Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 12-январы № 9
Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө
(КР 2025-жылдын 15-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун 2024-2026-жылдарга бюджетинин (консолидацияланган бюджетинин) болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 410588329,6 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 404149409,4 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин профицити 6438920,2 миң сом суммасында белгиленсин жана ал финансылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн (мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын) жабуу үчүн чыгашаларды каржылоого 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2025-2026-жылдарга республикалык бюджетинин төмөнкүдөй пландык көрсөткүчтөрү жактырылсын:
1) кирешелер боюнча план 2025-жылга - 423556084,1 миң сом суммасында, 2026-жылга - 470969189,2 миң сом суммасында;
2) чыгашалар боюнча план 2025-жылга - 398647073,5 миң сом суммасында, 2026-жылга - 441450370,2 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинин профицитинин планы - 24909010,6 миң сом суммасында;
4) Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджетинин профицитинин планы - 29518819,0 миң сом суммасында.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2025-2026-жылдарга жактырылган пландык көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 15-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2024-2026-жылдарга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 3 жана 4-тиркемелерге ылайык булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2024-2026-жылдарга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар 5, 6 жана 7-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2024-2026-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 8-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Капиталдык салымдарды каржылоого 2024-жылы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 19319498,4 миң сом суммасында бекитилсин жана артыкчылыгын эске алуу менен алар 2024-жылга бекитилген тизмекке ылайык социалдык-экономикалык объекттерди, ичүүчү суу менен жабдуу системаларын, ирригациялык курулмаларды, автомобиль жолдорун, улуттук коопсуздук, укуктук тартип, куралдуу күчтөр объекттерин жана стратегиялык маанидеги объекттерди долбоорлоону, курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону аяктоого/улантууга жумшалсын.
3. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын пландык көлөмү 2025-жылы - 8000000,0 миң сом, 2026-жылы - 10000000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 33060,0 миң сом жумшалсын.
4-1. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине белгиленген тартипке ылайык бюджеттик кредит берүүгө 35800,0 миң сом жумшалсын.
5. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2024-жылы - 1000000,0 миң сом, 2025-жылы - 1500000,0 миң сом, 2026-жылы - 1500000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
(КР 2025-жылдын 15-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
1. Корголгон беренелер ("Эмгек акы", "Социалдык фондго төгүмдөр", "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу", "Тамак-аш азыктарын сатып алуу", "Социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар", "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар", "Стипендиялар"), ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринин учурдагы гранттары ("Социалдык фондго трансферттер" жана "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер") боюнча чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
Бюджеттик мекемелерде бош орундардын пайда болушуна, ченемдик укуктук актылардын, анын ичинде алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу, ошондой эле жылдын жыйынтыгы боюнча каражаттарды үнөмдөөнүн натыйжасында корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
2. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларды каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзсүн.
(КР 2025-жылдын 15-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүнүн өзгөрүүсүнө, баалардын деңгээлине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
8-берене.
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 2024-жылдын 1-январына карата 1000000,0 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин.
2. Бир кредитордун алдында мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынын 45 пайызынан көп эмес карызынын түзүлүшүнө сандык чектөө белгиленсин.
3. Мамлекеттик карыздын чеги ички дүң продуктуга (ИДП) карата 70 пайыздан көп эмес белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 9-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2025-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоонун пландык суммасы 10 жана 11-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн 2024-2026-жылдарга төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери төлөөчү киреше салыгы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти): кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз, республикалык бюджетке - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
5) патенттин негизиндеги салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
6) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча бирдиктүү салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
7) өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
8) майнингге салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
9) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
10) оюн-зоок ишине салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
11) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым: кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине - 7 пайыз, республикалык бюджетке - 93 пайыз өлчөмүндө;
12) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана карап-күтүүгө чегерүүлөр: кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине - 20 пайыз, республикалык бюджетке - 80 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүүлөрүнүн суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга тийиш эмес.
11-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү чыгашалардын жалпы суммасында 2598130,7 миң сом 13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2025-2026-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин пландык өлчөмдөрү 13-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Теңдөөчү трансферттердин каражаттары корголгон беренелерди, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде көмүрдү сатып алууну артыкчылыктуу тартипте каржылоого жумшалат.
4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо, анын ичинде көмүрдү сатып алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик алат.
5. 2024-жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттер түрүндө Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине автобустарды сатып алуу үчүн 4339202,6 миң сом суммасында каражат каралсын.
6. 2024-жылга республикалык бюджетте Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине Бишкек шаарынын билим берүү мекемелери республикалык бюджеттен толук каржылоого өткөрүлгөнгө чейин алардын эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын бөлүгүн жабууга 2000000,0 миң сом суммасында максаттуу трансферттер түрүндө каражаттар каралсын.
7. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле финансылык каражаттар болгон учурда жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат;
- Баткен облусун кошпогондо, жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын күтүүгө, анын ичинде алардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө фонду боюнча, чыгашаларды каржылоо жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 15-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле финансылык каражаттар болгон учурда жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат;
- жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын карап-күтүү, анын ичинде алардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө фонду боюнча чыгашаларды каржылоо жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле билим берүү уюмун өнүктүрүү үчүн каржылоонун кошумча булагы катары тартылуучу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) ыктыярдуу каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
12-берене.
1. Республикалык бюджетте Ош жана Баткен облустарын өнүктүрүү фонддорун каржылоого 350000,0 миң сом суммасында жана райондорду өнүктүрүү фонддорун каржылоого 1369499,3 миң сом суммасында каражат каралсын.
2. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна жумшалган республикалык бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жоопкерчилик алат.
(КР 2025-жылдын 15-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене.
1. Райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына чыгашаларын каржылоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга республикалык бюджетте 1228893,0 миң сом суммасында каражат каралсын.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына чыгашаларын каржылоону электр энергиясын керектөөнүн бекитилген лимитине ылайык жүргүзсүн.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына чыгашаларын республикалык бюджеттен максаттуу каржылоо үчүн жоопкерчилик алат.
14-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын 2024-2026-жылдарда жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 12-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.
15-берене.
Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2024-жылга - 2534,0 сом, 2025-жылга - 2863,0 сом, 2026-жылга - 3147,0 сом деп белгиленсин.
16-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган ченемдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын системасынан тышкаркы бардык эсептерди жапсын.
3. Көрсөтүлгөн ченемдер бузулганда, бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
17-берене.
1. Учурдагы жылы кабыл алынган, кошумча финансылык ресурстарды талап кылуучу ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча чыгашалар Кыргыз Республикасынын кийинки жылга республикалык бюджетинде каралсын.
2. Бюджеттик мекемелерге жыл башында атайын эсептерде топтолгон каражаттардын калдыктарын ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна жыл башында региондорду өнүктүрүү фонддорунун бюджеттик эсептеринде топтолгон каражаттардын калдыктарын ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
18-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактардын аткаруу баракчалары боюнча төлөмдөр тиешелүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
19-берене.
1. Мамлекеттик органдардын 2024-2026-жылдарга программалык бюджети 14-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетүү жөнүндө жылдык отчетторду 14-тиркемеге ылайык берсин.
20-берене.
1. Ушул Мыйзамга жылына экиден көп эмес жолу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жобосун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, экинчи өзгөртүү 1-ноябрынан кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бекитилген бюджеттин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алуу жолу менен бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул көрсөткүчтөрүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн учурдагы өзгөрүүлөрүнө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
21-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 14-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |