КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-февралы № 21/1
Район аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу жөнүндө
Ар бир айыл аймагынын тарифтери да ар кандай баада коюлган,ошондуктан жайыт
пайдаланууда, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында район аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу боюнча Кочкор райондук администрациясынан келген №01-9/2105 сандуу катты карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде,Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кум-Дөбө айыл өкмөтү боюнча ар бир баш бодо малдын (уй жылкыга) башына 100 (жүз) сом, топозго 200 (эки жүз ) сом, кой-эчкиге 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин 2023-жылга түзгөн тариф бюджетинин киреше бөлүгү 619040 (алты жүз он тогуз миң кырк) сом жана чыгыша бөлүгү 619040 (алты жүз он тогуз миң кырк) сом болуп толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
Жогорудагы белгиленген пункуттар аткарылбаган учурда, жайыт мыйзамынын жана укук бузуулар жөнүндө кодексинине таянып иш алып баруу жагы. Жайыт комитетинин төрагасы Б Абдырасаков өз милдетине алсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |