Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 703
Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 156 "Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктунун 1-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Ар жылдык "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн татып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-январындагы № 2 (3555) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |