Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

Бишкек шаардык мэриясынын 2023-жылдын 27-июлундагы № 1-НПА токтому менен бекитилгин

 

 

 

 

 

6-тиркеме

6-тиркеме 

 

 

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти

 

«Бишкек шаарынын муниципалдык музыкалык мектептеринде жеңилдетилген категориядагы жактар үчүн башталгыч кесиптик музыкалык билим берүү»

(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын

түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегинин

«Маданий жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү»

3-главасынын 17-пункту)

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Бул муниципалдык кызмат көрсөтүү Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын балдар искусство мектептери тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.

3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:

          1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:           - кабыл алуу экзамендерин өткөрүү убактысы – 2 сааттан ашык эмес;          - окуу мөөнөтү бөлүмгө жана окуу программаларынын мазмунуна жараша 5 жана 7 жыл.          2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:          - инсандыгын ырастоочу документ;          - белгиленген формадагы арыз;          - ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат (белгиленген форма боюнча);          - жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун ырастоочу документтер.

Арыз ээсинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу суроо-талап жүргүзгөндө маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда, маалыматтар кагаз түрүндө берилет.

3) Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы – акысыз.

        4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:        - окуунун толук курсун аяктаган жана бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган окуучулар мектепти аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк алышат;        - балдар музыкалык мектебинин билим берүү программасынын мазмунун өздөштүрүүнү аяктабаган же бүтүрүү экзамендерин тапшырбаган окуучуларга окугандыгы жөнүндө маалым кат берилет. 2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги

 

4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:

1-таблица

№

 

Жол-жоболордун аталышы

Эскертүү

1

Ата-энелерди кабыл алуу жана консультация берүү(Административдик жол-жобо)

 

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбайт

2

 

Баланын музыкалык жөндөмүн текшерүү(Административдик жол-жобо)

 

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбайт

3

Кабыл алуу жана баланы мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелер менен келишимге кол тамга коюу(Административдик жол-жобо)Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбайт

4

Баланы мектептин тиешелүү бөлүмүнө киргизүү(Административдик жол-жобо)Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбайт

5

Кесиптик музыкалык билим берүү(Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу)

 

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбайт

6

Кесиптик музыкалык билим берүүнүн жыйынтыгы(Административдик жол-жобо)Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбайт

 

3.Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы

5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн:

 

4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн сыпаттоо

 

2-таблица

Жол-жобонун жана аракеттердин аталышы

 

Аткаруучу, кызмат адамы

Аракеттердин узактыгы

 

Аракеттердин натыйжасы

 

Аракеттерди жөнгө салуучу документтер

1

2

3

4

5

1-жол-жобо:Ата-энелерди кабыл алуу жана  консультация берүү
1.1-аракет Ата-энелерди кабыл алуу жанабаарлашуу, бөлүмдү аныктоо

 

Окуу бөлүмүнүн башчысы

 

10 мүнөт

 

Ата-энелер  тарабынан тиешелүү маалымат алынды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги № 179/1 буйругу менен бекитилген балдар музыкалык мектеби, искусство мектеби, көркөм-өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо
1.2-аракетБаланы угууга жөнөтүүОкуу бөлүмүнүн башчысы10 мүнөтОкутуучу баланы угуу классына алып барат
Жол-жобонун жыйынтыгы: бала угуу классында
Жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо
Кийинки жол-жобонун номери: 2
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн бул жол-жобонун жыйынтыктарын берүү ыкмасы: бала угуу классында
2-жол-жобо:Баланын музыкалык жөндөмүн текшерүү
2.1-аракетУгуу шарттары менен таанышуу

 

 

 

 

 

 

Кабыл алуу комиссиясы

 

5 мүнөт

Балага тиешелүү маалымат берилди

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги № 179/1 буйругу менен бекитилген балдар музыкалык мектеби, искусство мектеби, көркөм-өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо
2.2-аракетБаланын жөндөмдүүлүк-төрүн баалоо Кабыл алуу комиссиясы

 

10 мүнөт

Бала угуу классынан чыгат

 

Мектептин ички тартиби (комиссиянын чечими)

 

2.3-аракетАта-энелерге угуунун жыйынтыктарын айтууКабыл алуу комиссиясы

 

5 мүнөт

а) Бала ийгиликтүү өттү;б) Бала өтпөй калды

 

Жол-жобонун жыйынтыгы: угуунун жыйынтыктары айтылды

Жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт

Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо

Кийинки жол-жобонун номери: 3

Кийинки жол-жобону баштоо үчүн бул жол-жобонун жыйынтыктарын берүү ыкмасы: ата-энелерди директордун кабинетине чакыруу

3-жол-жобо:

Баланы мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелер менен келишим түзүү жана кол тамга коюу

3.1-аракет

Комиссиянын чечимин жарыялоо

 

 

 

Директор

5 мүнөт

Ата-энелер угуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат алышат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги № 179/1 буйругу менен бекитилген балдар музыкалык мектеби, искусство мектеби, көркөм-өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо 

3.2-аракет

Берилген документтердин тизмегин текшерүү

Директор же окуу бөлүмүнүн башчысы

15     мүнөт

а) Документтер муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келет;

б) Документтер толук эмес болгон учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

3.3-аракет

Белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алуу

Директор же окуу бөлүмүнүн башчысы

15 мүнөт

Директор же окуу бөлүмүнүн башчысы тарабынан арыз кабыл алынды

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги

№ 179/1 буйругу менен бекитилген балдар музыкалык мектеби, искусство мектеби, көркөм-өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо.

2. Мектептин ички тартиби (директордун буйругу)

 

3.4-аракет

Окуу сабактарынын башталышы жөнүндө ата-энелерди маалымдоо

 

 

Директор же окуу бөлүмүнүн башчысы

10 мүнөт

Ата-энелер окуу сабактарынын башталышы тууралуу маалымат алышты

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги

№ 179/1 буйругу менен бекитилген балдар музыкалык мектеби, искусство мектеби, көркөм-өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо

 

 

Жол-жобонун жыйынтыгы: белгиленген формадагы арызды кабыл алуу

 

Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт

 

Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо

 

Кийинки жол-жобонун номери: 4

 

Кийинки жол-жобону баштоо үчүн бул жол-жобонун жыйынтыктарын берүү ыкмасы: ата-энелерге окуу сабактарынын башталышы жөнүндө маалымат берүү

4-жол-жобо:

Баланы мектептин тиешелүү бөлүмүнө киргизүү

4.1-аракет

Кабыл алуу жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоо жана буйрукка кол тамга коюу

Директор

10 мүнөт

Кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгаруу

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги

№ 179/1 буйругу менен бекитилген балдар музыкалык мектеби, искусство мектеби, көркөм-өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо.

2. Мектептин ички тартиби (мектептин директорунун буйругу жана кызматтык нускама)

4.2-аракет

Окуучуну тандап алган адистигине ылайык тиешелүү окутуучуларга бөлүштүрүү

Окуу бөлүмүнүн башчысы

15 мүнөт

Бала тиешелүү бөлүмгө бөлүндү

1. Мектептин ички тартиби (буйрук же кызматтык нускама).

2. Мектептин уставы

4.3-аракет

Предметтер жана жеке сабактар боюнча сабактардын ырааттамасын түзүү

Окуу бөлүмүнүн башчысы, адистиги боюнча окутуучу

20 мүнөт

Сабактардын  ырааттамасы түзүлдү

 

1. Мектептин ички тартиби (мектептин директорунун буйругу жана кызматтык нускама).

2. Мектептин уставы

Жол-жобонун жыйынтыгы: баланы кабыл алуу жана сабактардын ырааттамасын түзүү

Жол-жобонун узактыгы: 45 мүнөт

Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо

Кийинки жол-жобонун номери: 5

Кийинки жол-жобону баштоо үчүн бул жол-жобонун жыйынтыктарын берүү ыкмасы: сабактардын  ырааттамасын түзүү

5-жол-жобо:

Кесиптик музыкалык билим берүү

5.1-аракет

Окуу процесси

Окутуучу-лук курам

5 жана 7 жыл

а) Кесиптик музыкалык билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүү;

б) Окуу программасы аткарылбаган, ошондой эле окуу тартиби бузулган учурда билим берүү кызматтарын андан ары көрсөтүүдөн баш тартуу

1. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги

№179/1 буйругу менен бекитилген балдар музыкалык мектеби, искусство мектеби, көркөм-өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5.2-аракет

Учурдагы жана орто-аралык контроль

Окутуучу-

лук курам

5 жана 7  жыл

Тиешелүү контроль жүргүзүлдү

5.3-аракет

Которуу жана калыбына келтирүү

Окутуучу-лардан турган комиссия

5 жана 7 жыл

 

 

 

 

 

а) Белгиленген талаптарга ылайык которууга жана калыбына келтирүүгө сунушталат;

б) Талаптарга ылайык келбеген учурда баш тартуу

5.4-аракет

Бүтүрүү экзамендерин уюштуруу

Экзамендик комиссия

20 мүнөт

а) Бүтүрүү экзамендерин тапшырды;

б) Бүтүрүү экзамендерин тапшырган жок

 

Жол-жобонун жыйынтыгы: теориялык окутууну ийгиликтүү өздөштүрүү

Жол-жобонун узактыгы: 5 жана 7 жыл

Жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу

Кийинки жол-жобонун номери: 6

Кийинки жол-жобону баштоо үчүн бул жол-жобонун жыйынтыктарын берүү ыкмасы: кесиптик музыкалык билим берүүнүн жыйынтыктары

6-жол-жобо:

Кесиптик музыкалык билим берүүнүн жыйынтыгы

6.1-аракет

Мектепти аяктагандыгы жөнүндө күбөлүктү же окугандыгы жөнүндө маалым катты берүү боюнча уюштуруу иштери

Окутуучу

40 мүнөт

Мектепти аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк же окугандыгы жөнүндө маалым кат

 

 

1. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги

№ 179/1 буйругу менен бекитилген балдар музыкалык мектеби, искусство мектеби, көркөм-өнөр мектеби жөнүндө типтүү жобо

 

 

 

 

 

 

 

 

6.2-аракет

Мектепти аяктагандыгы жөнүндө күбөлүккө же окугандыгы жөнүндө маалым катка кол тамга коюу

Директор

10 мүнөт

Мектепти аяктагандыгы жөнүндө күбөлүккө же окугандыгы жөнүндө маалым катка директор кол тамгасын койгон

6.3-аракет

Мектепти аяктагандыгы жөнүндө күбөлүктү же окугандыгы жөнүндө маалым катты берүү

Окутуучу

30 мүнөт 

Күбөлүк тапшыруу

Жол-жобонун жыйынтыгы: теориялык окутууну ийгиликтүү өздөштүрүү

 

Жол-жобонун узактыгы: 1 саат 10 мүнөт

 

Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо