МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-январындагы № 17 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция16.01.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 16-январы № 17

 

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын катышуусу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгат жана коллегиянын жактыруусуна киргизет, аны аткарууну уюштурат жана Министрлер Кабинетине отчет берет;";

2) 11-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 30-беренеде:

1-бөлүктө ", ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү райондук кеңештер" деген сөздөр алып салынсын;

2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 31-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 35-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 38-беренеде:

2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жергиликтүү кеңештердин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жүктөлөт.";

7) 40-берененин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

8) 70-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-январындагы № 5 (3558) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2023-жылдын 29-ноябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган