Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 токтомуна) |
Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсун (мындан ары - конкурс) өткөрүү тартибин аныктайт, конкурстун түзүмүн белгилейт, конкурстук сыноолордун форматын, регламентин, баалоо критерийлерин, катышуучулардын, калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын курамына талаптарды, материалдарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тартибин аныктайт.
2. Конкурс билим берүү программаларын жаңылоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикалык курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдо билим берүүнүн артыкчылыктарын бекитүүгө багытталган.
3. Конкурстун негизги принциптери болуп жол-жоболордун айкындуулугу, ачыктыгы жана анын бардык катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат.
4. Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1) гран-при "Жылдын мыкты мугалими";
2) башталгыч класстардын мыкты мугалими;
3) кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
4) орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
5) мыкты математика мугалими;
6) мыкты тарых мугалими;
7) "Адам жана коом" предмети боюнча мыкты мугалим;
8) мыкты чет тили мугалими;
9) мыкты физика/астрономия мугалими;
10) мыкты информатика мугалими;
11) мыкты химия мугалими;
12) мыкты география мугалими;
13) мыкты биология мугалими;
14) "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети боюнча мыкты мугалим;
15) мыкты музыка мугалими;
16) мыкты дене тарбия мугалими;
17) көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим;
18) аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим.
5. Ар жылдык республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун уюштуруучусу болуп Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
6. Конкурстун максаты болуп башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү жолу менен билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдынкы педагогикалык идеяларды берүү жана жайылтуу көндүмдөрүнө жана жөндөмдөрүнө, билим берүүдө заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикаларга ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.
7. Конкурстун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мугалимдердин социалдык статусун жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
2) мугалимдик кесипти жайылтуу;
3) билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларына ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин алдынкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу;
4) билим берүү уюмдарын ар тараптуу өнүктүрүүгө мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу.
3-глава. Конкурсту өткөрүү этаптары жана мөөнөттөрү
8. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:
1) биринчи этап - мектеп ичиндеги, жыл сайын 1-февралдан 1-мартка чейин жалпы билим берүү уюмунун бекитилген графигине ылайык окуу жылынын ичинде өткөрүлөт;
2) экинчи этап - райондук/шаардык, жыл сайын 2-марттан 20-апрелге чейин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш планына ылайык окуу жылынын ичинде өткөрүлөт;
3) үчүнчү этап - облустук/шаардык, жыл сайын 21-апрелден 25-майга чейин облустук институттар, методикалык билим берүү борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт;
4) төртүнчү этап - финалдык (республикалык), жыл сайын 1-октябрдан 5-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Конкурстун катышуучулары
9. Конкурска жалпы билим берүү уюмунда төмөнкү предметтер боюнча үч жылдан кем эмес иштеген мугалимдер катыша алат:
1) башталгыч класстардын мугалими;
2) кыргыз тили жана адабияты мугалими;
3) орус тили жана адабияты мугалими;
4) математика мугалими;
5) тарых мугалими;
6) "Адам жана коом" предмети боюнча мугалим;
7) чет тили мугалими;
8) физика жана астрономия мугалими;
9) информатика мугалими;
10) химия мугалими;
11) география мугалими;
12) биология мугалими;
13) "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети боюнча мугалим;
14) музыка мугалими;
15) дене тарбия мугалими;
16) көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мугалим;
17) аскерге чейинки даярдык мугалими.
5-глава. Конкурсту өткөрүү форматы
10. Ар бир жалпы билим берүү уюму конкурстун биринчи этабын өткөрүү жол-жобосун өз алдынча аныктайт жана анын жыйынтыгы боюнча мектептин педагогикалык кеңешинин чечими менен директор райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнө конкурстун экинчи этабына катышууга билдирме берет жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан белгиленген мөөнөттө жалпы билим берүү уюмунан катышуучулардын тизмесин жиберет. Арызга кесиптик портфолио (электрондук вариант) тиркелет, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) конкурстун катышуучусунун анкетасы (эркин формада);
2) катышуучунун визиттик карточкасы (видеопрезентация формасында), анда катышуучу өзүнүн ишин, чыгармачылык изденүүлөрүн ишке ашырууну, педагогдун кесиптик өсүшүн, кесиптик активдүүлүгүн, билим берүүнү өнүктүрүүгө кандай жаңылыктарды алып келери көрсөтүлгөн педагогикалык кредо камтылат. Видеоматериалдын сапаттуу сүрөттөлүшү жана үн коштоосу болушу керек, 5 мүнөттөн ашпоого тийиш;
3) программанын максаттары жана милдеттери, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруунун инновациялык методикалары, окутуунун жаңы технологиялары, окутуунун болжолдонгон натыйжалары, окуу-билим берүү процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу камтылган түшүндүрмө каты менен билим берүү программасы;
4) материалдардын түзүмдөштүрүлгөн санариптик (электрондук) комплексин камтыган билим берүү программасын ишке ашыруунун методикалык кейси: ченемдик-укуктук документтерди талдоо (билим берүү программасын түзүүдө педагог таянган ченемдик документтер), өзүнүн мыкты тажрыйбаларынын мисалдары, өзүнүн автордук программаларынын бар экендиги колдоого алынат, дидактикалык, көрсөтмө материалдар, социалдык тармактарда, окуу куралдарында, жыйнактарда ж.б. жарыяланган материалдар.
11. Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан өткөрүлүүчү конкурстун экинчи этабына ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтерди берген бардык катышуучулар киргизилет жана автоматтык түрдө конкурстун экинчи этабынын катышуучулары болуп эсептелет. Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү билим берүү жана илим жаатындагы көз карандысыз эксперттерден, кызыкдар адамдардан жана коомчулуктан комиссия түзөт. Комиссия арыздарды карайт жана экинчи этапка катышуу үчүн эң ылайыктуу талапкерлерди тандайт. Конкурстун экинчи этабынын тандалып алынган катышуучулары окуткан сабагынын (ачык сабактын) видеофрагментин жөнөтүшөт. Сабактын видеофрагментинде конкурсанттын Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын (мындан ары - Мамстандарт) талаптарын ишке ашырууга багытталган санариптик технологияларды жана инновациялык методикаларды колдонуусун камтыган сабактын фрагментинин демонстрациясы камтылууга тийиш. Комиссиянын баалоосунун жыйынтыгы боюнча сабактардын эң жакшы фрагменттерин жиберген катышуучулар мамлекеттик стандартка ылайык мектепте кошумча сабак өтүшөт жана сабакка өз алдынча анализ беришет (5 мүнөттөн ашык эмес). Баалоо инструменти апробациялоодон өткөндөн кийин конкурстун экинчи этабы башталганга чейин конкурсту баалоо инструменти Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилет. Конкурстун үчүнчү этабына сабакты баалоонун жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган катышуучуларга уруксат берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Конкурстун үчүнчү этабына сабакты баалоонун жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган катышуучуларга уруксат берилет. Конкурстун үчүнчү этабын облустук институттар, билим берүүнүн методикалык борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан билим берүү жана илим жаатындагы көз карандысыз эксперттерден турган комиссиялар түзүлөт, алар конкурстун үчүнчү этабын өткөрүү тартибин жана конкреттүү мөөнөттөрүн белгилейт, аны өткөрүү жол-жобосун аныктайт, калыстар тобунун курамын жана алардын ишинин регламентин бекитет. Конкурстун үчүнчү этабынын катышуучулары комиссияга жалпы билим берүү уюмунда окутулуп жаткан предмет боюнча катышуучунун педагогикалык концепциясын коргоого багытталган чыгармачыл өзүн-өзү презентациялоону беришет. Өзүн-өзү баалоо жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган катышуучу республикалык конкурстун кийинки этабына өтөт. Конкурстун үчүнчү этабынын жыйынтыгы боюнча ар бир облустан ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн ар бир предмет боюнча он жети катышуучу аныкталат.
13. Облустук институттар, билим берүүнүн методикалык бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти жана Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгы конкурстун үчүнчү этабынын жыйынтыгы боюнча жыл сайын 10-сентябрга чейин катышуучулардын төмөнкү документтерин жана материалдарын Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин электрондук дарегине жиберет:
1) үлгү боюнча сунуш (1-форма);
2) конкурстун финалынын катышуучусунун үлгү боюнча арызы (2-форма);
3) конкурстун маалыматтык картасы (конкурстун финалынын сайтында электрондук түрдө толтурулат (3-форма);
4) конкурстун финалистинин техникалык талаптарга ылайык түзүлгөн видеобаяны (4-форма);
5) "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсунун региондук этабынын уюштуруу комитетинин жыйналышынын протоколунан көчүрмө (5-форма);
6) финалисттин паспортунун скан-көчүрмөсү, финалисттин эмгек китепчесинин скан-көчүрмөсү (биринчи ачылган барагы жана учурдагы иштеген жери тууралуу маалымат барагы).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана чогултуу, ошондой эле конкурстун республикалык этабынын финалын өткөрүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан конкурстун оператору жана уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) аныкталат жана бекитилет. Оператор конкурстун төртүнчү республикалык этабынын катышуучуларынын акыркы тизмелик курамын түзөт. Финалисттердин курамын Уюштуруу комитети бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Тариздөө талаптарын бузган финалисттердин документтери жана катышуучулардын Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин электрондук дарегине 10-сентябрга чейин жөнөтүлбөгөн документтери каралбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Конкурстун финалынын конкурстук сыноолорунун түзүмү, форматы, аларды өткөрүүнүн регламенти, баалоо тартиби жана критерийлери
16. Конкурстун финалы үч тур менен өтөт. Бардык турлардагы конкурстук иш-чаралар катышуу форматында өткөрүлөт жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин расмий сайтында жана социалдык тармактарындагы баракчаларында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Биринчи тур - "Педагогикалык кырдаалдар", өзүнө педагогикалык иштин моделдерин билүүсүнө жана ар кандай педагогикалык кырдаалдар менен маселелерди чечүүсүнө тесттик сыноолорду камтыйт. Педагогикалык иштин моделдерин билүүсүнө тест отуз суроодон турат. Тесттик тапшырмалардан өтүү үчүн максималдуу балл - 30 балл. Жыйынтыктоочу баллды көрсөтүү менен натыйжа конкурстун катышуучусуна ошол эле күнү тесттен өткөн жери боюнча берилет. Ар кандай педагогикалык кырдаалдар менен тапшырмалар катышуучулардын методикалык, психологиялык-педагогикалык жана коммуникативдик сабаттуулукту колдонуу менен кырдаалдарды чечүү жөндөмдүүлүгүн аныктоону камсыз кылуучу үч суроодон турат. Конкурстан өтүү үчүн максималдуу балл - 30 балл. Биринчи турдан өтүү үчүн жалпы максималдуу балл - 60 балл.
Конкурстук сыноонун максаты - конкурсант тарабынан өз алдынча түшүнүлгөн педагогикалык принциптерди жана билим берүүгө ыкмаларды көрсөтүү; ата мекендик педагогиканын тажрыйбасын өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен айкалыштыруу жөндүмдүүлүгү; мугалимдин педагогикалык кырдаалдарды чечүү жолун табуу көндүмү жана жөндөмдүүлүгү.
Тест убагында техникалык каражаттарды колдонууга жол берилбейт.
Биринчи турду баалоо критерийлери:
- предметтерди билүүсүнө тесттик тапшырмаларды баалоо - ар бир туура жооп үчүн бир баллдан ыйгарылат;
- педагогикалык кырдаалдарды чечүүсүнө тестти баалоо - төмөнкү критерийлер боюнча бааланат: теманы ачуунун тереңдиги, деңгээли жана тарбиялык баалуулугу; методикалык жана психологиялык-педагогикалык сабаттуулугу; баалуулук багыттары жана жеке позициясы; практикада колдонулушу; катышуучунун жазуу жүзүндөгү жообунда баяндалган универсалдуу педагогикалык иш-аракеттердин түзүлүүсү.
18. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча катышуучуга биринчи турдун калыстарынын мүчөлөрү тарабынан ар бир конкурстук сыноо үчүн ага эсептелген орточо арифметикалык баллдын суммасын билдирген баа коюлат. Конкурстун финалдык этабынын биринчи турунун жыйынтыгы боюнча максималдуу балл - 60 балл.
19. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча 40тан 60ка чейинки балл алган катышуучулар экинчи турга жиберилет.
20 Экинчи тур - "Мастер-класс".
Экинчи турдун максаты - конкурсант тарабынан мектеп окуучуларын тарбиялоодо жана социалдаштырууда кесиптик-инсандык компетенцияларын көрсөтүү. Конкурстук сыноонун форматы - конкурсант уюштуруу комитети тарабынан аныкталган жалпы билим берүү уюмдарынын биринде калыстардын мүчөлөрүнүн катышуусунда окуучулардын саны 15тен 20га чейин болгон тааныш эмес аудиторияда мастер-класс өткөрөт. Мастер-класс окуучулар менен иштөөнүн жеке формаларын көрсөтө алат. Мастер-класс үчүн темаларды конкурсант окуткан предметине жана окутуу тилине жараша өз алдынча тандайт.
Конкурстук сыноонун регламенти: окуучулар менен иштөө - 20 мүнөткө чейин; калыстардын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооптор -10 мүнөткө чейин. Темалар талкуулана турган курактык топ (мындан ары - класс) конкурсант тарабынан чүчү кулак жолу менен тандалат. Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баа - 40 балл.
Конкурстук сыноонун баалоо критерийлери:
- методикалык компетенттүүлүк: формасынын, мазмунунун, методдорунун жана жолдорунун окуучулардын курагына ылайык келиши;
- классты тандалган окуу материалына жана иштөө формаларына кызыктыра алуу;
- уюштуруунун оригиналдуугу жана тематиканын мазмунун тандоо;
- мастер-класс ичинде балдардын кызыгуусун кармай билүү;
- топто балдардын өз ара аракеттенүүсүн/кызматташуусун уюштура билүү;
- мастер-класс убагында балдардын активдүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн эсепке алуу жана колдоо;
- тандап алынган теманын актуалдуулугу жана мастер-класстын мазмуну.
Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча катышуучуга калыстардын мүчөлөрү тарабынан конкурстук сыноо үчүн эсептелген орточо арифметикалык баллдын суммасын билдирген баа коюлат. Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча максималдуу балл - 40 балл.
Эки турдун (биринчи жана экинчи тур) суммасы боюнча 70тен 100ге чейин балл алган конкурсанттар үчүнчү турга жиберилет.
21. Үчүнчү тур - "Сабак" конкурстук сыноосу. Конкурстук сыноонун максаты - катышуучу сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтөт.
Конкурстук сыноонун форматы - катышуучу уюштуруу комитети тарабынан турду өткөрүү аянтчасы катары бекитилген жалпы билим берүү уюмунда өткөрүлүүчү окуу предмети боюнча сабак. Бирдей багыттагы катышуучулардын чыгуу ырааттуулугу чүчү кулак жолу менен аныкталат жана ошол эле учурда катышуучу чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча туш келген класста сабак өтөт. Сабактын темасы календарлык-тематикалык пландоого жана тиешелүү предмет боюнча жумушчу программасына ылайык анын жалпы билим берүү уюмунун тиешелүү классында иш жүзүндө аткарылышын эске алуу менен аныкталат.
Конкурстук сыноонун регламенти - берилген темага жана сабактын максаттуу багыттарына ылайык методикалык ыкмаларды, ыктарды жана технологияларды колдонууну негиздөө - 5 мүнөткө чейин; сабакты өтүү - 35 мүнөт; сабакты жеке талдоо жана калыстардын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү - 10 мүнөт. Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баа - 60 балл.
Конкурстук сыноону баалоо критерийлери:
- методикалык жана психологиялык-педагогикалык сабаттуулук;
- предметтик мазмунду түшүнүүнүн тууралыгы жана тереңдиги;
- максатка багыт алуу жана натыйжалуулук;
- кесиптик милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле жасоо;
- коммуникациялык маданият;
- рефлексивдүү маданият.
22. Конкурстун финалдык (республикалык) этабынын үч турунун жыйынтыгы боюнча бирдей балл алган конкурсанттар кошумча сыноого жиберилет. "Мугалимге сөз" сыноосу конкурстун финалдык этабынын чоң калыстарынын жана катышуучулардын катышуусунда уюштуруу комитети тарабынан бекитилген аянтчада эл алдында чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берет.
"Мугалимге сөз" сыноосунун регламенти - 3 мүнөт. Калыстардын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү - 5 мүнөт.
Кошумча сыноону баалоо тартиби - сыноону баалоо чоң калыстар тарабынан катышуу менен жүргүзүлөт. Баалоо үч критерий боюнча жүргүзүлөт:
- ата мекендик билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларын жана мамлекеттик билим берүү саясатынын маселелерин түшүнүү;
- ой жүгүртүүлөрдүн тереңдиги жана стандарт, сунушталган чечимдердин негиздүүлүгү жана реалдуулугу;
- билдирген жеке позициясы жана коммуникативдик маданияты.
Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баалоо - 10 балл.
7-глава. Калыстардын курамы
23. Конкурстун финалында конкурстук сыноолорду баалоо курамына билим берүү чөйрөсүндөгү бир жүз он тогуздан кем эмес эксперт кирген калыстар тобу тарабынан жүргүзүлөт. Калыстардын курамы жыл сайын 15-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Конкурстун финалдык (республикалык) этабынын калыстарынын курамына кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин расмий сайтында жана социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында конкурстун финалдык этабы башталганга чейин 10 күн калганда (жыл сайын 5-сентябрда) жайгаштырылат. Калыстар тобунун ар бир тобуна катышуучу окуткан предмет (предметтик чөйрө) боюнча кеминде бир эксперт кирет.
Калыстардын курамына көрсөтүү үчүн тандоо критерийлери жана формалдуу негиздери болуп төмөнкүлөр саналат: азыркы убакта кесиптик билим берүү уюмунда, кошумча кесиптик билим берүү уюмунда иштөөсү; жана (же) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими", "Билим берүүнүн ардактуу кызматкери", "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" ардактуу наамдарынын болушу жана (же) "Педагогика" илимий адистиктеринин тобунун илимий адистиги жана (же) конкурстун финалынын катышуучулары окуткан тиешелүү предметтер (предметтик багыттарга) боюнча окумуштуулук даражасынын болушу; жана (же) акыркы үч жыл ичиндеги жыйынтыктоочу "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунун жеңүүчүсү. Калыстардын мүчөлөрүнө бардык талапкерлер тиешелүү документтерди (дипломдорду, сертификаттарды ж.б.) берет.
Бардык конкурстук сыноолорду баалоо үчүн төрт калыстар тобу түзүлөт: чоң калыстар тобу жана үч калыстар тобу, алар финалдык конкурстун үч түрүн баалоо үчүн жооптуу болот. Калыстар тобунда "Педагогикалык кырдаалдар", "Мастер-класс" жана "Сабак" конкурстук сыноолорун баалоо үчүн калыстар топтору предметтер аралык негизде түзүлөт.
Ар бир калыстар тобунун курамына конкурстун финалынын катышуучуларынын тиешелүү тобунун курамына кирген конкурсант окуткан предмет боюнча (предметтик чөйрө) боюнча адистешкен кеминде бир эксперт, жалпы билим берүү уюмдарында окуган бүтүрүүчү класстардын үчтөн кем эмес окуучусу, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окугандардын арасынан үчтөн кем эмес студент жана кеминде бир коомдук өкүл кирет.
Чоң калыстардын курамы билим берүүдөгү эксперттердин арасынан он экиден кем эмес жана 25тен ашпаган адистен турат:
- педагогикалык психология жаатындагы бир адис;
- мурдагы 3 жылдын "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунун жеңүүчүлөрү;
- экинчи жана үчүнчү турлардын калыстарынын төрагалары.
Конкурстук сыноолордун экинчи жана үчүнчү турларын баалаган калыстар тобу чоң калыстарга отчет берет.
Конкурстук сыноолордун жыйынтыгы боюнча конкурстун финалынын катышуучуларына эсептелген баллды эсептөөнү уюштуруу, жыйынтыктоочу баалоо ведомостторун даярдоо, чүчү кулак кармоону жана конкурстук жол-жоболордун сакталышын контролдоо үчүн эсептөө комиссиясы түзүлөт, анын курамы уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.
Конкурстун финалынын калыстарынын бардык мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ. Калыстардын ар бир мүчөсү бир добушка ээ жана катышуучулардын конкурстук сыноолордогу сүйлөөлөрдү баалоо боюнча өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу. Калыстардын башка мүчөлөрү үчүн баалоого жол берилбейт.
Конкурстун калыстарынын мүчөлөрү жана конкурстун уюштуруучулары расмий жарыяланганга чейин кандайдыр бир маалыматты жайылтууга укугу жок жана конкурстук материалдарды тандоодо жана кароодо добуш берүүнүн сырын сактоого милдеттүү.
Калыстардын корутундуларынын мазмуну купуя маалымат болуп саналат жана ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо тартиби
24. Конкурстун катышуучуларын жана жеңүүчүсүн сыйлоо уюштуруу комитети тарабынан бекитилген аянтчаларда салтанаттуу иш-чаралардын алкагында өткөрүлөт. Конкурстун финалынын бардык катышуучулары дипломдор жана "Жылдын мыкты мугалими" төш белгилери менен сыйланат. Конкурстун үч турунун жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган катышуучу гран-принин ээси болуп саналат. Ошондой эле конкурстун республикалык этабынын үч турунун жыйынтыгы боюнча кыйла жогорку балл алган катышуучулар "Билим берүүнүн отличниги" ведомстволук сыйлыгы менен сыйланат. Кыргыз Республикасындагы ар жылдык “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурстун жеңүүчүлөрү 17 номинация боюнча 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө сый акыларды алышат. Гран-при жеңүүчүсү болуп аныктала турган мугалим сыйлык катары батир алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Калыстардын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ыраазычылык каттары менен сыйланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлоо аземи 5-октябрда кесиптик майрам - Эл аралык мугалимдердин күнүнүн алдында өткөрүлөт.
27. "Жылдын мыкты мугалими" сыйлыктарын бир эле адамга кайрадан ыйгарууга жол берилбейт.
9-глава. Конкурсту каржылоо
28. Конкурстун гран-при жеңүүчүсүнө батирди тапшыруу жана "Жылдын мыкты мугалими" номинациясындагы сыйлыктарды тапшыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жүзөгө ашырылат, ошондой эле "Жылдын мыкты мугалими" республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын борборлоштурулуп жүргүзүлөт.
Конкурстун катышуучуларынын иш сапардык чыгымдары демөөрчүлүк же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Демөөрчүлөр, башка уюмдар жана жеке адамдар өздөрүнүн жеке сыйлыктарын жана белектерин белгилей алышат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
1-форма
|
| Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсун уюштуруу комитетине |
Сунуш
Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсунун финалдык этабына катышуу шарттары жана эрежелери менен таанышып чыгып:
1. _______________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(конкурска катышуу үчүн талапкерди көрсөткөн органдын аталышы)
конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин пакети менен бул сунушту жөнөтөт.
2. Конкурска катышкан адамдын жана уюмдун толук аталышы (дареги, телефондору, жетекчиси ж.б.).
Конкурска катышуучунун Ф.А.А. |
|
Уставга ылайык конкурсанттын иштеген жеринин аталышы |
|
Конкурсанттын электрондук дареги (E-mail) |
|
Конкурсанттын мобилдик (вотсап) номери |
|
Жалпы билим берүү уюмунун сайтынын электрондук дареги |
|
Өзүнүн автордук программаларынын,* дидактикалык, көрсөтмө материалдарынын, социалдык тармактарда, окуу куралдарында, жыйнактарда ж.б. жарыяланган материалдардын болушу ж.б. |
|
Сыйлыктардын, дипломдордун, грамоталардын ж.б. болушу |
|
Предмет |
|
Окутуу тили |
|
Курактык топ (конкурсант окуткан класстар) |
|
3. Берилген бардык маалыматгардын тууралыгына кепилдик берем/кепилдик беребиз.
Кызмат орду _____________________________________________________________________
Ф.А.А. ___________________________________________________________________________
Датасы 20___-жылдын "___" ______________
Колу _____________________________________________________________________________
2-форма
|
| Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсун уюштуруу комитетине |
_____________________________________________________________________________
(облусу, району/шаары)
(жалпы билим берүү уюмунун Уставына ылайык аталышы)
_____________________________________________________________________ мугалими
(окуу предметинин аталышы)
_____________________________________________________________________________
(чыгыш жөндөмөдөгү фамилиясы, аты, атасынын аты)
Арыз
Мен, _________________________________________________________________________
(фамилия, аты, атасынын аты)
Кыргыз Республикасында ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсунун финалдык этабына катышууга жана конкурстун финалынын веб-сайтында толтуруу жана Интернетте, буклеттерде жана мезгилдүү басылмаларда жайгаштыруу үчүн коммерциялык эмес максаттарда пайдалануу аркылуу конкурстун финалынын катышуучусунун маалыматтык картасында көрсөтүлгөн, Уюштуруу комитетине берилген маалыматтарды редактордук иштетүү мүмкүнчүлүгү менен киргизүүгө макулдук берем.
20___-ж. "___" ______________ ___________________________ (колу)
3-форма
Конкурстун финалистинин маалымат картасы
Жалпы маалыматтар | |
Аты-жөнү |
|
Туулган күнү (күнү, айы, жылы) |
|
Туулган жери |
|
Калктуу конуш |
|
Иши | |
Иштеген жери |
|
Ээлеген кызматы |
|
Окуткан предмети |
|
Катышуучу иштеген жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин аты-жөнү |
|
Азыркы учурдагы класс жетекчилиги, кайсы класста |
|
Жалпы эмгек стажы (толук жылдар) |
|
Жалпы педагогикалык стажы |
|
Квалификациялык категориясы (бар болсо) |
|
Мамлекеттик, муниципалдык, региондук, эл аралык билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусу (катышуу статусун көрсөтүү менен) |
|
Ардак наамдар жана сыйлыктар |
|
Билими | |
Башталгыч, орто жана жогорку окуу жайынын толук аталышы жана бүтүргөн жылы |
|
Адистиги, диплом боюнча квалификациясы |
|
Акыркы үч жылдагы кошумча кесиптик билими (кошумча кесиптик программалардын аталыштары, аларды өздөштүргөн жери жана мөөнөттөрү) |
|
Чет тилдерин билүү (билүү деңгээли) |
|
Окумуштуулук даражасы |
|
Диссертациялык иштин (иштеринин) аталышы |
|
Негизги басылмалары (анын ичинде брошюралар, китептер) |
|
Иши | |
Профсоюзда мүчөлүгү |
|
Коомдук уюмдарга катышуучу (аталышы, ишинин багыты) |
|
Волонтердук ишке катышуусу |
|
Үй-бүлөсү | |
Үй-бүлөлүк абалы |
|
Балдары (жынысы жана курагы) |
|
Конкурстун сайтында жайгаштыруу үчүн материалдар | |
Катышуучунун девизи |
|
Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени...... |
|
Окуучуларымдан эмнени үйрөндүм....... |
|
Хобби |
|
Кесиптик амбициялар |
|
Жарыяланган материалдар менен таанышуу үчүн "Интернет" тармагындагы даректер (блог, социалдык тармактардагы баракчалар) |
|
Билим берүү уюмунун расмий сайтында жайгаштырылган катышуучунун видео эссесине шилтеме |
|
Байланышуу маалыматтары | |
Үй дареги (иш жүзүндөгү) |
|
Мобилдик телефон |
|
Өздүк электрондук почтасы |
|
Документтер | |
Паспорт (сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) |
|
ИНН |
|
Кошумча маалымат | |
|
|
|
|
Эскертүү(*):
Маалымат картасы - бул документ, ага ылайык катышуучу конкурстун сайтында, басылмаларда, материалдардын жыйнактарында көрсөтүлөт. Маалымат картасы конкурстун финалынын сайтында электрондук түрдө гана толтурулат.
4-форма
Конкурстун финалынын катышуучусунун видео эссесине талаптар
Конкурстун финалынын катышуучусунун видео эссеси видеоролик түрүндө көрсөтүлөт (узактыгы - 5 мүнөткө чейин) жана конкурсанттын педагогикалык индивидуалдуулугунун, анын кесиптик ишинин өтө маанилүү аспектгерин жана анын окуучуларынын жетишкендиктери, ал иштеген аймактын жана билим берүү уюмунун өзгөчелүгүнүн контекстинде чагылдырат.
Видео эссеге техникалык талаптар:
- видеого уруксат берилет - 1920x1080 кем эмес;
- горизонталдык тартуу;
- секундасына кеминде 25 кадр;
- видеонун пропорциясы - 16:9;
- видеонун форматы - .mov же .mp4.
Видео эсседе конкурсанттын аты-жөнүн (аты-жөнү, кызматы, предмети/окутулган предметтери), конкурсант жана ал иштеген билим берүү уюму жөнүндө маалыматтарды камтыган киришүү болушу керек.
Видео эссе катышуучу тарабынан конкурстун финалынын сайтында, өзү иштеген билим берүү уюмунун расмий сайтында, ошондой эле райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн расмий сайтында жайгаштырылат.
*Конкурстун финалынын катышуучусунун жайгаштырылган видео эссесине шилтемелер маалымат картасында чагылдырылат.
5-форма
Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсунун үчүнчү этабынын уюштуруу комитетинин жыйналышынын ПРОТОКОЛУНУН КӨЧҮРМӨСҮ ______________________________________________________
(регион)
20___-ж. "___" ______________ № _____________
УКТУ: 20___-жылы Кыргыз Республикасында ар жылдык
"Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсунун финалдык этабына
катышууга талапкерди көрсөтүү жөнүндө.
ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ: 20___-жылы Кыргыз Республикасында ар жылдык
"Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсунун финалдык этабына
катышууга 20___-жылы ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык
конкурсунун үчүнчү этабында
____________________________________________________________________
(региону)
________ орунду ээлеген ______________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
_____________________________________________________________________
көрсөтүлсүн.
"МАКУЛ": _____________________ адам
"КАРШЫ": ____________________ адам
"КАЛЫС": _____________________ адам
Уюштуруу комитетинин төрагасы
___________________________________________________________________________
(кызмат ордун, аты-жөнүн көрсөтүү керек)
(колу) ______________________________________________________________________
М.О.