Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 55 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 9-январы ПЖ № 1
Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 76 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилсин:
1) ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча;
2) салык кызматынын органдары;
3) бажы органдары;
4) тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча текшерүүлөрдү;
5) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 76 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүү эрежелерин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 380 "2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |