Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 токтомуна) |
Ар жылдык "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсун (мындан ары - конкурс) уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, окуу процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдогу билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитүүгө багытталган.
2. Конкурс өткөрүү тартиби конкурстун түзүмүн белгилейт, форматын, регламентин, конкурстук сыноолорду баалоо критерийлерин, катышуучулардын, калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын курамына талаптарды, материалдарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тартибин, ошондой эле конкурстун финалын каржылоо шарттарын аныктайт.
3. Конкурс Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - министрлик) тарабынан Кыргыз билим берүү академиясынын (мындан ары - КБА), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (мындан ары - ПККЖжКДРИ), И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (мындан ары - И.Арабаев атындагы КМУ), Билим берүүнү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун, бардык кызыкдар уюмдардын, педагогикалык жана ата-энелер коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлөт.
4. Конкурстун негизги принциптери болуп ачык-айкындуулук, жол-жоболордун ачыктыгы жана бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат.
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
5. Конкурстун максаттары таланттуу, чыгармачыл тарбиячыларды, методисттерди, музыкалык жетекчилерди жана мамлекеттик тил мугалимдерин аныктоо болуп саналат.
6. Конкурстун милдеттери педагогикалык кесипти жайылтуу, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин мыкты кесиптик тажрыйбасын жайылтуу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири илимий жана педагогикалык коомчулуктун, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жогорулатууга көңүл буруу болуп саналат.
3-глава. Конкурстун катышуучулары
7. Конкурска мектепке чейинки билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашыруучу жана үч жылдан кем эмес иш стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин төмөнкү категориялары катышат:
1) тарбиячылар;
2) методисттер;
3) мамлекеттик тил мугалими;
4) музыкалык жетекчи.
8. Конкурстун биринчи этабына катышуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмунун башкаруу органы тарабынан (педагогикалык кеңеш);
2) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде.
9. Конкурска катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Конкурска талапкерди көрсөтүүгө анын макулдугун алуу милдеттүү болуп саналат.
4-глава. Конкурс өткөрүү этаптары жана мөөнөттөрү
10. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:
1) биринчи этап мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмунун бекитилген планына ылайык окуу жылынын ичинде 1-февралдан 1-мартка чейин өткөрүлөт. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү экинчи этаптын катышуучулары болушат;
2) экинчи этап жыл сайын, окуу жылынын ичинде, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш планына ылайык 1-марттан 20-апрелге чейин өткөрүлөт. Экинчи этаптын жеңүүчүлөрү конкурстун үчүнчү этабынын катышуучулары болушат;
3) үчүнчү этап - облустук/шаардык, 21-апрелден 25-майга чейин облустук институттар, билим берүү борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт;
4) төртүнчү этап - финалдык (республикалык), жыл сайын 1-октябрдан 5-октябрга чейин министрлик тарабынан өткөрүлөт.
5-глава. Конкурстарды өткөрүү форматы
11. Конкурстун биринчи, экинчи жана үчүнчү этаптарын өткөрүүнү уюштуруу-методикалык камсыздоо үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана билим берүү жаатындагы аймактык органдар тарабынан уюштуруу комитеттери (мындан ары - Уюштуруу комитети) түзүлөт, алар конкурстун этаптарын өткөрүү тартибин жана мөөнөтүн белгилейт, аларды өткөрүү жол-жобосун аныктайт, калыстар тобунун курамын жана алардын иштөө регламентин, ошондой эле ушул Жобого ылайык конкурстун этаптарын каржылоо тартибин бекитет.
12. Республикалык конкурстун финалына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ар бир облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 4 катышуучу жиберилет.
13. Финалдык этапка катышууга талапкерлерди көрсөтүү конкурстун үчүнчү этабынын Уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлөт.
14. Эгерде конкурстун финалдык этабына катышууга көрсөтүлгөн жеңүүчү кандайдыр бир себептер менен катыша албаса, конкурстун үчүнчү этабынын Уюштуруу комитети экинчи орунду ээлеген катышуучуну (катышуучу менен макулдашуу боюнча) жиберүүгө укуктуу.
15. Конкурстун финалдык этабына катышуу үчүн облустук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү министрликтин буйругу менен белгиленген мөөнөттө Уюштуруу комитетинин электрондук дарегине төмөнкү документтерди жана катышуучулардын материалдарын үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин жөнөтөт:
1) сунуш, үлгү боюнча (1-форма);
2) конкурстун финалынын катышуучусунун арызы, үлгү боюнча (2-форма);
3) конкурстун материалдары (3-форма);
4) паспорттун көчүрмөсү.
16. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана материалдарды кабыл алуу жана конкурстун финалына катышууга талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин оператор тарабынан акыркы тизмелик курам түзүлөт. Финалисттердин курамын финалдык конкурстун Уюштуруу комитети бекитет. Конкурстун оператору жана Уюштуруу комитети министрлик тарабынан аныкталат жана бекитилет, ал өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана чогултуу, ошондой эле конкурстун финалдык - республикалык этабын өткөрүү үчүн зарыл жол-жоболорду уюштуруу үчүн жооп берет.
17. Тариздөөнүн талаптарын бузган жана министрликтин буйругунда белгиленген мөөнөттөн кеч катталган конкурсанттардын документтери каралбайт.
6-глава. Конкурстун финалынын сыноолорунун түзүмү, форматы, аларды өткөрүүнүн регламенти жана баалоо критерийлери
18. Конкурстун финалы үч турда өтөт. Бардык турлардын конкурстук иш-чаралары беттешүү форматында өткөрүлөт.
19. Уюштуруу комитети конкурсанттардын чыгышынын тартибин чүчүкулак аркылуу аныктайт.
1) биринчи тур - конкурстун катышуучусунун кесиптик ишинин тажрыйбасын (анын ичинде ата-энелер менен иштөө) баяндоону, портфолиону камтыган өзү жөнүндө видеопрезентация (10 слайдга чейин): резюме, сыйлыктар, сертификаттар, балдар, ата-энелер менен өткөрүлгөн иш-чаралардын артефакттары - 5 мүнөттөн ашык эмес (максималдуу саны - 10 упай);
2) экинчи тур - тесттик сыноону өткөрүү жана "Педагогикалык кырдаалдар" тапшырмаларын аткаруу. Тестирлөө ар бир номинация боюнча 20 суроону камтыйт (максималдуу саны - 20 упай).
3) үчүнчү тур санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-классты көрсөтүүнү камтыйт - 35 мүнөттөн ашык эмес (балдардын жашына ылайык) (максималдуу саны - 70 упай).
1, 2, 3-турлардын упайларынын жалпы максималдуу саны 100 упай.
20. Өзү жөнүндө видеопрезентация төмөнкүлөр боюнча бааланат:
1) маалымат менен тааныштыруу маданияты;
2) инновациялык технологиялар (максималдуу саны 10 упай).
21. Тестирлөөнүн конкурстук тапшырмасын жана "Педагогикалык кырдаалдар" тапшырмаларын аткаруу боюнча баалоо критерийлери:
1) оригиналдуулук;
2) практикалуулугу, жеткиликтүүлүгү, ыңгайлуулугу
3) Мамстандартка ылайык келиши;
4) сабактын пландаштырылган жыйынтыгы берилген теманын максаттарына ылайык келүүсү.
Максималдуу саны - 20 упай.
22. Конкурстук тапшырманы баалоо критерийлери мастер-класс боюнча конкурстун катышуучусунун практикалык тажрыйбасынын фрагментин көрсөтөт:
1) билим берүү иштерин уюштуруу боюнча практикалык тажрыйба балдар менен иштөөнүн ар кандай формалары менен берилиши мүмкүн;
2) методисттин методикалык ишинин практикалык тажрыйбасы педагогдор менен иштөөнүн ар кандай формалары менен берилиши мүмкүн.
23. Баалоо критерийлери:
1) методикалык компетенттүүлүк, формасы, мазмуну, методдору жана ыкмалары балдардын жаш курагына ылайык келиши;
2) тандалган мазмунга жана иштин түрүнө балдардын тобун кызыктыра билүү;
3) ачык көрсөтүүнү уюштуруунун жана мазмунун тандоонун оригиналдуулугу;
4) уюшкан иш-аракеттердин жүрүшүндө балдардын кызыгуусун сактай билүү;
5) балдар тобунун өз ара аракеттенүүсүн/кызматташтыгын уюштуруу;
6) иш-аракетте балдардын активдүүлүгун жана демилгелүүлүгүн эсепке алуу жана колдоо;
7) жалпы маданият (баарлашуу маданияты).
Упайлардын максималдуу саны - 70. Ар бир критерий 10 упайга чейин бааланат.
7-глава. Конкурсту уюштуруу комитетинин иш тартиби
24. Конкурсту уюштуруу-методикалык камсыздоону жана өткөрүүнү Уюштуруу комитети ишке ашырат. Министрлик тарабынан Уюштуруу комитетинин жана калыстар тобунун курамы түзүлөт жана бекитилет.
25. Уюштуруу комитетине министрликтин, КБА, ПККЖжКДРИ, И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана уюмдардын өкүлдөрү кирет.
26. Уюштуруу комитетинин курамына төрага, төраганын орун басары, жооптуу катчы жана анын мүчөлөрү кирет. Уюштуруу комитетинин курамы жыл сайын жаңыланып турат жана конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
27. Конкурсту уюштуруу комитети:
1) конкурсту даярдоону жана өткөрүүнү жүзөгө ашырат (аны өткөрүү тартибин, учурдагы документтерди, чыгымдардын сметасын аныктайт);
2) конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууну министрликтин сайтына конкурс башталган датага чейин 10 күндөн кечиктирбестен жайгаштырат;
3) конкурстун материалдарын баалоонун критерийлерин бекитет (конкурсту өткөрүү жол-жобосун жана конкурстук тапшырмаларды баалоо критерийлерин белгилейт);
4) жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну жана маалыматтык коштоону уюштурат;
5) конкурстун катышуучуларынын документтерин жана өтүнмөлөрүн каттоо жол-жобосун жүзөгө ашырат;
6) документтердин жана өтүнмөлөрдүн сакталышын камсыз кылат;
7) калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын ишин уюштурат;
8) конкурстун жеңүүчүсүн, конкурстун лауреаттарын, конкурстун катышуучуларын бекитүү боюнча чечим кабыл алат;
9) конкурстук иш-чараларды каржылоо тартибин аныктайт;
10) конкурстук иш-чараларды өткөрүү жана сыйлык тапшыруу аземинин сценарийлерин иштеп чыгат.
8-глава. Конкурстун калыстар тобунун иш тартиби
28. Конкурстун финалынын сыноолорун баалоону министрликтин, КБА, И.Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системасында иштеген эксперттер, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмунун жетекчиси, өткөн жылдардагы конкурстун жеңүүчүсү кирген калыстар тобу жүргүзөт. Калыстар тобунун курамы жыл сайын 15-сентябрга чейин түзүлүп, бекитилет.
29. Бардык конкурстук сыноолорду баалоо үчүн төрт калыстар тобу түзүлөт: ар бир калыстар тобунун курамына сабактын тармактары боюнча адистешкен бирден кем эмес эксперт кирет.
30. Конкурстук сыноолордун жыйынтыгы боюнча конкурстун финалынын катышуучуларына эсептелген упайларды эсептөөнү уюштуруу, жыйынтыктоочу баалоо ведомостторун даярдоо, чүчүкулактарды өткөрүүнү жана конкурстук жол-жоболордун сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн эсептөө комиссиясы түзүлүп, анын курамы Уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.
9-глава. Купуялуулукту сактоо
31. Конкурстун калыстар тобунун мүчөлөрү, конкурстун уюштуруучулары конкурстук материалдарды тандоодо жана кароодо добуш берүүнүн сырын сактоого милдеттүү.
32. Калыстар тобунун корутундусунун мазмуну купуя маалымат болуп саналат жана ачыкка чыгарылбайт.
10-глава. Жыйынтык чыгаруу
33. Конкурстун жыйынтыгын чыгарууда жана жеңүүчүлөрүнүн тизмесин аныктоодо министрликтин буйругунда белгиленген мөөнөттөн кеч эмес катталган конкурстук материалдар гана каралат жана эске алынат.
34. Конкурстун 1, 2 жана 3-орундарынын ээлери конкурстун калыстар тобунун бардык мүчөлөрү тарабынан коюлган бардык 4 этапта конкурстук тандоонун натыйжасында эң жогорку упай топтоонун жыйынтыгы боюнча аныкталат.
35. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Уюштуруу комитети конкурстун жыйынтыгынын протоколун бекиткенден кийин министрликтин буйругу чыгарылат жана жыйынтыктар министрликтин расмий сайтына жарыяланат.
36. "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык финалдык конкурсунун жыйынтыгы боюнча эң мыкты деп таанылган педагогдор акчалай сыйлык жана диплом алышат.
37. Калган бардык катышуучулар конкурстун катышуучулары болуп саналат жана конкурстун катышуучусунун сертификаты менен сыйланат.
11-глава. Конкурсту каржылоо
38. Ар жылдык "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсу республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен министрлик тарабынан борборлоштурулуп өткөрүлөт.
39. Конкурстун катышуучуларынын иш сапардык чыгымдары демөөрчүлөрдүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
40. Конкурстун уюштуруучусу, демөөрчүлөр, башка уюмдар жана жеке адамдар министрлик менен макулдашуу боюнча конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн жеке сыйлыктарын жана байгелерин кошумча белгилей алышат.
1-форма
|
| "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсунун уюштуруу комитетине |
Сунуш
"Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсунун жыйынтыктоочу этабына катышуунун шарттары жана эрежелери менен таанышып,
1. __________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
(облустук билим берүү бөлүмүнүн,
Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин,
Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын толук аталышы)
"Жылдын мыкты тарбиячысы"/"Жылдын мыкты методисти"/"Мыкты музыкалык жетекчи"/"Мыкты мамлекеттик тил мугалими" номинациясына конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин топтому менен ушул Сунушту жиберет.
2. Конкурска катышуучу адамдын/уюмдун толук аты-жөнү (дареги, телефондору, жетекчиси ж.б.):
Конкурска катышуучунун толук аты-жөнү |
|
Катышуучу иштеген уюмдун толук аталышы |
|
Шаардык/облустук этапта ээлеген орду |
|
Электрондук почтасы (E-mail) Билим берүү уюмунун сайтынын электрондук дареги |
|
Телефон (мобилдик) |
|
Конкурстун жыйынтыктоочу этабына катышуу | "Жылдын мыкты тарбиячысы"/"Жылдын мыкты методисти"/"Мыкты музыкалык жетекчи"/"Мыкты мамлекеттик тил мугалими" |
3. Бардык берилген маалыматтардын тууралыгын ырастайм/ырастайбыз.
Кызмат орду _______________________________________________________________
Аты-жөнү __________________________________________________________________
Датасы 20___-жылдын "___" ______________
Колу ______________________________________________________________________
2-форма

Конкурсанттын жеке арызы
Мен, ______________________________________________________________________,
(катышуучунун толук аты-жөнү)
"Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсунун жыйынтыктоочу этабына катышуунун шарттары жана эрежелери менен таанышып, "Жылдын мыкты тарбиячысы"/"Жылдын мыкты методисти"/"Мыкты музыкалык жетекчи"/"Мыкты мамлекеттик тил мугалими" номинациясына конкурска катышууга макулдугумду берем жана керектүү документтердин топтомун тапшырам.
Катышуучу жөнүндө маалымат (дареги, телефондору, жетекчиси ж.б.):

Катышуучунун электрондук почтасы (E-mail) |
|
Билим берүү уюмунун электрондук сайтынын дареги, электрондук почтасы (E-mail) |
|
Телефон (мобилдик) |
|
Конкурстун жыйынтыктоочу этабына катышууга макулдугумду берем | Ооба/Жок |
Паспорттун көчүрмөсүн берем жана бардык берилген маалыматтардын аныктыгына кепилдик берем.

3-форма

"Жылдын мыкты тарбиячысы"/"Жылдын мыкты методисти"/"Мыкты музыкалык жетекчи"/"Мыкты мамлекеттик тил мугалими" номинациясына конкурска катышуу үчун конкурстук материалдарды сунуштоо
1. Жалпы маалыматтар | |
Конкурстук материалдардын тизмеси | Материалдардын аталышы/материалдардын кыскача баяндалышы |
Шаардык жана облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн катышуучуга сунушу |
|
Катышуучунун өз ыктыяры менен катышууга арызы |
|
Катышуучу жана анын жарыяланган материалдары менен таанышуу үчүн Интернеттеги (сайт, блог ж.б.) дарекке шилтеме (эгерде болсо) |
|
2. Иштелмелер жана методикалык материалдар | |
Видеопрезентация Эскертүү: Материалдар кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө (CD/DVD дискте) берилет |
|
Видео материалдар (Материалдар кагазда жана электрондук алып жүрүүчүлердө (CD/DVD дискте) берилет) |
|
Портфолио (Материалдар кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө берилет (CD/DVD дискте) |
|
Конкурстук материалдарда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм:

4-форма

"Жылдын мыкты тарбиячысы"/"Жылдын мыкты методисти"/"Мыкты музыкалык жетекчи"/"Мыкты мамлекеттик тил мугалими" номинациясына конкурска катышуу үчүн портфолио
1. Титулдук барак
2. Негизги маалыматтар: | |
Аты-жөнү |
|
Туулган датасы: |
|
Билими: |
|
Адистиги: |
|
Иштеген жери: |
|
Жалпы иш стажы: |
|
Педагогикалык иш стажы: |
|
Методикалык иш стажы: |
|
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 токтомуна) |
Ар жылдык "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсун (мындан ары - конкурс) уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, окуу процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдогу билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитүүгө багытталган.
2. Конкурс өткөрүү тартиби конкурстун түзүмүн белгилейт, форматын, регламентин, конкурстук сыноолорду баалоо критерийлерин, катышуучулардын, калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын курамына талаптарды, материалдарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тартибин, ошондой эле конкурстун финалын каржылоо шарттарын аныктайт.
3. Конкурс Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (мындан ары – министрлик) тарабынан Кыргыз билим берүү академиясынын (мындан ары – КБА), Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (мындан ары – ПККЖКДРИ), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (мындан ары – И. Арабаев атындагы КМУ), Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жана башка кызыкдар уюмдардын, педагогикалык жана ата-энелер коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурстун негизги принциптери болуп ачык-айкындуулук, жол-жоболордун ачыктыгы жана бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат.
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
5. Конкурстун максаттары таланттуу, чыгармачыл тарбиячыларды, методисттерди, музыкалык жетекчилерди жана мамлекеттик тил мугалимдерин аныктоо болуп саналат.
6. Конкурстун милдеттери педагогикалык кесипти жайылтуу, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин мыкты кесиптик тажрыйбасын жайылтуу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири илимий жана педагогикалык коомчулуктун, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жогорулатууга көңүл буруу болуп саналат.
3-глава. Конкурстун катышуучулары
7. Конкурска мектепке чейинки билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашыруучу жана үч жылдан кем эмес иш стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин төмөнкү категориялары катышат:
1) тарбиячылар;
2) методисттер;
3) мамлекеттик тил мугалими;
4) музыкалык жетекчи.
8. Конкурстун биринчи этабына катышуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмунун башкаруу органы тарабынан (педагогикалык кеңеш);
2) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде.
9. Конкурска катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Конкурска талапкерди көрсөтүүгө анын макулдугун алуу милдеттүү болуп саналат.
4-глава. Конкурс өткөрүү этаптары жана мөөнөттөрү
10. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:
1) биринчи этап мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмунун бекитилген планына ылайык окуу жылынын ичинде 1-февралдан 1-мартка чейин өткөрүлөт. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү экинчи этаптын катышуучулары болушат;
2) экинчи этап жыл сайын, окуу жылынын ичинде, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш планына ылайык 1-марттан 20-апрелге чейин өткөрүлөт. Экинчи этаптын жеңүүчүлөрү конкурстун үчүнчү этабынын катышуучулары болушат;
3) үчүнчү этап - облустук/шаардык, 21-апрелден 25-майга чейин облустук институттар, билим берүү борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт;
4) төртүнчү этап - финалдык (республикалык), жыл сайын 1-октябрдан 5-октябрга чейин министрлик тарабынан өткөрүлөт.
5-глава. Конкурстарды өткөрүү форматы
11. Конкурстун биринчи, экинчи жана үчүнчү этаптарын өткөрүүнү уюштуруу-методикалык камсыздоо үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана билим берүү жаатындагы аймактык органдар тарабынан уюштуруу комитеттери (мындан ары - Уюштуруу комитети) түзүлөт, алар конкурстун этаптарын өткөрүү тартибин жана мөөнөтүн белгилейт, аларды өткөрүү жол-жобосун аныктайт, калыстар тобунун курамын жана алардын иштөө регламентин, ошондой эле ушул Жобого ылайык конкурстун этаптарын каржылоо тартибин бекитет.
12. Республикалык конкурстун финалына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ар бир облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 4 катышуучу жиберилет.
13. Финалдык этапка катышууга талапкерлерди көрсөтүү конкурстун үчүнчү этабынын Уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлөт.
14. Эгерде конкурстун финалдык этабына катышууга көрсөтүлгөн жеңүүчү кандайдыр бир себептер менен катыша албаса, конкурстун үчүнчү этабынын Уюштуруу комитети экинчи орунду ээлеген катышуучуну (катышуучу менен макулдашуу боюнча) жиберүүгө укуктуу.
15. Конкурстун финалдык этабына катышуу үчүн облустук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү министрликтин буйругу менен белгиленген мөөнөттө Уюштуруу комитетинин электрондук дарегине төмөнкү документтерди жана катышуучулардын материалдарын үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин жөнөтөт:
1) сунуш, үлгү боюнча (1-форма);
2) конкурстун финалынын катышуучусунун арызы, үлгү боюнча (2-форма);
3) конкурстун материалдары (3-форма);
4) паспорттун көчүрмөсү.
16. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана материалдарды кабыл алуу жана конкурстун финалына катышууга талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин оператор тарабынан акыркы тизмелик курам түзүлөт. Финалисттердин курамын финалдык конкурстун Уюштуруу комитети бекитет. Конкурстун оператору жана Уюштуруу комитети министрлик тарабынан аныкталат жана бекитилет, ал өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана чогултуу, ошондой эле конкурстун финалдык - республикалык этабын өткөрүү үчүн зарыл жол-жоболорду уюштуруу үчүн жооп берет.
17. Тариздөөнүн талаптарын бузган жана министрликтин буйругунда белгиленген мөөнөттөн кеч катталган конкурсанттардын документтери каралбайт.
6-глава. Конкурстун финалынын сыноолорунун түзүмү, форматы, аларды өткөрүүнүн регламенти жана баалоо критерийлери
18. Конкурстун финалы үч турда өтөт. Бардык турлардын конкурстук иш-чаралары беттешүү форматында өткөрүлөт.
19. Уюштуруу комитети конкурсанттардын чыгышынын тартибин чүчүкулак аркылуу аныктайт.
1) биринчи тур - конкурстун катышуучусунун кесиптик ишинин тажрыйбасын (анын ичинде ата-энелер менен иштөө) баяндоону, портфолиону камтыган өзү жөнүндө видеопрезентация (10 слайдга чейин): резюме, сыйлыктар, сертификаттар, балдар, ата-энелер менен өткөрүлгөн иш-чаралардын артефакттары - 5 мүнөттөн ашык эмес (максималдуу саны - 10 упай);
2) экинчи тур - тесттик сыноону өткөрүү жана "Педагогикалык кырдаалдар" тапшырмаларын аткаруу. Тестирлөө ар бир номинация боюнча 20 суроону камтыйт (максималдуу саны - 20 упай).
3) үчүнчү тур санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-классты көрсөтүүнү камтыйт - 35 мүнөттөн ашык эмес (балдардын жашына ылайык) (максималдуу саны - 70 упай).
1, 2, 3-турлардын упайларынын жалпы максималдуу саны 100 упай.
20. Өзү жөнүндө видеопрезентация төмөнкүлөр боюнча бааланат:
1) маалымат менен тааныштыруу маданияты;
2) инновациялык технологиялар (максималдуу саны 10 упай).
21. Тестирлөөнүн конкурстук тапшырмасын жана "Педагогикалык кырдаалдар" тапшырмаларын аткаруу боюнча баалоо критерийлери:
1) оригиналдуулук;
2) практикалуулугу, жеткиликтүүлүгү, ыңгайлуулугу
3) Мамстандартка ылайык келиши;
4) сабактын пландаштырылган жыйынтыгы берилген теманын максаттарына ылайык келүүсү.
Максималдуу саны - 20 упай.
22. Конкурстук тапшырманы баалоо критерийлери мастер-класс боюнча конкурстун катышуучусунун практикалык тажрыйбасынын фрагментин көрсөтөт:
1) билим берүү иштерин уюштуруу боюнча практикалык тажрыйба балдар менен иштөөнүн ар кандай формалары менен берилиши мүмкүн;
2) методисттин методикалык ишинин практикалык тажрыйбасы педагогдор менен иштөөнүн ар кандай формалары менен берилиши мүмкүн.
23. Баалоо критерийлери:
1) методикалык компетенттүүлүк, формасы, мазмуну, методдору жана ыкмалары балдардын жаш курагына ылайык келиши;
2) тандалган мазмунга жана иштин түрүнө балдардын тобун кызыктыра билүү;
3) ачык көрсөтүүнү уюштуруунун жана мазмунун тандоонун оригиналдуулугу;
4) уюшкан иш-аракеттердин жүрүшүндө балдардын кызыгуусун сактай билүү;
5) балдар тобунун өз ара аракеттенүүсүн/кызматташтыгын уюштуруу;
6) иш-аракетте балдардын активдүүлүгун жана демилгелүүлүгүн эсепке алуу жана колдоо;
7) жалпы маданият (баарлашуу маданияты).
Упайлардын максималдуу саны - 70. Ар бир критерий 10 упайга чейин бааланат.
7-глава. Конкурсту уюштуруу комитетинин иш тартиби
24. Конкурсту уюштуруу-методикалык камсыздоону жана өткөрүүнү Уюштуруу комитети ишке ашырат. Министрлик тарабынан Уюштуруу комитетинин жана калыстар тобунун курамы түзүлөт жана бекитилет.
25. Уюштуруу комитетине министрликтин, КБА, ПККЖжКДРИ, И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана уюмдардын өкүлдөрү кирет.
26. Уюштуруу комитетинин курамына төрага, төраганын орун басары, жооптуу катчы жана анын мүчөлөрү кирет. Уюштуруу комитетинин курамы жыл сайын жаңыланып турат жана конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
27. Конкурсту уюштуруу комитети:
1) конкурсту даярдоону жана өткөрүүнү жүзөгө ашырат (аны өткөрүү тартибин, учурдагы документтерди, чыгымдардын сметасын аныктайт);
2) конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууну министрликтин сайтына конкурс башталган датага чейин 10 күндөн кечиктирбестен жайгаштырат;
3) конкурстун материалдарын баалоонун критерийлерин бекитет (конкурсту өткөрүү жол-жобосун жана конкурстук тапшырмаларды баалоо критерийлерин белгилейт);
4) жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну жана маалыматтык коштоону уюштурат;
5) конкурстун катышуучуларынын документтерин жана өтүнмөлөрүн каттоо жол-жобосун жүзөгө ашырат;
6) документтердин жана өтүнмөлөрдүн сакталышын камсыз кылат;
7) калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын ишин уюштурат;
8) конкурстун жеңүүчүсүн, конкурстун лауреаттарын, конкурстун катышуучуларын бекитүү боюнча чечим кабыл алат;
9) конкурстук иш-чараларды каржылоо тартибин аныктайт;
10) конкурстук иш-чараларды өткөрүү жана сыйлык тапшыруу аземинин сценарийлерин иштеп чыгат.
8-глава. Конкурстун калыстар тобунун иш тартиби
28. Конкурстун финалынын сыноолорун баалоону министрликтин, КБА, И.Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системасында иштеген эксперттер, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмунун жетекчиси, өткөн жылдардагы конкурстун жеңүүчүсү кирген калыстар тобу жүргүзөт. Калыстар тобунун курамы жыл сайын 15-сентябрга чейин түзүлүп, бекитилет.
29. Бардык конкурстук сыноолорду баалоо үчүн төрт калыстар тобу түзүлөт: ар бир калыстар тобунун курамына сабактын тармактары боюнча адистешкен бирден кем эмес эксперт кирет.
30. Конкурстук сыноолордун жыйынтыгы боюнча конкурстун финалынын катышуучуларына эсептелген упайларды эсептөөнү уюштуруу, жыйынтыктоочу баалоо ведомостторун даярдоо, чүчүкулактарды өткөрүүнү жана конкурстук жол-жоболордун сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн эсептөө комиссиясы түзүлүп, анын курамы Уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.
9-глава. Купуялуулукту сактоо
31. Конкурстун калыстар тобунун мүчөлөрү, конкурстун уюштуруучулары конкурстук материалдарды тандоодо жана кароодо добуш берүүнүн сырын сактоого милдеттүү.
32. Калыстар тобунун корутундусунун мазмуну купуя маалымат болуп саналат жана ачыкка чыгарылбайт.
10-глава. Жыйынтык чыгаруу
33. Конкурстун жыйынтыгын чыгарууда жана жеңүүчүлөрүнүн тизмесин аныктоодо министрликтин буйругунда белгиленген мөөнөттөн кеч эмес катталган конкурстук материалдар гана каралат жана эске алынат.
34. Конкурстун финалынын 3 турундагы упайларды кошуп эсептөө жолу менен 7-пунктта көрсөтүлгөн категориялар боюнча максималдуу сандагы упай топтогон төрт жеңүүчү аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Уюштуруу комитети конкурстун жыйынтыгынын протоколун бекиткенден кийин министрликтин буйругу чыгарылат жана жыйынтыктар министрликтин расмий сайтына жарыяланат.
36. Калыстар тобунун чечими боюнча максималдуу сандагы упай топтогон төрт жеңүүчү дипломдор жана төмөндөгүдөй акчалай байгелер менен сыйланат:
1) “Жылдын мыкты тарбиячысы” категориясынын жеңүүчүсү – 500 000 (беш жүз миң) сом;
2) “Жылдын мыкты методисти” категориясынын жеңүүчүсү – 500 000 (беш жүз миң) сом;
3) “Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими” категориясынын жеңүүчүсү – 500 000 (беш жүз миң) сом;
4) “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” категориясынын жеңүүчүсү – 500 000 (беш жүз миң) сом.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Калган бардык катышуучулар конкурстун катышуучулары болуп саналат жана конкурстун катышуучусунун сертификаты менен сыйланат.
371. “Жылдын мыкты тарбиячысы” сыйлыгын бир эле адамга кайрадан ыйгарууга жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
11-глава. Конкурсту каржылоо
38. “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясында сый акыларды тапшыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жүзөгө ашырылат, “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсун өткөрүү жана уюштуруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен министрлик тарабынан жыл сайын борборлоштурулуп өткөрүлөт.