НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июну № 15
Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жылкы, кара мал жана кой-эчкилерин жазгы-жайкы жайытарга айдап чыгуу үчүн жайыттарга мал башынын түрлөрүнө карата белгиленген ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жараандар жылкы, кара мал жана кой-эчкилерин жазгы-жайкы жайытарга айдап чыгуу үчүн жайыттарга мал башынын түрлөрүнө карата белгиленген ижара акылары, Ноокен жайыт бирикмесинин 26.05.2023-жылы жазган кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен жайыт бирикмесинин жазгы-жайкы жайыттарына Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардын малдарын айдап чыгуу үчүн мал башынын түрлөрүнө карата белгиленген ижара акылары боюнча 26,05,2023-жылы жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Ноокен жайыт бирикмесинин аймагындагы жайыт аянтарында мал башынын түрлөрүнө карата белгиленген ижара акы өлчөмдөрү.
1, Кара мал 75сом,
2, Жылкы 75 сом,
3, Кой-эчки 15 сом,
3. Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы ижара акыга
кирбейт, жер салыгы өзүнчө Ноокен айыл өкмөтүнүн эсебине түшүрүлсүн.
4. Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кеңештин жоопту катчысы Ж.Инаятовго жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылшынын көзөмөлдөө Ноокен айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Ажыкуловка тапшырылсын.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |