Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-декабры № 714
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункттун жетинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пункттун тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы комиссияга "Санарип аймак" АМС системасынан жеке турак жай куруу үчүн жер участогун алууга талапкер адамдардын жашаган жери жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалыматтарды берет.";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Комиссиянын чечими тийиштүү протокол менен таризделет, ал ыйгарым укуктуу органдын жер участогун бөлүп берүү жана жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актыны тариздөө жөнүндө чечимин даярдоо үчүн негиз болуп саналат.";
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Жеке турак жайларды куруу үчүн жер участоктору берилген арыздарга ылайык кезектүүлүк тартибинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарына бир жолу акысыз берилет.
Жер участоктору төмөнкү окуялардан улам майып деп табылган, жаракат алган жана мертинген адамдарга, ошондой эле каза болгон адамдардын балдарына биринчи кезектеги тартипте берилет:
- 2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда;
- 2005-жылдын 24-мартындагы Бишкек шаарында;
- 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларында;
- 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда;
- 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында;
- 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышууларда.
Ошондой эле биринчи кезектеги тартипте жер участогу жакын туугандык мамиледе болгон үч жана андан ашык үй-бүлө менен биргеликте бир турак жайда үй-бүлөсү менен чогуу жашаган бир үй-бүлө мүчөсүнө жана көмүр шахтасында жер астындагы өткөөл чыгаруучу болуп 25 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз эмгектенген жана өндүрүш процессинде каза болгон шахтерлордун балдарына берилет.";
- 17-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Жер участогун бөлүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте, ошондой эле сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |