Редакцияот 02.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 2-февралы № 20/1

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2023-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2024-2025-

жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021- жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2023-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

1.     Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер тармагынын аткарылышы 21 052,4 мин сомго, чыгашалар тармагы 17 113,4 мин сом өлчөмүндө аткарылганы бекитилсин.

 

2.     2023-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 31 9959,4 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 11497,4 мин сом, теңдештирүү грант 20462,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2023-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

Подох. салыгы- 7078,0 миң сом

Патент салыгы- 250,0 миң сом Кыймылсыз мүлккө салык- 5.0 миң сом Транспорт салык- 720.0 миң сом

Огород салык- 410,0 миң сом Айыл чарба эмес багыттагы салык- 81,1 миң Роялти-      765,0 миң сом

Жайыт акысы- 415,6 миң сом

ФПС аренда акысы-                      352,7 мин сом

Атайын каражат- 1200.0 миң сом

Отчисление на развитие               220,0 мин сом

 

Баары   - 11 497,4 миң сом

 

- теңдештирүүчү грант- 20 462,0 мин сом.

 

Жалпысы-                               31 959,4 мин сом.

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга чыгымдар бөлүгү:

 

- башкаруу аппаратына-

24

455,3 мин сом.

- агартуу тармагына-

4

059,0 мин сом

- маданият тармагына-

3

029,5 мин сом.

-жайыт-

 

415,6 мин сом.

Баары: 31 959,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

1.     Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 34436,4 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 34436,4 миң сом суммасында, ошондой эле 2025-жылга киреше бөлүгү 35523,9миң сом жана чыгымдар бөлүгү 35523,9 миң сом суммасында бекитилсин.

 

2.     2023-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Абдраимова,Ж.Раманова, Ж.Дуйшөкулова, А.Касмалиеваларга тапшырылсын.

 

3.     Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековго жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.

 

 

 

        Төрага                                М.Чолпонкулов