Редакцияот 21.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-июну № 3

Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу  Кызыл-Жылдыз айылына Ассанабиль коому тарабынан бала бакча куруу жөнүндө  

Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун 16,05,2023-жыл №01-7\153 сандуу кайрылуусунун негизинде, Ноокен айылдык кеңешинин  ХХVIII чакырылышынын  кезектеги   XV сессиясы токтом кылат:

 

1.    Долбоор артыкчылыктуу долбоор деп табылсын.

 

2.    Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу  Кызыл-Жылдыз айылына  Ассанабиль коому тарабынан бала бакча куруу   үчүн, Ноокен айыл өкмөтүнүн   долбооруна өздүк салымдын 10% жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берилсин.  

 

3.    Бул  токтомду   Кыргыз   Республикасынын   Юстиция   министрлигине мамлекеттик    реестрге   киргизүү   жагы   айылдык   Кеңештин   жооптуу катчысы   Ж. Инаятовко   милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн  башчысы Б. Календеровго  милдетендирилсин 

 

 

 

Ноокен айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Акматалиев