Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-декабры № 708
2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленсин:
1) 2024-жылдын 1-7-январы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:
- 2024-жылдын 8-январындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
- 2024-жылдын 27-январындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
- 2024-жылдын 2-мартындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
- 2024-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;
2) 2024-жылдын 21-24-марты дем алыш күндөрү болуп жана 2024-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2024-жылдын 22-мартындагы иш күнүнө которулсун;
3) 2024-жылдын 2 жана 3-майы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:
- 2024-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 2-майындагы иш күнүнө;
- 2024-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 3-майындагы иш күнүнө;
4) 2024-жылдын 10-апрели - Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну - Курман айт дем алыш майрам күндөрү болуп.
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 104 (3553) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |