Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

(Бишкек шаардык мэриясынын 2023-жылдын 27-июлундагы № 1-ЧУА токтомуна)

1-тиркеме

                   

 

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти

 

«Жарды пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга мончо жана чачтарач кызматтарын көрсөтүү» (Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегинин «Социалдык кызмат көрсөтүүлөр» 1-главасынын 1-пункту)

 

1. Жалпы жоболор

 

1.   Бул муниципалдык кызматты көрсөтүү Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин аймактык мекемелери - Бишкек шаарынын администрациялык райондору боюнча (Октябрь, Ленин, Биринчи май жана Свердлов) социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (мындан ары – Башкармалык) тарабынан жүзөгө ашырылат.

2.   Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.

Акысыз мончо жана чачтарач кызмат көрсөтүүлөрү мончо-кир жуучу комбинаттарда, мончолордо жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекстеринде 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө пенсиясы бар пенсионерлерге жана ДМЧАларга көрсөтүлөт.

3.   Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:

1) Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы – 1 айда 1 жолу, жылына 12ден ашпаган кызмат көрсөтүү.

2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

- инсандыгын ырастоочу документ.

Арыз ээсинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу суроо-талап жүргүзгөндө маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда, маалыматтар кагаз түрүндө берилет.

3) Бул муниципалдык кызмат акысыз көрсөтүлөт.

4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: мончодо жуунуу.

 

2. Кызмат көрсөтүү процессинде берилүүчү жол-жоболордун тизмеги

 

4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:

1-таблица

№

Жол-жобонун аталышы

Эскертүү

1.

Арыз ээсинин табыштамасын кабыл алуу жана кароо

ИЖН боюнча издөө

2.

Арыз ээси жөнүндө маалымат (кызмат көрсөтүү же баш тартуу)

МБ аркылуу

 

3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы

 

5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн:

 

 

 

4.     Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн сыпаттоо

 

 

 

2-таблица

 

Жол-жобонун жана аракеттердин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы

Аракеттердин узактыгы

Аракеттердин натыйжасы

Аракеттерди жөнгө салуучу документтер

1

2

3

4

5

1-жол-жобо:

Арыз ээсинин табыштамасын кабыл алуу жана кароо

1.1-аракет

Жарды пенсионерлерге жана ДМЧАларга мончо жана чачтарач кызматтарын көрсөтүү

СӨБ адистери,

№5 муниципалдык мончо

5-10 мүнөт

Кызмат көрсөтүү же баш тартуу жөнүндө маалымат

Арыз ээсинин ID картасы

(ИЖН боюнча издөө)

1.2-аракет

Кызмат көрсөтүүнү алуучулар жөнүндө отчёт түзүү

СӨБ,

№5 муниципалдык мончо

Ар бир айдын 5ине чейин

Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды талдоо

Отчёт

1.3-аракет

СӨБдүн жана №5 муниципалдык мончонун ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү

Бухгалтер

30 мүнөт

Өз ара эсептешүү боюнча салыштыруу актысы

Эсеп-фактура

Жол-жобонун жыйынтыгы: мончодо жуунуу

Жол-жобонун узактыгы: ай сайын

Жол-жобонун тиби: уюштуруу жол-жобосу

Жол-жобонун узактыгы: 10-20 мүнөт