КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2023-жылдын 11-сентябры № 49
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы № 1572-контурунда жайгашкан 3,90 га жер аянтын муниципиалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык Жалгыз-Жаңгак айылындагы № 1572-контурунда жайгашкан 3,90 га жер аянтын муниципиалдык менчикке алуу боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп, жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVI -сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы № 1572-контурунда жайгашкан 3,90 га жер аянты муниципиалдык менчикке алынсын.
2. Иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. М. Жумуковго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.А. Энназаров |