Редакцияот 02.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 2-февралы № 20/2

Кум-Дөбө айл аймагына караштуу “Кум-Дөбө” жана “Шамшы   муниципалдык ишканаларынын   2023-жылга карата бюджеттерин бекитүү жөнүндө

 

         Депутаттардын VIIчакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык ишканаларынын жетекчилери 2023-жылга карата бюджеттерин бекитүү жөнүндө  “Кум-Дөбө” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун, “Шамшы” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Арпачиевтин маалыматын  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

  1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Шамшы” Муниципалдык ишканасы 2023-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштанды чыгарууга түзгөн тариф бюджетинин киреше бөлүгү 1083000 (бир миллион сексен үч миң) сом жана чыгыша бөлүгү 1083000 (бир миллион сексен үч миң) сом болуп толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
  2. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасы 2023-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана  таштанды чыгарууга түзгөн тариф бюджетинин киреше бөлүгү

2593100(эки миллион беш жүз токсон үч миң жүз)сом жана чыгаша бөлүгү 2593100(эки миллион беш жүз токсон үч миң жүз) сом болуп толугу менен кабыл алынып бекитилсин.

  1. Жогорудагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Шамшы” “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканалардын 2023-жылга түзүлгөн бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, мыйзам чегинде иш жүргүзгөндүгү боюнча көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджеттик жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

М.Чолпонкулов