НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июну № 17
Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Параканда айылынын атын өзгөртүү жөнүндө
Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы 31,05,2023-жылы жазган кайрылууну карап чыгып Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы 20.10.2020-жыл №1 токтом өз күчүндө калтырылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кеңештин жоопту катчысы Ж.Инаятовго жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго милдетендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |