Редакцияот 11.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

2023-жылдын 11-сентябры № 50

Жер категориясын которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп, жана талкуулап,  Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз  XVI -сессиясы токтом кылат:    

 

1.     Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы мамлекеттик менчикте турган  № 1572-контурундагы айыл чарба категориясында турган  3,90 га жер аянтына социалдык объекти куруу үчүн ( мектеп куруу),  айыл чарба категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2.     Иш кагаздарын даярдоо жагы  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. М. Жумуковго милдеттендирилсин.

 

3.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага:

А.А. Энназаров