Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 698
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 22-декабрындагы № 03/1491 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-мартындагы № 20 токтомун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл аймагындагы № 407 (9,8 га), № 674 (0,8 га), № 728 (1,4 га), № 729 (3,7 га), № 754 (7,7 га), № 833 (10,0 га) контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жайыттардын жалпы аянты 33,4 га жерлери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- аймактын жашоо-тиричилигинин камсыздоо системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жергиликтүү бюджеттин эсебинен уюштурууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери табылган же коргоо зонасына туш келген учурда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алууну;
- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 104 (3553) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |