Сравнение редакций…
6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы N 733 токтомуна)
Нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун, нотариустарда электрондук документтерди сактоонун, нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоодо нотариустардын (кызмат адамдарынын) өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин, ошондой эле арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу эки же андан көп нотариустар жана (же) кызмат адамдары тарабынан мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоодо электрондук документтерди пайдалануунун эрежелерин регламенттейт.
2. Бул тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) биометрикалык идентификация (аутентификация) – санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасында аны аныктоочу берилген биометрикалык маалыматтарга ылайык жарандын инсандыгын аныктоонун жол-жобосу. Аутентификация ыкмалары: манжалардын папиллярдык үлгүлөрүнүн графикалык түзүлүшү боюнча (бармак издери), беттин графикалык сүрөтү боюнча (face-id);
2) нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо кол коюу үчүн графикалык планшет – электрондук документтерге кол коюуга мүмкүндүк берген санарип блокнот. Атайын калем сап менен кол коюуда планшеттер графикалык кол тамганы алат, санариптештирет жана аны электрондук документке киргизет;
3) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоо үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы;
4) квалификацияланган электрондук кол тамга (мындан ары – КЭК) – кол тамга ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган, электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого, электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү факттарын табууга мүмкүндүк берген, электрондук документке кол койгон адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук кол тамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн электрондук кол тамга;
5) контрагент – башка тарапка карата келишим кандай болбосун тарабы;
6) арыз ээсинин жеке кабинети – нотариустун (кызмат адамынын) кызмат көрсөтүүсү үчүн кайрылууда арыз ээсинин ыңгайлуулугун жогорулатууга арналган электрондук сервис, анда нотариус (же кызмат адамы) тарабынан анын атынан жана анын катышуусунда берилген бардык нотариалдык документтер (актылар) сакталат;
7) эки же бир нече нотариустардын жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) жасалган нотариалдык иш-аракеттер – эки же бир нече нотариустардын же кызмат адамдарынын катышуусунда мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан (онлайн) жасоо;
8) арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу аралыктан жасалган нотариалдык иш-аракеттер – тиешелүү арыз менен НБМС аркылуу жеке кабинет аркылуу нотариуска жана (же) кызмат адамына кайрылуу жолу менен арыз ээси катышпастан, мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
9) ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары – кызмат адамы) – “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
10) кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификациялуу сертификаты (мындан ары – квалификациялуу сертификат) – башкы (тамыр) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашырган, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ыйгарым укуктуу өкүлү же болбосо электрондук кол тамгаларды пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы тарабынан берилген кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты.
2. Арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу, эки же андан көп нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан жасалган нотариалдык иш-аракеттер
3. Арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу аралыктан жасалуучу нотариалдык иш-аракеттер:
1) керээзди кошпогондо, бир тараптуу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү;
2) документтердин бир тилден экинчи тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрүү;
3) жарандын тирүү экендиги фактысын күбөлөндүрүү;
4) аткаруу жазууларын жүргүзүү;
5) векселдердин протесттерин жасоо;
6) чектерди төлөөгө көрсөтүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү;
7) далилдерди камсыздоо;
8) кагаз түрүндөгү документтин электрондук документ менен бирдей экендигин күбөлөндүрүү;
9) электрондук документтин кагаз түрүндөгү документ менен бирдей экендигин күбөлөндүрүү;
10) электрондук документтеги электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү;
11) нотариалдык документтерди мамлекеттик каттоого берүү.
4. Эки же бир нече нотариустардын жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) жүргүзүлө турган нотариалдык иш-аракеттерге мүлктү ээликтен ажыратууга байланышкан бүтүмдөрдү кошпогондо, эки жана көп тараптуу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү кирет.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу аралыктан жасалышы мүмкүн болгон нотариалдык иш-аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
1) ишеним каттарды күбөлөндүрүү;
2) мурастык мүлктү коргоого карата чараларды көрүү;
3) документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү.
6. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу аралыктан жасалышы мүмкүн болгон нотариалдык иш-аракеттер:
1) керээзди кошпогондо, бир тараптуу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү;
2) мурастык мүлктү коргоого карата чараларды көрүү;
3) документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү;
4) документтердин бир тилден экинчи тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрүү;
5) жарандын тирүү экендиги фактысын күбөлөндүрүү;
6) аткаруу жазууларын жасоо;
7) далилдерди камсыздоо;
8) деңиз протесттерин жасоо.
3. Эки же андан көп нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда бүтүмдөрдү аралыктан (онлайн) күбөлөндүрүү
7. Эки же андан көп нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда бүтүмдөрдү аралыктан күбөлөндүрүүдө нотариустар (кызмат адамдары) тараптардын (контрагенттердин) бир эле учурда онлайн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга тийиш.
8. Контрагенттер нотариустарга жана (же) кызмат адамдарына жеке өздөрү келүүгө же өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу аракеттенүүгө тийиш.
9. Техникалык жол-жобо төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) контрагенттер бүтүмдүн шарттарын алдын ала макулдашат, өзүнүн жайгашкан жери боюнча ылайыктуу нотариалдык контораны (мекемени) тандайт жана бүтүмдүн текстин даярдоо үчүн каалаган нотариуска (кызмат адамдарына) кайрылат;
2) нотариустар (кызмат адамдары) бүтүмдүн шарттарын контрагенттер менен макулдашат жана бүтүм түзүү күнүн жана убактысын аныктайт;
3) нотариустар (кызмат адамдары) контрагенттерди же алардын өкүлдөрүн биометриялык идентификациялоо системасы аркылуу идентификациялоону жүргүзөт;
4) үн менен видеоконференция режиминде нотариустар (кызмат адамдары) контрагенттердин катышуусу менен бүтүмдүн шарттарын макулдашат;
5) нотариустар (кызмат адамдары) НБМС бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүнүн электрондук нотариалдык реестринин графаларын толтурат.
6) нотариустар (кызмат адамдары) тарабынан документке кол коюу жол жобосу КЭК же контрагенттердин квалификациялуу сертификатын берүү же графикалык планшеттин жардамы менен электрондук документке өзүнүн кол тамгасын коюу жолу менен жүргүзүлөт;
7) ар бир нотариус (кызмат адамы) документке өзүнүн квалификациялуу электрондук кол тамгасын коёт.
13. НБМСтеги кадамдар.
1) бүтүмдүн паспорту:
а) өтүнмө;
б) бүтүмдүн убактысы жөнүндө макулдашуу;
в) идентификациялоо жана верификациялоо;
2) бүтүм:
а) визуализациялоо;
б) видеоконференция;
в) кол коюу;
г) нотариалдык иш-аракеттин натыйжасы;
3) каттоо.
4. Эки же андан көп нотариус жана (же) кызмат адамдары тарабынан бүтүмдү аралыктан күбөлөндүрүүдө нотариустардын (кызмат адамдарынын) НБМСте өз ара аракеттенүүсү
11. НБМС бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан нотариустарга (кызмат адамдарына) НБМС бүтүмүнүн паспортун даярдоонун электрондук сервисине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
12. НБМС бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан нотариустар (кызмат адамдары) жөнүндө маалыматтарды, нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган (кайрылышкан) жак (жактар) жана нотариалдык иш-аракетти жасоого катышкан (катышышкан) жак (жактар) (мындан ары – бүтүмдүн катышуучулары) жөнүндө маалыматты, күбөлөндүрүү жазуусу бар бүтүмдүн түрүн жана текстин, бүтүмдү күбөлөндүрүү датасын жана убактысын, ошондой эле бүтүмдү күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон электрондук документтерди камтыган бүтүмдүн паспортун түзүүгө мүмкүндүк берет.
13. Бүтүмдүн арыз ээси тандаган нотариус (кызмат адамы) НБМСте бүтүмдүн түрүн жана нотариус/нотариустар, бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан (катышышкан) кызмат адамы/кызмат адамдары жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.
14. НБМС каражаттары менен автоматташтырылган режимде бүтүмдүн паспортуна уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат.
15. Бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан нотариустар (кызмат адамдары) НБМС аркылуу бүтүмдүн паспортунда бүтүмдүн катышуучулары жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт, күбөлөндүрүү жазуусу менен бүтүмдүн текстин түзөт, бүтүмдү күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон электрондук документтерди тиркейт.
16. Кошо берилүүчү электрондук документтерге электрондук документтер түшкөн жактын (жактардын) же нотариустун (кызмат адамынын) же нотариустун КЭК коюлууга тийиш. Арыз ээси тарабынан кагаз жүзүндө берилген документти кошо берүү зарыл болгон учурда нотариус (кызмат адамы) анын электрондук сүрөтүн даярдайт жана ага квалификациялуу сертификат менен кол коет.
17. НБМС аркылуу түзүлгөн, анын ичинде катышуучулар тарабынан макулдашылган бүтүмдү күбөлөндүрүү датасы жана убактысы, күбөлөндүрүүчү жазуусу бар бүтүмдүн долбоору жана кошулган электрондук документтер камтылган бүтүмдүн паспортуна бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан ар бир нотариус (кызмат адам) квалификациялуу сертификат менен кол коёт.
18 Күбөлөндүрүү жазуулары менен бүтүмдүн долбоорун визуализациялоо НБМС колдонуу менен жүргүзүлөт.
19 Нотариус (кызмат адамы) контрагенттерди же алардын өкүлдөрүн идентификациялоону биометриялык идентификациялоо системасы аркылуу жүргүзөт.
20. Бүтүмдүн катышуучуларынын жана бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан нотариустардын (кызмат адамдарынын) өз ара аракеттенүүсү видеоконференция байланышын пайдаланып, НБМС каражаттары менен камсыздалат.
21. Күбөлөндүрүүчү жазуусу бар бүтүмдүн текстин камтыган электрондук документке бүтүмдүн ар бир катышуучусу тиешелүү нотариустун (кызмат адамынын) катышуусунда бүтүмдүн кагаздагы көчүрмөсүнө кол койгондон кийин КЭК менен кол коёт.
22. Күбөлөндүрүүчү жазуусу бар бүтүмдүн текстин камтыган жана бүтүмдүн ар бир катышуучусу кол койгон электрондук документке бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан ар бир нотариус (кызмат адамы) квалификациялуу сертификат менен кол коёт.
23. Бүтүмдү күбөлөндүрүү жөнүндө реестрдеги жазууга бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан нотариустар (кызмат адамы) квалификациялуу сертификат менен кол коёт.
24. НБМС каражаттары менен бүтүмдү автоматташтырылган режимде ишке ашыруу убактысы жергиликтүү убакыт боюнча белгиленет:
1) күбөлөндүрүүчү жазуусу бар бүтүмдүн текстин камтыган жана бүтүмдүн ар бир катышуучусу кол койгон электрондук документке бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан акыркы нотариус (кызмат адамы) кол койгон дата жана убакыт;
2) бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан акыркы нотариус (кызмат адамы) кол койгон дата жана убакыт, реестрдеги бүтүмдү күбөлөндүрүү жөнүндө жазуулар.
25. Бүтүмдү күбөлөндүрүү реестринде каттоо бүтүмдү күбөлөндүрүүгө катышкан акыркы нотариус (кызмат адамы) Реестрдеги жазууга кол койгондон жана НБМС каражаттары менен каттоону автоматтык түрдө ырастоону алгандан кийин жасалды деп эсептелет.
26. Нотариалдык иш-аракеттердин мазмунунда төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) эки же андан көп нотариустар жана (же) кызмат адамдары тарабынан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө, документтин бир тилден экинчи тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрүүдө, аткаруу жазууларын жасоодо, далилдерди камсыздоодо, күбөлүктөрдү берүүдө – тиешелүү түрдө бүтүмдүн, котормонун, аткаруу жазуусунун, протоколдун же болбосо күбөлүктүн тексти;
2) жеке жана юридикалык жактардын документтерин башка жеке жана юридикалык жактарга берүүдө — адресат жөнүндө маалымат, электрондук документти (электрондук документтердин пакетин) өткөрүп берүү үчүн Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармактагы дарек;
3) нотариус (кызмат адамы) тарабынан башка форматта даярдалган электрондук документтин нотариуска (кызмат адамына) берилген электрондук документтин маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүүдө келип түшкөн электрондук документтин аталышы, өлчөмү (мегабайт) жана файлынын форматы жана нотариус (кызмат адамы) тарабынан даярдалган электрондук документтин аталышы, өлчөмү (мегабайт) жана файлынын форматы;
4) кыймылдуу мүлктүн күрөөсү жөнүндө билдирүүлөрдүн реестринен көчүрмө берүүдө – нотариалдык иш-аракеттин аталышы;
5) нотариалдык иш-аракетти аралыктан жасаган адам же бүтүмдү күбөлөндүргөн адамдар жөнүндө, нотариус же кызмат адамы жөнүндө маалыматтар: реестрдеги нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо) жана каттоо номери, кызмат адамынын кызмат орду;
6) нотариустар же кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасагандыгы жана юридикалык жана техникалык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн алынган акча каражаттары;
7) аралыктан жасалган бүтүмдөрдүн реестрине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар (мындай өзгөртүүлөр жаңы нотариалдык иш-аракеттерди жасоону талап кылбаган учурда), өзгөртүү киргизүүнүн себептери (негиздери) жана өзгөртүүнүн мүнөзү;
8) бул бүтүмдү өзгөртүү, бузуу же жокко чыгаруу боюнча катталуучу нотариалдык иш-аракетти жасоого байланышкан мурда күбөлөндүрүлгөн бүтүм жөнүндө маалыматтар (мурда күбөлөндүрүлгөн бүтүм жөнүндө маалыматтар болсо), анын ичинде бүтүмдүн датасы жана реестрдик номери, бүтүмдү күбөлөндүргөн жак жөнүндө маалыматтар;
9) алардын атынан же тапшырмасы боюнча нотариалдык иш-аракет жасалган адамдарга нотариалдык документти берүү (тапшыруу) ыкмасы жөнүндө маалыматтар.
6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы N 733 токтомуна)
Нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун, нотариустарда электрондук документтерди сактоонун, нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоодо нотариустардын (кызмат адамдарынын) өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин, ошондой эле арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу эки же андан көп нотариустар жана (же) кызмат адамдары тарабынан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоодо электрондук документтерди пайдалануунун эрежелерин регламенттейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) биометрикалык идентификация (аутентификация) – санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасында аны аныктоочу берилген биометрикалык маалыматтарга ылайык жарандын инсандыгын аныктоонун жол-жобосу. Аутентификация ыкмалары: манжалардын папиллярдык үлгүлөрүнүн графикалык түзүлүшү боюнча (бармак издери), беттин графикалык сүрөтү боюнча (face-id);
2) нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо кол коюу үчүн графикалык планшет – электрондук документтерге кол коюуга мүмкүндүк берген санарип блокнот. Атайын калем сап менен кол коюуда планшеттер графикалык кол тамганы алат, санариптештирет жана аны электрондук документке киргизет;
3) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоо үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы;
4) квалификацияланган электрондук кол тамга (мындан ары – КЭК) – кол тамга ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган, электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого, электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү факттарын табууга мүмкүндүк берген, электрондук документке кол койгон адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук кол тамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн электрондук кол тамга;
5) контрагент – башка тарапка карата келишим кандай болбосун тарабы;
6) арыз ээсинин жеке кабинети – нотариустун (кызмат адамынын) кызмат көрсөтүүсү үчүн кайрылууда арыз ээсинин ыңгайлуулугун жогорулатууга арналган электрондук сервис, анда нотариус (же кызмат адамы) тарабынан анын атынан жана анын катышуусунда берилген бардык нотариалдык документтер (актылар) сакталат;
7) эки же бир нече нотариустардын жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) жасалган нотариалдык иш-аракеттер – эки же бир нече нотариустардын же кызмат адамдарынын катышуусунда кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан (онлайн) жасоо;
8) арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу аралыктан жасалган нотариалдык иш-аракеттер – тиешелүү арыз менен НБМС аркылуу жеке кабинет аркылуу нотариуска жана (же) кызмат адамына кайрылуу жолу менен арыз ээси катышпастан, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
9) ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары – кызмат адамы) – “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
10) кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификациялуу сертификаты (мындан ары – квалификациялуу сертификат) – башкы (тамыр) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашырган, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ыйгарым укуктуу өкүлү же болбосо электрондук кол тамгаларды пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы тарабынан берилген кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу, эки же андан көп нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан жасалган нотариалдык иш-аракеттер
3. Арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу аралыктан жасалуучу нотариалдык иш-аракеттер:
1) керээзди кошпогондо, бир тараптуу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү;
2) документтердин бир тилден экинчи тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрүү;
3) жарандын тирүү экендиги фактысын күбөлөндүрүү;
4) аткаруу жазууларын жүргүзүү;
5) векселдердин протесттерин жасоо;
6) чектерди төлөөгө көрсөтүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү;
7) далилдерди камсыздоо;
8) кагаз түрүндөгү документтин электрондук документ менен бирдей экендигин күбөлөндүрүү;
9) электрондук документтин кагаз түрүндөгү документ менен бирдей экендигин күбөлөндүрүү;
10) электрондук документтеги электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү;
11) нотариалдык документтерди мамлекеттик каттоого берүү.
4. Эки же бир нече нотариустардын жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) жүргүзүлө турган нотариалдык иш-аракеттерге кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышкан бүтүмдөрдү кошпогондо, эки жана көп тараптуу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү кирет.