Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-декабры № 42
Кара-Булак айылына таза суу түтүктөрүн тартуу жөнүндө
Кара-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Мисиралиевдин Кара-Булак айылына Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу болгон суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоору боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кецеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак айылына Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу болгон суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоору боюнча таза суу түтүктөрүн тартууга макулдук берилсин.
2. Ушул долбоордун алкагында мыйзам чегинде максаттуу иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | К. Ж.Шакиров |