Загрузка документа…
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы N 733 токтомуна)
Нотариалдык иш-аракеттерди электрондук түрдө жасоо жана электрондук документтерди пайдалануу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип нотариалдык иш-аракеттерди электрондук түрдө жасоо жана электрондук иш-аракеттерди жасоодо электрондук документтерди пайдалануу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга кыйла ийкемдүү жана сапаттуу юридикалык кызмат көрсөтүү, документтерди мамлекеттик маалыматтык системалардан алуунун эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык органдардан талап кылынган документтердин жана маалымкаттардын санын кыскартуу максатында, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген электрондук документтерге карата талаптарды жөнгө салуу тартибин белгилейт.
4. Ушул тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) эки же бир нече нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан күбөлөндүрүү – эки же бир нече нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
2) арыз берүүчүнүн жеке кабинети аркылуу аралыктан күбөлөндүрүү – тиешелүү арыз менен аралык форматында (нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу жеке кабинет аркылуу) нотариуска (кызмат адамына) кайрылуу аркылуу тараптар кол койгон бирдиктүү документ катары келишим талап кылынбаган учурларда нотариалдык конторага, бюрого (мекемеге) арыз берүүчүнүн баруусуз нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
3) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМТ) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрүн камсыз кылуу үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система;
4) арыз ээлери – “Жеке кабинет” аркылуу кайрылган жеке жана юридикалык жактар;
5) арыз берүүчүнүн жеке кабинети – нотариустун кызматтарына жарандардын аралыктан кайрылуусу үчүн арналган НБМСнын электрондук сервиси, анда нотариус тарабынан анын атынан жана анын катышуусу менен берилген бардык нотариалдык документтер (актылар) сакталат;
6) оператор – маалыматтык системаны эксплуатациялоо, аны техникалык жана программалык коштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн өзүнүн адистери аркылуу аракеттенген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
7) маалыматтардын ачык жеткиликтүүлүгү – аныкталган нотариалдык иш-аракеттерди жасоого, ачык жеткиликтүү болгон маалыматтарды текшерүү үчүн даярдоо үчүн расмий маалыматты табууга мүмкүндүк берген маалымдама бөлүм;
8) идентификациялык жеке номер (мындан ары – ИЖН) –калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана жарандарды персонификациялык (жекече) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн күбөлөрүнүн, жабырлануучуларынын жана башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардын өмүрүнүн аягына чейин өзгөртүүсүз сакталуучу жеке номер;
9) ыйгарым укуктуу кызмат адамы – “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
10) колтамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (мындан ары – квалификацияланган сертификат) – негизги (тамыр) күбөлөндүрүүчү борбордун функциялары жүзөгө ашырган, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү жагы же электрондук колтамгаларды пайдалануу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы тарабынан берилген колду текшерүү ачкычынын сертификаты;
11) квалификацияланган электрондук колтамга (мындан ары – КЭК) – кол тамганын ачкычты пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган, электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого, электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактыларын табууга мүмкүндүк берген электрондук колтамга, ал электрондук документке кол коюучу адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлөт;
12) электрондук документ – электрондук формада берилген, башкача айтканда адам электрондук эсептөөчү машинаны колдонуу менен кабыл алууга жарактуу, ошондой эле маалыматтык-теле коммуникациялык тармактар боюнча өткөрүп берүү же маалыматтык системаларда иштеп чыгуу үчүн документтештирилген маалымат.
2. Электрондук документтерге жана электрондук документтер менен иштөөгө карата талаптар
3. Электрондук документти тышкы формада берүү электрондук документти дисплейдин экранында, кагазда же машиналык алып жүрүүчүдөн ажыратылган, адамдын кабыл алуусу үчүн түшүнүктүү болгон түрдө (кошумча техникалык каражаттарсыз) жана формада машиналык сактагычтан ажыратылган визуалдык көрүү үчүн жеткиликтүү болгон башка материалдык объектте берүү болуп эсептелет.
4. Электрондук документтин түп нускасы машиналык алып жүрүүчүдө гана болот. КЭК коюлган, электрондук алып жүрүүчүдө белгиленген жана бири бирине окшош болгон электрондук документтин бардык нускалары түп нуска болуп эсептелет жана бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
5. Эгерде мазмуну боюнча окшош документ кагазда жана электрондук документ түрүндө бир жак тарабынан түзүлсө, эки документ тең өз алдынча документ болуп таанылат.
6. Кагазга түшүрүлгөн электрондук документтерде тиешелүү электрондук документтин көчүрмөсү болуп саналары көрсөтүлүшү керек жана кагаздагы документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү үчүн “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлөт.
7. Нотариус тарабынан электрондук документтер кабыл алынат, түзүлөт жана колдонулат:
1) алгач аларды кагаз жүзүндө документтештирбестен, КЭК менен кол коюлбаган электрондук түрдө түзүлгөн;
2) кагаздагы документтерди сканерлөөнүн натыйжасында алынган, КЭК менен күбөлөндүрүлгөн.
8. Нотариуска нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген электрондук документтердин юридикалык күчү КЭК менен ырасталат.
9. КЭК менен кол коюлбаган, электрондук документ түрүндө түшкөн жарандардын жана уюмдардын кайрылуулары басып чыгарылат жана алар менен иштөө “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.
10. Квалификациялык сертификат менен электрондук документтерди алууда нотариус квалификациялык сертификаттын аныктыгын текшерет. Анын жардамы менен электрондук документтерге кол коюлган КЭКтин аныктыгын текшерүү электрондук кол тамга берүүчү борбор тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Нотариустан чыккан электрондук документтерге нотариустун квалификациялык сертификаты менен кол коюлууга тийиш.
12. Нотариус кирген кат-кабарларды жана чыккан кат-кабарларды каттоо электрондук журналын жүргүзөт.
3. Электрондук документтерди сактоо
13. Электрондук журналдарга нотариус киргизген маалыматтарга тиешелүү маалыматты киргизген нотаруис жана оператор гана жете алат.
14. Нотариустан чыккан электрондук документтер Интернет системасын пайдалануу менен даректелүүчүгө жиберилет же жеке кабыл алууда ажыратылуучу электрондук алып жүрүүчүдө (флэш-картада же маалыматты сактоо үчүн пайдаланылуучу башка түзүлүштөрдө) берилет.
15. Иштин номенклатурасында нотариус тарабынан нотариалдык документтин нускасын сактоо каралган учурларда, нотариус электрондук документти кагазга басып чыгарат жана аны тиешелүү номенклатура көктөмөсүнө салат.
16. Электрондук документтер аларды аткаргандан кийин кагаздагы окшош документтер үчүн иштин номенклатурасында каралган мөөнөттүн ичинде сакталат.
17. Арыз ээси электрондук нотариалдык документке КЭКти пайдалануу менен кол коет. Биометрикалык маалыматтарды, квалификациялуу сертификаттарды, КЭКти камтыган файлдар шифрленет жана атайын сактоо жайында сакталат.
4. НБМТ жазууларынын жана реестрлеринин мазмунуна карата талаптар
18. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун электрондук реестри жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө жазуулардан турат, төмөнкүдөй маалымат камтылат:
1) НБМТ нотариалдык иш-аракеттердин реестринде нотариалдык иш-аракеттин катталган номери, датасы жана убактысы;
2) мурда нотариалдык таризделип, катталган документ өзгөргөн же нотариалдык иш-аракеттердин реестриндеги жазуулар өзгөргөн учурда НБМТда катталган номери, датасы жана убактысы;
3) нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган (кайрылышкан) адам (адамдар) жөнүндө;
4) нотариалдык таризделген документтин аталышын жана нотариалдык иш-аракеттердин кыскача мазмунун көрсөтүү менен нотариалдык иш-аракеттин түрү;
5) нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн акы төлөө жөнүндө маалымат;
6) нотариалдык таризделген документтин электрондук образы;
7) нотариалдык таризделген документке жана (же) нотариалдык иш-аракеттердин реестриндеги жазууга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар (эгерде мындай өзгөртүүлөр жаңы нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылбаса): өзгөртүү киргизүүнүн себептери (негиздери) жана өзгөртүүнүн мүнөзү;
8) бул бүтүмдү өзгөртүү, бузуу же жокко чыгаруу боюнча катталуучу нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү менен байланышкан мурда күбөлөндүрүлгөн бүтүм жөнүндө маалыматтар (нотариуста мурда күбөлөндүрүлгөн бүтүм жөнүндө маалыматтар болсо), анын ичинде: күбөлөндүрүлгөн бүтүмдүн датасы жана реестрдеги номери; бүтүмдү күбөлөндүргөн нотариус жөнүндө маалыматтар;
9) өзгөчө белгилери (мисалы: нотариалдык кеңседен тышкары нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү фактысы; аракети чектелген жана (же) аракетке жөндөмсүз адамдын, жашы жете элек адамдын, документке өз колу менен кол кое албаган адамдын ордуна кол койгон адамдын катышуусу менен бүтүмдү күбөлөндүрүү фактысы).
19. Нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү үчүн кайрылган (кайрылышкан) адам (адамдар) жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жеке адам жөнүндө маалыматтар (анын ичинде: анын атынан же анын тапшырмасы боюнча нотариалдык иш-аракетти жүргүзгөн адам; нотариалдык иш-аракетти жүргүзүүдө котормочу, нотариалдык иш-аракетти жүргүзүүгө катышкан адамдын статусун көрсөтүү менен керээз кагазын аткаруучу катары катышкан адам): жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо); туулган күнү (күнү, айы, жылы); жашаган жери; жарандын инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери (документтин аталышы, сериясы жана номери (бар болсо), берилген күнү, документ берген органдын аталышы); ИЖН. Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга карата маалыматтар латын алфавитинде тамгалар менен кайталанууга тийиш (инсандыгын ырастаган документтерде аты-жөнү тууралуу маалыматтарды жазууда латын алфавитинде тамгалар пайдаланылбаган учурларды кошпогондо). Жашы жете элек адамдын атынан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө жашы жете элек адамдын жарандык аракетке жөндөмдүүлүгүн ырастаган документтин реквизиттери көрсөтүлөт (документтин аталышы, сериясы жана номери, берилген датасы, документ берген органдын аталышы); бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө – жаранга карата банкроттук жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн бар экендиги же жоктугу; котормочунун кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүүдө – нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү үчүн кайрылган адамдын айтуусу боюнча чет тилди, жаңсоо тилин (сурдо которуу, тифло сурдо которуу) билүүсү жөнүндө маалымат;
2) анын атынан же анын тапшырмасы боюнча нотариалдык иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жак жөнүндө маалыматтар: уюштуруу документтерине ылайык толук аталышы; юридикалык жакты мамлекеттик каттоо документтеринин дареги жана реквизиттери (каттоо номери, датасы жана мамлекеттик каттоодон өткөргөн орган); Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы үчүн – юридикалык жактын негизги мамлекеттик каттоо номери жана салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; чет өлкөлүк юридикалык жак же юридикалык жактын укуктарына ээ болгон эл аралык уюм үчүн – юридикалык жактын катталган өлкөсүндөгү каттоо номери (бар болсо); уюштуруу документтеринин реквизиттери (документтин аталышы, уюштуруу документтери өзгөртүлгөн учурда – өзгөртүүлөрдү мамлекеттик каттоо номери);
3) жеке же юридикалык жактын өкүлү жөнүндө маалыматтар (анын ичинде ишеним кат боюнча аракеттенген мыйзамдуу өкүл, асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү жөнүндө), ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары төмөнкүлөр көрсөтүлөт: мындай адамдын ыйгарым укуктарын ырастаган документтин реквизиттери (аталышы, берилген датасы, ким тарабынан берилген, эгерде документ күбөлөндүрүлгөн болсо, анын күбөлөндүрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар); бул адамдын статусу жана (же) кызмат орду (болсо); ошол статус же кызмат орду, бар болсо; мындай статусту же кызмат ордун ырастаган документтин реквизиттери (документтин аталышы, сериясы (болсо) жана номери, берилген датасы жана документти берген органдын аталышы);
4) өзү кол кое албаган адамдын ордуна документке кол койгон адам катары нотариалдык иш-аракетти жүргүзүүгө катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар ушул пункттун 1-пунктчасында саналган маалыматтар менен катар нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү үчүн кайрылган адамдын өзү кол кое албаган себеби көрсөтүлөт.
Эгерде бир нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү үчүн бир нече адам кайрылса, ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында саналган маалыматтар алардын ар бирине карата көрсөтүлөт. Эгерде бир адам бир нече нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү үчүн кайрылса, маалыматтар ар бир нотариалдык иш-аракетти каттоодо көрсөтүлөт.
20. Нотариалдык иш-аракеттин түрү нотариалдык таризделген документтин аталышын жана нотариалдык иш-аракеттин кыскача мазмунун көрсөтүү менен, ошондой эле төмөнкү шарттарды сактоо менен аткарылууга тийиш:
1) бүтүмдөрдү жана башка иш-аракеттерди күбөлөндүрүүдө бүтүмдүн түрү, бүтүмдүн тексти, күбөлүктүн, аткаруу жазуусунун, вексель каршылыгынын, деңиз каршылыгынын, эркин билдирүүнүн тексти;
2) бүтүмдү жүргүзүүгө макулдукту күбөлөндүрүүдө – жеке же юридикалык жак, юридикалык жактын органы, балдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча аймактык орган, финансылык башкаруучу тарабынан берилген бүтүмдү жүргүзүүгө макулдугун билдирген документтин реквизиттери (документтин аталышы, документти берген адамдын же органдын аталышы, документтин сериясы жана номери (бар болсо), берилген дата);
3) депозитке акчалай сумманы жана баалуу кагаздарды кабыл алууда – кредитордун фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), ал боюнча акчалай сумма жана баалуу кагаздар келип түшкөн милдеттенменин аталышы; салынган акча каражаттарынын өлчөмү;
4) далилдерди камсыз кылууда – далилдерди камсыз кылуунун түрү (күбөнү суракка алуу, жазуу жүзүндөгү жана буюм түрүндөгү далилдерди кароо, интернет баракчаларды, социалдык тармактарды кароо, экспертизаны дайындоо ж.б.);
5) жеке жана юридикалык жактардын арыздарын же башка документтерин башка жеке жана юридикалык жактарга берүүдө – нотариалдык иш-аракеттин аталышы;
6) документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан алынган көчүрмөлөрдүн аныктыгын күбөлөндүрүүдө – документтин аталышы, күбөлүндүрүлүп жаткан көчүрмөнүн аныктыгы, документтин датасы, номери (бар болсо), документти берген органдын же жактын аталышы, ошол документ таандык болгон жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) же юридикалык жактын аталышы, документтин барактарынын саны;
7) документтерде коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрүүдө – анда коюлган колдун аныктыгы күбөлөндүрүлүп жаткан документтин аталышы, анын кыскача мазмуну; котормочунун койгон колунун аныктыгын күбөлөндүрүүдө – которулган документтин аталышы, документтин датасы, номери (бар болсо), документти берген жактын же органдын аталышы, кайсы тилге же кайсы тилден которулган;
8) мураска калган мүлктү коргоого карата чараларды көрүүдө – мураска калган мүлктү коргоого карата көрүлгөн чаралар;
9) документтин бир тилден башка тилге туура которулгандыгын күбөлөндүрүүдө – которулган документтин аталышы; документтин датасы, номери (бар болсо), документти берген жактын же органдын аталышы, документтин кыскача мазмуну, кайсы тилге же кайсы тилден которулган;
10) документ берилген убакытты күбөлөндүрүүдө – нотариалдык иштин аталышы, берилген документтин аталышы, документ берилген убакыт;
11) төлөөгө чектерди берүүдө жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүүдө – чек боюнча каршылык суммасы, чек боюнча төлөөчүнүн аталышы;
12) нотариалдык күбөлүктөрдүн, аткаруу жазууларынын дубликаттарын жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөрдүн мазмунун билдирген документтердин дубликаттарын берүүдө – дубликаттары берилип жаткан нотариалдык иштин аталышы, күбөлөндүрүлгөн документтердин аталышы, датасы жана реестрдеги номерлери, дубликатты алуу укугун ырастаган арыз ээсинин статусу; керээз кагазынын дубликатын берүүдө – ошондой керээз калтыруучу адамдын каза болгондугун ырастаган документтин реквизиттери (документтин аталышы, документтин датасы, номери (бар болсо), документти берген органдын аталышы); анын негизинде мурдагы менчик ээси тарабынан курулган же сатып алынган имараттын, курулуштун негизинде келишимдин дубликатын берүүдө – ошондой эле аталган мүлктүн арыз ээсине таандыктыгын ырастоочу документтин реквизиттери (документтин аталышы, документтин датасы, номери (бар болсо), документти берген органдын аталышы);
13) электрондук документтин жазуу жүзүндөгү документке окшоштугун күбөлөндүрүүдө, жазуу жүзүндөгү документтин электрондук документке окшоштугун күбөлөндүрүүдө – нотариалдык иш-аракеттин аталышы, анын окшоштугу күбөлөндүрүлүп жаткан документтин аталышы, документтин датасын, номерин көрсөтүү менен (бар болсо), документти берген жактын же органдын аталышы, жазуу жүзүндөгү документтин беттеринин саны;
14) нотариалдык документтерди мамлекеттик каттоого берүүдө – анын негизинде мамлекеттик каттоого арыз берүүнүн негизинде нотариалдык таризделген документтин реестрдеги номери;
15) мүлктүн жана баалуу кагаздардын тиешеси жок адамдан легалдаштыруунун субъектине бекер өткөрүлгөндүгү жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүүдө – бүтүмдүн түрү;
16) электрондук документтеги кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүүдө – анда кол тамганын аныктыгы күбөлөндүрүлүп жаткан документтин аталышы, анын кыскача мазмуну, кайрылган адамдын электрондук кол тамгасы жөнүндө маалымат;
17) “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө – нотариалдык иш-аракеттин аталышы, анын кыскача мазмуну. Нотариус нотариалдык иш-аракеттин мазмунун кыйла кеңири баяндоого укуктуу.
21. Мурас иштеринин реестри нотариус тарабынан конкреттүү мураскердин мүлкүнө карата мурас ишин НБМТда каттоо фактысын ырастаган төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) мурас ишинин номери жана мурас иштеринин реестрине ылайык мурас иши боюнча өндүрүш башталган дата;
2) мурас ишин ачкан нотариус жөнүндө маалыматтар: фамилиясы, аты, атасынын аты, нотариалдык округдун аталышы же мамлекеттик нотариалдык кеңсенин аталышы;
3) мурас калтыруучу жөнүндө маалыматтар: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, туулган жери, каза болгон дата, каза болгондугу жөнүндө актыдагы жазуунун датасы жана каттоо номери жана бул жазууну жүргүзгөн органдын аталышы; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1124-статьясынын талаптарына ылайык мурас ачылган жер (мурас калтыруучунун акыркы жашаган жери же болбосо мураска калган мүлк (анын негизги бөлүгү) жайгашкан жер;
4) НБМТ мурас иштеринин электрондук реестринде мурас иши катталган номер, дата жана убакыт;
5) мурас иши боюнча өндүрүштүн аяктагандыгы жөнүндө маалыматтар, мындай аяктоонун датасын жана себептерин көрсөтүү менен (мисалы: мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү, нотариустун мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө токтомду чыгаруусу);
6) мурас иштеринин реестрине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат: өзгөртүү киргизүүнүн себептери (негиздери) жана өзгөртүүлөрдүн мүнөзү;
7) өзгөчө белгилери (мисалы: мурас ишинин көчүрмөлөрүнүн тиешелүү нотариалдык округдун нотариусуна жөнөтүлгөнү жөнүндө маалымат; нотариус убактылуу жок учурда ал тарабынан өзүнүн өндүрүшүндөгү мурас иштерин андан ары жүргүзүү үчүн башка нотариуска өткөрүлүп берилиши жөнүндө; мурас ишин таандыктыгы боюнча башка нотариустан алуу жөнүндө; мурас иши боюнча өндүрүштү кайра жаңылоо жөнүндө маалыматтар).
22. Маалыматтарды НБМТ мурас иштеринин реестрине киргизүү үчүн негиз болуп нотариустун мурас ишин ачуу үчүн негиз болуп саналган документти алуусу (мисалы, каза болгондун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүгү, мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз, өкүлдүн ишеним кат боюнча мурас ишин жүргүзүүгө арызы, мурас укугу жөнүндө күбөлүктү берүү тууралуу, мурастан баш тартуу жөнүндө, мураска калган мүлктү коргоо чараларын көрүү жөнүндө, мураска калган мүлктү башкаруу жөнүндө, мурас калтыруучуну жерге коюуга акча каражаттарын төлөө жөнүндө токтом чыгаруу тууралуу, жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө тирүү жубайынын менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү тууралуу, керээз кагазын аткаруучу болууга макулдугу жөнүндө, керээз кагазын аткаруучунун ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү күбөлүктү берүү жөнүндө) жана аны нотариустун мурас иштерин эсепке алуу китебине каттоо саналат.
23. Мурас иштери боюнча өндүрүштүн башталгандыгы жөнүндө маалыматтар ушул Тартипте көрсөтүлгөн документтер келип түшкөнүнө жараша нотариус тарабынан НБМТмурас иштеринин реестрине киргизилет. Маалыматтардын курамы ушул Тартиптин 4-главасында көрсөтүлгөн.
24. Нотариус маалыматтарды НБМТ мурас иштеринин реестрине киргизгенде НБМТ каражаттары аркылуу мурас иши боюнча негизги маалыматтардын мурда НБМТ мурас иштеринин реестрине киргизилген маалыматтарга толук же жарым-жартылай дал келишин автоматтык түрдө текшерет.
25. Киргизилген маалыматтардын НБМТ мурас иштеринин реестринде камтылган, мурда ачылган мурас иштери боюнча маалыматтарга дал келгендиги аныкталган учурда нотариус НБМТдан аталган дал келүүлөрдүн болушу жөнүндө билдирүүнү (дал келген маалыматтарды көрсөтүү менен) жана маалыматтардын дал келиши аныкталган мурас иштеринин тизмегин алат (мурас ишин жүргүзгөн нотариус жөнүндө маалыматтарды жана мурас ишинин номерин көрсөтүү менен).
26. Мурас иши боюнча негизги маалыматтар мурда мурас иштеринин реестрине киргизилген маалыматтар менен жарым-жартылай дал келиши деп төмөнкүдөй төрт параметрдин ичинен үчөөнүн дал келүүсү таанылат:
1) мурас калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) мурас калтыруучунун туулган жылы;
3) мурас калтыруучунун каза болгон датасы;
4) каза болгондугу жөнүндө актынын жазуусунун датасы жана каттоо номери.
27. Мурас иши боюнча негизги маалыматтар мурда реестргекиргизилген маалыматтар менен жарым-жартылай дал келген учурда мурас иши нотариус тарабынан ачылбайт.
28. Мурас иши боюнча негизги маалыматтар мурда мурас иштеринин реестрине киргизилген маалыматтарга жарым-жартылай дал келбеген учурда нотариуска НБМТ программалык каражаттары аркылуу мурас иши боюнча маалыматтарды НБМТ мурас иштеринин реестрине киргизүү фактысын ырастоо жиберилет.
29. Маалыматтарды НБМТ мурас иштеринин реестрине киргизүүдө нотариус аларга квалификациялуу сертификат менен кол коет.
5. НБМТда камтылган маалыматтарды берүү
30. Оператор Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагын пайдалануу менен бардык адамдарга төлөм албастан, күнү-түнү ачык маалыматтарга эркин жетүүнү пайдалануу жана аларды НБМТда издөө мүмкүндүгүн камсыз кылат.
31. Ачык маалыматтарды эркин алуу төмөнкүлөр үчүн арналган:
1) иштеп жаткан дагы, ошондой ыйгарым укуктарын өткөрүп берген дагы нотариустар жөнүндө маалыматтарды кошкондо, кеңири маалыматты чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында нотариус издөө (фамилиясы, дареги, башка маалыматтары боюнча кеңири издөөнү кошкондо);
2) ишеним каттын реквизиттеринин аныктыгын текшерүү;
3) мурас иштеринин алкагында мураскерлерди издөө жөнүндө маалыматтарды жарыялоо;
4) мурас иштеринин реестринде иштерди издөө.
32. Нотариус “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда НБМТ реестрлеринде камтылган, жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды берет.
33. Нотариалдык таризделген документтин аныктыгын текшерүү үчүн маалыматтар нотариустун суроо-талабы боюнча НБМТ каражаттары аркылуу автоматташтырылган режимде берилет, суроо-талапта милдеттүү түрдө жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракет жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүү менен:
1) нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн нотариалдык иш-аракеттердин реестрдеги каттоо номери;
2) нотариалдык иш-аракет жүргүзүлгөн дата;
3) нотариалдык иш-аракеттин түрү;
4) НБМТда нотариалдык иш-аракетти жүргүзгөн нотариус же кызмат адамы жөнүндө маалыматтар.
34. Керээз кагазды издөөдө маалыматтар нотариустун суроо-талабы боюнча НБМТ каражаттары менен автоматтык режимде НБМТ аркылуу суроо-талапта төмөнкү маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен берилет:
1) адамдын каза болуу фактысын ырастаган документтин реквизиттери, жарандык абалдын актысынын жазуусундагы каза болгон датаны жана номерин көрсөтүү менен;
2) керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо);
3) керээз кагазын издөөгө негиз (ачык мурас иши же болбосо кызыкдар адамдын кайрылуусу).
35. НБМТ нотариалдык иш-аракеттердин реестринде керээз кагазды күбөлөндүрүү, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтар болгон учурда, нотариуска керээз (керээздер) жөнүндө зарыл болгон маалыматтар берилет (нотариалдык иш-аракеттин НБМТ нотариалдык иш-аракеттердин реестриндеги катталган номери жана датасы, нотариалдык иш-аракетти жүргүзгөн адам жөнүндө маалыматтар).
6. Электрондук документтин юридикалык күчү
36. Нотариус тарабынан даярдалган электрондук документ нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн кагаздагы документ менен теңештирилет жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
37. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында документтин жазуу жүзүндө таризделиши талап кылынса, анда электрондук документ ушул талаптарга шайкеш деп эсептелет.
38. Электрондук документтердин түп нускалары жана алардын кагаздагы көчүрмөлөрү бирдей юридикалык күчкө ээ.
39. Электрондук документтин өзү, ошондой эле анын кагаздагы көчүрмөсү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
7. Электрондук документтерди коргоо жана сактоо
40. Электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, берүү, кабыл алуу жана сактоо менен алектенген адамдар аларга санкцияланбаган жетүүдөн документтерди коргоону камсыз кылуучу программалык жана техникалык каражаттарды пайдаланууга тийиш.
41. Электрондук документтерди жана анда камтылган маалыматты коргоонун зарыл болгон деңгээли электрондук документтерди жүгүртүүнү уюштуруу үчүн маалыматтык системаларды жана тармактарды пайдаланууда бул системалардын жана тармактардын ээси тарабынан камсыздалат.
42. Маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги шарттар, электрондук документтерди сактоонун тартиби, шарттары жана өзгөчөлүктөрүКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарына ылайык аныкталат.
43. Электрондук документтерди сактоо электрондук документтерди жүргүзүүнүн катышуучулары, архив ишин жана документтештирилген маалыматты сактоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
44. Электрондук документтерди сактоо мөөнөтү кагаздагы документтер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөн аз болбоого тийиш.