрондук түрдө даярдалган документ маанисинин бирдейлиги нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
267. Кагаз түрүндөгү документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү үчүн электрондук түрдөгү документти түзүү нотариус тарабынан кагаз түрүндөгү документти электрондук түрдөгү документке өткөрүү жана нотариустун квалификациялуу электрондук колтамгасы менен кол коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.
268. Электрондук түрдөгү документтин форматына талаптар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленет.
Нотариус тарабынан кагаз жүзүндө даярдалган документтин электрондук документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүү боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн жактын өтүнүчү боюнча нотариус кагаз жүзүндөгү документ даярдайт.
Электрондук документтин кагаз жүзүндөгү документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүргөн нотариустун электрондук колтамгасын жана ага таандыктыгын текшерүү жөнүндө маалымат нотариус тарабынан күбөлөндүрүүчү жазууда белгиленет.
Кагаз документ күбөлөндүрүлгөн документтин бүткүл текстин, анын ичинде электрондук документтин кагаз жүзүндөгү документке маанисинин бирдейлигинкүбөлөндүргөн нотариустун күбөлөндүрүүчү жазуусун камтыйт.
Даярдалган кагаз документке нотариус күбөлөндүрүүчү жазууну жүргүзүп, ага кол коёт.
22-глава. Электрондук түрдөгү документтеги электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү өзгөчөлүктөрү
269. Нотариус электрондук түрдөгү документтеги электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрөт.
Электрондук түрдөгү нотариалдык документке нотариустун катышуусунда жаран же юридикалык жактын өкүлү кол коёт. Нотариус коюлган электрондук колтамганын аныктыгын ырастайт.
Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча анын электрондук түрдөгү документтеги электрондук колтамгасынын аныктыгы жөнүндө ага күбөлүк берилет же «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренесине ылайык анын көчүрмөсү даярдалат.
Электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүүдө нотариус зарыл болгон форматтагы документти даярдайт, берилген документке анын окшоштугун күбөлөндүрөт жана күбөлөндүрүүчү жазууга өзүнүн күчөтүлгөн квалификациялуу колтамгасын коёт. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча нотариус өзү түзүлгөн электрондук документти алуучуга жиберет.
23-глава. Фактыларды күбөлөндүрүү
270. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 88-беренесине ылайык нотариус жарандын тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрөт.
Жашы жете электин тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрдүн), жашы жете элек камкордугунда болгон мекемелердин жана уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
271. Жашы жете электин тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүүдө нотариус жашы жете электин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн талап кылууга милдеттүү, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
272. Жарандын тирүү жүргөн фактысы жаран нотариуска келгенде, нотариустун имаратынан тышкары да аныкталышы мүмкүн. Эгерде жаран оорусуна, майыптыгына же башка жүйөлүү себептерге байланыштуу нотариустун жайына имаратына келе албаса, тирүү жүргөн фактысы нотариустун имаратынан тышкары күбөлөндүрүлөт.
273. Жарандын тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүү үчүн кызыкдар адам нотариуска жазуу жүзүндө же оозеки түрдө тиешелүү арыз берет.
Берилген арыздын негизинде нотариус жарандын өздүгүн аныктайт.
274. Тирүү жүргөн фактысын ырастоо үчүн нотариус буга кызыкдар адамга тиешелүү күбөлүк берет. Күбөлүктө тирүү жүргөн фактысынан тышкары нотариус бул факт кайда күбөлөндүрүлгөндүгүн жазат. Эгерде бул нотариалдык иш-аракет нотариустун жайынан тышкары жерде жасалган болсо, бул тууралуу да күбөлүктө көрсөтүлөт.
275. Жарандын тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүү жөнүндө күбөлүк эки нускада таризделет, анын бири кызыкдар адамга берилет, экинчиси нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат.
276. Жашы жете электин белгилүү бир жерде болгон фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн), ошондой эле жашы жете элек камкордугунда болгон мекемелердин жана уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
277. Жашы жете электин белгилүү бир жерде жүргөн фактысын күбөлөндүрүүдө нотариус жашы жете электин паспортун (эгерде бар болсо) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн талап кыла алат, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Жарандын белгилүү бир жерде жүргөн фактысы ал нотариуска келгенде жана нотариус бул фактыны нотариустун имаратынан тышкары күбөлөндүрүүдө да аныкталат.
278. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 90-беренесине ылайык нотариус жарандын өздүгүн ал берген сүрөттө чагылдырылган жүз менен окшоштугун күбөлөндүрөт.
279. Нотариус берилген документ аркылуу өздүгүн аныктоодо, НБМС аркылуу инсанды идентификациялоо (верификациялоо) жолу менен кайрылган адамдын маалыматтарын текшерүүгө тийиш.
280. Сүрөттө чагылдырылган жүз менен жашы жете электин окшоштугун күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн), ошондой эле жашы жете элек бала камкордугунда болгон мекемелердин жана уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Сүрөттө чагылдырылган жүз менен жарандын окшоштугун күбөлөндүрүү үчүн нотариус ага келген адам берилген сүрөттө чагылдырылгандыгына ынанышы керек.
281. Сүрөт күбөлүктүн берилүүчү нускасынын жогорку сол бурчунда жайгаштырылат, нотариустун колтамгасы жана мөөрү менен бекитилет. Ошол эле учурда мөөр жарым-жартылай сүрөткө, жарым-жартылай күбөлүккө коюлууга тийиш.
282. Нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 91-беренесине ылайык нотариуска документ көрсөтүлгөн убакытты күбөлөндүрөт.
Бул жөнүндө күбөлөндүрүүчү жазуу эки нускада берилген документке жазылат, анын бири нотариустун көктөмөлөрүндө калат. Документтин экинчи нускасы жок болгон учурда нотариустун көктөмөлөрүндө күбөлөндүрүүчү жазуу жазылган анын көчүрмөсү калат.
Эгерде бир эле адам бир эле убакта бир нече документти берсе, анда алардын ар бирине күбөлөндүрүүчү жазуу жазылат, ошол эле учурда мамлекеттик алым ар бир көрсөтүлгөн документ үчүн алынат.
24-глава. Жеке жана юридикалык жактардын арыздарын берүү
283. Нотариус жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана башка документтерди башка жеке жана юридикалык жактарга берет.
Арыз нотариуска экиден кем эмес нускада берилет, аларда коюлган колдун аныктыгы күбөлөндүрүлөт, анын бир нускасы кайтарып берүү кабарламасы менен почта аркылуу же даректерге жеке өзү кол койдуруу менен жөнөтүлөт, ал эми экинчи нускасы нотариуста калат.
284. Нотариус арызды жана документтерди жеке өзү же кайтарып берүү кабарламасы менен почта аркылуу коштоочу кат, электрондук колтамга коюлган электрондук кат түрүндө бере алат.
285. Жокко чыгаруу жөнүндө арызды кабыл алган нотариус ишеним катты жана Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилүүчү ишеним катты күбөлөндүргөн нотариуска нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине маалыматтарды киргизүү үчүн кабарлоого милдеттүү. Нотариус жок учурда ведомстволук нотариалдык архивге билдирүү зарыл.
Арызды жана документтерди жеткирүү менен байланышкан почталык жана транспорттук чыгымдар ушул нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган адамдар тарабынан төлөнөт.
Арыз берген жактын өтүнүчү боюнча ага арызды жана документтерди жеке жана/же юридикалык жактарга өткөрүп берүүнү ырастоочу күбөлүк берилет.
286. Күбөлүк арыздын нускасында же өзүнчө баракта баяндалышы мүмкүн. Күбөлүктө документти тапшыруу фактысы же болбосо документти тапшыруу фактысы жана арызга алынган жооптун мазмуну, же болбосо документти тапшыруу фактысы жана дайындалган мөөнөткө жооптун жоктугунун фактысы көрсөтүлөт.
Күбөлүк нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун реестринде катталат, анын бир нускасы нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат.
25-глава. Акчалай суммаларды жана
баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу
287. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 94-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда нотариус аларды кредиторго өткөрүп берүү үчүн карызкордон акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат.
288. Нотариуста улуттук жана чет өлкөлүк валютада акча каражаттары чегерилүүүчү депозит болууга тийиш.
Нотариустун депозитти жеке максаттары үчүн пайдаланууга, андан пайда алууга жана ага өзүнүн акчалай каражаттарын салууга укуксуз.
289. Карызкор накталай жана накталай эмес акча каражаттарын депозитке салууга укуктуу. Нотариус бир банктык жумуш күндүн ичинде өзүнүн акча каражаттарын депозиттик эсебине салууга милдеттүү.
290. Милдеттенме белгилүү бир жерде аткарылууга тийиш болгон учурларда, накталай акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу милдеттенме аткарылган жер боюнча нотариус тарабынан жүргүзүлөт.
Карызды депозитке салуу менен милдеттенмени аткаруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 310-статьясынын 1-бөлүгүнүн негиздери боюнча жүргүзүлөт.
291. Акчалай сумманы же баалуу кагаздарды нотариустун депозитине салуу милдеттенмени аткаруу деп эсептелет.
292. Депозитине акча каражаттары же баалуу кагаздар салынган нотариус бул жөнүндө почта аркылуу кайтарып берүү кабарламасы менен катты жана/же электрондук почта жөнөтүү менен кредиторго кабарлайт.
293. Нотариустун депозитин ачуу тартиби Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында аныкталат.
294. Акча каражаттарын чегерүү жана алуу үчүн нотариус тиешелүү тескеме чыгарат: депозитке акча каражаттарын салуу жөнүндө, кредиторго акча каражаттарын берүү жөнүндө, акча каражаттарын карызкорго кайтарып берүү жөнүндө.
295. Нотариустун депозиттик эсебинде турган акча каражаттары нотариустун, карызкордун же кредитордун менчиги болуп саналбайт.
296. Нотариус өз ишин токтоткон учурда (каза болгон, курактык цензге жеткенде, нотариалдык иш жүргүзүү укугунан ажыраганда, ыйгарым укуктары токтотулганда, нотариус тарабынан нотариалдык округ алмашканда), анда нотариустун депозити нотариус ишин жүзөгө ашырган округдун мамлекеттик нотариусунун депозитине берилет.
297. Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды нотариалдык депозитке чегерүү жөнүндө тескеме чыгаруунун алдында нотариус нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) паспорт же башка күбөлөндүрүүчү документти;
2) юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгүн жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди;
3) карызкордун акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын (арыз ээсинин кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн, кириш корреспонденциялар журналында катталган арызды);
4) аткаруу үчүн акча каражаттары жана баалуу кагаздар өткөрүлүп берилген милдеттенменин бар экендигин ырастоочу келишимди.
298. Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды салуу жөнүндө арызда карызкордун жана кредитордун аталышы, алардын жашаган жери (юридикалык жактар үчүн – жайгашкан жери), ошондой эле милдеттенмени түздөн-түз карызкор аткара албаган себептери көрсөтүлөт. Карызкор төгүм төлөнүп жаткан негиздемени жана эсепти көрсөтө алат.
299. Нотариустун депозитине акча каражаттарын салуу үчүн арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү нотариус тарабынан жүргүзүлбөйт.
300. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды нотариалдык депозитке кабыл алуу менен нотариус кредитордун укуктарынын жана карызкордун милдеттеринин келип чыгышынын негиздерин текшерет.
301. Эгерде кредитордун дареги көрсөтүлбөсө жана белгисиз болсо, нотариус карызкорго акчанын (баалуу кагаздардын) төгүмү жөнүндө кредиторго билдирүү анын милдети экендигин эскертет.
302. Нотариус банкка акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды салуу жөнүндө тескеме берет, нотариус көрсөткөн депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу үчүн карызкорду (арыз берүүчүнү) тиешелүү банкка жиберет. Банктын төгүм жөнүндө квитанциясынын негизинде нотариус карызкорго акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды депозитке салгандыгы жөнүндө күбөлүк берет.
303. Нотариус кредиторго акчалай сумманын жана баалуу кагаздардын келип түшкөндүгү жөнүндө кабарлайт жана анын талабы боюнча банкка тескеме чыгаруу жолу менен ага тиешелүү суммаларды берет.
304. Депозиттик эсепке түшкөн акча каражаттары жана баалуу кагаздар кредитордун арызы боюнча нотариус тарабынан берилиши мүмкүн. Нотариус нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча өкүлдүн өздүгүн, аракетке жөндөмдүүлүгүн (укукка жөндөмдүүлүгүн) жана акча каражаттарын алууга ыйгарым укуктарын аныктайт.
Депозиттен акча же баалуу кагаздар карызкордун арызында көрсөтүлгөн документтер көрсөтүлгөн учурда берилет. Акчалай суммалар кредитор тарабынан анын арызы боюнча анын эсебине которуу жолу менен алынышы мүмкүн.
305. Кредитор каза болгон учурда ага тиешелүү акчалай суммалар мурастык массага киргизилет жана мыйзамда белгиленген тартипте мураскорлорго берилүүгө тийиш.
Эгерде нотариустун депозиттик эсебинде талап кылынбаган акчалай суммалар болсо, мыйзамда белгиленген мөөнөттөр өткөндөн кийин алар республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
306. Акчалай суммаларды же баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн нотариус акчалай суммаларды же баалуу кагаздарды, берилген тескемелерди эсепке алуунун киреше-чыгаша китебин жүргүзөт.
26-глава. Аткаруу жазууларын жүргүзүү
307. Аткаруу жазуусу – карызкордун милдеттенмесине акчанынсуммасын же кайсы бир мүлктү кредитордун пайдасына мажбурлап өндүрүү жөнүндөгү тескемеси. Аткаруу документинин күчүнө ээ жана мажбурлап өндүрүү үчүн негиз болот.
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 96-беренесине ылайык нотариус карызкордон акчалай суммаларды өндүрүү же мүлктү талап кылуу үчүн карызды белгилеген документтерге жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге аткаруу жазууларын жүргүзөт.
Аткаруу жазуусу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) эгер берилген документтер карыздын талашсыздыгын же карызкордун өндүрүүчүнүн алдындагы башка жоопкерчилигин ырастаса;
2) эгерде доого укук пайда болгон күндөн тартып үч жылдан ашпаган убакыт өтсө.
Эгерде аткаруу жазуусу берилген талап үчүн мыйзам менен башка эскирүү мөөнөтү белгиленсе, аткаруу жазуусу ошол мөөнөттүн чегинде берилет.
Карызды белгилөөчү документ боюнча өндүрүп алууну бөлүктөр менен жүргүзүү керек болсо, анда ар бир өндүрүп алуу боюнча аткаруу жазуусу бул документтин көчүрмөсүндө баяндалышы мүмкүн. Бул учурларда карызды белгилөөчү түп нуска документте өндүрүлүүгө тийиш болгон сумманы, ал нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде катталган датаны жана номерди көрсөтүү менен жүргүзүлгөн аткаруу жазуусу жөнүндө белги коюлат.
Аткаруу жазуусу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон мөөнөттөр өндүрүп алуучуда карызды мажбурлап өндүрүп алуу укугу пайда болгон күндөн тартып эсептелет.
308. «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык аткаруу жазуусу ал берилген учурдан тартып үч айдын ичинде мажбурлап аткарууга сунуш кылынышы мүмкүн. Акча суммаларын өндүрүүгө мажбурлап айландырууга кабыл алган же мүлктү карызкордон талап кылган учурдан тартып документтерде кайталанган аткаруу жазуусу жүргүзүлбөйт.
Аткаруу жазуусун жүргүзүүдө нотариус карызды өндүрүүнүн негиздемесинде алар боюнча карызды өндүрүп алуу аткаруу жазууларынын негизинде талашсыз тартипте жүргүзүлүп жатат деген эскертме болгон бүтүмдөр менен каралган документтер берилгендигин текшерүүгө милдеттүү.
309. Аткаруу жазуусу арыз боюнча жүргүзүлөт.
Аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө арыз нотариуска, нотариалдык конторага, нотариалдык бюрого даректелет.
Аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) карызкор жана өндүрүүчү жөнүндө маалыматты;
2) өндүрүп алууга тийиш болгон карызды, салыктарды, жыйымдарды (алымдарды), чыгымдарды, бышмананы (айып пул, туум), ар бир өндүрүп алуу боюнча акча каражаттарынын суммасын жана валютасын көрсөтүү менен башка төлөмдү;
3) эгерде жеке жактан же жеке ишкерден сумманы өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазуусу жүргүзүлсө, карызды өндүрүп алуучуда алар тууралуу маалыматтар аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө арызда болгон учурда карызкордун банктык реквизиттери;
4) арызда өндүрүп алуучу зарыл деп эсептеген башка маалыматтарды (карызкор менен укук боюнча талаш-тартыш жок экендигин көрсөтүү, өндүрүп алуучуда аткаруу жазуусунда көрсөтүү милдеттүү болгон маалыматтын жоктугуна байланыштуу нотариус тарабынан суроо-талапты түзүү жана жөнөтүү зарылдыгын көрсөтүү) киргизе алат.
Юридикалык жактын атынан аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө арызга нотариустун катышуусунда аткаруу жазуусун жүргүзүү үчүн түздөн-түз кайрылган өкүл, ошондой эле юридикалык жактын – өндүрүп алуучунун башка кызмат адамы (өкүлү) да кол коюшу мүмкүн.
310. Өндүрүп алуучунун (өкүлдүн) кол тамгасынын аныктыгы нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлөт.
Эгерде өндүрүп алуучу аткаруу жазуусун жүргүзүүгө кайрылуу ниети жөнүндө карызкорго маалымдабаса, ал нотариуска аткаруу жазуусун жүргүзүү үчүн кайрылууга укуксуз. Нотариус өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
311. Нотариус Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн карызкорго карата аткаруу жазуусун жүргүзүүдөн баш тартат. Бул фактыны ырастоо үчүн нотариус Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына суроо-талап кылууга укуктуу.
Нотариустун өндүрүшүнө арыз келип түшкөндөн кийин нотариус өндүрүп алуучудан ал боюнча карыз пайда болгон же карызкордун башка милдеттенмелерин аткарууга мөөнөтү өтүп кеткен документте аткаруу жазуусун жүргүзүүгө арыз келип түшкөндүгү жөнүндө карызкорго суроо-талап жөнөтөт.Бул эреже ломбарддардын күрөө билеттерине аткаруу жазуусу жазылган учурларда колдонулбайт.
Карызкор эсептөөлөргө жана/же башка себептер боюнча макул болбогон учурда нотариус бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгын же соттун чечимин алганга чейин нотариус аткаруу жазуусун жүргүзүүнү токтото турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
312. Нотариус аткаруу жазуусун жүргүзүүнү он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырууга жана тиешелүү токтом чыгарууга укуктуу.
Аткаруу жазуусун жүргүзүүнү кийинкиге калтыруу үчүн негиз болуп карызкордун өндүрүп алуучунун карызды талашсыз тартипте өндүрүү укугун талашуу үчүн сотко кайрылууну каалагандыгы жөнүндө арызы саналат. Аткаруу жазуусун жүргүзүүгө карызкордун каршы пикирлерин гана камтыган аткаруу жазуусун жүргүзүүнү кийинкиге калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.
313. Документтердеги талашсыз тартипте карыздарды белгилөөчү аткаруу жазуулары иш жүзүндө керектелген кызмат көрсөтүүлөргө (электр энергиясын төлөөгө эсеп-квитанция, ысык сууга жана жылуулукка эсеп-квитанция, коомдук байланыш кызматтары) ачык келишимдер боюнча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө документтерге жазылат.
314. Аткаруу жазуусун жүргүзүү жөнүндө эскертме жазылган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөргө аткаруу жазуулары келишимдин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишиминин (макулдашуунун) түп нускасында же анын дубликатында жүргүзүлөт.
315. Аткаруу жазуусун жүргүзүүдө нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 98-беренесин жетекчиликке алат.
316. Аткаруу жазуусун жүргүзүүдө нотариус талап кылуучу документтердин тизмеги:
1) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделген милдеттенме боюнча карызды өндүрүү үчүн төмөнкүлөр берилет: нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдин (макулдашуунун) түп нускасы же анын дубликаты (акча зайымынын келишимдерин кошпогондо);
2) жазуу жүзүндөгү бүтүмгө негизделген, төлөө мөөнөтү келип калган же болбосо милдеттенменин аткарылбагандыгы карызкор тарабынан мойнуна алынган милдеттенме боюнча карызды өндүрүп алуу үчүн мисалы, талашты сотко чейинки жөнгө салуунун тартибинде өндүрүп алуучуга жөнөтүлгөн дооматка жооп катары төмөнкүлөр берилет: келишимдердин түп нускалары (сатып алуу-сатуу, жеткирүү, подряд, ташуунун, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, сактоо ж.б.);
3) карызкордун карызды төлөө боюнча милдеттенмесинин келип чыгышын ырастоочу документтер, товарды коштоочу документтер: товардык-транспорттук коштомо кагаз, товардык коштомо кагаз, жүккө коштомо кагаз, коносамент же башка документ.
4) эки тарап тең кол койгон мүлктү (товарды) өткөрүп берүү жөнүндө документ (кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы, мүлктү (товарды) өткөрүп берүү актысы), мүлктү (товарды) саны жана сапаты боюнча кабыл алуу актысы ж.б.), эки тарап тең кол койгон, аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кабыл алынганын күбөлөндүргөн документ, (аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алуу актысы жана башкалар), наряд-заказ, эсеп-фактура жана башкалар);
5) карызкор тарабынан карыздын суммасын жазуу жүзүндө тааныгандыгын ырастоочу документтер (өндүрүп алуучу менен карызкор тарабынан кол коюлган жана мөөр басылган (эгерде бар болсо) эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы), карызкор акча каражаттарын төлөө боюнча милдеттенмени тааныган дооматка жооп; акцептелген төлөм талабы же мыйзамдын талаптарына ылайык таризделген жана ыйгарым укуктуу адам кол койгон башка документ);
6) төлөнбөгөндүгүнө, акцептелбегендигине жана акцепттин датасы коюлбагандыгына векселдин протестине негизделген милдеттенме боюнча карызды өндүрүү үчүн нотариус тарабынан төмөнкүлөр берилет: векселдин түп нускасы жана төлөнбөгөндүгүнө, акцептелбегендигине жана акцепттин датасы коюлбагандыгына векселдин нотариус тарабынан жүргүзүлгөн протести;
7) лизинг келишимине же «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лизинг предметин талап кылууда төмөнкүлөр берилет: лизинг келишими, арыз берилгенге чейин кеминде бир ай мурда лизинг алуучуга жөнөтүлгөн лизинг предметин талап кылуу мүмкүндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү, лизинг алуучунун лизингдик төлөмдөрдү иш жүзүндө төлөгөндүгүн ырастоочу документтер;
8) ломбард тарабынан карызкор – күрөө берүүчүгө берилген кредитти кайтаруу мөөнөтү аяктагандан кийин күрөө предметин өндүрүү үчүн күрөө билети берилет;
9) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кондоминиум объектисинин, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жалпы мүлкүн күтүүгө милдеттүү чыгымдарга катышуудан качкан батирлердин, турак эмес жайлардын менчик ээлеринен карыздарды өндүрүү жөнүндө милдеттенме боюнча карызды өндүрүү үчүн, кошумча чыгымдарды өндүрүү жөнүндө талаптардан тышкары төмөнкүлөр көрсөтүлөт: тейлөөгө келишимдин өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; тарифтерди белгилөө жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (протокол, батирлердин, турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечиминен көчүрмө); кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө боюнча карыздын суммасын эсептөө жөнүндө документ (карыздын суммасын эсептөө менен өздүк эсептин өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же жеке эсептен өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө). Документте карызды төлөө мөөнөтү, төлөмдү төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон дата, карыздын суммасы тууралуу маалыматтар камтылат;
10) иш жүзүндө керектелген кызмат көрсөтүүлөр (электр, газ, жылуулук-суу менен камсыздоо жана башкалар) үчүн ачык келишимдердин негизинде карыздарды өндүрүү жөнүндө милдеттенме боюнча карыздарды өндүрүү үчүн, ошондой эле төлөө мөөнөтү келип жеткен белгиленген тарифтерге ылайык кызмат көрсөтүүлөргө башка келишимдер үчүн төмөнкүлөр берилет: өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн жеке келишим же өндүрүп алуучунун расмий сайтында жайгаштырылган ачык келишим (анын мазмуну менен таанышуу үчүн); кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча карыздын суммасын эсептөө жөнүндө документ, карыздын суммасын эсептөө менен жеке эсептин өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же жеке эсептен өндүрүп алуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө жана алардын түп нускалары. Документте карызды төлөө мөөнөтү, төлөмдү төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон дата, карыздын суммасы тууралуу маалыматтар камтылат;
11) ижара келишиминде белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу ижара төлөмдөрүн өндүрүү жөнүндө милдеттенме боюнча карызды өндүрүү үчүн төмөнкүлөр берилет: ижара келишими, карызды төлөө жөнүндө доомат;
12) кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны жана башка төлөмдөрдү өндүрүү үчүн төмөнкүлөр берилет: эмгек келишиминин же эмгек китепчесинин көчүрмөсү; эсептелген эмгек акынын өлчөмү жөнүндө уюмдун биринчи жетекчиси, бухгалтери (бар болсо) кол койгон жана мөөрү (бар болсо) менен күбөлөндүрүлгөн иш берүүчүнүн маалымкаты, эсептелген эмгек акынын төлөнбөгөндүгүнүн далили (эмгек акы ведомостунун, эсептешүү барагынын, эмгек акынын кечиктирилгени жөнүндө маалымкаттын көчүрмөлөрү ж.б.);
13) соттон тышкаркы жол-жобо тартибинде түзүлгөн талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууларды аткаруу тууралуу карыздарды өндүрүү үчүн кол коюлган макулдашуу берилет;
14) банктык зайымдарды кошпогондо, бышманаларды (туумдарды), пайыздарды өндүрүү боюнча аткаруу жазууларын аткаруу үчүн, эгерде булар болсо, төмөнкүлөр берилет: карызкорго өндүрүп алуучу тарабынан жиберилген жана аткарылбаган милдеттенмеге (келишимге, датага) көрсөтмөнү камтыган доо, карыздын суммасын төлөө же башка кыймылдуу мүлктү талап кылууга тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө талап, чегерилген бышмананын (туумдун) суммасы, пайыздар, алар эсептелген мезгил, карызкордун доосуна жооп берүү мөөнөтү жана өндүрүп алуучунун аткаруу жазуусун жасоо үчүн нотариуска кайрылуу укугу жөнүндө эскертүү; карызкордун доону карызкорго жибергендигинин далили; карызкордун милдеттенменин аткарылбагандыгынын фактысын тааныган доосуна жазуу жүзүндөгү жообу келишимди, датаны, карыздын суммасын же талап кылынууга тийиш болгон башка кыймылдуу мүлктү жана дооматта көрсөтүлгөн мезгил үчүн чегерилген айыптык төлөмдү (туумду), пайыздарды көрсөтүү менен милдеттенменин аткарылбагандыгы үчүн анын жоопкерчилигин жокко чыгарган жүйөлөрдү келтирбейт.
317. Эгерде доомат карызкорго төмөнкү ыкмалардын бири же келишимдин шарттарында каралган ыкма менен жөнөтүлсө: келишимде көрсөтүлгөн электрондук почтанын, келишимде көрсөтүлгөн жашаган жери боюнча же катталган жери боюнча дарегине, алган күнүн көрсөтүп, алуучунун кол тамгасы менен же тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү менен, анын ичинде үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бири, көрсөтүлгөн даректеги адам менен жашаган башка адам тарабынан тапшырык кат менен, жеткирүүнү белгилөөнү камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен алынса, доомат жеткирилди деп эсептелет.
318. Доону адресатка, алуучуга тапшыруу мүмкүн эместиги жөнүндө белги коюу менен же аны кабыл алуудан баш тарткандыгына, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн башка байланыш каражаты менен аны кабыл алгандыгын ырастабагандыгына байланыштуу кайра кайтарылган учурда, доомат талаптагыдай жеткирилди деп эсептелет.
Эгерде келишимде бышмананы (туумду), пайыздарды өндүрүп алуунун башка механизми каралса, анда аны өндүрүп алуу келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Эгерде карызды белгилеген документ боюнча өндүрүп алууну бөлүп жүргүзүү керек болсо, анда ар бир өндүрүп алуу боюнча аткаруу жазуусу бул документтин көчүрмөсүндө (же түп нускасында) баяндалышы мүмкүн. Мындай учурларда карызды белгилөөчү түп нускадагы документте өндүрүлүүгө тийиш болгон сумманы, нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде ал катталган датаны жана номерди көрсөтүү менен аткарылган аткаруу жазуусу жөнүндө белги коюлат.
Нотариуста аткаруу жазуусу жасалган документтердин көчүрмөлөрү калат.
Ошол эле бир милдеттенме боюнча аткаруу жазуусун ар бир кийинки жүргүзүүдө карызды белгилөөчү документтин көчүрмөсүн кайра берүү талап кылынбайт.
319. Эгерде карызды аныктаган документтен тышкары, аткаруу жазуусун жүргүзүү үчүн алар боюнча карызды өндүрүп алуу талашсыз тартипте аткаруу жазууларынын негизинде жүргүзүлүүчү документтердин тизмегинде көрсөтүлгөн башка документтерди да берүү зарыл болсо, анда алар аткаруу жазуусуна тиркелбей, нотариуста калат.
Мүлктүк комплекс катары бүтүндөй ишканага өндүрүп алуу нотариустун аткаруу жазуусунун негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.
320. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкары тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда, күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочунун талаптарын канааттандырууга ниети жок болсо, нотариустун аткаруу жазуусу бирге тигилген зайым келишиминде же тил катта, күрөө келишиминде, соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жөнүндө макулдашууда жана нотариустун көктөмөлөрүндө калтырылган келишимдердин маалыматтарынын көчүрмөлөрүндө жана каттоочу органда тиешелүү түрдө каттоодон өткөн өндүрүп алуучунун карызкорго билдирүүсү жазылат.
27-глава. Векселдердин протесттерин жасоо, чектерди төлөөгө берүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү
321. Төлөнбөгөндүгүнө векселдердин протести нотариус тарабынан төлөөчүнүн жайгашкан жери боюнча же төлөмдүн орду боюнча (домицилдештирилген векселдер, б.а. үчүнчү жакта төлөнүүгө тийиш болгон векселдер), ал эми акцептте болбогон жана акцепттин датасы коюлбаган векселдердин протести төлөөчүнүн жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.
Төлөбөгөндүгүнө протест жасоо үчүн векселдер нотариус тарабынан вексель боюнча төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийинки күнү, бирок ошол мөөнөттөн кийинки 12 сааттан кечиктирбестен кабыл алынат. Вексель акцептке көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде акцептте протест жасоо үчүн, ал эми вексель акцептке мөөнөттүн акыркы күнүндө, ушул мөөнөттөн кийинки күнү 12 сааттан кечиктирилбестен кабыл алынышы мүмкүн.
322. Вексель протестке кабыл алынган күнү нотариус төлөөчүгө векселди төлөө (же акцепт) жөнүндө талап коёт.
Эгерде төлөөчү векселди төлөсө, нотариус каршылык көрсөтпөө менен векселди төлөгөн адамга векселдин өзүнө белгиленген форма боюнча төлөмдү жана башка тиешелүү суммаларды алгандыгы жөнүндө жазуусу менен векселди кайтарып берет.
Эгерде төлөөчү которулма векселде акцепт жөнүндө белги койсо, вексель векселди кармоочуга каршылык көрсөтпөстөн кайтарылып берилет.
Төлөөчү векселди төлөөдөн же акцепттөөдөн баш тарткан же нотариуска келбей койгон учурда нотариус төлөнбөгөндүгүнө протест же акцепт эместегине протест жөнүндө белгиленген форма боюнча акт түзөт жана реестрге тиешелүү жазууну, ошондой эле төлөнбөгөндүгүнө протест же акцепт эместиги жөнүндө векселдин өзүнө белги коёт.
Эгерде төлөөчүнүн турган жери белгисиз болсо, векселдин протести төлөм жөнүндө же векселдин акцепти жөнүндө талап коюлбастан протест жөнүндө актыда жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн Реестрде тиешелүү белги коюу менен жасалат.
Протест жасалган вексель вексель ээсине же ал ыйгарым укук берген адамга берилет.
323. Төлөөчүнүн жайгашкан жериндеги нотариус төлөмгө көрсөтүү үчүн он жумуш күн өткөндөн кийин берилген чектерди, ал эми чет өлкөлүк чектер – чек берилген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин, бирок ошол мөөнөттөн кийинки күндүн 12 саатынан кечиктирбестен кабыл алат.
Нотариус ошол эле күнү чекти банкка төлөө үчүн берет. Чек төлөнбөгөн учурда нотариус чекте белгиленген формада жазуу жолу менен чектин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт жана бул жөнүндө нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде белгилейт. Чекте жазуу менен бирге чек берүүчүгө анын чеги банк тарабынан төлөнбөгөндүгү жана чекке жазуу жасалгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
Чек ээсинин өтүнүчү боюнча нотариус чек төлөнбөгөн учурда ушул Нускамада белгиленген эрежелер боюнча аткаруу талабын жазат.
28-глава. Документтерди сактоого кабыл алуу.
Кабыл алынган документтерди кайтарып берүү
324. Кайрылган адамдардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча нотариус документтерди сактоо үчүн сейфте сакталуучу тизме боюнча документтерди сактоого кабыл алат.
Тизме үчтөн кем эмес нускада түзүлөт, ага документтерди сактоого тапшырган адам жана нотариус кол коёт.
Тизменин эки нускасы нотариустун көктөмөлөрүндө калат, калган нускалары документтерди сактоого тапшырган адамга берилет.
Кабыл алынган документтер чапталган жерине реестрдин датасын жана номерин көрсөтүү менен аларды тапшырган адам жана нотариус тарабынан кол коюлуп, өзүнчө пакетте сакталат, нотариустун мөөрү басылат, эгерде тизмелөө учурунда мөөрү болсо, каалоосу боюнча юридикалык жактын мөөрү менен кошумча бекемделет.
Нотариус документтердин сактоого кабыл алынгандыгын ырастоо үчүн аларды сактоого тапшырган адамга документтердин сактоого кабыл алынгандыгы жөнүндө күбөлүк берет.
325. Документтерди сактоого кабыл алуу жөнүндө күбөлүктө документтерди сактоого кабыл алынган дата жана саат убактысы, документтерди сактоо мөөнөтү, сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин документтерди алууга ыйгарым укуктуу жеке же юридикалык жактын аталышы камтылууга тийиш.
326. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 104-беренесине ылайык сактоого кабыл алынган документтер аларды сактоого тапшырган адамга же мыйзамдуу ыйгарым укуктуу адамга күбөлүктү жана тизмени көрсөткөндө же соттун чечими боюнча кайтарылып берилет.
Документтерди берүүдө нотариус сактоого тапшырылган документтерди кабыл алгандыгына тил кат (арыз) талап кылат, ошол эле учурда арыз ээсинин тил каттагы (арыздагы) кол тамгасынын аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
327. Эгерде мурастын курамында башкарууну талап кылган мүлк болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин кредиторлор мурас калтыруучуга доо койгон учурда нотариус мурас мүлкүн башкаруучуну дайындайт, ал жөнүндө токтом чыгарат.
328. Ишенимдүү башкаруучу мураскордун (мураскорлордун) арызынын (арыздарынын), ал эми мураскорлор жок болсо – ишенимдүү башкарууну уюштуруу үчүн кайрылган адамдын арызынын же соттук актынын негизинде нотариустун токтому менен дайындалат.
329. Эгерде сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин документтерди алууга эч ким келбесе, нотариус документтерди андан ары сактоого калтырат же документтерди коштомо кат менен ведомстволук нотариалдык архивге өткөрүп берет.
Сактоо мөөнөтүнө карабастан, документтер электрондук архивди түзүү үчүн электрондук форматта сканерленет.
Документтерди сактоо мөөнөттөрү өтүп кеткен, ошондой эле документтерди ведомстволук нотариалдык архивге өткөрүп берген учурда нотариус документтерди сактоого тапшырган адамга билдирет.
Документтерди алууга укугу бар өкүл-жак (укук улантуучу) документтерди сактоого, билдирүүгө, андан ары ведомстволук нотариалдык архивге сактоого өткөрүп берүүгө байланышкан чыгымдарды кошумча төлөгөндөн кийин алат.
29-глава. Деӊиздик протесттерди жасоо
330. Нотариус кеме ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн далилдерди камсыз кылуу максатында кеме ээсине мүлктүк талаптарды коюу үчүн негиз болушу мүмкүн болгон, кеме сүзүп жүргөн же токтоп турган мезгилде болгон окуя жөнүндө кеменин капитанынын арызын кабыл алат.
331. Деңиз протести жөнүндө билдирүү кеме портко келгенден кийин 24 сааттын ичинде жасалат. Эгерде деңиз протести билдирүүсүн талап кылган окуя портто болгон болсо, протест окуя болгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде жарыяланууга тийиш.
Эгерде протестти белгиленген мөөнөттө билдирүү мүмкүн болбосо, мунун себептери деңиз протести жөнүндө арызда көрсөтүлүүгө тийиш.
Деңиз протести жөнүндө арызда окуянын жагдайлары жана ага ишенип берилген мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн капитан тарабынан көрүлгөн чаралар баяндалууга тийиш.
Деңиз протести жөнүндө арызда баяндалган жагдайларды ырастоо үчүн кеменин капитаны арыз менен бир эле учурда, же портко келген учурдан тартып жети жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө же эгерде ал портто болгон болсо, окуя болгон учурдан тартып нотариуска кеме журналын жана кеме журналынын капитан тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
332. Нотариус капитандын арызынын, кеме журналынын маалыматтарынын, ошондой эле капитандын өзүн жана мүмкүн болушунча кеменин командалык курамынын ичинен экиден кем эмес күбөнү жана кеменин командасынан эки күбөнү сурамжылоонун негизинде белгиленген форма боюнча деңиз протести жөнүндө акт түзөт жана аны өзүнүн колу жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрөт. Актынын бир нускасы капитанга же ыйгарым укуктуу адамга берилет, экинчиси ага тиркелген капитандын арызы жана кеме журналынын көчүрмөсү менен нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
30-глава. Далилдерди камсыз кылуу
333. Нотариус далилдерди камсыз кылат. Ишке катышкан жактардын кийин алар үчүн зарыл болгон далилдерди берүү мүмкүн болбой калат же кыйын болуп калат деп коркууга негиздери бар болсо, алар соттон бул далилдерди камсыз кылууну суранса болот.
Нотариус кызыкдар адамдар нотариуска кайрылган учурда соттун же административдик органдын өндүрүшүндө турган иштер боюнча далилдерди камсыз кылбайт. Эгерде зарыл болгон далилдер чет мамлекеттердин органдарында иштерди жүргүзүү үчүн талап кылынса, кызыкдар жак кайрылган учурда иш чет мамлекеттердин органдарынын өндүрүшүндө болгондугуна карабастан, далилдерди камсыз кылуу нотариус тарабынан жүргүзүлөт.
334. Далилдерди камсыз кылууга кызыкдар адам нотариуска арыз берет, анын же анын өкүлүнүн колу нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
335. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде нотариус күбөлөрдү суракка алат, жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди карап чыгат, экспертиза дайындайт.
336. Далилдерди камсыз кылуу боюнча процессуалдык аракеттерди аткарууда нотариус Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарын жетекчиликке алат.
337. Нотариус далилдерди камсыз кылуунун убактысы жана орду жөнүндө башка тарапка жана кызыкдар жактарга билдирет, алардын келбей калышы далилдерди камсыз кылуу боюнча аракеттерди аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Тараптардын бирине жана кызыкдар жактарга билдирбестен далилдерди камсыз кылуу кийинкиге калтырууга болбой турган же кийин бул ишке кимдер катышаарын аныктоого мүмкүн болбогон учурларда гана жүргүзүлөт.
338. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 109-беренесине ылайык нотариус күбөгө жана экспертке атайылап жалган көрсөтмө же корутунду бергендиги үчүн жана көрсөтмө же корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.
339. Нотариус далилдерди камсыз кылуу тартибинде күбөнү суракка алуу жөнүндө протокол түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) сурактын датасы жана орду, суракты жүргүзгөн нотариустун фамилиясы жана инициалдары;
2) суракка катышкан адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) күбөнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, анын туулган жылы, жашаган жери;
4) билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги жана көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү;
5) күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн мазмуну (ага берилген суроолор жана аларга жооптор).
Протоколго күбө, суракка катышкан адамдар жана нотариус кол коёт.
340. Жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди кароо жөнүндө протокол түзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кароо жүргүзүү датасы жана орду;
2) карап чыгууну жүргүзгөн нотариустун фамилиясы жана инициалдары;
3) кароого катышкан кызыкдар адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты, алардын жашаган жери;
4) кароодо табылган жагдайлар.
Протоколго карап чыгууга катышкан адамдар жана нотариус кол коёт.
341. Эгерде буюм далили катары интернет тармагында жайгаштырылган маалымат каралса, далилди камсыз кылуу жөнүндө арызда далилди камсыз кылуунун максаты, интернет тармагындагы баракчанын дареги, документтин реквизиттери көрсөтүлөт, зарыл болгон учурда тексттин же графикалык маалыматтын аталышы, анын интернет-баракчада жайгашкан жери, маалыматтын текстинен конкреттүү цитаталар көрсөтүлөт.
342. Нотариус интернет-баракчаны карап чыгат, андан кийин интернет-баракча автоматтык режимде белгиленген мөөрдүн датасын жана файлдын дарегин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен толугу менен кагаз бетине басып чыгарылат. Басып чыгаргандан кийин, басма версиясы электрондук вариант менен салыштырылат.
Барактын дарегин жана тексттин же сүрөттүн реквизиттерин салыштырып, нотариус далилдерди камсыз кылуу протоколун түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кароо жүргүзүү датасы жана орду;
2) карап чыгууну жүргүзгөн нотариустун фамилиясы жана инициалдары;
3) кароого катышкан кызыкдар адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты, алардын жашаган жери;
4) кароодо табылган жагдайлар, атап айтканда кызыгуу жараткан барактын экрандагы сүрөттөлүшүн алуу үчүн нотариустун же адистин иш-аракеттеринин ырааттуулугу баяндалат.
343. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча протоколго каралып чыккан далил жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук маалымат алып жүрүүчү тиркелет. Мындай учурда арыз ээси тарабынан нотариуска эки электрондук маалымат алып жүрүүчү берилет (CD-R, DVD-R, USB флэш-диск), алардын ар бирине нотариус тарабынан каралып чыккан далилдер жөнүндө маалыматтар жазылат. Протоколдун текстинде протоколго каралып чыккан далил жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук маалымат алып жүрүүчүнү тиркөө жөнүндө белги коюлат.
Белги нотариустун кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт, ага датасы, нотариустун статусу, анын фамилиясы жана инициалдары көрсөтүлүп, нотариустун гербдик мөөрү басылат.
344. Ар бир материалдык алып жүрүүчү арыз ээсинин (арыз ээлеринин) катышуусунда нотариус тарабынан өзүнчө конвертке салынат. Ар бир конверттин арткы бети чапталып, ага нотаристун гербдүү мөөрү басылат.
Протоколго карап чыгууга катышкан адамдар жана нотариус кол коёт. Нотариустун колу гербдүү мөөр менен бекемделет. Басылган барактар протоколго тиркелет.
345. Нотариус экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) токтом түзүлгөн дата жана орду, токтом чыгарган нотариустун фамилиясы жана инициалдары;
2) өтүнүчү боюнча экспертиза дайындалып жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери;
3) эксперттин корутундусун талап кылынган маселелер;
4) экспертиза жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышы. Эгерде экспертиза жүргүзүү конкреттүү адамга тапшырылса, анда анын фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, иштеген жери жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Токтомго нотариус кол тамгасын коёт.
346. Далилдерди камсыз кылуу боюнча өндүрүш аяктагандан кийин кызыкдар жакка далилдерди камсыз кылуу тартибинде түзүлгөн ар бир документтин бирден нускасы берилет. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде түзүлгөн ар бир документтин нускасы нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Далилдерди камсыз кылуу өндүрүшү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдар күбөлөргө жана эксперттерге далилдерди камсыз кылуу өндүрүшү боюнча чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү.
31-глава. Нотариалдык иш-аракетке тиркелген документтердин дубликаттарын, архивдик көчүрмөлөрүн, көчүрмөлөрүн берүү жана электрондук формада таризделген нотариалдык иш-аракеттердин архивдик көчүрмөлөрүнүн дубликаттарын берүү
347. Нускалары нотариуста сактоодо турган нотариалдык документтерди жарандар жана юридикалык жактар, юридикалык жактардын укук улантуучулары жоготкон учурда нотариус бул документтердин дубликаттарын жарандардын жана юридикалык жактардын атынан, атына, тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракет жасалган жарандарга жана юридикалык жактарга берет.
348. Нотариалдык документтин дубликатын берүү жөнүндө арыз «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 56-беренелеринин талаптарына ылайык таризделет.
Арызда нотариалдык документ жөнүндө бардык белгилүү маалыматтар, анын ичинде аны күбөлөндүрүү (берүү) убактысы жана сактоо орду, ошондой эле документтин жоктугунун себеби көрсөтүлөт.
349. Өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним каттын дубликаты негизги ишеним кат боюнча берилген адамга берилиши мүмкүн.
350. Нотариус нотариалдык документтин дубликатын берет, анын нускасы нотариуста, нотариалдык конторада же бюродо тиешелүү арыз берилген күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.
351. Нускасы мамлекеттик жана/же ведомстволук архивде сакталууда турган нотариалдык документтин дубликатын берүү мамлекеттик жана/же ведомстволук архив жөнүндө тиешелүү укуктук актыда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
352. Нотариалдык документтин дубликаты кагаз жүзүндө таризделет жана бир нускада түзүлөт. Нотариалдык документтин дубликаты түп нускадагы нотариалдык документтин бардык текстин камтууга тийиш.
353. Нотариалдык документтин дубликаты берилгендиги жөнүндө нотариус арызга жана нотариустун сактоосунда турган документтин нускасына, нотариалдык конторага нотариалдык документтин дубликаты берилген датаны жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестри боюнча номерди көрсөтүү менен белги коёт. Белги датаны, нотариустун статусун, анын инициалдарын жана фамилиясын көрсөтүү менен нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт.
354. Керээздин дубликаты керээз калтыруучуга, ал эми ал өлгөндөн кийин керээзде көрсөтүлгөн мураскорлорго алар тарабынан керээз калтыруучунун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк берилгенде берилет. Керээзде көрсөтүлгөн мураскорлор каза болгон учурда керээздин дубликаты керээз берүүчүнүн жана өлгөн мураскордун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү, ал эми зарыл учурларда мураскорлордун мурас калтыруучу менен туугандык мамилелерин ырастоочу документтерди (эгерде бул документтер мурда берилбеген болсо) берүүдө алардын мураскорлоруна берилет жана андан кийин алар мурас алышат.
355. Нотариалдык документтерди берүүдө каза болгон жарандын мураскорлоруна мураска калтырылган мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендигин ырастаган документтин дубликаты да берилет.
356. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринен көчүрмөнү жарандардын жана юридикалык жактардын атынан, атына, тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракеттер аткарылган юридикалык жактардын, ошондой эле ушул юридикалык жактардын укук улантуучуларынын жазуу жүзүндөгү арыздары боюнча берет.
357. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринен көчүрмө берүү жөнүндө арыз ушул Нускамага ылайык таризделет.
Арызда жасалган нотариалдык иш-аракет жөнүндө, анын ичинде анын жасалган датасы жөнүндө бардык белгилүү маалыматтар көрсөтүлөт.
358. Көчүрмө ага карата берилген мыкты нотариалдык иш-аракет боюнча нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде камтылган жазуунун толук текстин камтууга тийиш.
Нотариус көчүрмөнү берүү жөнүндө арызга көчүрмө берилген датаны жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестри боюнча номерди көрсөтүү менен белги коёт. Белги датаны, нотариустун статусун, анын аты-жөнүн көрсөтүү менен нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт.
359. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза же жарандык иштерге байланыштуу алардын талабы боюнча берилет, ошондой эле «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
360. Нотариустун архивинде сакталган документтерди көрсөтпөстөн нотариус тарабынан нотариалдык иш-аракет жасалгандыгынын фактысын ырастоо же четке кагуу жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды берүү деп түшүнүлөт.
361. Нотариус тарабынан маалыматтар, документтер жана документтердин көчүрмөлөрү тиешелүү органдардын мөөрү басылган, көрсөтүлгөн органдардын кат жүзүндөгү талабы боюнча гана берилет. Кандай болбосун башка учурларда жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө тыюу салынат.
362. Документтердин түп нускаларынын көчүрмөлөрүн же документтердин көчүрмөлөрүнөн көчүрмөлөрдү берүүдө алар нотариус тарабынан даярдалып, «түп нускасы менен көчүрмөсү туура» же «көчүрмөнүн көчүрмөсү туура» деген белги коюу менен нотариустун колу жана мөөрү менен ырасталышы мүмкүн.
363. Нотариалдык иш-аракеттердин жасалгандыгын ырастаган документтерди алып коюу зарыл болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сот актысынын негизинде алып коюу жүргүзүлүүгө тийиш.
364. Нотариалдык иш-аракеттердин жашырындуулугун сактоо жөнүндө эрежелер кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белгилүү болгон адамдарга да жайылтылат.
365. Жасалып жаткан нотариалдык иш-аракеттердин жашырындуулугун бузган күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
366. Электрондук документтерди берүүдө нотариус документтин электрондук көчүрмөсүн кагаз жүзүндө күбөлөндүрөт. Кагаз жүзүндө документтин электрондук көчүрмөсүн түзүү үчүн нотариус берилген документти фотокөчүрүүнү (сканерлөөнү) жүзөгө ашырат жана графикалык форматтагы файлдарды электрондукалып жүрүүчүгө сактайт. Электрондук чагылдыруулардын сапатын контролдоо тесттик программалык каражаттардын жардамы менен (алар бар болсо) жана оригинал менен көрүп салыштыруу жолу менен жүргүзүлөт. Мында түп нусканын ар бир барагы үчүн электрондук чагылдыруулардын бар экендиги текшерилет.
32-глава. Макулдуктарды күбөлөндүрүү
367. Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган учурларда макулдугун күбөлөндүрөт.
Мындай макулдуктарга төмөнкүлөр кирет:
– биргелешкен менчиктин катышуучуларынын бүтүм жасоого макулдугу;
– кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүмдөрдү жана мыйзамда белгиленген тартипте нотариалдык күбөлөндүрүүнү жана (же) каттоону талап кылган бүтүмдөрдү башка жубайы жасашы үчүн жубайынын макулдугу;
– карын эне болуу келишимин түзүүгө жубайынын макулдугу;
– жеке ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн жубайлардын жалпы мүлкүн пайдаланууга жубайынын макулдугу;
– банктык зайым келишимин камсыз кылууга сунушталган күрөөнүн келип чыгышын жана өзгөрүшүн каттоого күрөө коюучунун макулдугу;
– кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо кетирилген каталарды оңдоого кызыкдар жактардын макулдугу;
– жашы жетпеген жарандын белгилүү мөнөөткө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коштоосуз чыгып кетүүсүнө ата-энесинин, асырап алуучулардын, камкорчулардын же көзөмөлчүлөрдүн макулдугу;
– он сегиз жашка чыга элек адамдардын ата-энесинин бири (камкорчу, көзөмөлчү) менен бирдикте туруктуу жашоого жана/же белгилүү мөнөөткө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга ата-энесинин макулдугу;
– 14төн 18 жашка чейинки курактагы баланын Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого макулдугу;
– эгерде пландаштырылган жайларды (турак үйдүн бөлүктөрүн) реконструкциялоо (кайра пландаштыруу, кайра жабдуу) же жайлардын чек араларын которуу алардын кызыкчылыктарын козгосо, өзгөртүлүүчү жайлар (үйдүн бөлүктөрү) менен чектеш жайлардын (үйдүн бөлүктөрүнүн) менчик ээлеринин макулдугу;
– менчик ээлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка макулдуктары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 , 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
368. Макулдукту күбөлөндүрүү бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт.
Макулдукта “Макулдук” документинин аталышы, макулдук күбөлүгүнүн орду жана датасы; макулдукка кол койгон (кол коюшкан) адамдын (адамдардын) фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жеке идентификациялык номери, туулган датасы жана жери, жашаган же турган жери көрсөтүлөт.
Макулдук нотариус тарабынан эки нускада күбөлөндүрүлөт, алардын бири нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат. Бир макулдукту ага кол койгон адамдардын санына карабастан күбөлөндүрүү бир нотариалдык иш-аракет болуп саналат.
Жакын туугандарына жана жубайларына карата макулдукту күбөлөндүрүүдө туугандык жана никелешүү мамилелерди ырастаган документтер текшерилет, алардын көчүрмөлөрү көктөмгө тиркелет.
Нотариус макулдук берилип жаткан мүлктүн түрүн көрсөтүү менен жубайлардын макулдугун күбөлөндүрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 , 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
33-глава. Юридикалык жактардын, ар кандай лотереялардын, аукциондордун тираждык комиссияларынын чогулуштарынын протоколдорун күбөлөндүрүү
369. Нотариус юридикалык жактын жогорку башкаруу органы тарабынан бекитилген юридикалык жактардын иши менен байланышкан протоколдорду күбөлөндүрүүгө укуктуу.
Юридикалык жактардын протоколдорун, чечимдерин күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген мамлекеттик алымдын ставкаларына ылайык мамлекеттик алым алынат.
Юридикалык жакты каттоодо, кайра каттоодо жана жоюуда нотариус уюштуруучу(нун)(лардын)/катышуучу(нун)(лардын) юридикалык жактын чечимдерине же протоколдоруна койгон колунун аныктыгын күбөлөндүрүүгө жана ырастоого укуктуу, калган учурларда бул протоколдук мүнөздө болот.
Мындай чечимдерди же протоколдорду күбөлөндүрүүдө төмөнкүлөр талап кылынат:
1) юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтер (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, башка документтер);
2) талкуулоо үчүн коюлган конкреттүү маселени чечүүдө чогулган катышуучулардын ыйгарым укуктарын, алардын юридикалык жактын ишине катышуусун ырастоочу документтер (ыйгарым укуктуу органдардын тираждык комиссияларды, лотереяларды, аукциондорду өткөрүү жөнүндө чечимдери) комиссиянын курамын шайлоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын протоколу (же башка документ), юридикалык жактын уюштуруу документтери;
3) юридикалык жактын катышуучуларынын же тираждык комиссиянын мүчөлөрүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер.
34-глава. Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан күбөлөндүрүү
370. Нотариус эки же бир нече нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусу менен нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан (онлайн) жеке кабинети аркылуу күбөлөндүрөт.
371. Эки же бир нече нотариустардын жана (же) кызмат адамдарынын катышуусу менен аралыктан (онлайн) жасалышы мүмкүн болгон нотариалдык иш-аракеттер – эки же бир нече нотариустардын жана (же) кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу менен байланышпаган кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
372. Жеке кабинет аркылуу аралыктан аткарылышы мүмкүн болгон нотариалдык иш-аракеттер – арыз ээсинин жеке катышуусуз эле тиешелүү арызы менен жеке кабинеттен БМСЖ аркылуу нотариуска жана (же) кызмат адамына кайрылуу жолу менен кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу менен байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
373. Нотариалдык иш-аракеттердин тизмеги жана аларды жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартиби менен белгиленет.
35-глава. Мамлекеттик каттоо үчүн
электрондук документтерди берүү
374. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 93-беренесине ылайык нотариалдык документтерди мамлекеттик каттоого же башка каттоого берүү нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүзөгө ашырылат. Нотариус арыз ээлеринин атынан мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык системасына электрондук формада документтерди берүүгө, каттоо жыйымдарын жана төлөмдөрдү төлөөгө, каттоо жөнүндө билдирүүлөрдү алууга, ошондой эле башка зарыл иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу.
375. Электрондук документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо тартиби жөнүндө жобого ылайык НБМС аркылуу же Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайты аркылуу нотариус тарабынан каттоо органына берилет.
Формалар боюнча мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздар нотариуска жеке жана юридикалык жактар тарабынан кагаз жүзүндө берилет.
Нотариалдык документтерди мамлекеттик же башка каттоого берүү жана аларды каттоочу органдар тарабынан кароо боюнча башка документтер нотариуска кагаз жүзүндө да, электрондук түрүндө да беришиши мүмкүн.
376. Эгерде документтер нотариуска юридикалык жактын уюштуруучусу, аткаруу органынын жетекчиси, жоюу комиссиясынын жетекчиси, ишеним каттын негизинде аракеттенген башка адамдар тарабынан берилсе, анда мамлекеттик каттоо жөнүндө арызга нотариустун катышуусунда ошол адамдар кол коёт. Бул арызда нотариус тарабынан жарандын инсандыгын аныктоо, өкүлдүн аракетке жөндөмдүүлүгүн, ыйгарым укуктарын текшерүү жөнүндө белги коюлат, ал датаны, нотариустун статусун, анын инициалдарын жана фамилиясын көрсөтүү менен нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт. Башка учурларда адамдардын койгон колдорунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
377. Нотариус тарабынан арыз ээси (арыз ээлери) берген документтердин эки нускадагы тизмеси түзүлөт, ага нотариус жана арыз ээси (арыз ээлери) тарабынан датасын, нотариустун статусун, анын инициалдарын жана фамилиясын көрсөтүү менен кол коюлат.
378. Нотариус мамлекеттик каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды веб-порталда жайгаштырылган арыздын формасына киргизет, документтердин пакетин түзөт.
Түзүлгөн документтердин пакетине нотариустун электрондук кол тамгасы коюлат жана каттоочу органга берилет.
Каттоочу органга электрондук документтерди берүү жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүк (мындан ары ушул главанын максаттары үчүн – күбөлүк) берилет. Күбөлүктүн нускасына арыз ээси берген документтердин тизмесинин нускасы тиркелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонунубактылуу тартибинин (мындан ары – Убактылуу тартиби) 11-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук документтерди каттоочу орган тарабынан электрондук түрдө кабыл алынгандыгы жөнүндө нотариус кийинки күндөн кечиктирбестен арыз ээсине аны менен макулдашылган ыкма менен билдирет (СМС-билдирүү, электрондук почта аркылуу, байланыш каражаттарынын жардамы менен).
379. Электрондук документтер нотариус тарабынан арыз ээсине (арыз ээлерине) же анын (алардын) өкүлүнө берилген электрондук маалымат алып жүрүүчүгө (CD-диск, DVD-диск, USB-флэш) бир нускада берилет.
Убактылуу тартипте көрсөтүлгөн электрондук документтерди берүүдө нотариус арыз ээсинин (арыз ээлеринин) же анын (алардын) өкүлүнүн инсандыгын аныктайт, анын аракетке жөндөмдүүлүгүн, өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет, бул жөнүндө күбөлүктүн нотариуста сакталган нускасына белги коёт, ал датаны, нотариустун статусун, анын инициалдарын жана фамилиясын көрсөтүү менен нотариустун колу менен күбөлөндүрүлөт.
Электрондук документтерди алгандыгы жөнүндө арыз ээси (арыз ээлери) же анын өкүлү нотариуста сакталган күбөлүктүн нускасына кол коёт.
III бөлүм. Мурас
36-глава. Мурас иши боюнча өндүрүштү ачуу
380. Мурастоо иши боюнча өндүрүштү ачуу үчүн нотариус мурас калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган жери болуп саналган мурасты ачуу ордун аныктоого тийиш. Эгерде мурас калтыруучунун акыркы жашаган жери белгисиз болсо же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде болсо, мурас калтыруучуга таандык кыймылсыз мүлк же анын негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жер, ал эми кыймылсыз мүлкү жок болсо – кыймылдуу мүлктүн негизги бөлүгү жайгашкан жер мурасты ачуу орду деп таанылат.
Нотариус мурастоо ишинин ачылышы жөнүндө маалыматты нотариалдык палаталардын же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын мурастоо иштеринин ачык сайттарынан алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
381. Ачылган мураска бир гана мурас иши жана мурас ачылган жер менен аныкталган нотариалдык округдун нотариусу тарабынан гана ачылат.
382. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыз жазуу жүзүндө жасалышы керек. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыздагы мураскордун колунун аныктыгы, арыз ээсинин электрондук кол тамгасы менен кол коюлган электрондук формадагы арыздан тышкары, нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
383. Эгерде мурасты иш жүзүндө кабыл алган мураскор мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин мурас ачылган жер боюнча нотариуска жеке өзү (же анын өкүлү) келсе жана мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк алуу үчүн кайрылса, кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Бул учурда нотариус мураскордун (же анын өкүлүнүн) инсандыгын аныктайт жана коюлган колдун аныктыгын текшерет, бул жөнүндө арызга белги коёт жана инсандыгын ырастоочу документтин аталышын, номерин, берилген датасын, документти берген мекеменин аталышын, мураскордун фамилиясын, инициалдарын, анын туулган жылын (зарыл учурларда айын да) көрсөтөт.
384. Эгерде арыз почта аркылуу келип түшсө же башка адам тарабынан берилсе, мында мураскордун арызга койгон колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөсө, арыз нотариус тарабынан кабыл алынууга тийиш, ал эми мураскорго талаптагыдай түрдө таризделген арызды жөнөтүү же болбосо мурас ачылган жердеги нотариуска өзү келиши сунушталат.
Арыз кириш корреспонденция журналына катталат, бул учурда мураскор мурасты кабыл алды деп эсептелинет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
385. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө катталган арыздардын негизинде нотариус тарабынан мурас калтыруучунун атына иш ачылат, ал мурас иштерин эсепке алуунун алфавиттик китебинде катталат.
386. Бардык арыздарда алардын келип түшкөн датасы жана мурастоо ишинин номери көрсөтүлөт. Мурасты кабыл алуу, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү жана мурастык мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөө жөнүндө буйруктарды берүү, мурастан баш тартуу жөнүндө, кредиторлор жөнүндө арыздар, ошондой эле алар боюнча ушул чаралар көрүлгөн мурастык мүлктү коргоого карата чара көрүү жөнүндө арыздар кириш корреспонденция журналына катталгандан кийин мурастоо ишине тиркелет.
387. Мурас иштеринин электрондук реестрине толук эмес, жетишпеген маалыматтар мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилген күнгө карата киргизилиши керек.
388. Бир мурас калтыруучуга бир нече мурас көктөмөсүн ачуудан качуу үчүн нотариус НБМСте ачылган мурастоо ишинин бар экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Нотариус мурас иши ачылгандыгы жөнүндө маалыматты НБМСке киргизүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
389. Бир нече мурас иштери ачылган бардык учурларда мурас ишин мурас иштеринин электрондук реестрине биринчи болуп жазууну киргизген нотариус жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.
390. Мамлекеттик нотариалдык конторада мурасты анын нотариалдык округунда мурас ачылган мамлекеттик нотариалдык конторанын каалаган мамлекеттик нотариусу жүргүзөт. Ачык пробациялык иш учурдагы архивде сакталат. Ар бир мамлекеттик нотариус Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген калкка квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү функциясын жүзөгө ашыруу максатында ага жетүүгө укуктуу.
391. Анын компетенциясына кирбеген мурас иши боюнча өндүрүштү баштаган нотариус мурас ишин таандыктыгы боюнча биринчи ачкан нотариуска же болбосо мурас иши ачылууга тийиш болгон округдун нотариусуна токтоосуз өткөрүп берүүгө милдеттүү.
392. Лицензия токтото турулган, токтотулган же кайра алынган учурларда, «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелеринин негизинде мурас иши токтоосуз түрдө анын нотариалдык округундагы мурас иши ачылган (ачылууга тийиш болгон) мамлекеттик нотариалдык конторага өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
393. Мурас ачылган жер турак жай-эксплуатациялык уюмдун, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, акыркы туруктуу жашаган жери жөнүндө зарыл маалыматтарга ээ болгон башка органдын же уюмдун маалымкаты менен ырасталат (“Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан, НБМСтен, кварталдык комитеттерден, кондоминиумдардан, жергиликтүү аймактык башкармалыктардан, мамлекеттик архивдерден, турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринен маалыматтар), ал эми мурас калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган жери белгисиз болсо – мураска калтырылган мүлктүн же анын мураска калтырылган мүлкүнүн негизги массасынын турган жерин ырастаган документ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
394. Мураскорлордо көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда нотариус мурастын ачылган ордун аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсүн талап кылат.
395. Мурас калтыруучунун каза болгондугу фактысы жана мурасты ачуу убактысы анын каза болгондугу жөнүндө күбөлүк, каза болгондугу жөнүндө акт жазуусунан көчүрмө, каза болгондугу фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, медициналык мекеме тарабынан белгиленген форма боюнча берилген каза болгондугу жөнүндө медициналык күбөлүк менен ырасталат.
Каза болгондугу жөнүндө медициналык күбөлүктү же соттун чечимин кабыл алгандан кийин нотариус арыз ээсине ыйгарым укуктуу органдардан же консулдук мекемелерден каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү алууну сунуш кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
396. Мураскорлордун мурас калтыруучу менен туугандык жана башка мамилелеринин далили болуп төмөнкүлөр саналат: жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын күбөлүктөрү, метрикалык китептерден көчүрмөлөр, туугандык же башка мамилелердин фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдеринин көчүрмөлөрү. Эгерде өзүн мурас калтыруучунун багуусунда деп эсептеген адам мыйзам боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүнү суранса, нотариус ал мурас калтыруучу каза болгонго чейин кеминде бир жыл анын багуусунда болгондугун, ошондой эле мурас ачылган күнгө карата ал эмгекке жарамсыз болгондугун аныкташы керек.
Нотариус аны мурас калтыруучунун багуусунда же эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин талап кылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
397. Алты айлык мөөнөттү эсептөөгө акыркы күн дем алыш же майрам күндөрүнө туура келген процессуалдык мөөнөттөрдү колдонуу эрежеси жайылтылбайт. Алты айлык мөөнөттү эсептөөдө нотариус бардык календардык күндөрдү, дем алыш жана майрам күндөрүн кошуп эсептейт.
398. Каза болгондугу жөнүндө күбөлүк болгондо нотариус кандай болбосун кызыкдар адамга керээздин же мурас ишинин бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берет.
37-глава. Мурас ишин жүргүзүү тартиби
399. Мурас иши ачылгандан кийин нотариус мурастык мүлктү коргоого, мураскорлорду издөөгө чара көрүү, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына жана башка уюмдарга, чет мамлекеттерге суроо-талаптарды жөнөтүү жөнүндө, артында калган жубайынын менчик укугу тууралуу күбөлүктөрдү берүү жөнүндө, болгон керээздер жөнүндө, тескемелерди берүү ж.б. жөнүндө арыздар боюнча аракеттерди жүргүзөт. Мындай түрдөгү арыздар кириш корреспонденциялардын журналына катталат жана мурас ишине тиркелет.
400. Нотариус кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды кагаз жүзүндө же электрондук формада талап кылат. Мындай маалыматтар мурас иши өндүрүшүндө турган нотариус тарабынан гана талап кылынышы мүмкүн.
401. Эгерде мураска калтырылган мүлктүн курамына кыймылсыз мүлк кирсе, нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) кыймылсыз мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтерди;
2) аны менен бирге жашаган адамдарды, туугандык байланышын жана алардын жашаган мезгилин көрсөтүү менен мурас калтыруучунун акыркы жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматы бар уюмдардан алынган маалымкат жана/же эгерде турак жай менчиктештирилген болсо, менчиктештирүүнүн катышуучулары жөнүндө маалымкат;
3) кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик реестринен чектөөлөрдүн бар же жок экендиги жөнүндө көчүрмө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
402. Мураска калтырылган мүлккө чектөөлөр болгон учурда нотариус кредитордун же күрөө кармоочунун макулдугу менен чектөөлөрдү алып салбастан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө болгон чектөө бар экендигин көрсөтүү менен тариздейт.
403. Мураска калтырылган мүлккө сот камак салган учурда нотариус мыйзамдуу күчүнө кирген жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органда катталган камакты алып салуу жөнүндө соттун аныктамасы болгондо гана мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет.
404. Эгерде мурастык мүлктүн курамына кыймылдуу мүлк кирсе, нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
1) кыймылдуу мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө укук күбөлөндүрүүчү документтердин түп нускалары;
2) кыймылдуу мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органдан чектөөлөрдүн бар же жок экендиги жөнүндө көчүрмө.
405. Мурас иши кимдин өндүрүшүндө болсо, нотариус кредиттик мекемелерден каза болгон жарандардын аманаттары, банктык сейфтери жана уячалары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан камсыздандыруу топтоолору жана алынбай калган пенсиялары, сөөк коюуга эсептеле турган суммалары, акыркы иштеген жеринен алынбай калган эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды сурайт.
406. Нотариус аймактык юстиция башкармалыктарынан каза болгон жарандардын юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшү жөнүндө, уюштуруучулардын курамы жөнүндө, ошондой эле чектөөлөрдүн бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды сурайт.
407. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталындагы үлүшкө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө нотариус мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы, юридикалык жактын уюштуруу документтери же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн түп нускалары менен таанышуу жолу менен юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн текшерет, мында нотариус иштин материалдарына уставды жана башка уюштуруу документтерин тиркейт. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас калтыруучунун уставдык капиталындагы үлүшүнө жана чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүндөгү тиешелүү үлүшүнө берилет.
408. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө атайын катталууга тийиш болгон башка мүлктү (автомобилдер, мотоциклдер, моторлуу кайыктар, аба кемеси) киргизүү үчүн нотариус бул мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө документти (техникалык паспорттун түп нускасы, кеме күбөлүгү) текшерет.
409. Мурас калтыруучу каза болгон күндөн тартып алты айлык мөөнөт өткөндөн кийин нотариус мыйзам боюнча же керээз боюнча мурастоонун негиздерин аныктайт, мураска тийиштүү мураскорлордун чөйрөсүн белгилейт жана текшерет. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартылган же болбосо сот тартибинде татыксыз мураскорлор деп таанылган адамдарга нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом берет.
410. Эгерде мураскор арыз берүү үчүн алты айлык мөөнөттү өткөрүп жиберсе, же мурастын иш жүзүндө кабыл алынгандыгын ырастоочу документтерди бере албаса, же мурас калтыруучу менен туугандык байланышты ырастаган документти бере албаса, анда ал мураска талаптагыдай түрдө кирген (иш жүзүндө кабыл алган), өзүнүн туугандыгын далилдеген башка мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мураскорлордун катарына киргизилет.
411. Мурастан баш тартуу жөнүндө арыз келип түшкөн учурда нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1156-беренесинин жоболорун жетекчиликке алат. Мурастан баш тартуу жөнүндө арыз мураскор тарабынан мурас ачылган жер боюнча нотариуска арыз берүү менен жасалат жана эгерде ал биринчи жолу берилсе жана мурда мурастоо иши ачылбаса, иш боюнча өндүрүштү ачуу үчүн негиз болуп саналат.
412. Мурастан баш тартуу кийин жокко чыгарылышы же кайра алынышы мүмкүн эмес.
413. Мураскор бул үчүн ага берилген мөөнөт аяктагандан кийин мурастан баш тартуу укугунан ажырайт. Эгерде мураска калтырылган мүлккө иш жүзүндө ээлик кылса же аны тескесе, же бул мүлккө болгон укугун ырастаган документтерди алуу үчүн кайрылса, бул укук да көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин жоголот.
414. Эгерде ишеним катта мындай баш тартууга ыйгарым укук атайын каралса, өкүл аркылуу мурастан баш тартууга мүмкүн болот, эгерде буга балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу жок болсо, жашы жете электин мыйзамдуу өкүлү жашы жете элек үчүн баш тартууга укуксуз.
415. Эгерде мурас ишине белгилүү бир адамдын пайдасына мурастан баш тартуу жөнүндө арыз келип түшсө, анда нотариус мурастоо үлүшүн негизсиз көбөйтүүдөн качуу үчүн арыз ээсинин мурас калтыруучу менен туугандык байланышын текшерет.
416. Эгерде мурас калтыруучунун биргелешкен менчикке сатып алынган мүлкү болсо, анда нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин каза болгон адамдын үлүшүн аныктоого тийиш. Бул учурда нотариус менчик ээлерине мүлктөгү бирдей үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашуу түзүүнү сунуштайт, анын бир нускасы мурас ишине тиркелет. Мында нотариус макулдашууга же макулдашуунун текстине мурас ишинин номерин, мурас иши ачылган жылды, берилген күбөлүктүн датасын жана номерин көрсөтүү менен каза болгон менчик ээсинин үлүшүнө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги жөнүндө белги коёт.
417. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алууга укугу бар, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү өтүнүчү менен нотариуска кайрылган артында калган жубайына нотариус никеде турган учурунда жубайлар тапкан жалпы мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк алуу жана арыз берүү тартибин түшүндүрөт.
418. Жубайлардын бири каза болгон учурда алардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган жердеги нотариус тарабынан артында калган жубайына берилет.
419. Жубайлардын никеде турган мамилелеринин болгондугу нотариус тарабынан никелешүү тууралуу күбөлүктүн же актылык жазуудан көчүрмөнүн негизинде аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
420. Эгерде артында калган жубайы жалгыз мураскор болсо, бул мындай күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
421. Жалпы мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк алуу артында калган жубайынын укугу болуп саналат.
422. Артында калган жубайы жубайлардын жалпы мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүнөн мураскорлордун биринин пайдасына баш тартууга укугу жок, анткени артында калган жубайынын үлүшү мурастык массага кирбейт. Ал жубайлардын биргелешип тапкан мүлкүндөгү үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин гана бүтүм жасоо (белекке берүү, сатуу) жолу менен бирөөнүн пайдасына өз үлүшүн ээликтен ажыратууну жүргүзө алат.
423. Менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүүнү кийинкиге калтырууга жана токтото турууга «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинде каралган учурларда гана жол берилет.
424. Жубайлардын ар биринин менчиги болуп саналган мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилиши мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 37-статьясына ылайык мындай мүлккө төмөнкүлөр кирет:
1) никелешүүгө чейин жубайларга таандык болгон мүлк;
2) никеде турган учурда белекке, мураска же башка бекер бүтүмдөр боюнча алынган мүлк;
3) кымбат баалуу жана башка байлыктарга байланыштуу буюмзаттардан тышкаркы башка жеке пайдалануудагы (кийим-кечек, бут кийим жана башкалар) буюмдар.
Никелешүүгө чейин мүлктү сатып алуу фактысы, ошондой эле жубайлардын биргелешкен салымынын фактысынын жоктугу укук белгилөөчү документтердин негизинде белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 35-статьясына ылайык жубайлардын жалпы мүлкүнө төмөнкүлөр кирет:
1) жубайлардын ар биринин иштеген ишинен жана ишкердик жумушунан түшкөн кирешелер;
2) жубайлардын ар биринин интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер;
3) жубайлардын ар биринин алган пенсиялары, жөлөкпулдары, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу төлөнгөн суммалар);
4) жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, аманаттар, капиталдагы үлүштөр.
425. Нотариус керээздин бар экендигин жана анын мазмунун текшерет. Керээз боюнча мураска алууда нотариус керээздин жокко чыгарылбагандыгын же өзгөртүлбөгөндүгүн текшерет, бул жөнүндө ведомстволук нотариалдык архивге суроо-талап жиберет. Мурас ишине керээздин түп нускасы же керээздин дубликаты (архивдик көчүрмөсү) тиркелет. Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1149-беренесине ылайык милдеттүү үлүшкө укуктуу адамдардын чөйрөсүн белгилейт.
426. Нотариус берилген документтер боюнча мурастык мүлктүн курамын, жайгашкан жерин, мурастык мүлктүн тизмесин текшерет. Нотариус мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө маалыматты башка булактардан, кыймылсыз мүлктүн реестрлеринен, автотранспорт каражаттарынын каттоо карталарынан көчүрмөлөрдөн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, НБМСтин сайтындагы юридикалык жактардын маалыматтар базасынан пайдаланууга укуктуу.
427. Эгерде мурас иши Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылууга тийиш болсо, же мурастык мүлктүн бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан болсо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, анда Кыргыз Республикасынын аймагында мурас ишин ачкан нотариус чет мамлекеттин жеке укук ченемдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерди колдонот.
428. Мурас ишине мураскорлордон, башка адамдардан жана мекемелерден талап кылынган бардык документтер жана артында калган жубайынын мурастоо укугу, менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн нускасы тиркелет.
429. Эгерде мураскорлор биргелешкен мүлктөн каза болгон менчик ээсинин үлүшүн бөлүп беришсе, анда үлүштү бөлүп берүү жөнүндө макулдашуунун нускасы мурас ишине тиркелет.
430. Нотариус мураскорлордун өтүнүчү боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү кыймылдуу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу органдарга кагаз жана/же электрондук формада каттоого берүүгө көмөк көрсөтөт.
38-глава. Мурастык мүлктү коргоого карата чараларды көрүү
431. Мурастык мүлктү коргоого карата чараларды көрүү үчүн негиз болуп нотариуска кызыкдар жактын арызынын келип түшүшү эсептелет. Арыз кириш корреспонденциялардын журналына, мураска калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрүү жөнүндө арыздарды эсепке алуу китебине катталат жана ачылган мурас ишине тиркелет.
432. Нотариус мураскорлордун, баш тартууну алуучулардын, кредиторлордун же мамлекеттин кызыкчылыктарында зарыл болгон учурда мурастык мүлктү коргоо боюнча чараларды өз демилгеси боюнча көрүүгө укуктуу.
433. Эгерде жалгыз бой жарандар каза болгондон кийин калган жана мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирбеген адамдарга мураска калтырылган тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулугу бар мүлккө карата коргоо чараларын көрүү жөнүндө билдирүү келип түшсө, нотариус бул мүлктү тизмелөө үчүн «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
434. Мурастык мүлк белгиленген форма боюнча кеминде үч нускада тизмеленет, анын бир нускасы мурас ишинин материалдарына тиркелет, экинчиси нотариус дайындаган сактоочуга берилет.
435. Мураска кирүү жөнүндө арыз берген мураскорлордун ичинен бир адам сактоочу боло алат. Тизмени жүргүзүүдө нотариус эки күбөнү чакырууга милдеттүү.
436. Тизмени түзүүдө нотариус видео-фиксацияны жүргүзө алат жана видеого тартууну иштин материалдарына тиркей алат.
437. Мурастык мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштурууда мүлк ишенимдүү башкаруучуга сый акынын өлчөмүн же сый акысынын жоктугун көрсөтүү менен берилет.
438. Ишенимдүү башкаруучу нотариус тарабынан мураскордун (мураскорлордун) арызынан (арыздарынан), ал эми мураскорлор жок болсо – ишенимдүү башкарууну уюштуруу үчүн кайрылган адамдын арызынан же сот актысынан дайындалат.
439. Ишенимдүү башкаруу уюштурулуп жаткан мурастык мүлктүн наркы жөнүндө маалымат көз карандысыз баалоочунун отчетунан нотариус тарабынан белгиленет.
440. Тизмелөө актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: калган мүлк жөнүндө билдирүү же мурастык мүлктү коргоого карата чара көрүү жөнүндө тапшырма келип түшкөн дата; тизме жүргүзүлгөн дата, тизмелөөгө катышкан адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги; мурас калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, анын каза болгон убактысы жана тизмеленүүчү мүлктүн жайгашкан жери, имаратка нотариус келгенге чейин мөөр басылганбы жана ким тарабынан басылган, пломба же мөөр бузулбаганбы; анда саналып өткөн буюмдардын ар бирине толук мүнөздөмө жана баа берүү.
Тизмелөөдө нотариус буюмдун же предметтин абалын – жаңы, колдонулган, эскирүүнүн болжолдуу пайызын көрсөтүүгө тийиш. Тизмеленген буюмдарды баалоо орточо рыноктук баалар боюнча (эскирүүнү эске алуу менен) жүргүзүлөт.
441. Мураскорлор баалоочу-адисти чакырууга укуктуу. Баалоочу адистин кызматына акы төлөө мураскорлор тарабынан жүргүзүлөт.
442. Тизмелөө актысынын ар бир бетинде буюмдардын (предметтердин) санынын жыйынтыгы жана тизменин аягында буюмдардын (предметтердин) санынын жалпы жыйынтыгы жана алардын наркы чыгарылат.
443. Тизмелөө актысына каза болгон адамдын жашаган жериндеги бардык мүлк киргизилет. Эгерде мурас калтыруучунун бир нече кыймылсыз мүлк объекти болсо, анда ар бир объект боюнча өзүнчө тизмелөө актысы түзүлөт.
444. Эгерде мүлктү тизмелөө жүргүзүү үзгүлтүккө учураса же бир нече күн уланса, имарат ар бир жолу нотариус тарабынан мөөр басылып бекитилет. Тизмелөө актысында тизмелөөнү токтотуунун жана аны кайра улантуунун себептери жана убактысы жөнүндө, ошондой эле имаратты кийин ачууда пломбалардын жана мөөрлөрдүн абалы жөнүндө жазылат.
445. Актынын аягында тизмеленген мүлк сактоого берилген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жери, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары көрсөтүлөт.
446. Адамдардын айрым буюмдарга таандыктыгы жөнүндө арыздары тизмелөө актысына киргизилет, ал эми кызыкдар жактарга бул мүлктү тизмеден чыгаруу жөнүндө доо менен сотко кайрылуунун тартиби түшүндүрүлөт.
447. Эгерде нотариуска мүлктү тизмелөө үчүн алууга жолтоо кылышса, анда нотариус акт түзөт жана кызыкдар жактарга жана прокуратура органдарына кабарлайт, себептерин көрсөтүү менен мурастык мүлктү коргоо боюнча чараларды көрүүнү токтото туруу же баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
448. Эгерде мүлк (мүлктүн бөлүгү) мурас ачылган жерде болбосо, анда нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 69-беренесине ылайык нотариуска же башка компетенттүү адамга аны коргоо чараларын көрүү жана мурас ишине тиркөө үчүн тизменин түп нускасын жөнөтүү жөнүндө тапшырма жиберет. Мурастык мүлктү коргоо чараларын көргөн нотариус, аткаруу бийлигинин кызмат адамы мурастын ачылган жери боюнча нотариуска көрсөтүлгөн чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө билдирет.
449. Каза болгон адамдан калган акча суммалары банкка нотариустун депозиттик эсебине тапшырылат.
450. Алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы монеталар, куймалар жана чийки зат түрүндөгү металлдар, чет өлкөлүк валюта жана чет өлкөлүк валютада жазылып берилген төлөм документтери (векселдер, чектер, которуулар), чет өлкөлүк фонддук баалуулуктар (акциялар, облигациялар, аларга купондор), баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтерден жасалган буюмдар, ошондой эле асыл таштар жана берметтер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүүнү кабыл алуу актысы боюнча сактоого тапшырылат.
451. Нотариус тарабынан мурастык мүлктү сактоого кабыл алынган тартипте көрсөтүлгөн баалуулуктар баалуулуктарды эсепке алуу китебине катталат.
452. Каза болгон адамдын мүлкүнүн курамына кирген курал (мергенчилик куралынан башка) жана жарылуучу заттар ички иштер органдарына өзгөчө тизме боюнча тапшырылат.
453. Тарыхый же илимий мааниси бар баалуу кол жазмалар, адабий эмгектер, каттар өзүнчө тизмеге киргизилет жана мураскорлорго же тиешелүү уюмдарга жооптуу сактоого тапшырылат. Зарыл болгон учурда, мисалы, мураскорлор жок болгон учурда нотариус документтерди же документтер салынган сактоочу жайларды мөөр басып бекитет.
454. Эгерде мурастын курамында башкарууну талап кылган мүлк болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин кредиторлор мурас калтыруучуга доо койгон учурда нотариус мурасты башкаруучуну дайындайт, ал жөнүндө токтом чыгарат.
455. Мурастык мүлк сактоого өткөрүлүп берилген сактоочулар, камкорчулар жана башка адамдар мурастык мүлктү короткондугу, ээликтен ажыраткандыгы же жашырып койгондугу үчүн жоопкерчилик жөнүндө, келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө эскертилет. Бул тууралуу мурастык мүлктү тизмелөө актысында же мурастык мүлктү сактоочуну же башкаруучуну дайындоо жөнүндө нотариустун токтомунда баяндалган кол тамга алынат.
456. Мурастык мүлк сактоого берилген сактоочулар, камкорчулар жана башка адамдар, эгерде алар мураскор болуп саналбаса, мурастык мүлктү сактагандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу.
457. Сый акынын өлчөмү нотариус тарабынан мүлк сактоого берилген адам менен макулдашуу боюнча белгиленет, бирок сактоого берилген мүлктүн наркынын 1,5 пайызынан ашпоого тийиш. Жаныбарларды сактоо үчүн сый акынын өлчөмү белгиленген акынын 50 пайызына көбөйтүлөт. Аталган адамдарга мурастык мүлктү сактоо жана башкаруу боюнча зарыл болгон чыгымдардын орду да толтурулат. Бул чыгымдардын орду берилген документтерге ылайык мүлктү пайдалануудан иш жүзүндө алынган пайданы алып салуу менен толтурулат.
458. Мурастык мүлктү коргоо мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин, ал эми алар тарабынан ал кабыл алынбаса – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мурасты кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин улантылат.
Эгерде нотариуска мурасты башка мураскорлор кабыл албаган учурда мурастоо укугу пайда болгон адамдардан мурасты кабыл алууга макулдугу жөнүндө арыз келип түшсө жана мурасты кабыл алуу үчүн мыйзамда белгиленген алты айлык мөөнөт өткөнгө чейин мурасты кабыл алуу үчүн үч айдан аз убакыт калса, мурастык мүлктү коргоо мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин улантылышы мүмкүн. Мындай учурда мурастык мүлктү коргоо бардык мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин, ал эми эгерде ал кабыл алынбаса – эгерде мурасты кабыл алуу үчүн алты айлык мөөнөттүн калган бөлүгү үч айдан аз болуп калса, мурасты кабыл алууга макулдугу жөнүндө бул адамдардын биринен арыз келип түшкөн күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин улантылат.
459. Нотариус мурастык мүлктү коргоо чараларын токтотуу жөнүндө мураскорлорго, ал эми эгерде мурастоо укугу боюнча мүлк мамлекетке өтсө – тиешелүү мамлекеттик органга алдын ала билдирүүгө милдеттүү.
39-глава. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
460. Никеде турган учурда жубайлардын тапкан мүлкү алардын биргелешкен менчиги болуп саналат. Мурасты мыйзам боюнча, ошондой эле керээз боюнча тариздөөдө, нотариус жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүктү (мындан ары – артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүк) алууга укугу бар мурас калтыруучунун артында калган жубайынын бар экендигин билүүгө жана ага күбөлүк берүү жөнүндө арыз берүүнүн тартибин түшүндүрүүгө тийиш.
461. Менчик укугу жөнүндө күбөлүк артында калган жубайына мурас ачылган жердеги нотариус тарабынан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин берилет. Күбөлүк артында калган жубайына бул үчүн зарыл болгон бардык документтер көрсөтүлгөн күнү берилиши керек. Артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүк мураска кирүүнүн алты айлык мөөнөтү бүткөнгө чейин берилиши мүмкүн.
462. Артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө – мурастоо ишин ачуу главасында көрсөтүлгөн эрежелер сакталат.
463. Никелешүүгө чейин мүлктү сатып алуу фактысы, ошондой эле жубайлардын биргелешкен салымдарынын жоктугу укук белгилөөчү документтердин негизинде белгиленет.
464. Менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн керектүү документтердин тизмеги:
1) менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүү жөнүндө арыз;
2) никелешүү тууралуу күбөлүк, актылык жазуудан көчүрмө же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
3) каза болгондугунун фактысын ырастаган документ же актылык жазуудан көчүрмө;
4) мүлккө укук белгилөөчү документтер;
5) кыймылсыз же кыймылдуу мүлккө укуктардын бирдиктүү реестринен көчүрмө;
6) эгерде артында калган жубайы титулдук менчик ээси болсо, анда нотариус каза болгон жубайынын үлүшүн аныктайт жана каза болгон жубайынын үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет, бул жөнүндө күбөлүктүн берилген датасын жана номерин көрсөтүү менен укук белгилөөчү документке белги коёт.
465. Менчик укугу жөнүндө күбөлүк жубайлардын жалпы менчиги болуп саналган, каза болгон күнгө карата болгон мүлккө гана берилет.
466. Эгерде артында калган жубайы жалгыз мураскор болсо, бул мындай күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт. Сатып алынган жана жубайлардын биргелешкен менчиги болуп саналган мүлктү мурастоонун бардык учурларында нотариус артында калган жубайынын үлүшүн аныктайт жана менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет.
467. Артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүгүн алуу анын укугу болуп саналат. Артында калган жубайы мураскорлордун биринин пайдасына жубайлардын жалпы мүлкүндөгү өз үлүшүнөн баш тартууга укугу жок, анткени артында калган жубайдын үлүшү мурастык массага кирбейт.
468. Нотариус ошондой эле жубайлардын бири каза болгон учурда нике келишиминин шарттарын текшерет. Нике келишими жубайлардын тирүү кезинде кыймылдуу, кыймылсыз жана башка мүлктү жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо функциясы мамлекет тарабынан жүктөлгөн органдарда катталууга тийиш.
469. Артында калган жубайынын жана мурасты кабыл алган мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен менчик укугу жөнүндө күбөлүктө каза болгон жубайынын жалпы мүлктөгү үлүшү да аныкталышы мүмкүн.
470. Менчик укугу жөнүндө күбөлүк кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдарда катталууга тийиш.
471. Транспорт каражаттарына менчик укугу жөнүндө күбөлүк ошол транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу үчүн органдарга көрсөтүлүүгө тийиш, бул жөнүндө нотариус күбөлүктүн текстинде көрсөтөт жана жубайларга (жубайына) түшүндүрөт.
472. Артында калган жубайына күбөлүк берилгендиги жөнүндө нотариус мурасты кабыл алган мураскорлорго кабарлайт. Катышпаган мураскорлорго билдирүү почта аркылуу жөнөтүлөт. Билдирүүдө артында калган жубайына менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө (же берүүгө) тийиш болгон жубайлардын жалпы мүлкүнүн курамы көрсөтүлөт, ошондой эле мураскор артында калган жубайынын мүлктүк талаптарын (же артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүк алуу укугун) талашкан учурда сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлөт.
473. Менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү жөнүндө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө белги коюлат.
474. Нотариус артында калган жубайынын өтүнүчү боюнча каттоого менчик укугу жөнүндө күбөлүктү каттоочу органга кагаз жана/же электрондук формада өткөрүп берүүгө укуктуу, бул тууралуу маалымкат берет.
475. Эгерде жубайы үлүштү бөлүштүрүүгө укуктуу эмес болсо, анда нотариус жубайдын милдеттүү үлүшкө укугун, ал мурас калтыруучунун багуусунда болгондугун текшерет. Мындай учурларда нотариус мурасты тариздөөнүн жалпы эрежелерин пайдаланат.
40-глава. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
476. Нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө мурас калтыруучунун каза болгондугунун фактысын, мурастын ачылган убактысын жана ордун, керээз боюнча же мыйзам боюнча мурастоого чакыруу үчүн негиз болуп саналган туугандык же башка мамилелердин бар экендигин, же болбосо мураска иш жүзүндө кирген адамдарды, мураска калтырылган мүлктүн курамын жана жайгашкан жерин, керээздердин өзгөргөндүгү же жокко чыгарылгандыгы жөнүндө маалыматтарды текшерет.
Мураска иш жүзүндө киргенин жана/же мурасты кабыл алганын ырастаган документтер төмөнкүлөр болушу мүмкүн: “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан алынган каза болгон учурда мураскор менен мурас калтыруучу чогуу жашагандыгы жөнүндө маалымкат, каза болгон адамдын коммуналдык кызматтарын, мүлк салыктарын, башка милдеттүү төлөмдөрүн төлөгөндүгүн ырастаган квитанциялар же чектер; кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары, үйдүн/машинанын/гараждын ачкычтары, ижара келишимдери, мурас мүлкүн оңдоо, коргоо, күбөлөрдү сурамжылоо протоколдору, башка мураскорлордун жазуу жүзүндөгү ырастамалары, мурасты кабыл алуу же мураска кирүү фактысын белгилөө жөнүндө соттун чечимдери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
477. Мураскорлорго 6 ай өткөндөн кийин, каалаган убакта мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилет.
478. Мураскорлорго күбөлүк берүү маселеси чечилгенде нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жана негиздер боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтырууга же токтото турууга укуктуу.
479. Эгерде мурастоо үчүн ар кандай негиздер болсо, анда нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү мыйзам боюнча жана керээз боюнча өзүнчө берет.
480. Нотариус күбөлүктө мүлктүн бир же бир нече түрүн көрсөтүүгө укуктуу.
481. Нотариус мурастын арифметикалык үлүшүн көрсөтүү менен ар бир мураскорго күбөлүк берүүгө укуктуу.
482. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк артында калган жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилгенден кийин берилет.
483. Эгерде мурас жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз мураскорго берилсе, анда күбөлүктүн нускасы жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз мураскордун мүлкүн контролдоо үчүн балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
484. Күбөлүк бериле элек мурастык мүлк табылган учурда нотариус өндүрүштү кайра баштайт жана мурастоо укугу жөнүндө тиешелүү күбөлүктү алуу мөөнөтүн чектебестен жалпы тартипте берет.
485. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк үлүштү эсептөө үчүн зарыл болгон бардык документтер болгондо, алардын каалоосуна жараша бардык мураскорлорго чогуу же ар бирине өзүнчө берилет. Нотариус күбөлүктү мураскор өзү келбей туруп берүүгө жана аны почта аркылуу кагаз түрүндө же нотариустун электрондук кол тамгасы коюлган электрондук формада жөнөтүүгө укуктуу.
486. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө нотариус бир же бир нече мураскор жок болгон учурда күбөлүктө калган (арифметикалык) үлүшкө мурас бериле электигин жазат.
487. Мурастык мүлктүн белгилүү бир бөлүгүн мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү алган мураскорлорго андан кийин башында берилген мурастык мүлктүн күбөлүгүндө саналып өтпөгөн башка бөлүктөрүн мурастоо укугу жөнүндө кийинки күбөлүктөр берилет.
488. Башка мүлккө мурастоо укугу жөнүндө кошумча күбөлүк берилген жана мурда берилген күбөлүккө киргизилбеген мураскорлор келген учурда, алар мурасты кабыл алган бардык мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кошумча мүлккө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Арыздагы алардын койгон колдорунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
489. Кыймылсыз мүлккө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш. Атайын катталууга тийиш болгон мүлккө (автомобилдерге, мотоциклдерге, моторлуу кайыктарга, аба кемелерине) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк бул мүлктү каттоо жана эсепке алуу үчүн органдарга көрсөтүлүүгө тийиш.
490. Эгерде жер участокторуна (айыл чарба багытындагы, дача) мураскор чет өлкөлүк жаран болсо, анда күбөлүктө ал жер участогун ээликтен ажыратууга милдеттүү экендиги көрсөтүлөт.
491. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн нускалары мурас ишине тиркелет.
41-глава. Мурасты бөлүштүрүү
492. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгенден кийин мураскорлор бардык мураскорлордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча макулдашуу түзүү жолу менен мурасты бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Эгерде мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана мурасты бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу бир убакта жүргүзүлсө, анда нотариус мурас ишинин материалдарына макулдашуунун нускасын тиркейт.
493. Эгерде мураскорлордун бири жашы жете элек болсо, анда мурасты бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен гана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
494. Мурасты бөлүштүрүүдө нотариус артында калган жубайынын үлүшү мураска кирбегендигин эске алышы керек.
IV бөлүм 42-глава. Нотариус тарабынан чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонуу.
Эл аралык келишимдер
495. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк юридикалык жактар нотариустарга Кыргыз Республикасынын укугунун башка субъекттери менен бирдей кайрылууга укуктуу.
496. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонот.
Нотариус эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык түзүлгөн документтерди кабыл алат, ошондой эле эгерде бул Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине каршы келбесе, башка мамлекеттердин мыйзамдарында каралган формада күбөлөндүрүү жазууларын жүргүзөт.
497. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренесине ылайык чет өлкөлүк жаран каза болгондон кийин Кыргыз Республикасынын аймагында калган мүлктү же Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондон кийин чет өлкөлүк жаранга тиешелүү мүлктү коргоо, ошондой эле мындай мүлккө карата мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү менен байланышкан иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
498. Кыргыз Республикасы менен мурастык мүлктү коргоо жөнүндө ченемдерди камтыган эл аралык келишим түзгөн чет мамлекеттин жараны каза болгондугу тууралуу маалымат алгандан кийин нотариус, эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында каза болгон адамдын мүлкү бар болсо, тийиштүү келишимди жетекчиликке алып, мурастык мүлктү коргоо үчүн зарыл чараларды көрөт, мурастык мүлктүн өлчөмүн жана наркын белгилейт, мураскорлордун чөйрөсүн аныктайт, керээздин бар экендигин текшерет жана бул жөнүндө каза болгон адам анын жараны болгон мамлекеттин дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүнө токтоосуз билдирет. Эгерде эл аралык келишим менен мурастоо жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзүү каза болгон адам жараны болуп саналган чет мамлекеттин мекемелеринин компетенциясына кирсе, анда мурастык кыймылдуу мүлк анын талабы боюнча нотариуска, ошол мамлекеттин дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүнө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
499. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чет мамлекеттин мыйзамдарында каралган форма боюнча түзүлгөн керээз керээз калтыруучу каза болгондон кийин аны ачуу жана жарыялоо үчүн нотариуска берилген учурда нотариус керээздин мазмунун жарыялайт жана керээздин абалы жана мазмуну жөнүндө протокол түзөт. Протоколдо анын түзүлгөн датасы жана орду, керээзди күбөлөндүргөн дата, аны берген адамдын аты-жөнү, документтин абалы (чапталып же ачылып берилгенби, анда чийилген жерлери барбы, оңдоолор же башка кемчиликтер болгонбу) көрсөтүлөт. Протоколго нотариус жана керээзди сунуш кылган адам кол коёт. Ошол эле адамдар керээздин ар бир барагына кол коюшат.
Эгерде керээз чапталган түрдө нотариуста сакталса, жогоруда көрсөтүлгөн бардык аракеттерди нотариус жеке өзү жүргүзөт.
Протоколго керээздин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ал эми келишимдин талаптарына жараша протоколдун көчүрмөсү жана керээздин түп нускасы тиркелет.
Көрсөтүлгөн документтер кызыкдар жакка берилиши же тапшырмаларды аткаруу эрежелери боюнча чет мамлекеттин компетенттүү мекемесине жөнөтүлүшү мүмкүн.
500. Чет өлкөдө иш-аракеттерди жасоо үчүн арналган, анын колдонуу мөөнөтү жөнүндө көрсөтмөнү камтыбаган, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат ишеним катты берген адам тарабынан жокко чыгарылганга чейин күчүндө болот, бул тууралуу ишеним каттын текстинде көрсөтүлөт.
501. Чет өлкөлүк бийликтин катышуусу менен чет өлкөдө түзүлгөн же алардан чыккан документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин органдары тарабынан легалдаштырылган шартта нотариус тарабынан кабыл алынат. Мындай документтер мыйзамдаштырылбастан мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда нотариус тарабынан кабыл алынат.
502. Чет мамлекеттин бийликтери тарабынан түзүлгөн документтер (легалдаштыруу жол-жобосун жокко чыгарган же жөнөкөйлөткөн эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышкан өлкөлөрдү кошпогондо) аларды легалдаштыруу шартында нотариус тарабынан кароого кабыл алынат.
503. Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн арналган документтер Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.
504. Кыргыз Республикасынын 1961-жылдын 5-октябрындагы «Чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Мыйзамына ылайык нотариус жогоруда аталган конвенцияга кошулган чет мамлекеттердин расмий документтерин дипломатиялык же консулдук легалдаштыруу зарылдыгынан бошотуучу апостилдин атайын штампын коюу жетиштүү болгондо кабыл алат.
43-глава. Буйрук өндүрүшү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
505. Буйрук өндүрүшү “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-главасы менен жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
506. Нотариалдык буйрукту чыгаруу ырааттуулугу буйрук өндүрүшүнүн төмөнкү баскычтарын карайт:
– арызды өндүрүшкө кабыл алуу;
– арызды кабыл алуудан баш тартуу;
– нотариалдык буйрукту чыгаруу;
– карызкорго кабарлоо;
– карызкордун каршы пикирлери алынган учурда нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу;
– нотариалдык буйрукту жокко чыгаруудан баш тартуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
507. Буйрук өндүрүшүн козгоо буйрук ишин ачууну же буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууну камтыйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
508. Буйрук ишин ачуу же буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу нотариус тарабынан үч күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
509. Эгерде акыркы күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келсе, анда берүү же баш тартуу жөнүндө буйрук кийинки жумуш күнү чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
510. Нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арыз карызкордун жашаган жери же турган жери боюнча нотариуска берилет. Алимент өндүрүү жөнүндө арыз өндүрүп алуучунун жашаган жери боюнча берилиши жана көрсөтүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
511. Арызды өндүрүп алуучунун өкүлү берген учурда нотариус ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктарды текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
512. Юридикалык жак кайрылган учурда нотариус өндүрүп алуучунун атынан иш алып барууга өкүлдүн укугун ырастаган ишеним каттын бар экенин текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
513. Нотариалдык буйрукту берүү жөнүндө арыз машинада басылган текст түрүндө берилип, буйрук өндүрүшүнүн иштерин эсепке алуу журналына катталат. Эгерде арыз почта аркылуу келип түшкөн же башка адам тарабынан берилген болсо, бирок арыздагы арыз ээсинин колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөсө, арыз нотариус тарабынан кабыл алынууга тийиш, ал эми арыз ээсине талаптагыдай таризделген арызды жөнөтүү же нотариуска жеке өзү келүү сунушталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
514. Нотариус “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1004-беренесинде саналып өткөн арыздын формасына жана мазмунуна коюлган талаптардын сакталышын текшерет. Эгерде буйрукту берүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну боюнча кемчиликтер болсо, анда нотариус “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1005-беренесинде көрсөтүлгөн негиздерди санап өтүү менен буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
515. Буйрук өндүрүшү карызкорго карата талап боюнча буйрукту берүү жөнүндө ар бир берилген арызга түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
516. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1002-беренесинин 1, 2, 3, 5, 6-пункттарында саналып өткөн, билдирилген талаптар боюнча ырастоочу документтер нотариуска түп нускада берилет. Талаптагыдай таризделген дубликаттар түп нускага теңештирилет жана эгерде алар нотариустун алардын талашсыздыгы боюнча шектенүүсүн пайда кылбаса, өндүрүшкө кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
5161. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделген талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– карап көрүү үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмдүн түп нускасын, анын көчүрмөсү буйрук ишинде калат;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөлөрүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
5162. Жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделген талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– юридикалык жактын уюштуруу документтерин;
– ишеним катты;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– карап көрүү үчүн келишимдин түп нускасын, анын көчүрмөсү буйрук ишинде калат;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөлөрүн;
– зайым келишимин же кредиттик келишимди (банктар жана кредиттик мекемелер үчүн) же жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлгөн келишимдерди;
– карызы жөнүндө маалымкатты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
5163. Векселдин төлөнбөгөндүгүнө, акцепт болбогондугуна жана акцептке датасы коюлбагандыгына нотариус тарабынан жасалган протестке негизделген талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык нотариус тарабынан түзүлгөн протест актысын;
– протест жасалган векселди;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөлөрүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
5164. Жашы жете элек балдарга аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган, алимент өндүрүү жөнүндө талаптар боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөлөрүн;
– балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү;
– арыз ээсинин жана карызкордун жашаган жеринен маалымкаттарды;
– эгерде карызкор иштесе, анын иштеген жеринен маалымкатты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
5165. Салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, милдеттүү төлөмдөр боюнча бышмананы эсепке албастан карызды өндүрүү жөнүндө талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– юридикалык жактын уюштуруу документтерин;
– ишеним катты;
– келишимди (эгерде милдеттенмелер андан келип чыкса);
– карызды эсептөөнү;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны;
– квитанцияларды, салыштыруу актыларын, эсептерди;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
5166. Кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– эмгек келишиминин көчүрмөсүн же жумушка кабыл алуу жөнүндө буйрукту;
– уюмдун ыйгарым укуктуу адамы кол койгон жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, белгилүү мезгил үчүн эмгек акы боюнча карыз жөнүндө маалымкатты;
– башка ырастоочу документтерди (жумуш убактысын эсепке алуу табелин, эсептөө баракчасын ж.б.);
– арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
517. Нотариус карызкордун жашаган жерин жана/же турган жерин катталган жери же иш жүзүндө жашаган жери боюнча “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан, юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук реестринен алынган маалымкаттардын негизинде аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
518. Нотариус Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан карызкорлорго карата буйруктарды бербейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
519. Буйрукту берүү жөнүндө арыз берилгенге чейин мамлекеттик алымды төлөө жүргүзүлөт жана төлөнгөндүгү тууралуу маалымат тиркелген документтердин тизмегинде көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
520. Алиментти жана эсептелген эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талаптар боюнча мамлекеттик алым карызкордон өндүрүлөт, бул тууралуу буйрукта көрсөтүлөт, буйруктун нускасы аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
521. Мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция арыз ээсине кайтарылып берилет, ал аны сотто доо өндүрүшүнө тиркөө жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Арыз ээси төлөнгөн алымдан мамлекеттин кирешесине баш тартууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
522. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтомдо кемчиликтерди жоюу арыз ээсине нотариалдык буйрукту берүү жөнүндө жаңы арыз менен кайрылууга же доо өндүрүшү тартибинде сотко кайрылууга тоскоол болбой тургандыгы түшүндүрүлүшү керек.
Нотариалдык буйрукту берүү боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоону кийинкиге калтырууга, ошондой эле токтото турууга жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
523. Буйрук тараптарды чакырбастан чыгарылат. Буйрук чыгаруу үчүн негиздер ченемдик укуктук актыларга шилтеме менен буйрукта көрсөтүлөт.
Эгерде нотариалдык буйрук бир нече тилектеш карызкордун пайдасына кабыл алынса, анда өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариус тилектеш карызкорлордун саны боюнча нотариалдык буйруктардын бир нече нускасын берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
524. Карыздын суммасынын, мамлекеттик алымдын өлчөмү арыз ээси тарабынан алдын ала эсептелет жана нотариус тарабынан текшерилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
525. Нотариалдык буйруктун көчүрмөсү чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен карызкорго почта кызматтары аркылуу милдеттүү түрдө кайра кабарлоо менен жөнөтүлөт. Нотариус PDF форматында таризделген буйруктун көчүрмөсүн электрондук почта (e-mail), мессенджерлер (WhatsApp, Viber, Telegram) аркылуу же жеке билдирүүлөргө жөнөтүүгө укуктуу.