Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 12-январы № 12
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 11-октябры, № 104) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
36-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Министрлер Кабинетинин расмий Интернет-порталына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-январындагы № 4 (3557) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |